Саламатсыңарбы, менин сүйүктүү окуучуларым!
Өтүлгөн теманы кайталоо
1-топ үчүн
1. Синонимдер деген эмне? Ага бир нече мисал келтиргиле;
2. Ырды окуп, синонимдерди тапкыла
Эгер, эгер, эгерде…
Ыр курайлы дегенде...
Чырайлуу мене сулууну,
Жакшы менен сонунду,
Калп менен жалганды,
Ылдый менен төмөндү,
Даяр менен беленди,
Өлчөм менен ченемди,
Кең менен кененди,
Далай-далай ушундай,
Ырлар менен узартсак,
Эмне болот дегенде,
Бар болгону бул – оюн.
Маанилеш сөздөр – синоним
2-топ үчүн
- Омонимдер деген эмне? Ага бир нече мисал келтиргиле.
2. Омоним менен көп маанилүү сөздөрдөгү окшоштук жана
айырмачылыкты мисал келтирүү менен айтып бергиле.
Ак, май, жаа, чач, борбор, баш ,
Омоним менен көп маанилүү сөздөрдөгү окшоштук жана айырмачылыктарды берилген мисалдар аркылуу түшүндүрүп бергиле.
3-топ үчүн
- Сүйлөмдөрдү окуп, асты сызылган сөздөрдүн мааанилерин аныктагыла.
- Буларды көп маанилүү сөз деп эсептейсиңерби же омонимби? Себебин түшүндүргүлө.
- Ат – адамдын канаты.
- Кызыл китепке кирген жаныбарларды атпагыла!
- Асел алыска кеткен апасын эки көзү төрт болуп күтүп отурду.
- Куржундун эки көзүн толтуруп буудай салып келиптир.
4-топ үчүн
1. Берилген сөздөрдүн синонимдерин тапкыла.
муң – ири - капа – санаа – кызмат - мурунку – чоң – илгерки – иш – түс -жумуш – кайгы – өң
2. Сүйлөмдөрдү окуп, омонимдерди таап, маанисин, кайсы сөз түркүмүнө тиешелүү экендигин айтып бергиле.
1. Балалуу үй – базар, баласыз үй – мазар.
2. Айбек орулган чөптүн баарын үйүп салыптыр.
Жаңы тема:
Антонимдер
Бүгүнкү сабакта:
Сабактын максаты:
Көрсөткүчтөр:
- а) Окуучулар синонимдер жана омонимдер боюнча ,билимдерин бекемдөө менен антонимдер жөнүндө түшүнүк алышат;
- б) Сүйлөмдөрдөн антонимдерди таап, бирдей уңгулуу жана ар башка уңгулуу антонимдерди ажырата алышат;
- в) Сүйлөө кебинде антонимдерди туура колдонууга жана турмушта ак менен караны ажырата билүүгө тарбияланышат.
- а) карама-каршы мааниде айтылган сөздөрдүн антоним экендигин түшүнүп билсе;
- б) антонимдер өз ара бирдей уңгулуу жана ар башка уңгулуу антонимдер деп бөлүнөрүн үйрөнсө;
- в) Турмушта антонимдерди туура колдоно алышса жана ак менен караны ажырата билишсе…
Сабактын тиби: Жаңы билимди берүү
Сабактын методу: Топтор менен иштөө
Сабактын жабдылышы: Интерактивдүү доска, дидактикалык карточкалар
АНТОНИМДЕР деген эмне?
Карама-каршы мааниде айтылган сөздөр антонимдер деп аталат.
Ал грек тилинин anti (каршы) жана anata (ат) деген сөзүнөн
алынган.
Мисалы: ак – кара, жакшы – жаман, жоон – ичке ж.б
Кубаныч
Кайгы
Арык
Семиз
ЖАРЫК
КАРАҢГЫ
КАРА
АК
Антонимдерге төмөндөгүдөй жалпы белгилер таандык
көлөм боюнча өлчөм
сапаттарды
сан боюнча
өлчөм
АНТОНИМ
салмак боюнча өлчөм
Демек, антонимдер белгилүү бир жалпылыкка ээ болгон, бирдей категорияга кирген сөздөр болот. Эгерде антоним деп алынган сөздөр белгилүү бир жалпылыкка ээ болбой, ар кандай сөз түркүмдөрүнө тиешелүү болсо, анда алар антоним боло алышпайт.
Антонимдер өз ара ар башка уңгулуу жана бирдей уңгулуу болуп экиге бөлүнөт.
Мисалы, ар башка уңгулуу антонимдерге күн - түн, катуу-жумшак, батыш-чыгыш, кең-тар, баатыр-коркок, калп-чын ж.б. кирет.
ЧОҢ
КИЧИНЕ
ЖАМАН
ЖАКШЫ
ООР - ЖЕҢИЛ
КЕҢ - ТАР
КАТУУ - ЖУМШАК
Бирдей уңгулуу антонимдерге абийирдүү-абийирсиз, адептүү-адепсиз, алдуу-алсыз, тааныш-бейтааныш, тарбиялуу-тарбиясыз, акылдуу-акылсыз ж.б. кирет.
ЫЙМАНДУУ - ЫЙМАНСЫЗ
БИЛИМДҮҮ - БИЛИМСИЗ
АДЕПТҮҮ
АДЕПСИЗ
ЭРКТҮҮ - ЭРКСИЗ
АЛДУУ - АЛСЫЗ
ТАРТИПТҮҮ
ТАРТИПСИЗ
Жаман адам белгиси,
Өз камы үчүн жүгүрөт.
Жакшы адам белгиси,
Эл камы үчүн күйүнөт.
Келериңде дүнүйө,
Булутсуз чыккан күндөйсүң,
Кетериңде дүнүйө,
Булут баскан түндөйсүң.
Тууганына батпаган,
Душманына жалынат.
Бул ыр саптарында
Жакшы-жаман
Келериңде-кетериңде
Тууганына-душманына
Активдүүлүк көрсөтүп,
«4» жана «5» алабыз.
Ынтымакта баарыбыз,
Билим кенин казабыз.
Сабакта ар бир ой баалуу,
Бекем тартип курабыз.
Туура жана сулуу жазып,
Бири-бирибизди угабыз.
Антонимдер элдик оозеки чыгармаларда, макал-лакаптарда да көп колдонулат. Булар ар кандай көрүнүштөрдү бири- бирине салыштырып, сүйлөмдүн таасирдүүлүгүн күчөтөт.
Жарымы жалган, жарымы чын,
Жарандардын көөнү үчүн.
Көбү төгүн, көбү чын,
Көпчүлүктүн көөнү үчүн.
ЖАЛГАН - ЧЫН
Антонимдер
макалдарда
Билимдүүгө дүйнө жарык,
Билимсизге дүйнө караңгы.
Билимдүүгө – билимсизге
АНТОНИМДЕР
макалда
Жаман адам белгиси өз камы үчүн жүгүрөт,
Жакшы адам белгиси эл камы үчүн күйүнөт.
ЖАМАН -ЖАКШЫ
Бул эмне?
АНТОНИМДЕР
табышмактарда
Өзү тегерек,
Жарыгы эң керек.
Күндүзү көрөм,
Түндөсү көрбөйм.
АНТОНИМДЕР
табышмактарда
Өзү тегерек,
Жарыгы эң керек.
Күндүзү көрөм,
Түндөсү көрбөйм.
КҮН
Күндүзү - түндөсү
АНТОНИМДЕР
табышмактарда
Өзү тегерек,
Жарыгы эң керек.
Күндүзү көрөм,
Түндөсү көрбөйм.
Бул сөздөрдүн антонимдерин тапкыла. Булар кандай антонимдер?
1-топ
КЫШ
Бай, улуу, таза, кий, ары, асты, бар, ылдам, жаман, адилетсиз, күнөөлүү
2-топ
ЖАЗ
Антонимдерге кластер түзгүлө
3-топ
Сүйлөмдөрдү толуктоо. Калтырып кеткен сөздөрдүн ордун тиешелүү антоним сөздөр менен толуктагыла
ЖАЙ
1. …… айтсаң түшүнөт, акылсызга айтсаң күлөт.
2. Дос болуп туруп, ………. ишин жасаба.
3. Дүйнөнүн бир бурчунда күн чыгып турса, башка жеринде …… болот.
4. Айдын он беши …….. болсо, он беши жарык болот.
4-топ
Адашкан антонимдер
КҮЗ
Алардын туура жуптарын таап, өз ордуларына жайгаштыргыла.
ажыроо–тар, кошуу–катуу, ысык–жапыз, жер–оор, кыска-асман, жеңил-узун, бийик-суук, жумшак-алуу, кең-биригүү
Жазуу жумушу
Т.Касымбековдун «Келкел» романынан кыскача үзүндүнү дептериңерге көчүрүп жагыла
Бири кургак, бири суу
Бири ширин, бири уу
Бири бийик, бири пас
Бири кары, бири жаш
Бири салкын, бири дем
Бири ашык, бири кем
Оң-тетири бул дүйнө.
Бири кургак, бири суу
Бири ширин, бири уу
Бири бийик, бири пас
Бири кары, бири жаш
Бири салкын, бири дем
Бири ашык, бири кем
Оң-тетири бул дүйнө.
(Т.Касымбеков)
Антонимдер катышкан макал болобу, табышмак болобу, учкул сөзбү, накыл кептерденби өз тобуңар менен ойлонуп таап, доскага жазып жетишип калуу керек
Бүгүнкү сабакта «Акыл казынабызга» эмнелерди жыйнадык?
Бүгүн биз...
Антонимдер жөнүндө түшүнүк алдык;
тексттерден антоним сөздөрдү таптык;
бирдей уңгулуу жана ар башка уңгулуу антонимдерди ажырата билдик;
сүйлөө кебинде антонимдерди туура колдонууга;
турмушта ак менен караны ажырата билүүгө үйрөндүк
Ү йгө тапшырма: «Жакшылык кылсаң, жамандык ойлонот» деген темада чакан текст түзүп келүү.
Байыркы Кытайдын
ИН жана ЯН символу