Просмотр содержимого документа
«Аныктама ат атооч жана белгисиз ат атооч. Кайтарым байланыш.»
Аныктама ат атооч
Сабактын максаты: 1.Аныктама ат атооч боюнча түшүнүк аласыңар. 2. Сүйлөм ичинде аныктама ат атоочторду талдай аласыңар. 3. Өз алдынча иштегенге аракет кыласыңар
Аныктама ат атооч Заттын сандык жалпылыгын же жекелигин аныктап, тактап көрсөтүүчү ат атоочтор аныктама ат атоочтор деп аталат.
Аныктама ат атоочторго төмөнкү сөздөр кирет: Бүткүл, бардык, бүтүн, баары, ар ким, ар бир, ар кандай, ар качан, ар кайсы, өз, өзүм.
Ар деген сөз өз алдынча колдонулбайт, бир, нерсе деген сөздөр менен жана ким, кандай, качан, кайсы деген сурама ат атоочтор менен тизмектешип айтылат. М: ар бир, ар нерсе, ар ким, ар кандай, ар качан, ар кайсы.
Аныктама ат атоочтор төмөндөгүдөй
синтаксистик кызмат аткарат. Ээлик: Ата Мекенибиздин ыйык милдетин аткарууну ар бирибиз унутпайлы. Толукоочтук: Баарыбызга ишене бергиле. Аныктоочтук: Ар кандай ишти чечүү- ар бирибиздин милдетибиз.
Көп чекиттин ордуна аныктама ат атоочторду коюп жазгыла: 1. Дүйнөнүн ... элине тынчтык жана бакыт каалайбыз. 2. Бул ырды ... ар кандай ырдап жүрөт. 3. ... иштин да бүтөр убактысы бар. 4.Ысык-Көлгө ... мамлекеттерден миңдеген эс алуучулар келишет. 5.Биз, ... Адам, жакшы ой, жакшы санаа менен жашайбыз. 6. Ала-Тоодо ... дары чөптөр көп.