Просмотр содержимого документа
«Анжиян которулушуу»
Анжиян көтөрүлүшү
Маткаримова Г.
Сабактын максаты:
1) Анжиян көтөрүлүшүнүн себептери,анын барышы,
көтөрүлүштүн жетекчилери,көтөрүлүштүн натыйжасы,тарыхый мааниси жөнүндө жаны билимдерге ээ болот.
2) Оз алдынча пикирлешти үйрөнүшөт.
3) Элибиздин улуу инсандарын урматтоону,мекенди сүйүүнү үйрөнүшөт.
План
1. Көтөрүлүштүн себеби жана мүнөзү
2 .Көтөрүлүштүн башталышы
3. Ноокаттык кыргыздардын кыймылы
4 .Кетмен-Төбөдөгү толкундоолор
5 .Көтөрүлүштүн жетекчилери
6 .Көтөрүлүшчүлөрдүн жазаланышы
Которулуштун себеби жана мунозу:
- XIX кылымдын аягында Орто
Азиядагы ири ккөтөрүлүштөрдүн бири болгон.
- Кыргыз,өзбек,тажиктер бирге көтөрүлүшкө чыккан.
- Көтөрүлүштүн себеби болуп,падышачылыктын калониялык саясаты,улуттук эзүүнүн күчөшү,социалдык теңсиздиктин тереңдеши,калониялык админстрациянын зордук-зомбулугу себеп болгон.
- Көтөрүлүшкө калктын ар кандай катмарлары,мусулман дин кызматкерлеринин окүлдөрү катышкан.
Көтөрүлүштүн башталышы
- Көтөрүлүш 1898-жылы 17-майда кечке маал тажик кыштыгы Мин-Дөбөдө башталган.
- 18-майга караган туну Анжияндагы аскер отряддарына чабуулар коюшат.
- Ага чейин эл арасында ар кандай кептер тарап,көтөрүлүш болоору болжолдонуп келген
- Жолдо аларга Кутчу,Кара-Коргон,Кол ж.б кыштактардын калкы кошулган.
- Көтөрүлүшкө чыккандардын саны аз эле убакыттын ичинде 2000 ге жеткен.
Ноокаттык кыргыздардын кыймылы
- Ноокат аймагындагы Ак-Терек деген жерге Ош уездине караштуу Каракол-Сай,Тамчы-Булак,Жапалак айылдарынан
300 дөй киши жыйналган.
- Чогулган эл Оштогу аскер гаризонуна жана орус торолоруно кол салууга даярданган.
- Ноокат аймагындагы көтөрүлүшкө Оморбек Алим уулу жетекчилик кылган.
- Ал эми Суусамыр болушундагы Кетмен-Тободо көтөрүлүш баштоо учун топтолгон элдин башында Шадыбек Шергазы уулу турду.
- Көтөрүлүштүн ири жетекчилери Мадали Дукчи жана Зияиддин Максым уулу жолбашчылык кылышкан.
(Мадали Дукчи)
(Зияддин Максым уулу)
Которулушчулордун жазаланышы.
Көтөрүлүштү басуу учун Фергана,
Сыр-Дарыя,Жети-Суу обуластарынан
Жана Ташкент шаарынан жазалоочу аскер бөлүктөтү арбын жөнөтүлгөн.
Баардыгы болуп 777 киши камакка алынып,алардын 415 и сот жообуна тартылган.Соттун чечимине ылайык 18 киши дарга асылып, 362 киши өлүм жазасынын ордуна узак убакытка сүргүнгө айдалган.Алардын ичинде ич ара каралап ушактоонун натыйжасында Кетмен-Тободон 36 киши кармалып,Сибирге сүргүнгө жөнөтүлгөн.
Бышыктоо:
Жетекчи-лер
Үйгө тапшырма:
” Анжиян көтөрүлүшү- тарыхтын бир бөлүгү" эссе жазуу .
Көңүл бурганыңыздарга
рахмат!