СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Апакем кунум бактым,жан балам гулум тактым

Нажмите, чтобы узнать подробности

Энелер мектебинин негизинде отулгон бул тарбиялык саатым жемиштуу болду.

Просмотр содержимого документа
«Апакем кунум бактым,жан балам гулум тактым»

Лейлек райондук «Ак-Булак» орто мектебинин мугалими Абдурахманова Айнуранын «Энелер мектебинин»негизинде 3- класста откоргон «Энекем-кунум,бактым. Жан балам-гулум,тактым» деген темадагы тарбиялык сааттын иштелмеси.

Сабактын максаты: Энелердин улуулугун даназалоо,кызматын баалоо.Эне менен баланын ортосундагы мамилени бекемдоо.Бири бирине болгон сый урматты кучотуу.Баланы мыкты тарбиялоо учун,ар дайым ата эненин улгу болуусун корсотуу.Жаз менен кошо келген энелер майрамын утурлай,энелерге жагымдуу маанай тартуулоо.

Сабакты жабдуу: Темага ылайык суроттор,техникалык каражаттар.

Сабактын журушу:

Эне жердин журогу

Коп элдерден кыйын кыйла,

Болсун десен улутту

Кызды сыйла кызды сыйла,

Кыз деген журт унгусу.

Улут жакшы болсун десен,

Кыздарынды жакшы остур.

Тарбияла акыл менен,

Намыс менен термеп жур.

Аял жакшы болмоюнча,

Бала жакшы торолбойт.

Тубун бекем куймайынча

Чырганак бек бекибейт.

Аял жакшы болмоюнча,

уйго ырыс кут кирбейт.

Жаны ачылган жашыл гулдой,

Аял улут журогу.

Эч эчкимди суйбогондой,

Биз аларды суйолу.

Ал анткени алар эне,

Эне жердин журогу.

Ошондуктан туболщкко кармап турат дуйнону.

Мугалим:Саламатсыздарбы урматтуу апалар,мугалимдер окуучулар.Бугунку биздин «Апакем-кунум,бактым. Жан балам-кунум,тактым» деген темадагы тарбиялык саатыбызга кош келипсиздер.Сабагыбызды баштоого уруксат этиниздер.Мынакей жадыраган жаз да кирип келди.Жаз менен кошо келе жаткан майрамыныздар менен куттуктап, сиздерге жаздай жаштык,сулуулук,мээрим,жылуулукту каалайбыз.

Сабактын максаты менен тааныштырат.

Жагымдуу маанай тартуулоо:

Кунуго кун жылмая тийип турсун,

Ата-эне мээрим тогуп суйуп турсун.

Суттой ак дили таза биздин балдар

Ар убак жылмая кулуп турсун.

Кана эмесе баарыныздар жылмайып коюнуздар.

Энелер- жашоо башаты экендигин эч ким тана албайт.Алардын мээрими камкордугу буткул ааламды тынчтыкта тербеткен улуу куч.Балким жашоонун мааниси энелердин кадырын билуудо чыгар.Адамзат алардын улуулугун татыктуу актоого милдеттуу.

Окуучулар-Эне тууралуу учкул создорду айтып беришет.

Аял уйдун куту.Эне адаты кызга улгу.Эне сабырында чек жок.Эне сыйлаган элине жагат.Эне сутун актоо- унутулгус карыз.Бейиш эненин таман алдында.Эне бар кезде балалыктан арылуу жок.Улуттун келечеги энелердин колунда.Бешик тербеткен эненин колу-дуйнону тербетет.Апа наристенин журогундогу кудайдын аты.Энелер бизге берген белектин биринчиси- омур,экинчиси- мээрим,учунчусу-тушунуу.

Мугалим:Албетте эне бар учун аалам бар,жашоо бар,биз барбыз.

Эне уй-було очогунун жылуулугу.Сиз учун уй-було эмне?-деген суроо узатайын апалар жооп берсениздер.

Апалардын жооптору:уй- було падышалар да кире албаган чеп.Уй-було чакан мамлекет.Уй- було коомдун озогу.Уй-було жашоосунун бактысындай эч нерсе жок.Ар бир уй-було озунчо тарых,окуганды билгенге дастан.Эч бир адам жакшы тарбияланган уй-булодой мурас калтыра албайт.Уй-було турдуу жакшылык жана жамандык уйротулгон мектеп.Бир мамлекеттин онугуусу уй-було суйуусунон башталат.Уй-було маданияттын тамыры.Бактылуу уй-було эртенки бейиш.Уй-було акылдардын бир чечимге келген жери,эгер акылдар бири бирин суйсо уй гул-бакчага айланат.Бири бирине каршы турса гул-бакчаны кокко сапырган куюн пайда болот.

Мугалим:Чон рахмат апалар. Эн жакшы жоопторду бердииздер.

-Балдар силер апанарды эмнеге тенештиресинер?Окуучулар жооп беришет.

-Апалар сиздер балдарыныздарды эмне деп эркелетесиздер? Апалар жооп беришет.

-Балдар силерге апанардын кайсы сапаты кобщроок жагат?балдар жооп берет.

-Баланыздардын атын ким койгон? Эмне максат менен койгондугун айтып берсениздер.Окумуштуулардын изилдоолоруно таянсак адамдын аты жашоосундагы маанилуу ролдо турат экен.Энелер суроого жоопторду беришет.

Адамга баа беруудо: «Жакшыны соз ээрчийт, жаманды чоп ээрчийт» деп жакшы адамдын турпатын,кылган кызматын аныз кылып айтышкан.Уул кызына берген тарбиясына жараша ата-энени да соз ээрчиген.Ошол учун ата-энелер уул-кызын созго солтук,кепке кемтик кылбай тарбиялуу болуусун отунгон.

Тарбия жакшысы тагдыр ачкычы.Анда эмесе апалар бугун бизге «Дастаркон четиндеги университет» деген корунуш даярдап келген конул буралы.

Максаты:Этнопедагогиканын негизинде балдарды тарбиялоо.Эне эн биринчи мектеп, эне ыймандуу болсо андан тарбия алган урпак да ыймандуу болот.

Эне оз баласын кандай кырдаалда болбосун сезим туюму аркылуу таап алат экен.Азыр апаларыбыз козу байланан калыбында балдарын кармалап коруп табышат.Гулнара Кахарованын «Балама» аттуу ыры акырын жанырып турат.

Эми биздин кыздарыбыз апаларын козу байланган калыбында кармап коруп табышат.Самара Каримованын «Мен дуйнону апам менен тааныгам» деген ыры акырын жанырып турат.

Мугалим:Эне журогу бала деп,бала журогу эне деп ар дайым согуп турсун.Жаратканым эч качан бири биринен айырбасын.

Учурдагы балдар тарбиясы тууралуу видеороликти корсотуу жана талкуулоо.

Урматтуу апалар,мугалимдер эми каалоолорго кезек берели.Каалоонуздарды бир суйлом менен айтсаныздар.Каалоолор айтылат.

Биздин окуучулар оз колдору менен сиздерге арнап белектерди даярдаган.Ыр менен кошо кабыл алып койсонуздар.

Эне болот уй-булодо нурун чачкан,

Эне болот жарыктыкта сени тапкан.

Эне болот бополотуп мээрим тогуп,

Эне болот ак бешике болоп баккан.

Эне болот жылдыз болгон мандайына,

Эне болот бак тилеген таалайына.

Эне болот сен оорусан кошо ооруган,

Эне болот жабыр тарткан далайына.

Эне болот конул болуп кошо куйгон,

Эне болот сана тартып уйдо жургон.

Эне болот сагындырып балдарын,

Эне болот бата берип уйдо куткон.

.Балдар белектерин тапшырат.

Мугалим:Жыйынтыктоочу соз.Тарбия ,адеп,ыйман-коомдун тиреги.Коомдо жашаган ар бир адам учун жазылбаган да мыйзамдар бар,аны абийир гана тескейт.Жаш муундар тогорогу топ келишкен билим тарбия алганда,кандай гана кырдаал болбосун ага туруштук бере алса жана андан жол таап чыга алгыдай таалим тарбияга жетише алса гана ошол коом онугот. Силер бугунку мектеп партасындагы окуучулар эртенки коомдун ээси болуп саналасынар.Эртенки келечегибиз силердин адеп ахлагынарда,терен билиминерде,татыктуу тарбиянарга байланыштуу экенин эч убакта унутпагыла демекчимин.

Энелер, жашообуздун куну болуп,мээрим ,жылуулук,жарыктык,жашоо тартуулап,балдардын бактысына аман болунуздар.

Балдар,дуйнодогу эн сулуу аял-колуна бала которгон аял .Силер энелеринерди суйундургон, кулпуруп оскон гулусунор.Ошону менен бирге эненердин кызматын актаган, жакшы, уул-кыздардан болгула.Силердин жакшы уул-кыз болгонунар энелеринерди бийик тактыда отургузганынарга барабар.

Ушуну менен сабагыбыз аяктады.Убакыт болуп келгениниздер учун чон рахмат.