Сабактын темасы: Апасын ардактаган айылга барктуу
Атасын ардактаган ааламга даңктуу
Ѳтүү мѳѳнѳтү:
Классы:
Сабактын максаты:
Билим берүүчү:
Окуучуларга ата- энени сыйлап, урматтап,аларга каяша сүйлѳбѳй,тик карабай,ата- энебизди барктап,даңктап,алардын көңүлүн оорутуп, кайгыга дуушар кылса, анда эч убакта сыйга татыктуу болбой турганын балдарга жеткизүү
Ѳркүндѳтүүчү:
Ата- энени кѳзү барда сыйлап,ата- эне жонундо макалдарды, жомокторду, акыл- насаатты кобуроок билүүсүн ѳнүктүрүү
Тарбия берүүчү:
«Апасын ардактаган айылга барктуу
Атасын ардактаган ааламга даңктуу» демекчи, ата- энесин барктап,даңктап, ардактоого окуучуларды тарбиялоо.
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: Фронталдуу
Сабактын жабдылышы: Макалдар
Сабактын жүрүшү:
Окуучулардын билимин актуалдаштыруу:
Окуучулардан ата- эне жонундо макалдарды суроо, айттыруу
Бизди тогуз ай курсагында, бир нече жыл кучагында, андан соң өмүр бою жүрөгүндө көтөрүп жүргөн ардактуу энелерге тең келе турган зат, аларга тең аталык сүйүүгө, сыйга татыктуу эч бир жан жартылбаптыр. Акылга салып таразалап көрсөк, үйдү тазалоо, ирээтке келтирүү, тамак бышыруу, кийимдерди жууп тазалоо, балдарга тарбия берүү сыяктуу дагы көптөгөн вазийпаларды кайратынан жазбай аркалап келаткан кутман энелер чындыгында сүйүүгө, чоң урмат-сыйга татыктуу, аларды өмүр бою башыбызга көтөрүп жүрсөк да аздык кылат.
Жараткандын мухит сымал чалкыган мээриминин тамчысы энелердин жүрөгүндө экени талашсыз. Эненин аруу жандүйнөсүндөгү ошол оргуштаган мээриминин чен-өлчөмүн так аныктаган бир курал же бир каражат бар болду бекен? Өздөрү жебей перзентине жедирген, өздөрү кийбей перзентине кийгизген, наристесин уктатуу үчүн уйку бетин көрбөй түн күзөтүп чыккан энелерге Алла ыраазы болсун! Бул жашоонун ар кандай оор шарттарында, жан кейиткен кыйын кезеңдеринде перзентине чаң жугузбай, бүт өмүрүн биздин жыргалчылыгыбызга арнаган ата-энелердин ак эмгегин кайтаруу мүмүкүнбү? Азирети Мавлананын кебине назар салалы:
«Эненин ак сүтүн, опол тоодой мээнетин акта! Аны башыңдын таажысы катары асырай бил! Энелер сай-сөөгү сыздап, тамыры үзүлүп кеткидей болуп толгоо тартпаганда балдар бул дүйнөгө кантип келмек эле?»
Эненин журогу аштан
Баланын журогу таштан
Бейиш эненин таманы астында
Энесин көрүп кызын ал.
Эненин оюу балада, баланын оюу талаада
Эне чыбыкты бийик көтөрөт, бирок жумшак урат
Эне сыйлаган элге жагат, ата сыйлаган абийир табат
Энеси болушчаактын баласы ыйлаак болот
энесин сыйлабаган элин суйуп жарытпайт
Ата-эне кадырын балалуу болгондо билесин
Ата-аскар тоо.эне- анын тубундогу булак.бала -экооно тен чырак
Уулум! Баамчыл болуп, ата-эненин ызатын, урматсыйын моюнга алышың парз. Ошондуктан перзенттин тиреги ата-эне да. Эмне үчүн мен ата-энемди урматтап жатам деп көңүлүңө күдүк нерсе кетпесин. Сезгин! Алар сен үчүн өлүмгө да даяр экендигин. Эгер ар бир перзент баамчыл жана зирек болсо, ата-эненин мээршыбагасына карк болуп, алардын айтканын аткаруудан баш тартпайт. ата-эненин милдети сени бөпөлөп өстүрүү жана сага жакшылык кылуу.
Уулум! Эсиңде болсун! ата-эненин көңүлүнө азар бербе жана алардын жүрөгүн кайгы менен азапка кириптер кылбагын. Сен ата-энени дин жолунда ызаттап сыйлоону, урматтоону каалабасаң дагы, аларды адамкерчилик менен аздыркөптүр жайдары мүнөз көрсөтүп ызаттагын. ата-эне сени жандили менен алпештеп, бапестээрин эсиңе тут. Эгерде сен алардын көңүлүн оорутуп, кайгыгадуушар кылсаң, анда сен эч убакта сыйга татыктуу болбойсуң. Адатта ар кандай адам ата-эненин жакшылыгын билбесе, бирөөнүн жакшылыгын баалай албайт. Сен өз перзентиңден урматсый көрүүгө үмүткөр болсоң, өзүң дагы ата-энеңди урматтай билгин. Арийне, сен ата-энеңе кандай ызаат көрсөтсөң, перзентиң да сага дал ошондой урмат көрсөтөт. Перзентмөмөгө, ата-эне даракка окшош.
Даракты жакшы баксаң, мөмөсү даамдуу, таттуу болот. Ошол сыяктуу эле ата-энеңе көбүрөөк урматсый көрсөтсөң, алар да сага деген ак батасын аяшпайт. Мурас алып калуу үчүн ач көздүк менен ата-энеңин өлүмүн тилебегин. Малың жок караманча тамаяк болсоң дагы, акыл жагынан бай болууга аракеттенгин. Мал топтоп дөөлөттүү болгондон көрөкчө акыл топтоп аброюңду көтөргүн. Арийне, акыл менен мал топтоого болот, а мал менен акыл топтоого болбойт. Түркөй бачым жакырданат. Эсиңде болсун, акыл ушунчалык баалуу нерсе, аны ууру дагы алып кете албайт. Акыл отко күйбөйт, сууга чөкпөйт. Эгерде акылың жетик болсо өнөр үйрөн. Анткени, өнөрсүз акылкейпи кеткен жылаңач дене шекилдүү. Байыркы бабалардын: «Акыл кутубилим» — деген сөзүн эсиңден чыгарба.