СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ар кимдин эмгеги озуно кымбат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык сабак 

Просмотр содержимого документа
«Ар кимдин эмгеги озуно кымбат»

АР КИМДИН ЭМГЕГИ ӨЗҮНӨ КЫМБАТ

Сабактын максаты:

Эмгекчилдикке, сарамжалдуулукка үйрөнүшөт. Мээнеткечтиктин натыйжасын билишет.

Сабактын жабдылышы:

Мугалимдин баяндамасы, залкар ойлор жазылган ватмандар ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалимдин баяндамасы.Ак эмгектин наны таттуу,Жалкоонун жаны таттуу.

Элден

Жаралган адам эмгектен,

Жарышып иштеп түрүнүп.

Жеңижок

“Адамды Адам кылган ак эмгеги”, “Адам кааласа таштан суу, такырдан гүл чыгарат”, “Күмүш терди тѳкпѳсѳң, алтын данды ала албайсың”, “Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат”, “Акылыңдан адашсаң ак эмгек менен дарылан”, “Ѳнѳрлүү ѳлбѳйт”… Кѳңүл буруп окуп кѳргүлѳчү, бабаларыбыз сѳз берметтерин мыскалдап жыйнап, аларда камтылган Ата конушка агынан жарылып агылган адал мээнеттин ыйыктыгын, ак жашоого умтулган адеп-ахлак улуктугу, кѳркѳм касиеттин түбѳлүктүүлүгүн айгинелейт.

Биздин ата-бабалар туулган күндѳн эле жер үстүндѳ тиричилик ѳткѳрү үчүн тынымсыз эмгек талап кылынарын баамдашып; “Дѳѳлѳтүңѳ ишенбе, мээнетиңе ишен”, “Эмгектин аркасынан чуркасаң эңсегениңе жетесиң, эркеликтин аркасынан чуркасаң ѳз ырысыңды ѳзүң кесесиң”, “Аары чакса ачууланба, айда күндѳ бал жейсиң”, “Алгың келсе түшүм, алдын ала күтүн”, “Адамды адам кылган - эмгек”, - деген сыяктуу накыл сѳздѳрдү муундан муунга мурасташкан.

Ал эми дыйканчылыктанбы, же мал чарбачылыгында болобу, кѳпчүлүк чогулуп, ашар ыкмасы менен эмгектенген жерлерде иштин кѳзүн билбеген, жалкоо, жанбактылардын кылык-жоруктары кѳз жаздымда калбай, эл чогулган тойтамашаларда айтылып кѳпчүлүктүн талкуусуна салынган.

Эмгекчил болсоң, эл керегине жараарың талашсыз. Агынан жарылган мээнет, талбас эмгек сени дени сак, сарамжал, коом үчүн пайда келтире турган инсан кылып жаратары чындык. Адам баласынын жашоосунда экономикалык байлык дагы чоң рол ойнойт. Анткени адам күнүмдүк жашоосунда тамак-ашка, кийим кечеге муктаж. А алар кайдан, кантип пайда болот. Албетте аларды инсан ѳзү жаратат.

Бүгүнкү күндѳгү Кыргызстандын экономикалык абалына саресеп салып карай турган болсок бир топ жетишкендиктерге күбѳ болобуз. Эмгекчил, мээнеткеч адамдар жашоо шарттын жакшырышына ѳбѳлгѳ түзүп жатышат. Алардын катарына бизнесчилерди, жеке ишкерлер тобун кошууга болот. Ѳздѳрүнүн тынымсыз аракетинин натыйжасында элди жумуш орундары менен камсыз кылышып, жакырчылык турмуштан чыгууга салым кошуп келишүүдѳ. Эгер коомубузда ушундай ишкерлер, дыйкандар, мамлекеттин казынасына каражат түшүрѳ турган азамат атуулдарыбыз кѳп болсо пенсия, стипендия, жѳлѳк пул, айлык акыларыбыз ѳз убагында берилип, жашоо шартыбыз кыйла деңгээлге кѳтѳрүлмѳк.

Урматтуу жаш жеткинчек сен да эл керегине жараган мээнеткеч, сарамжал инсан бол. Сарамжалдуулук –бул тапкан кирешеңди ысырапкерчиликке учуратпай, үнѳмдѳп пайдалануу болуп эсептелет эмеспи. Эч качан жалкоолук менен жолдош болбо. Эл оозунда айтылып жүргѳн жалкоолук жѳнүндѳгү жомокторду окуп кѳрүп, ѳзүң жыйынтык чыгар.

2-кадам:Окуучуларга текст таркатылып, окууга көрсөтмө берилет. Жалпы талкуу уюштурулат.

Ар кимдин эмгеги өзүнѳ кымбат

Бир ата-эненин жападан жалгыз уулу болуптур. Бала ата-эненин тарбиясында чоңоюптур. Бала бойго жеткен соң, атасы уулун чакырып: “Уулум, эми чоңойдуң, кандайдыр бир ѳнѳр үйрѳн, аягында кор болбойсуң!” - дептир. Бала, макул дептир. Эртеси жумушка баратканда, аны энеси токтотуп:

-Уулум, сен оор жумуш жасап жаныңды кыйнаба, кѳчѳгѳ чыгып досторуң менен ойно, кайтып келгениңде атаңа мына муну берерсиң! –деп бир теңге бериптир.

Бала сүйүнүп кѳчѳгѳ чыгып кетет да, кечке чейин ойноп жүрѳт. Үйүнѳ келсе, атасы короодо кѳлмѳчѳнүн боюнда отурган экен. Энесинен алган акчаны ага бериптир.

Атасы теңгени алып кѳлмѳчѳгѳ таштайт. Бала унчукпай тим болот. Эртеси да ушул окуя кайталанат. Буга таң калышкан эне менен бала үчүнчү күнү ѳздѳрүнчѳ отуруп кеңешиптир.

Бала:

-Атам бул акчаны эмгектенбей алып келгенимди билген окшойт. Эми бүгүн бир эмгектенип акча таап келейинчи, эмне кылаар экен? –дептир да, бир кишиникинде жалданып иштеп, жарым теңге акча тааптыр. Кечинде үйүнѳ келип атасына берсе, атасы бул акчаны да кѳлмѳчѳгѳ таштайт. Бала атасына олурая карап, кийимдерин чечип ѳз боюн кѳлмѳгѳ таштап, баякы жарым теңгени таап чыгат. Ошондо атасы уулуна:

-Кѳрдүңбү уулум, бекер акчага караганда ѳз эмгегиң менен тапкан акча кымбат болот, - деген экен.Суроолор:

  1. Сарамжал дегенди кандайча түшүнѳсүң?

  2. Жомоктогу ата эмне үчүн баласынын теңгелерин сууга ыргыта берди?

  3. Энеси эмне үчүн балага тескери үгүттү кѳрсѳттү деп ойлойсуңар?

3-кадам:Залкар ойлор талкууланат.

Залкар ойлор

Кыялдуу короо, кооз бак

Эмгекчил элдин колунан.



Адал эмгек элге жеткизет,Арамдык, куулук элден кеткизет.


Адамды акылга бай кылган –эмгек, Тѳрт түлүктү шай кылган –эмгек.



Адамзатты эки нерсе багыттайт,

Чындык сѳзү, ак эмгеги карытпайт.



Акыл менен эмгек айкалышкан жердемолчулук менен токчулук болоор.

Эл оозунан

Үйгө тапшырмалар:

  1. “Мен да эмгектенем” деген темада дилбаян жазгыла.

  2. Жомок боюнча сүрѳт тартып, мазмунун айтып бергиле.

  3. Залкар ойлорду класста талкуулагыла.







































































Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!