СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ар турдуу жомоктор

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ар турдуу жомоктор

Просмотр содержимого документа
«Ар турдуу жомоктор»


Акылдуу дыйкан.

(Швед эл жомогу.)

Бир жолу король аң уулоого чыгып, талаада аштык эгип жургөн дыйканды көрүп калат.

_Кундук тапкан акчаң канча?- деп сурады андан.

  • Төрт теңге,- деди дыйкан.

  • Ко-ош, а төрт теңгени кантип сарптайсың?

  • Бирин ичкен ашыма кетирем, экинчисин катып коём, учунчусун к

кайра кайтарып берем, төртүнчүсун ыргытып жиберем.

-Жообуң мага тушунуксуз,-деп таң калды король, -эмне деген сөз: ичкен ашыма, катып коём, кайра кайтарам, ыргытып жиберем?

-Түшүнүктүү эле нерсе, - деп жооп кайтарды дыйкан.- Бир теңгени өз тамагыма сарптаймын ,экинчисин мен карыганда багар-көрөр балдарыма чыгымдайм. Үчүнчүсүн мени багып чоңойткон ата-энеме берем. А төртүнчүсүн болсо жеткен илээнди, жалкоо, ажаан аялыма керектейм. Бул теңгени коромжу пул деп эсептейм. Ыргытып жибергеним ошо да.

-Эми тушундум ,-деп кубанды король. –Бирок сенден өтүнөрүм- менин жузумду жүзжолу көрмөйүнчө бул табышмактуу кебиңди жан кишиге айтпа!

Дыйкан ага макулдугун берди. Король суйунгөн бойдон ак сарайына жол тартты.

Келери менен увазирлерди чогултуп:

-Мен айта турган сырдуу кептин жандырмагын кимиңер табасыңар? Бир дыйкан кунугө төрт теңге табат дейли. Бирин өзү жейт, экинчисин катып коёт, үчүнчүсүн кайра кайтарат, төртүнчүсүн таштап салат. Бул эмне деген табышмак?

Увазирлер баштарын тырмап туруп калышты. Бирок бир митаам увазири королдун кечээ аң уулоодон келатып, дыйканга жолугуп, кыйлага аңгемелешкенин эсине тушурду. “Мандем ошондо болбосун” деп ойлоду да жолго чыкты. Дыйканды тапты. Бирок ал увазирге эч сыр айтпай койду. Королдун жүзүн жүз жолу көрмөйунчө жандырмагын айтпаска убада бергендигин эскертти.

-Таппасаң сыйпалап кал!- деп кудуңдады айлакер увазир. Анан капчыгынан жуз кумуш тыйынды алып чыкты да, дыйканга сунду. Ар бир тыйынга королдун багжайган сурөту тушурулуптур. Тыйындарды бир-бирден карап чыкты да, дыйкан өзү айткан табышмак сөздүн жандырмагын баяндап берди. Кубанычы койнуна батпаган увазир королго келип: -Улуу урматтуу төрөм! Табышмагыңызды таптым,- деди да айтып берди.





Адеп сабагы боюнча тест.


1) Адептүү бала кандай бала?

А)кичипейил б) чечкинсиз в) тартынчаак


2) Кандай бала абийирдүү?

А) тентек Б) урушчаак В) кечиримдүү.


3) Өз көмөчүнө күл тарткан, өзүнүн гана камын ойлогон адам , кандай адам?

А) ичи тар Б) адилет В) сараң


4) “Чык татырбас Чынарбай” деп ,кандай адамдарды айтабыз?

А) сараң, ичи тар Б) берешен ,кең пейил


5) Жамаатчылдык деген эмне?

А) бөлүшүүчулүк Б) жаңжалдашуучулук В) боордошуу


6) Жантай хандын баласы Шабданга берген баасы:

А) “боорукер болот” деген Б)”кара муртөз” болот деген В) “туркөй болот” деген


7) Эмне үчүн Куйручук үйүнө келген адамдарга эшик , төрдү көргөзгөндөн кийин “кеткиле” деген?

А) туура эмес суйлөп кайрылгандыгы учун Б) адамгерчилиги жок В)кондургусу келген жок

8) Кыздарга сылык мамиле жасоонун зарылдыгы

А)кыздарга апасы болушат б) кызды сыйла ал конок

9) Жалкоо досуңду кантип тарбиялайсың?

А) урушуп Б) элдин алдында уят кылам В) үлгү болом

10) Сен кайсы динге киресиң?

А) буддизм Б) христиан В) ислам

11) Диндин терс таасирлери кайсылар?

А)башка динге кирип кетүү Б) куран окуу В) келме келтирүү

12) Ислам маданиятынын адеп нускаларынын максаты.

А) ата-энени сыйлоо Б)ичкилик ичуу В) алдамчы болуу

13) Адам укугун ,эркиндигин , жоопкерчилигин кандай түшүнөсүңөр?

А) бирөөнү жана өзүн сыйлай билүү Б) жектөө

14) Уурулук кесиппи ?

А) кесип Б) кесип эмес

15) Батыш олколорүнүн терс таасирлери:

А) оройлук, жоон билектик, уятсыздык Б) сыйлануу, үлгү болуу

В) телевизор , Денди.







16) Маңкурт деген ким?

А) айбанчылык жасоо Б) эне сутун, эне тилин унутуу В) элин сыйлоо

17) 24-марттагы жосунсуз жоруктардын аталышы.

А) революция Б) төңкөрүлүш В) талап тоноочулук

18) Ата Журтумдун милдетин кантип актаймын?

А) билимдуу ,адептуу болуп Б) соода кылып В) башка өлкөгө кетип калып

19) Ата-энеңди кантип суйунтөсуң?

А) тилин албай В) жардам бербей Б) жакшы окуп,тартиптүү, адептүү болуп

20) Бала жаңы төрөлгөндө кандай жөрөлгөлөр жасалат?

А) бешикке салуу Б) тушоо кесуу , В) суйунчулөө, жентек беруу, ат коюу

21) Кыздарга кайсы жилик тартылбайт?

А) куймулчак, жамбаш Б) төш , арка В) кар жилик , куң жилик

22) Бодо молдын жиликтери устукан болуп тартылат.

А) ооба Б) жок.

23) “Тогуз коргоол” оюну эмне менен ойнолот?

А) шахматтын тактасы Б) жерге

24) Патриотмун деп өзүңдү сезесиңби?

А) ооба Б) жок.

25) Барскоондогу кырсыктан кандай жабыр тартуулар болду?

А) машиналар журбөй Б) адамдар, жаратылыш жабыр тартты

В) алтын кен комбинаты кыйынчылыкка учурады.


















Байчечекей.



Кун жылый баштады. Кар тоону карай улам

Өйдөлөп бара жатты. Мына ушинтип кар алдында жаткан Байчечекей баш көтөрдү.

Өзүнүн көпкөк көздөрүн ачты.

-Эх ,кандай суук! – деди ал бүрүшүп. Назик жалбырактары да калтырай тушту. Жаңы жургөн жел аны эркелеткендей сылап өттү. Байчечекей ылдый жакка- көк-жашыл тукабадай кулпурган майсаңга көз чаптырды.

Эмне деген кооздук! Дарактар төрсөйүп ,бүчүр байлап алыптыр. Мына эми жалбырактарын жазып жиберчүдөй көрүнөт.А тээ тигинде бадал түбүндөгү Фиалка гүлү жашырынып калган жылдыздай жалт-жулт этет.

Чөптөр да чыгып калыптыр. Фиалка чымчыктардын тиктегенинен уялгансып , башын бир жагына кыйшайтып алыптыр.

-Фиалка !-деп кыйкырды Байчечекей , сен уялбай эле кой ,сен баарынан сулуусуң. Биз баарыбыз сени жакшы көрөбүз.

Фиалка башын көтөргүсү келди эле, бирок ошол замат кайра түшүрдү. Анын адаты

дал ушундай.

Арадан бир-эки күн өттү. Байчечекей кубанычтуу кыйкырды

­­­­­­-Карасаңар, карасаң , бизге Нарцисс келиптир.Ал кандай назик,кандай жыттуу!

Баары Нарциссти карап калышты.Чын эле,гүлдөп калыптыр.

Көп узабай бажырайып ак гүлдөрү да пайда болду талаанын көркүн ачып,дал эле чөптөрдүн арасында турган Күндөй жаркырады.

Ушинтип күндөр өтө берди,шалбаада улам жаңы гүлдөр пайда болуп жатты.Мына,кызыл жибек кийген кызгалдак гүлүн ачып алгачкы аптап менен кошо айланага жыпар жытын чачты.Берешен Күнгө жүзүн тоскон гүлдөр кубанычка батышты.Алар байчечекейдин өңү өчүп,соо-луй баштаганын сезбей да калышты.Алар сезишкен учурда кеч болуп калган эле.Байчечекей өзүнүн кыска өмүрүн жашап бүтүп,жерге суна-лып жатыпкалган.

Нарцисс оор үшкүрдү:

- Ал биз гүл ачканда кандай гана кубанды эле! А биз болсок өзүбүз менен убараланып жатып,анын гүлдөп турган учурун көрбөй калыптырбыз.Эми ал биздин жаныбызда жок.Аптап башталып,ал мындан ары жашай албай калбадыбы.

Гүлдөрдүн баары аябай кайгырышты.Алар Байчечекейдин биринчи болуп гүл ачып,жаздын келишин биринчи болуп билдиргенин айтышып гана өздөрүн сооротушту.









Үч торопой.

Илгери-илгери Ниф-Ниф, Нуф-Нуф, Наф-Наф деген үч бир тууган торопойлор болуптур. Алар абдан ынтымактуу жана көңүлдүү жашашчу. Эгерде алар жашаган тегеректе каардуу ач карышкыр пайда болбогондо, ошондой эле жашай беришмек.

Наф-Наф бир туугандарына “Келгиле үй курабыз” – деп сунуштайт да, өзү ишке кирише баштайт. Ал бышык кыштан бекем үй салууну чечет.”Кыштан салынган үй бекем үй,коркунуч жок карышкырдан” –деп ырдаганча иштеп жатты.

Бирок башка бир туугандарына бул иш ,оор жана узакта бүтчүүдөй сезилет.

“Ылай чалып ,оор кыштарды көтөрүп эмне кереги бар?”- деп ойлошот алар.

-“Андан көрө саман менен чырпыктан үй салуу оңой жана тез болот”. Өздөрү так ошондой кылышты.

Ниф-Ниф самандан ,Нуф-Нуф болсо чырпыктан үй салышты. Жумуштарын бүткөндөн кийин алар кубангандан ушунчалык катуу ырдашып, ачка жүргөн Карышкырдын көңүлүн бурушат.Торопойлор самандан салынган үйгө качып кирип, эшигин араң жаап үлгүрүштү.

“Ачкыла эшикти, азыр ушундай үйлөйм, үйүңөр кыйрап, абага сапырылып кетет!” Анан ал ушундай катуу үйлөдү эле, саман үй сапырылып кыйрап калда.

Бир туугандар Нуф-Нуфтун үйүнө качып жөнөштү эле Карышкыр ал үйдү да оңой эле бузуп салды, анткени чырпык самандан бир аз эле калың эмеспи.

Ниф-Ниф менен Нуф-Нуф жанталашып чуркаган бойдон Наф-Нафтын бышык кыштан жаңы эле курулган үйүнө жетишти. Торопойлор качып кеткендерин көргөндө,Карышкыр андан да катуу жинденди. Күчүнүн жетишинче эшикти катуу тарсылдатып:”Жакшылыкча эшикти ачкыла! Азыр ушундай үйлөйм үйүңөр кыйрап түшөт ! Анан ал ушунчалык катуу үйлөдү.....Анан дагы, дагы....Кыштан салынган үй мурункудай эле турганы турган.

-“Азыр мен мордон түшүп ,силерди жейм”- деп ырылдады Карышкыр. Наф-Наф болсо отту улуу жагып, казанга суу толтуруп койду.

Карышкыр мордон көрүнгөндө ,акылдуу торопой казандын капкагын ача салды, Карышкыр кайнак сууга түшүп калды “Ой-ей-ей”-деп оорусуна чыдабай кыйкырган бойдон , кайра мордон качып чыкты. Ошончолук алыска кеткен экен ,ошол бойдон аны эч ким көрбөптүр.

Аман-эсен калган торопойлор кечке ырдап-бийлеп ,жыргап жашап калышыптыр.