СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аракечтик улутту жок кылат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Интернеттен алынган

Просмотр содержимого документа
«Аракечтик улутту жок кылат»

АРАКЕЧТИК УЛУТТУ ЖОК КЫЛАТ
Сабактын максаты: а) Алкоголдук ичимдик боюнча окуучуларга түшүнүк берүү;
б) Окуучуларды спирттик ичимдиктерди ичүүгө каршы тарбиялоо, патриоттуулукка жана гумандуулукка үндөө.
Сабактын жабдылышы: Дубал газета, сүрөттөр, ватман, маркер, музыкалык жабдыктар ж.б.
Сабактын жүрүшү: а) Уюштуруу, "Жаныбарларды тандоо";
б) Өтүлгөн тема боюнча эң мыкты аткарылган үй тапшырманы доскага илебиз. "Суу өмүрдүн булагы" деген темада дил баян, аткаруучу Убраимов Шамшидин;
в) Түшүндүрүү (доклад окулат).
Алкоголизм - жашоонун принциптерине адептүү жүрүш-турушка, маданияттуулукка ылайык келбеген социалдык дарт. Ал үй-бүлөнүн турмушун бузуп, балдарды тарбиялоодо зыяндуу таасирин тийгизет. Алкоголго берилип кетүүнүн натыйжасында адамдарда оройлук, өзүмчүлдүк, моралдык шалаакылык күч алат. Мастар мыйзамды, коомдук тартипти бузушат.
Спирт ден-соолукту бузат, эркти бошоңдотуп, кесибинен ажыратат, тукумду бузуп, адамдык сапатын жоготууга жана кылмыш жасоого түртөт.
XXI кылымда жашай турган жаш муундар андан качууга тийиш. Аракечтер менен чылымчылар тубаса жаралышпайт. Алар өз учурунда эскертүү укпай, тамеки менен рюмкага сунулган колун өз убагында тартып койбогон адамдардан жаралат.
Аракечтик адамдардын көптөгөн органдарын бузуп, дарылап айыктырууга кыйын болгон дарттарды пайда кылат. Ашказандын гастрит (язва) ооруларын жаратса, боордо цирроз оорусун пайда кылып, боордун көлөмүн кичирейтип, аны чүрүштүрүп катырат, бул - эң оор дарт. Спирт ичимдиктери бөйрөктөрдү иштен чыгарат. Жүрөктө ар кандай кысылма дарттардын жаралышына шарт түзөт. Айтор, спирт ичимдиги терс таасирин тийгизбеген орган жок. Алкоголдун курамындагы уулуу заттар эң оболу нерв системасын бузат. Баш мээни атрофияга (көлөмү менен массасы кичирейет, функциясы начарлайт, алсызданат) учуратат.
Алсак, жүз грамм арак баш мээнин кыртышындагы жети миң беш жүз нерв клеткасын өлтүрөт. Баш мээнин ууланышы, анын бузулушу ар кандай нервоз жана психоз дарттарынын жаралышына, анын өнүгүшүнө алып келет.
Ошондуктан окуучулар, "Мен тамеки тартуу менен ичимдик ичүү сыяктуу жаман адатка эч качан жолобойм" деген бекем ишенимге келгиле! Ден соолугуңар менен өмүрүңөрдүн бактысы өз колуңарда экендигин унутпагыла!
Назгүл:
Арак! Арак! Актыгына айланып,
Адам ичет шаттыгына байланып.
Арстан болуп, анан өтүп мышыкка,
Араң барат өз үйүнө сандалып.
Гүлмира:
Көптөр көбөт албай сени теңине,
Көптөр жүрөт жутуп алып сөгүнүп.
Сен алп кылып, сен кутуртуп жатканың,
Кап, ошолор түшүнүшсө эмине.
Медет:
Анда сени ичмек эмес адамдар,
Чыкмак эмес эки буттуу айбандар.
Болмок эмес абийиринен ажырап,
Ай талаада үйсүз-жайсыз калгандар.
Сен жоголсоң баары оңолот эле го,
Деген менде бүтпөгөн бир арман бар!
Гүлжан: Элеттин эң кичине дүкөнүнө кирсең, тирелип турган арактарды гана көрөсүң. Сатуучулар сооданы жүгүртүп турган бул товарды байма-бай ташып келип турушат. Өңгө товар өтпөсө да, арак өтөөрүн алар жакшы билишет. Бөтөлкөлөп албаса, стакандап куюшат. Акчасы азыр жок болсо карызга жазышат. Бүгүн болбосо эртең, аялын, балдарын ыйлатып туруп карызын төлөөрүнө ишенишет.
Арактын абройу азыр күч. Той-топур, келин алып, кыз бермей, куда тосуп, узатмай араксыз өтпөйт.
Шамшидин:
100 грамм!
Ноктосу жок, жиби жок,
Байлап алдың жүз грамм.
Көрүстөнгө, түрмөгө,
Айдап алдың жүз грамм.

Жүз, жүз, жүз грамм, грамм, грамм.
Жүз, жүз, жүз грамм, грамм, грамм.

Көрүнгөндөн беш тыйын,
Сураттырдың жүз грамм.
Көлчөк менен саздарга
Сулаттырдың жүз грамм.

Жүз, жүз, жүз грамм, грамм, грамм.
Жүз, жүз, жүз грамм, грамм, грамм.

Акча, сомун алдырып,
Иштетпедиң жүз грамм.
Ач калганда токочту,
Тиштетпедиң жүз грамм.

Жүз, жүз, жүз грамм, грамм, грамм.
Жүз, жүз, жүз грамм, грамм, грамм.

Катын менен баланы,
Каратпадың жүз грамм.
Акыл-эсти, абийирди,
Калтырбадың жүз грамм.

Жүз, жүз, жүз грамм, грамм, грамм.
Жүз, жүз, жүз грамм, грамм, грамм.
Мунарбек: Арак ичпегиле садага болоюндар! Эл журтка жаман көрүнүп каласыңар. Коңшу-колоңдон да, бир туугандан да ажырап каласыңар. Алдыңа жакшы конок келбей калат. Бир болбогон нерсе үчүн бүт жаман көрүнүп, абийириңди төгүп аласың.
Улан: Бийик элем, пас кылдың,
Бир күндө төрт-беш жолу мас кылдың.
Төөнү туурап жаткызып,
Төрт аяктап бастырдың.
Татынакай үй турса,
Тоокканага жаткырдың.
Өзүмдү койдум карабай,
Чачымды койдум тарабай.
Ушунун баарын сен кылдың,
Энеңди урайын арак ай!

Мугалим: Улуу даанышман, акылман, ойчулар эмне дейт экен, кулак салып угалычы.
Минура: Күзгү - адам жүзүн чагылдыргандай, мастык адамдын ички дүйнөсүн ачып көрсөтөт. (Эсхил)


Акжол: Мастык - эң маданияттуу адамды да, бир заматта акмакка айландырат. (Жюл Верн).
Асыл: Көп ичкен киши - бузук киши.
(Л.Чосер).
Равшан: Ичкилик - адамды каракчы жана ууруга айландырат. (К.Калтон)
Бегимай: Ичилген спирттик ичимдиктер, адамды айбан жана жырткычка айландырат. (Ф.Достоевский)
Жумагүл: Арак ак болгону менен адамды кызыл тумшук кара бет кылат.
(А.П.Чехов)
Буужан: Ичкиликтин башталышы - рюмка. Орто жерде каткырык, сүрөөн коштогон шаңдуу компания. Бүтүшү - психиатриялык оорукана же түрмө. (Джек Лондон).

Жеке номер: Полотова Бегайым.

Ак тилек
Ар үйдө ак-сакалдуу кары болсо,
Балпайган байбичеси дагы болсо.
Баласы баар таап эмгегинен,
Жанына жаркылдаган жары болсо.

Чоң эне суук сөздөн алыс болсо,
Чоң ата бардыгына калыс болсо.
Келини кербезденип бой көтөрбөй,
Уулуңда уят менен намыс болсо.

Арзыкан: - Россияда бир жылдын ичинде эле сапатсыз арактан 60 миң адам мерт болгонун басма сөз каражаттары маалымдап чыгышты. Эгерде мамлекеттер аралык жаңжалда ушунча адам жоготууга учураса, анда аны эч тартынбай эле "согуш" деп атаса болор эле. Бир жылда 42 млн. литр арак, 35 млн. литр пиво сатылып жаткан Кыргызстандын шартында "Мындай согуштан" биз канча жоготууга дуушар болду экен, - деп Ички иштер министрлигинин жооптуу кызматкерине кайрылдык.
Сабыт: (ИИМдин кызматкери) Апендиникиндей суроо бересиңер да, азыр аракечтик анча актуалдуу маселе эмес, андан да тири шумдуктарын эсептеп бүтпөй жатабыз.


Айнура: Арийне, ошол "тири шумдуктардын" жырткычтык менен киши өлтүрүүлөрдүн, каракчылык менен жол кырсыктарынын, зордуктоолор менен уурулуктун "заправщиги" арак болуп жатсачы? Сууга чөгүп, суукка тоңуп, бычак жеп, жок болуп жаткандардын түпкүлүгүндө масчылык турсачы? Миң эмес, миллиондогон литр өз өндүрүшүбүздөн чыккан, сырттан ташылып келип жаткан арактар жөн эле, кумга сиңип, арыктан агып кетип жаткан жок да! Беш миллион элди беш жүз жолу каптаган арак менен пивонун сели канчалык кесепет келтирип жатканына эмне үчүн көңүл буруп, маани бербей жатабыз?
Келгиле достор, "тири шумдуктардын" булагы болгон ичкиликтен алыс болуп, улутубуздун генофондун сактап калалы, келечекке туура кадам таштайлы!


Мугалим: Арак жөнүндө элибиздин арасында да макал-лакаптар айтылып жүрөт. Анда эмесе кезек элдик макал-лакаптарда.
Гүлдар: Күйөөсүнүн ичкени - үйүнүн тең жарымы күйгөнү, аялынын ичкени - үйү бүтүн күйгөнү.
Бегайым: Арак - акылмандын да мээсин чагат, балбанды да көтөрүп чабат.
Медет: Тамеки менен арак билинбей ден-соолукту алат.
Гүлмира: Бөтөлкө менен достошконуң акылың менен коштошконуң.
Шамшидин: Шарап кирсе ичине сыр катылбайт кишиде.
Жыпар: Мастык алты бактысыздыкка алып барат: муктаждык, жаңжал, оору, кадырсыздык, шерменделик жана акылсыздык.
Минура: Ким чексе тамеки же нас, ал адам өзүнө-өзү кас.
Бегимай: Сел жерди жар кылат, ичкилик эрди кар кылат.
Мугалим: Бул темага кыргыздын акын жазуучулары да кайрылбай койгон эмес. Анда эмесе белгилүү акын, сатирик Мидин Алыбаевдин "Жинди суу" поэмасынан үзүндү.
Дини: Терменин башы арактан,
Айланып кетсин тамактан.
Силерге айтып жатамын,
Качсын деп жаман адаттан.
Бегайым:
Берметтей болуп жылтылдайт,
Түлкүдөй болуп кылтылдайт.
Бөтөлкөдө жай жатат,
Ичиңе кирсе чаңдатат.

Шамшидин: Жалгыз эмес жинди суу,
Анда ага да бар, ини бар.
Спирт, пиво, винолор,
Ар кимисин билип ал,
Бардыгынын жини бар,
Өздөрүнчө тили бар.

Минура: Адеп ичип жүргөндө,
Ойнотот түрдүү гүлдөргө,
Жашчылык ырын ырдатат,
Ай жарык сулуу түндөрдө,
Кез-кезде гана азыраак,
Башың коет зыңылдап.

Медет: Бир күнү башты жазасың,
Пахмелдин даамын татасың.
Анан түгөнбөс пахмель башталат,
Баш ооруйт кайда качасың.

Айнура: Жолобой калат билгендер,
Алыстайт бирге жүргөндөр.
Бирок арактан өзүң качпайсың,
Жалгыздап сого баштайсың.

Сабыт: А дегенде ал ичкич,
Мекемеден куулат.
Кекиртектен кетти деп,
Бүт кыргызга угулат.

Улан: Жаралып эки келбейсиң,
Жаркыраган ааламга.
Акыл, эс, уят, ар, намыс,
Чоң касиет адамга.

Разия: Буйрук эмес жолдоштор,
Силерге айткан өтүнүч.
Эсиңде болсун замандаш,
Ичкилик арты өкүнүч.


Хор: Арманы болот арактын,
Акыркысы балдар ай.
Ошондогу аттиңиң,
Бекер болот балдар ай!

Жаштык кезди бекерге,
Өткөрбөчү балдар ай.
Жүз граммды көңүл үчүн,
Көтөрбөчү балдар ай!