СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аргентина өлкөсү

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Аргентина өлкөсү»

АРГЕНТИНА

АРГЕНТИНА

Аргентина  же  Аргентина Республикaсы  — ( исп.   República Argentina )  Түштүк  Американын  түштүгүндөгү мамлекет. Аянты жана калкынын саны боюнча континенттеги 2-өлкө (Бразилиядан кийин). Түштүк Америка материгинин түштүк-чыгышын, Оттуу Жер аралынын чыгыш бөлүгүн, жакын жайгашкан Эстадос жана башка аралдарды ээлейт. Батышынан Чили, түндүгүнөн жана түндүк-чыгышынан  Боливия ,  Парагвай ,  Бразилия ,  Уругвай  менен чектешет. Чыгышын Атлантика океаны чулгап жатат . Аянты 2,78 млн км 2  [Аргентина менен Улуу Британиянын ортосундагы талаш аймак - Фолкленд (Мальвин) аралын кошпогондо]. Калкы 39,5 млн (2005). Борбору -  Буэнос-Айрес  шаары. Акча бирдиги - Аргентина песосу. Аргентина - БУУнун (1945), Америка мамлекеттери уюмунун (1948), Түштүк Американын жалпы рыногунун (МЕРКОСУР; 1991), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү .

Аргентина  же  Аргентина Республикaсы  — ( исп.   República Argentina )  Түштүк Американын  түштүгүндөгү мамлекет. Аянты жана калкынын саны боюнча континенттеги 2-өлкө (Бразилиядан кийин). Түштүк Америка материгинин түштүк-чыгышын, Оттуу Жер аралынын чыгыш бөлүгүн, жакын жайгашкан Эстадос жана башка аралдарды ээлейт. Батышынан Чили, түндүгүнөн жана түндүк-чыгышынан  Боливия ,  Парагвай ,  Бразилия ,  Уругвай  менен чектешет. Чыгышын Атлантика океаны чулгап жатат .

Аянты 2,78 млн км 2  [Аргентина менен Улуу Британиянын ортосундагы талаш аймак - Фолкленд (Мальвин) аралын кошпогондо]. Калкы 39,5 млн (2005). Борбору -  Буэнос-Айрес  шаары. Акча бирдиги - Аргентина песосу. Аргентина - БУУнун (1945), Америка мамлекеттери уюмунун (1948), Түштүк Американын жалпы рыногунун (МЕРКОСУР; 1991), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү .

Мамлекеттик тузулушу

Аргентина - федерациялык мамлекет. Аргентина 23 провинцияга жана Федерациялык (борбордук) округга бөлүнөт.

Саясий тузулушу

Конституциясы 1853-жылы кабыл алынган, бирок аскердик төңкөрүштөргө байланыштуу, бир нече жолу токтотулган. 1949-57-жылдарда 1949-жылдагы конституциясы колдонулган, ал эми 1957-жылы 1853-жылдагы конституциясы калыбына келтирилген. Башкаруу формасы - президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы - президент. Президент жана вице-президент жалпы элдик шайлоо жолу менен 4 жылга (дагы бир жолу кайра шайлануу укугуна ээ) шайланат; андан соң мамлекет башчысы бир жолку мөөнөттү өткөрүү менен кайра шайланууга укуктуу. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы - Конгресс, ал Сенат жана Депутаттар палатасынан турат. Саясий партиялары: жарандык радикалдуу союз, Хустисиалистер партиясы, Өлкөнүн тилектештик фронту партиясы.

Табияты

Аргентинанын чыгыш бөлүгү түзөң; батышын Анд тоолору (Аконкагуа чокусу, бийиктиги 6960 м, Түштүк Американын эң бийик жери), түш.батышын Патагония бөксө тоолору, түндүгүн Гран-Чако түздүгү, Парана, Уругвай дарыясынын аралыгы (Экисуу арасы), борбордук бөлүгүн Лаплата ойдуңу ээлейт. Өлкөнүн негизги бөлүгүн түзгөн түздүктүү аймагы байыркы Түштүк Америка жана Патагония платформаларында жайгашкан. Ал эми Анд тоолору мезозой-кайнозой бүктөлүү структураларына кирет. Маанилүү кен байлыктары: нефть (Комодоро-Ривадавия, Барранкас), газ (Лома, Ла-Плата, Сан-Хорхе жана башка), бериллий, уран, темир, жез, алтын жана башка. Тропиктик, субтропиктик жана мелүүн климаттык алкактарда жатат. Түндүгүндө январдын (жай айы) орточо температурасы Гран-Чакодо 28°Сден (абсолюттук максимуму 46°С), Оттуу Жер аралында 10°Сге чейин, июлда (кыш айы) түндүгүндө 18°С, түштүгүндө 1°С. Патагония бөксө тоолорунда -33°Сге чейин суук болушу мүмкүн (абсолюттук минимуму - Чубут дарыясынын өрөөнү, Түштүк Американын эң суук жери). Түштүктөн соккон памперос шамалы өлкөнүн түндүгүнө да үшүк алып келиши ыктымал. Жылдык жаан-чачыны Экисуу арасында 1600 ммге чейин, Гран-Чакодо 400-1400 мм, Пампанын чыгышында 600-1000 мм, батышында 400600 мм, Патагонияда 100-300 мм, Пунада 100 ммден аз, Анд тоолорунун капталдарында 100-5000 мм. Патагония Анд тоолорунда Түштүк Америкадагы ири мөңгүлөрдүн бири - Унсала жайгашкан. Ири дарыялары: Парана, Уругвай, Парагвай (кеме жүрөт), Чубут, Рио-Негро, РиоКолорадошондой Анд тоолорунда мөңгүнүн аракетинен пайда болгон көлдөр бар. Тропиктик алкакта жайгашкан Экисуу арасынын түндүк-чыгышын, Анд тоолорунун чыгыш капталдарын нымдуу тропик токою (анын астында кызыл-сары ферралит топурактары өөрчүйт), кызыл-күрөң топурактуу Гран-Чакону кургакчыл сейрек токой (кебрачо, альгарробо жана башка), Пунаны бийик тоонун тропиктик чөлү, Пилькомайо, Рио-Бермехо, Парагвай, Парана дарыяларын бойлой, Экисуу арасынын борбордук бөлүгүн саз, токой жана чөп өсүмдүктөрү ээлейт. Субтропик алкагында – Экисуу арасынын түштүгүнө саванна, Пампанын чыгышына прерий сымал нымдуу шалбаалуу талаа пампас (кара топурактуу; азыр дээрлик айдалган же жайыт), батышына кургакчыл бадалдуу талаа, андан ары, ошондой эле Анд тоолорунун капталдарына бадалдуу жарым чөл мелүүн алкакта - Патагонияга дан өсүмдүктүү бадалдуу жарым чөл, Анд өндүрүндөгү ойдуңдарга талаа өсүмдүктөрү мүнөздүү. Анд тоолорунун чыгыш капталдарын 37° түштүк кеңдиктен түштүктү карай нымдуу дайыма жашыл, 41°тан түштүктө аралаш, ошондойэле жалбырагы күбүлмө субантарктикалык токойлор каптаган. Аргентинада жалпы аянты 9112 миң гага жеткен 145 коргоого алынган аймак бар; анын ичинен белгилүү улуттук парктары: Игуасу, Лос-Гласьярес (булар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине катталган), Лос-Алерсес, Ланин, Науэль-Уапи жана башкалар .

Аргентинанын аймагын байыртан эле индей уруулары мекендеп келген. Алар 16-кылымдын башына чейин уруучулук коомдо жашап, дыйканчылык, аңчылык жана балык уулоочулук менен кесиптенишкен. 1516-жылы февралда испаниялык деңиз саякатчысы Хуан Диас де Солис Рио-делаПлата өзөнүнө келип түшүп, аны испан королунун жери деп жарыялайт. Аргентина аймагын испандыктар басып алып, бул жерди күмүштүн запасына бай деп эсептешип, аймакты Ла-Плата деп аташкан (Rio de la Plata, испанча - күмүш дарыя дегенден). Алар индейлердин көпчүлүгүн кулга айландырып, оор жумуштарга иштетип, багындыра албагандарды Анд тоолоруна куугунтуктаган (индейлерди эксплуатациялоонун мындай түрү - энкомьенда аталган). Испандыктардын басып алган жерлери ири жер ээлөөчүлөрдүн жана чиркөөлөрдүн жер ээлигине айланган. Жумушчу күчү жетишпегендиктен, испандар Африкадан негр-кулдарды ташып келе башташкан. Оор эзүүгө чыдабаган индейлер көтөрүлүшкө (Санта Фе провинциясы, 1580) чыгышкан. Кийин индейлердин көтөрүлүштөрү Аргентинанын бүткүл аймагына тараган. Испандыктар Испанияда өндүрүлүп, ташылып жаткан өнөр жай, айыл чарба продуктыларын Ла-Платада өндүрүүгө, ошондой эле башка өлкөлөр менен соода сатык жүргүзүүгө тыюу салышкан. 18-кылымдын 60-70-жылдарда мануфактураларды уюштурууга, соода тармагында бир кыйла жеңилдиктер берилген реформалар жүргүзүлүп, колониялардын өнүгүшүнө жагымдуу жагдай түзүлгөн. 1620-жылы Ла-Плата аймагы Перу вице-королдугуна кошулат. 1776-жылы азыркы Аргентина, Боливия, Парагвай жана Уругвай кирген аймак Ла-Плата вице - королдугу болуп бөлүнөт. Буэнос-Айрес, Мендоса, Сан-Луис жана башка шаарлар өнүгүп, колөнөрчүлөр, токуучулар пайда болот, бирок жаңыдан пайда болгон өндүрүштүк мамилелердин өнүгүшүнө колониялык бийлик тоскоол болгон. 1810-жылы Буэнос-Айресте испандыктарга каршы боштондук кыймылы жеңишке жетишип, тарыхта Май революциясы деп аталып, 25-май аргентиналыктардын улуттук майрамы катары майрамдалат. 1816-жылы 9-июлда Тукуманда Улуттук Конгресс Ла-Плата Бириккен провинциясынын (азыркы Аргентина) көзкаранды эместигин жарыялаган. 1826- жылы Аргентина Федерациялык Республикасы же Аргентина (латынча Argentum - күмүш) болуп кайра түзүлгөн. 20-кылымда Аргентина көптөгөн төңкөрүштөрдү башынан өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашылып турган. 1946- жылы президент болуп шайланган Х. Д. Перондун өкмөтү Аргентинада «социалдык жактан теңдештирүү» саясатын жүргүзүү менен экономиканы индустриалдаштыруу жана улутташтыруу боюнча реформаларды ишке ашырган. 1955- жылы аскердик төңкөрүштүн жүрүшүндө Х. Д. Перон кызматтан кетирилип, бийлик хунтанын колуна өткөн. 1974- жылы Х. Д. Перон президенттик постко кайрадан шайланган. 1976-83- жылдарда Аргентинада бийлик кайрадан аскердик башкаруучулардын колуна өтөт. 1982- жылы аргентикалык аскерлер Фолкленд (Мальвина) аралына түшүрүлгөн (бул аралдар 1833- жылы Англия тарабынан басып алынган болчу). Бул аралдардагы Британиянын суверенитетин тааныгысы келбеген Аргентина менен Улуу Британиянын ортосунда келип чыккан согуштук чатак англичандардын пайдасына чечилген. Англичандардан жеңилгенден кийин аргентиналык аскерлер бийликти саясий партияларга өткөрүп берген. 1989- жылы бийликке кайрадан перронисттик өкмөт келгенден кийин өлкөдө демократиялык режим калыбына келтирилген. 1994- жылы конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, президенттик башкаруу мөөнөтү 6 жылдан 4 жылга кыскартылган; Конгресстин укуктары кеңейтилген; Министрлер кабинетинин башчысы кызматы киргизилип, ал президент тарабынан дайындалган жана парламентке жоопкер болгон. 1999- жылы шайлоодо Ф. Де ла Руа жетектеген оппозициялык блок жеңишке жетишкен. 1990- жылы башталган экономикалык кризистин кесепетинен, 2001-жылдын декабрында финансы системасы кыйраган жана бул социалцык жарылууларга алып келип, Де ла Руа отставкага кеткен. Бир жуманын ичинде Аргентинада беш президент алмашылган. 2002-жылдагы президенттик шайлоодо Н. Кирчнер жеңип чыккан .

КАЛКЫ

Калкы ар кошкон элдердин тукумдарынан куралган. Креолдор (Аргентинада туулган испандар) жергиликтүү индейлер, кийин (19-кылымда) европа иммигранттары менен аралашып кеткен. Калкынын 90%тен ашыгы  аргентиналыктар , алар расалык жактан «актарга» (73%) жана метистерге бөлүнөт; ошондой эле испан, италян, украин, поляк, немис, француз жана башка улуттар да жашайт. Орточо жыштыгы: 1 км 2  жерге 14,2 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: 75,9 жыл (эркектериники - 72,2, аялдарыныкы - 79,9 жаш). Мамлекеттик тили - испан тили. Калкынын 90% католик динин тутат. Шаар калкы 80%тен ашык. Ири шаарлары: Буэнос-Айрес, Росарио, Кордова, Ла-Плата жана башкалар.

ЭКОНОМИКАСЫ

Аргентина - экономикалык өнүгүү деңгээли боюнча Латын Америкасында Бразилия жана Мексикадан кийинки 3-орунда турат. Бирок, айыл чарба продуктыларын өндүрүүчү жана экспорттоочу дүйнөдөгү негизги өлкөлөрдүн бири, ошону менен катар өнөр жайы салыштырмалуу өнүккөн өлкө. 1990-жылы Аргентина өкмөтү тарабынан өлкөнүн экономикасын оңдоо боюнча олуттуу иштер жүргүзүлгөн: мамлекеттик секторлордогу ишканалар менчиктештирилген, бюджет катуу көзөмөлгө алынган, ички рынокко чет өлкөлүк компаниялар конкурент катары катышууга укук алган. Экономикасынын маанилүү тармактары нефть, газ, автомобиль өнөр жайы бүт, электр, суу жана газ менен камсыздоонун басымдуу бөлүгү чет өлкөлүк (АКШ, Германия, Япония, Франция, Италия) капиталдын көзөмөлүнө өткөн. Ички дүң продукциясы 129,7 млрд долларды (АКШ, 2003) түзүп, киши башына бөлүштүргөндө 3380 доллардан туура келет. Бул көрсөткүч борбордо бир кыйла жогору (25 миң доллар). Ички дүң продукциясында тейлөө чөйрөсүяүн үлүшү 53,5% ти, өнөржайыныкы 35,9%ти, айыл, токой жана балык чарбаларыныкы 10,6%ти түзөт (2004). Экономикалык активдүү калкынын ½   тейлөө чөйрөсүндө эмгектенет. Структурасында финансы жана бизнес кызматы (30%), коммерция (28%), транспорт жана байланыш (10%) үстөмдүк кылат. Ири банктары: Улуттук, инвестиция, сырткы соода жана Улуттук ипотека. Байланыш кызматы, тоолыжа, деңиз курорттору, тарыхый маданий борборлор (Буэнос-Айрес, Мендос жана башка), ландшафтынын кооздугу (Игуасу шаркыратмасы, Патагония мөңгүсү) туризмдин өнүгүшүнө түрткү болууда. 2000-жылы 3 млнго жакын турист келген (андан түшкөн киреше 2,8 млрд долларды түзгөн). Ички дүң продукциясында казып алуу өнөр жайынын үлүшү 2,1%ти, иштетүүчү өнөр жайыныкы 16,1%ды түзөт (2002).Нефть жана газ өлкөнүн ички керектөөсүн толугу менен камсыз кылат. Нефть казып алуу боюнча Латын Америкасында (Мексика, Бразилия, Венесуэладан кийин) 4-орунду ээлеп, 40%тен ашыгын экспорттойт. Нефть өлкөнүн батышында (Мендос, Неукен, Чубут провинцияларында) жана түштүк-чыгышында (Сан-Хорхе булуңунун аймагы), жаратылыш газы Неукен жана Түнтүк-батыш Аргентинада казылып алынат. Ошондой эле көмүр (негизинен күрөң көмүр), жез, темир, коргошун, цинк, вольфрам, уран, марганец, калай казылып алынат.

ТАРЫХЫ

Аргентинанын аймагын байыртан эле индей уруулары мекендеп келген. Алар 16-кылымдын башына чейин уруучулук коомдо жашап, дыйканчылык, аңчылык жана балык уулоочулук менен кесиптенишкен. 1516-жылы февралда испаниялык деңиз саякатчысы Хуан Диас де Солис Рио-делаПлата өзөнүнө келип түшүп, аны испан королунун жери деп жарыялайт. Аргентина аймагын испандыктар басып алып, бул жерди күмүштүн запасына бай деп эсептешип, аймакты Ла-Плата деп аташкан (Rio de la Plata, испанча - күмүш дарыя дегенден). Алар индейлердин көпчүлүгүн кулга айландырып, оор жумуштарга иштетип, багындыра албагандарды Анд тоолоруна куугунтуктаган (индейлерди эксплуатациялоонун мындай түрү - энкомьенда аталган). Испандыктардын басып алган жерлери ири жер ээлөөчүлөрдүн жана чиркөөлөрдүн жер ээлигине айланган. Жумушчу күчү жетишпегендиктен, испандар Африкадан негр-кулдарды ташып келе башташкан. Оор эзүүгө чыдабаган индейлер көтөрүлүшкө (Санта Фе провинциясы, 1580) чыгышкан. Кийин индейлердин көтөрүлүштөрү Аргентинанын бүткүл аймагына тараган. Испандыктар Испанияда өндүрүлүп, ташылып жаткан өнөр жай, айыл чарба продуктыларын Ла-Платада өндүрүүгө, ошондой эле башка өлкөлөр менен соода сатык жүргүзүүгө тыюу салышкан. 18-кылымдын 60-70-жылдарда мануфактураларды уюштурууга, соода тармагында бир кыйла жеңилдиктер берилген реформалар жүргүзүлүп, колониялардын өнүгүшүнө жагымдуу жагдай түзүлгөн. 1620-жылы Ла-Плата аймагы Перу вице-королдугуна кошулат. 1776-жылы азыркы Аргентина, Боливия, Парагвай жана Уругвай кирген аймак Ла-Плата вице - королдугу болуп бөлүнөт. Буэнос-Айрес, Мендоса, Сан-Луис жана башка шаарлар өнүгүп, колөнөрчүлөр, токуучулар пайда болот, бирок жаңыдан пайда болгон өндүрүштүк мамилелердин өнүгүшүнө колониялык бийлик тоскоол болгон. 1810-жылы Буэнос-Айресте испандыктарга каршы боштондук кыймылы жеңишке жетишип, тарыхта Май революциясы деп аталып, 25-май аргентиналыктардын улуттук майрамы катары майрамдалат. 1816-жылы 9-июлда Тукуманда Улуттук Конгресс Ла-Плата Бириккен провинциясынын (азыркы Аргентина) көзкаранды эместигин жарыялаган. 1826- жылы Аргентина Федерациялык Республикасы же Аргентина (латынча Argentum - күмүш) болуп кайра түзүлгөн. 20-кылымда Аргентина көптөгөн төңкөрүштөрдү башынан өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашылып турган. 1946- жылы президент болуп шайланган Х. Д. Перондун өкмөтү Аргентинада «социалдык жактан теңдештирүү» саясатын жүргүзүү менен экономиканы индустриалдаштыруу жана улутташтыруу боюнча реформаларды ишке ашырган. 1955- жылы аскердик төңкөрүштүн жүрүшүндө Х. Д. Перон кызматтан кетирилип, бийлик хунтанын колуна өткөн. 1974- жылы Х. Д. Перон президенттик постко кайрадан шайланган. 1976-83- жылдарда Аргентинада бийлик кайрадан аскердик башкаруучулардын колуна өтөт. 1982- жылы аргентикалык аскерлер Фолкленд (Мальвина) аралына түшүрүлгөн (бул аралдар 1833- жылы Англия тарабынан басып алынган болчу). Бул аралдардагы Британиянын суверенитетин тааныгысы келбеген Аргентина менен Улуу Британиянын ортосунда келип чыккан согуштук чатак англичандардын пайдасына чечилген. Англичандардан жеңилгенден кийин аргентиналык аскерлер бийликти саясий партияларга өткөрүп берген. 1989- жылы бийликке кайрадан перронисттик өкмөт келгенден кийин өлкөдө демократиялык режим калыбына келтирилген. 1994- жылы конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, президенттик башкаруу мөөнөтү 6 жылдан 4 жылга кыскартылган; Конгресстин укуктары кеңейтилген; Министрлер кабинетинин башчысы кызматы киргизилип, ал президент тарабынан дайындалган жана парламентке жоопкер болгон. 1999- жылы шайлоодо Ф. Де ла Руа жетектеген оппозициялык блок жеңишке жетишкен. 1990- жылы башталган экономикалык кризистин кесепетинен, 2001-жылдын декабрында финансы системасы кыйраган жана бул социалцык жарылууларга алып келип, Де ла Руа отставкага кеткен. Бир жуманын ичинде Аргентинада беш президент алмашылган. 2002-жылдагы президенттик шайлоодо Н. Кирчнер жеңип чыккан.

МАДАНИЯТЫ

Аргентинада билим берүү мекемелери агартуу, илим жана технология министрлиги жетектейт. Мектепке чейинки жана 10-жылдык милдеттүү түрдө билим алуу провинциялык жана муниципалдык билим министрликтери аркылуу көзөмөлдөнөт. Аргентинада билим берүү системасы федералдык билим берүү мыйзамына ылайык (1993) жүргүзүлүп, мектепке чейинки (3-5 жаш), 9-жылдык жалпы базалык билим (6-14), орто билим берүү системасын камтыйт (15-17). Мамлекеттик жана менчик кесиптик окуу жайларды 1995-жылдан улуттук технологиялык билим берүү институту координациялайт. Аргентинада жогорку билим алуу 1995-жылы кабыл алынган мыйзам аркылуу жүргүзүлөт. Жогорку мектептердин координациялык ишин университеттер аралык Улуттук, менчик университеттердин ректорлор, ошондой эле жогорку билим алуунун региондук пландоо кеңештери башкарат. Аргентинанын бплпм алуусунун жаңы структурасы 3-жылдык үч баскычтан (6-8 жаш, 9-11, 12-14) турат. Орто билим алуу (полимодалдуу билим алуу) 3 жылга созулуп, 15-17-жашгагы өспүрүмдөр окушат. Ар бир орто мектеп жалпы билим берүүдөн тышкары бир же бир нече адистикке да даярдайт (гуманитария, коомдук жана табигый илимдер, экономика жана коммуникация). Кесиптик-техникалык билимди окуучулар «полпмодалдуу» цпклде алышып, андан соң атайын бплпм берүү мекемелеринде уланта алышат. Мамлекеттик жана менчик орто окуу жайлары Улуттук технология институтут тарабынан координацияланат. Эки миңден ашык ЖОЖ болуп, анын 550сү университет статусуна ээ. 1997-жылдан ЖОЖду аккредитивдөөчү Улуттук кеңеш иштейт. Ири жогорку окуу жайлары: Буэнос-Айрес (1821), Улуттук Кордова (1613), Улуттук техника (1959) университеттери. 11 менчик окуу жайы бар. 20-кылымдын аягында 12 ИА (анын 10 Буэнос-Айресте) иштеген. Ири китепканалары Улуттук (1810), китепканалар системасы (1941), Улуттук Конгресс (1858). Башкы музейлери табигый илимдер (1823), тарых (1889), асем-өнөр (1895), этнография (1904), ботаника (1870), табигый-тарыхый (1911) жана башкалар. Аргентинада 250дөн ашык гезит, 700дөй журнал чыгат (2004). Жалпы улуттук гезиттер - «Кларин» («Clarin»), «Насьон» («La Nacion, 1970») жана «Пренса» («La Prensa, 1869»). Борбордук гезиттердин ичинен белгилүүлөрү - «Буэнос-Айрес геральд» («Buenos Aires Herald»), «Амбпто фпнансьеро» («Ambito Financiero»). Ири мамлекеттик жана менчик радиостанциялары: «Радио насьональ», «Антена 1», «Кадена 103». Ири мамлекеттик жана менчик телеканалдар: «Каналь 1», «Канал 8», «Америка 2».

АДАБИЯТЫ

Аргентинанын адабияты испан тилинде өнүккөн. Аргентинаны мекендеген индей урууларынын фольклору сакталган эмес. Алгачкы адабий чыгармалар коникса түрүндө Л. Миранда де Вильяфаньянга («Романс», 1544), М. дель Барко Сентерге («Аргентина жана Рио-де-ла Платанын жеңиши», 1602) жана Р. Диаса де Гурманга («Аргентина жазмалары», 1612) таандык. 17-18-кылымда Аргентина поэзиясы гонгорпзмге карай багыт алган. 18-19-кылымда М. де Лавардена жана башкалардын чыгармаларында классикалык тенденция өнүккөн. Сөз өнөрүнүн өркүндөшүнө 17-18-кылымда испан элдик поэзиясынын негизинде калыптанган креоль фольклору таасир эткен. Көз карандысыздык үчүн күрөшүү жылдарында (1810-1816) улуттук идеяны бекемдөө В. Лопес-и-Планеса, Э. де Лука, X. Крус Варел, Б. де Монтеагудонун чыгармаларында чагылдырылат. Патриоттук классиканын негизинде Аргентинада улуттук көркөм сөз өнөрү «гаучо адабиятында» (Аргентинанын эркиндикке умтулган малчыларынын жашоо тиричилиги жөнүндө айтылган). Улуттук маданияттын идеяларын жана гаучо адабиятынын өнүгүшүнөн романтика келип чыккан. Анын адабиятынын баштапкы өнүгүүсүнө чыйыр салган Д. Ф. Сармьентонун (романтика, классика, гаучо стилин айкалыштырган) «Факундо» эссеси (1845). Гаучо адабиятынын туу чокусу улуттук эпопея болгон. 1880-жылы эссеистика (М. Канн, Л. В. Мансилья, Л. В. Лопес), шаар прозасы (Э. Камбасерес, А. Архерич, М. Подеет, Ф. Сикарди) өнүккөн. 1889-90-жылдарда поэзияга Америка романтикасы (Р. Облигадо, ОШОНДОЙ В. Андрад), патриоттук мистика (Альмафуэрте), неоклассизм (К. Ойуэл) жана модерн стили мүнөздүү. Эстетикалык модернизмдин таралышына 1893-98-жылдарда А. Р. Дарио, Р. Хаймес Фрейрдин келиши себепкер. Модерн стилинде Л. Лугонестин («Алтын тоолор», 1897), Р. Рохастын чыгармалары жаралган. Модернист акындар: К. Ортис, Л. Диас, Э. Диас Ромерошондой 20-кылымдын башында поэзия фольклорго өтүп (анын ичинен Э. Карриего); философиялык мүнөздөгү лирпиа (Э. Банчс, Б. Фернандес Морено) өнүгүп, Л. Лугонес башында турган декадент агымы өнүгөт. X. Л. Борхес түзгөн жаңы эстетикалык программа Л. Маречал, Э. Гонсалес, Лакус, ОШОНДОЙ Хирондо, Н. Ланге, Р. Гупральдес жана башкалардын чыгармаларында чагылдырылган. Эстетикага «Боэдо» жазуучулар тобу каршы чыккан (А. Юнк, Л. Барлетте, Р. Гонсалес Туньон, Р. Альп). Салттык лирикада (А. Сторни, Ф. Л. Бернардес, В. Барбьери), эссеистикада (Р. Скалабрини Ортис, Э. Мартинес Эстрада) белгилегендей 1920-30-жылдарда адабият идеяларын бприктирген «Аргентина ачылышы» мифалогемасы болгон. Поэзияда К. Мастронари, Р. Машнаринин чыгармачылыгындагы пейзаж символикасы 1940-жылы неоромантиктер тарабынан (Л. Бенарос, М. Граната, Д. Девото, ОШОНДОЙ Ороско жана башкалар) өздөштүрүлгөн. 1930-жылы улуттук тарыхый проблема экзистенциалисттик келечек менен тереңделип, 1970-жылдын аягына чейпн актуалдуулугун жоготкон эмес (Э. Мальеа, «Аргентинаны таануу жана түшүндүрүү», 1935; «Аргентинанын бпр тарыхына шыктануу», 1937; «Бейкут булуң», 1940; «Ыза», 1966 жана башкалар), 1950-жылы экзистенциализм менен интеллект акындардын чыгармачылык изденүүлөрү байланышта болгон (Р. Г. Агирре, Р. Алонсо, Ф. Урондо жана башкалар). 1970-жылдагы улуттук (акылга сыйбаган) мифология М. Пуигге («Рита Хейворттун саткынчылыгы», 1968; жана башкалар), Н. Санчесс, Д. Мойано, Х. Эрнандес, Э. Гудиньо Кисферанын чыгармаларына мүнөздүү. 1980-90-жылдарда тарыхый-философиялык жанр басымдуулук кылган (А. Поссе «Демон 2», 1978; «Дөбөттөр бейиште», 1985; «Париж дептерлери», 1998; жана башкалар).

ОНОР ЖАЙЫ

Аргентина ядро энергетикасы жана уран өнөр жайы боюнча дүйнөгө белгилүү болгон. Кара металлургия сырттан алынып келинген сырьёнун негизинде иштейт. Түстүү металлургия (цинк, алюминий, коргошун) өнөр жайы өнүккөн. Оор өнөр жайында алдыңкы орунду машина куруу ээлейт; анын ичинен транспорттук, айыл чарба машиналарын куруу, электртехникалык, тамак-аш өнөр жайы үчүн жабдууларды чыгаруучу тармактары өнүккөн. Автомобиль чыгаруу боюнча Латын Америкасында (Бразилия, Мексикадан кийин) 3-орунда турат. 1990-жылдын аягынан 13 автомобиль компаниясы иштейт [анын ичинен 8 жеңил автомобилдерди («Фиат», «Рено», «Форд», «Фольксваген»), калгандары автобус жана жүк ташуучу машиналарды «МерседесБенц» кураштырууга адистештирилген]. Кеме жана авиа куруу, аскер, айыл чарба, турмуш-тиричилик техникаларын чыгаруучу, нефть-химия (этил, олиэтилен, изопропанол, метанол, күкүрт кислотасы, пластмасса жана башка), фармацевтика, булгаары-бут кийим, табигый жана жасалма була өнөр жайлары бар.

АЙЫЛ ЧАРБАСЫ

Аргентина эт (негизинен уй этин) даярдоо (жылына 3 млн одан) жана экспорттоо боюнча дүйнөдөгү бирден бир өлкө. Ички аймактарында колөнөрчүлүк (жип ийрүү жана токуу) өнүккөн. Аргентина өзүн айыл чарба продуктылары менен толук камсыз кылат. Латифундизмдин үстөмдүк кылышы экстенсивдүү чарбаны - жайыт мал чарбасын жана күрдүү топуракта дан эгиндерин өндүрүүгө түрткү берди. Айыл чарбага жарактуу жери 162 млн га (2002), анын ичинен шалбаа жана жайыт 51,8%, токой 18,6%, иштетилүүчү аянты 9,9%. Башкы айыл чарба району - Пампа. Мал чарбасы, анын ичинен бодо мал, ошондой эле кой чарбасы өнүккөн. Жүн кыркуу жана экспорттоо боюнча дүйнөдө Австралия, Жаңы Зеландиядан кийинки 3-орунда. Малы Пампа менен Патагониянын жайыттарында багылат. Эзелтен экспорттук маанидеги дан эгиндери жана май алынчу өсүмдүктөр өстүрүлөт. Айдоо аянты 33 700 миң га, сугат жери 1 561 миңга. Дан эгиндерин жыйноо боюнча Латын Америкасында 1орунда (негизги аймагы Пампа); күнкарама (1-орун), соя (2-), жүгөрү (3-), пахта (2-; Чако, Формос), акжүгөрү, шалы, арпа, сулу, кендир (1-), балкамыш, чай,арахис,зайтун, тунг дарактар өстүрүлөт. Цитрус өсүмдүктөрү негизинен өлкөнүн түндүк-чыгышында (негизинен лимон), тропик жемпштери (банан, манго, ананас) түндүк-батышында, мелүүн алкактын мөмө-жемиштери (алма, алмурут, кайнаалы) Мендос провинцияларында өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк өнүккөн (жылына 2,4 млн д жүзүм шарабы). Балык (Парана, Уругвай дарыясынан; 2002-жылы 645,9 млн д) кармалат. Темир жолунун узундугу 35,8 миң км, автомобиль жолунуку 233 миң км (анын ичинен 30% асфальтталган; 11 миң кмге жакынына акы төлөнөт). Негизги порттору: Буэнос-Айрес, Ла-Плата, Баия-Бланка. Деңиз соода флотунун тоннажы 820 миң рег. бр.-д. Нефть куурунун узундугу 6 миң км, газдыкы 14 миң км. Өлкөдө 10 эларалык аэропорт, «Аустраль» жана «Аэролинеас архентпнас» авпакомпаниялары иштейт. Ички дүң продукциясында экспорттун үлүшү 11%ке жакын. Негизги соода шериктери: Бразилия, АКШ, Чили, Кытай, КМШ өлкөлөрү (анын ичинен Россия, Украина, Грузия).

КЛИМАТЫ ар бир өлкөнүн аба ырайынын шарттарын түзүүдө негизги ролу, албетте, анын жайгашкан ойнойт. Тактап айтканда, даража турган климаттык зона анын аймактык чек аралары мына ушулар. Аргентина климатты эске алып, биз бул өлкө аймагы Түштүк Америкада ахыр ири мамлекеттердин бири болуп саналат, анткени, бул карама-каршы багыттар боюнча бир нече айырмалай аласыз. Бул өлчөмдө гана Бразилияда экинчи болуп саналат. түндүк түштүк узартуу жөнүндө жыйынтыктары 3700 км. Аргентина климаты кандай? Бул жерде, ал Огненная Земля-жылы кар чөлүнө Аргентина түндүк-чыгышындагы тропикалык баштап, ар кайсы жерде ар кандай. Бул аймак түштүк жарым шарында болгондуктан, мезгил жерде Europe тааныш системасынын күзгү сүрөт болуп саналат. Бул жылы болуп саналат, түндүк жарым шар Аргентина кыш кандай көп туристтер жана саякатчылар этет - жай.

КЛИМАТЫ

ар бир өлкөнүн аба ырайынын шарттарын түзүүдө негизги ролу, албетте, анын жайгашкан ойнойт. Тактап айтканда, даража турган климаттык зона анын аймактык чек аралары мына ушулар. Аргентина климатты эске алып, биз бул өлкө аймагы Түштүк Америкада ахыр ири мамлекеттердин бири болуп саналат, анткени, бул карама-каршы багыттар боюнча бир нече айырмалай аласыз. Бул өлчөмдө гана Бразилияда экинчи болуп саналат. түндүк түштүк узартуу жөнүндө жыйынтыктары 3700 км.

Аргентина климаты кандай? Бул жерде, ал Огненная Земля-жылы кар чөлүнө Аргентина түндүк-чыгышындагы тропикалык баштап, ар кайсы жерде ар кандай. Бул аймак түштүк жарым шарында болгондуктан, мезгил жерде Europe тааныш системасынын күзгү сүрөт болуп саналат. Бул жылы болуп саналат, түндүк жарым шар Аргентина кыш кандай көп туристтер жана саякатчылар этет - жай.

Климат Аргентина бул эс тур максаттары үчүн бул жерди зыярат кылуу үчүн Жылдын мыкты убакытты аныктоо кыйын болот. Бирок, аба температурасынын түштүгүндө-жылы декабрда жана мартта ортосундагы мезгилде кыйла жогору экенин белгилей кетүү маанилүү. Көпчүлүк учурда, ар бир турдун чекитин Огненная Земля жана белгилүү Архентино үчүн иш сапары бар  Iguazú Falls.  Ошондой эле База шаарларында болуп, Буэнос-Айрес, Maar Дел Плата, Барилоче жана Пуэрто Мадрин. Келгиле, бул туристтик Меккеге мүнөздүү болгон ар түрдүү мезгилдерди тартуулап, климат дагы майда өзгөчөлүктөрүн карап көрөлү .

Климат Аргентина бул эс тур максаттары үчүн бул жерди зыярат кылуу үчүн Жылдын мыкты убакытты аныктоо кыйын болот. Бирок, аба температурасынын түштүгүндө-жылы декабрда жана мартта ортосундагы мезгилде кыйла жогору экенин белгилей кетүү маанилүү. Көпчүлүк учурда, ар бир турдун чекитин Огненная Земля жана белгилүү Архентино үчүн иш сапары бар  Iguazú Falls.  Ошондой эле База шаарларында болуп, Буэнос-Айрес, Maar Дел Плата, Барилоче жана Пуэрто Мадрин. Келгиле, бул туристтик Меккеге мүнөздүү болгон ар түрдүү мезгилдерди тартуулап, климат дагы майда өзгөчөлүктөрүн карап көрөлү .

  • Түндүк жана Түндүк-Батыш аймактардан алынган түрлөр
  • Викуна ( Vicugna vicugna )
  • Анд мышыгы ( Leopardus jobobita )
  • Түштүк фламенко ( Phoenicopterus chilensis )
  • Пугар ( Puma concolor cabrerae )
  • Jaguar же jaguar ( Panthera onca )
  • Жалпы rhea ( Америкалык реа )
  • Caí Yungueño маймыл ( Сапажус жыгылды )
  • Caburé tucumano ( Glaucidium tucumanum )
  • Palomina de Moreno ( Metriopelia morenoi )
  • Улуу өгүз бака Rhinella schneideri )
  • Yaguarundí ( Herpailurus yaguarondi )
  • Алп кумурскалар же yurumí ( Myrmecophaga tridactyla )
  • Бал аюу Тамандуа тетрадактыла )
  • Тоо түлкү ( Pigcyon мын )
  • Aguará chaí ( Pseudalopex gymnocercus )
  • Гуазу бугу же гуазунчо ( Mazama gouazoubira )
  • Орточо балык ( Galictis cuja )
  • Капибара ( Hydrochoerus hydrochaeris )
  • Ocelot ( Leopardus pardalis )
  • Аргентиналык Пампанын түрлөрү
  • Патагония Анд тоосунун түрлөрү ( түштүктө )
  • Güiña мышыгы Oncifelis guigna )
  • Анд жапайы мышыгы же коло коло ( Leopardus colocolo )
  • Monito de monte ( Dromiciops gliroides )
  • Huemul deer ( Hippocamelus bisulcus )
  • Сурнай кымыз ( Rhyncholestes raphanurus )
  • Аргентина океан аймагынын түрлөрү
  • Көк кит ( Balaenoptera musculus )
  • Түштүк Оң Кит ( Eubalaena australis )
  • Orca ( Orcinus orca )
  • Пигмиялык сперма кит ( Kogia breviceps )
  • Түштүк дельфин ( Lagenorhynchus australis )
  • Plume penguin ( Pygoscelis papua )
  • Шилтемелер

Аргентина Түштүк Америкада экинчи, Америка континентинде төртүнчү, ал эми дүйнөдө сегизинчи орунда турат. Анын дээрлик 3 миллион чарчы чакырым жер бети бар, ошондуктан ал ар кандай ландшафттарга жана ар кандай жаныбарлар жашаган табигый экосистемага ээ.

Бул кооз өлкөнүн кээ бир жергиликтүү жаныбарлары - викунья, пума, түштүк фламинго, бал аюу, ортоңку феррет, оцелот, хуэмул бугу, орка, пигмия сперма кит жана башкалар.