Сабактын темасы: Архимед күчү. Нерселердин сууда сүзүү шарттары.
Сабактын максаттары:
1. Билим берүүчүлүк максаты: Окуучуларга политехникалык билим берүү
менен бирге нерсенин сүзүү шарттарын түшүндүрүү.
Өнүктүрүүчүлүк максаты: Окуучуларды Архимед законунун маанисине карата маселе чыгарууга көнүктүрүү.Алган билимдерин турмушта пайдалана билүүгө үндөө .
3 Тарбия берүүчүлүк максаты:Лабораториялык куралдарга аяр мамиле жасоого ,эмгекчилдикке тарбиялоо .
Сабактын ыкмасы: Интерактивдүү, галерея боюнча тур.
Сабактын тиби: Жаңы материалды өздөштүрүү.
Сабактын жабдылышы: сүрөттөр, кроссворд ,маселелер, шарик, суу, стакан, тараза ,таштары менен жумуртка, май.
Сабактын жүрүшү: 1. Уюштуруу.Жагымдуу маанай
Класс 2 топко бөлүнөт (1Тажрыйба 2 Тапкычтар)
2. Ч.Айтматовдун чыгармаларынын физикалык байланыштарын табуу.
3. Үй тапшырмасын суроо
1 Архимеддин- тарыхы жөнүндө түшүнүк.
2 Эвриканын- термини эмнеден келип чыккан.
3 Тажрыйба- тажрыйбасын көрсөтөт.
4 Ойлоп табу : Архимед ойлоп тапкан куралдар жөнүндө маалымат берүү
3 Тапкычтар оюну (кар бүртүкчөсүнүн артындагы суроо)
1 А Л Г Е Б Р А
2 А Р Г У М Е Н Т
3 Х
4 Ф У Н К Ц И Я
5 А М А Л
6 Т Е Ң Д Е М Е
7 Д А Р А Ж А
Кроссворд:
1. Ал ар кандай чоңдуктар менен жүргүзүлгөн амалдардын жалпы касиеттер жана ошол амалдар менен байланышкан теңдемелерди чыгарууну үйрөтүүчү математикалык амал?
2 Көз карандысыз өзгөрмөлүү чоңдук эмнени түшүндүрөт?
3 Маселеде белгисиз чоңдук белгиленген грек тамгасы?
4 Бир өзгөрмө чоңдуктун экинчи өзгөрмө чоңдукка көз карандылыгы эмнени түшүндүрөт?
5. Математикадагы кошуу, кемитүү, көбөйтүү, бөлүү, даражага көтөрүү,тамыр чыгаруу процесинин жалпы аты эмне деп аталат?
6. Анда камтылган өзгөрмөнүн маанисин бул барабардык аткарылгандай табуу талабы коюлган өзгөрмөлүү барабардык.
7. Бири –бирине барабар болгон бир нече сандын көбөйтүндүсү эмне деп аталат?
Жаңы материалды өздөштүрүү
Эгер нерсенин оордук кучу Архимед күчүнө барабар болсо,анда нерсе суюктуктун ичинде сүзүп жүрөт (FA=P)
Эгер нерсенин оордук күчү Архимед күчүнөн кичине болсо ,анда нерсе суюктуктун бетинде калкып жүрөт. (FAP)
Эгер нерсенин оордук күчү Архимед күчүнөн чоң болсо ,анда нерсе суюктука чөгөт. (FA
Ар кандай нерселердин суюктукта чогушу же сүзүп жүрүшү алардын тыгыздыгына көз каранды.Анткени,нерсенин тыгыздыгы ал нерсенин массасына, демек салмагына да жараша болорун билебиз.Эгер катуу нерсенин тыгыздыгы суюктуктун тыгыздыгынан чоң болсо,анда нерсе суюктукта чөгөт .Нерсенин тыгыздыгы суюктуктукунан кичине болсо , суюктукта калкып калат .Ал эми нерсенин тыгыздыгы суюктуктун тыгыздыгына барабар болсо ,нерсе суюктуктун ичинде тең салмактуу абалда болот. М: Тажрыйбада колдонгон туз,суу,жумуртка, стакан.
Туздуу суунун тыгыздыгы 1030кг/м3, таза суну тыгыздыгы 1000 кг/м3. Тажрыйба, эгер нерсе суюктуктун бетинде сүзүп жүрсө, анда ал тарабынан сүрүп чыгарылган суюктуктун салмагы ал нерсени абадагы салмагына барабар болгон Архимед күчү аракет этет. Бул жыйынтык сууда сүзүүчү кемелерди жасоодо жана алардын кыймылын башкарууда сөзсүз эске алынат, анткени кеменин суудагы бөлүгү аркылуу сүрүлүп чыгарылган сунун салмагы, кеменин жүгү менен бирге алгандагы абадагы салмагына барабар.
Кеменин сууга матырылган бөлүгүнүн тереңдиги анын тулкусунда Ватер сызыгы деп аталуучу кызыл сызык менен белгиленет.
(Ватер- голландия сөзү, кыргызча суу дегеди түшүндүрөт) демек ватер сызыгы кеменин кайсы бөлүгүнө чейин сунун көтөрүлөрүн билгизет. Эгер суунун деңгээли кеменин кызыл сызыгынан жогорулап кетсе, чөгүп кетүү коркунучу бар.
М: Адам баласы байыркы замандан бери эле сууда сүзгөн сыяктуу асманда учуп жүрүүнү да самашкан. Ал максатты түздөн-түз ишке ашыра албаса дагы бир нечелеген ой жоорууларды божомолдорду ойлоп табышкан.Алсак «Эр төштүк» эпосундагы Куюн Маамыт, Алп каракуш ж.б. Кыргыз эл жомокторундагы учуучу килемдер адамдардын асыл тилектерин алардын фантазиялык туюмдарын ачык көрсөтөт. Атмосферанын жогорку катмарларын изилдөө үчүн ар кайсы пункттарында күн сайын зонт шаарлар аталуучу диаметри 1-2 м болгон чоң эмес аба шарлары учура алат. Алар 35-40 км. Бийиктикке чейин көтөрүлөт, бул шаарлар абанын басымы, температурасы жана нымдуулугу жөнүндөгү маалыматтарды радио сигналдар аркылуу жерге берип турат. Мындай зонд- шар аркылуу алынган маалыматтар аба-ырайын алдын ала айтуу үчүн өтө маанилүү.
Аба шары абада өзү гана көтөрүлбөстөн, кошумча жүктөрдү, кабинаны, куралдарды, адамдарды көтөрө алат.
Сабакты бышыктоо:
М: Табышмактарды окуйт. Тапкан топко маселе берилет.
Суутек мене толтурулган шарга аба тарабынан 260Н күч аракет этилет Шардын көлөмүн эсептегиле
| Берилди: FA= 260H V=? | Формула: FA= vg V= | Чыгаруу: V= =295 м3 |
Жумуш кылып жаткан Асан колундагы уюлдук телефонун сууга түшүрүп алды,эгерде суу телефонду 67,5 Н күч менен көтөрө турган болсо анда анын көлөмү кандай болгон.
| Берилди: FA= 67,5H V=? | Формула: FA= vg V= | Чыгаруу: V= =0,007 м3 |
3 Узундугу 20 см, туурасы 10см, бийиктиги 5см болгон жыгач брусогун керосинге салышты. Брусокоо аракет эткен архимед күчүнүн мааниси кандай.
| Берилди: в = 10 см с = 5 см FA=? | 0,2 м 0,1 м 0,05м | Формула: FA= vg V= а в с | Чыгаруу: V=0,2 м =0,001 м3 FA= 800кг/м3 0,001 м3 9,8 м/с 2 = =7.84H |
Көлөмү 0,28м2 болгон кирпичти сууга салышты ага карата аткарылган күчүнүн чоңдугун тап.
| Берилди: FA=? | Формула: FA= vg | Чыгаруу: FA= 1000кг/м3 0,28 м3 9,8 м/c2= =2744H |
Сабакты жыйынтыктоо: Демек биз бүгүнкү сабактын жыйынтыгын чыгара турган болсок чыгарылган эсептердин натыйжасынан улам 2018 жыл «Аймактарды өнүктүрүү жылы» экенин билдик.
Үйгө тапшырма: 13-көнүгүүнүн 3 тапшырмасы
Баалоо: Өзүн –өзү баалоо
11-класс Мамлекеттик экзамендин суроолору физика сабагы боюнча
Билет № 1
1. Атом. Малекула. Атомдук масса.Моль масса. Заттын саны.Авагадро саны
2. Үн толкундары. Үндүн ылдамдыгы,үндүн катуулугу,үндүн бийиктиги.Жаңырык
3. Чыңалышы 796А/м болгон магнит талаасына темир үлгүсүн жайгаштырышты.бул
чыңалышка туура келген магниттик индукция 1,4 Тл.темирдин магниттик
өткөрүмдүүлүгүн тапкыла?
Билет № 2
Нерселердин электрлениши. Электр заряды,анын дискреттүүлүгү. Электр зарядынын сакталуу закону. Заряддалган нерселердин өз ара аракеттешүүсү. Кулон закону
Толкундар . Узатасынан жана туурасынан кеткен толкундар. Толкун узундугу , термелүү жыштыгы , мезгили жана алардын таралуу ылдамдыгы менен болгон байланышы.
Энергиясы 2*10-17Дж га ,4*10-19Дж га , 3*10-23Дж га барабар болгон ифотондор нурдун кайсы түрүнө тийешелүү?
Билет № 3
Электр талаасы. Электр талаасынын чыңалышы
Газ закондору
Дифракциалык торчонун мезгили 5,6 мкм. Эгерде экинчи катардагы эки спектрдин ортосундагы бурч 100 болсо, торчого түшүүчү монохроматикалык жарыктын толкун узундугу кандай болот.
Билет № 4
Электр талаасында заряддарды которуудагы жумуш . Потенциал . Потенциалдын айрымасы. Чыңалуу.
Деформация. Кысылуу жана созулуу деформациясы . Серпилгич күчү. Гук закону
Ток күчү 0,5А,чыңалуусу 32В болгон өткөргүчтөгү ток 5мин ичинде канча жумуш аткарат?
Билет № 5
Электр кыймылдаткыч күчү. Толук чынжыр үчүн Ом закону.
Механикалык жана электрдик термелүү системаларындагы эркин термелүүлөр. Эркин термелүүлөрдүн жыштыгы.Термелүүнүн басаңдашы(өчүшү)
Туурасынан кесилиш аянты 60см2 болгон контурдун ичиндеги магнит агымы 0,3мВб ге барабар . Контурдун ичиндеги талаанын индукциясын тапкыла. Талааны бир тектүү деп эсептегиле?
Билет № 6
Токтордун өз ара аракеттенүүсү. Токтун магнит талаасы. Магниттик индукция. Ампер күчү. Лоренц күчү.
Термоядролук реакциялар. Күн жана жылдыздардын энергиясы. Ядролук энергетиканын өнүгүүсү.
10-3 с мезгилдүү термелүүнү алуу үчүн контурга кандай чоңдуктагы индивдүүлүктү туташтырууга болот? Контурдагы конденсатордун сыйымдуулугу 2 мкФ?
Билет № 7
Электромагниттик индукция кубулушу. Бул кубулуштун тажрыйбада далилдениши. Электромагниттик индукция закону. Ленц эрежеси.
Жылуулук кыймылдаткыч. Жылуулук кыймылдаткычтарынын иштөө принциби. Жылуулук кыймылдаткычтарынын эл чарбасындагы ролу жана аларды пайдалануунун проблемалары.
Чөнтөк фонарынын лампочкасынын цоколунда: 3,5 В, 0,28 А деп жазылып турат. Ушул лампочканын иштөө режиминдеги каршылыгын жана пайдалануучу кубаттуулугун тапкыла. Тармактын лампочканын баллонунда 220 В, 60 Вт деп жазылып турат. Иштөө режиминдеги ток күчүн жана каршылыгын тапкыла?
Билет № 8
Электромагниттик талаа. Электромагниттик толкундар, алардын касиеттери. Радиолокация жана анын колдонулушу.
Орточо кинетикалык энергиянын температура менен байланышы. Больцман туруктуулугу.
Менделеев таблицасын пайдаланып, нормалдык шарттарга ацитилендин (С2Н2) тыгыздыгын тапкы
Билет № 9
Электромагниттик нурлануу спектри. Электромагниттик нурлануунун касиеттеринин анын жыштыгына кз карандылыгы. Электромагниттик нурланууну иш жзнд колдонуу.
Газ абалынын негизги теңдемеси.
Маятник 1 мин 40 с 50 термелүү жасайт. Термелүүнүн мезгилин тап?
Билет № 10
Толкундун дифракциясы. Когретик толкундун булактар. Интерфенция кубулушу.
Металлдардагы электр тогу. Металл өркөргүчтүн каршылыгы. Салыштырма каршылык.
Узундугу 1 м болгон маятник 2 с мезгили менен термелиши үчүн оордук күчүнүн ылдамдануусу канчага барабар болушу керек?
Билет № 11
Кыймылдын салыштырмалуулугу. Эсептөө системасы. Классикалык жана релятивдик механикада ылдамдыктарды кошуу.
Суюктуктардын бууланышы. Каныккан жана каныкпаган буу. Каныккан буунун басымы. Абанын нымдуулугу.
Каршылыгы 200 Ом болгон гальванометрдин жебеси 100мкА ток жүргондө, шкланын акырына чейин кыйшаят. Приборду вольтметр катары 2В ко чейинки чыналууну өлчөөгө пайдалануу үчүн каршылыгы кандай резисторду кошуу керек? Аны миллиамперметр катары пайдаланып 10мА ге чейинки ток күчүн өлчөөгө пайдалануу үчүн бул гальванометрге каршылыгы кандай шунтту кошуу керек?
Билет № 12
Ньютондун биринчи закону. Эсептөөнүн инерциялуу системасы. Классикалык механикадагы жана салыштырмалуулук теориясындагы салыштырмалуулук принциби.
Радиотелефондук байланыштын принциби. Амплитудалык модуляциялоо жана детектирлөө. Эң жөнөкөй радио кабылдагыч. А.С.Поповдун радиону ойлоп табышы. Өлкөдө байланыш каражаттарынын өнүгүшү.
Активдүү бөлүгүнүн узундугу 5 см өткөргүчкө 50 мН күч менен аракет эткен магнит талаасынын индукциясы кандай? Өткөргүчтөгү ток күчү 25 А. Өткөргүч магнит талаасынын индукциясына перпендикуляр баг
Билет № 13
Масса, аны өлчөөнүн ыкмалары. Күч. Күчтөрдү кошуу. Ньютондун экинчи закону.
Электролиттердин эритиндисиндеги жана эритмелериндеги электр тогу. Электролиз закону. Электролиздин техникада колдонулушу.
Нурдун күн карама майынын бетине түшүү бурчу 60о ал эми сынуу бурчу 36о болсо майдын сынуу көрсөткүчүн тапкыла.
Билет № 14
Бүткүл дүйнөлүк тартылуу закону. Оордук күчү. Нерсенин эркин түшүшү. Нерсенин салмагы. Салмаксыздык.
Резерфоррддун тажрыйбасы. Атомдун ядролук модели. Бордун кванттык постулаттары.
Эки бирдей чекиттик заряддар бири-биринен 5 см аралыкта туруп, 0,4 мН күч менен өз ара аракеттенишетю ар бир заряддын чоңдугу кандай?
Билет № 15
Ньютондун үчүнчү закону. Нерсени импульсу. Импульстун сакталуу закону. Реактивдүү кыймыл К.Э.Циолковскийдин ишмердүүлүгүнүн космонавтика үчүн мааниси.
Өзүнчө индукция. Индуктивдүүлүк. Токтун магнит талаасынын энергиясы.
Идеалдуу жылулук машинада жылыткычтан алган ар бир килоджоулдун эсебинен 300 Дж жумуш аткарат. Машинанын ПАКтин жана ысыткычтын температурасын аныктагыла. Муздаткычтын температурасы 280 К.
Билет № 16
Радиоактивдүүлүк. Радиоактивдүүлүк нурдануулар. Табигый жана жасалма радиоактивдүүлүк. Радиоактивдүүлүк нурдануулардын касиеттери.
Үзгултүксүз жана сызыктуу спектрлер. Чыгаруу жана жутуу спектрлери. Спектрдик анализ жана анын колдонулушу.
Жездин (9736 Кr) бир ядросунда канча протон жана канча нейтрон бар
Билет № 17
Молекулалык-кинетикалык теориянын негизги жоболору жана алардын тажрыйба жүзүндө негизделиши. Молекулалардын массасы жана өлчөмдөрү.
Термелүү кыймылы. Гармоникалык термелүүлөр. Амплитуда, мезгил, жыштык жана термелүү фазасы.
Өткөргүчтөрдү жарыш туташтырууну схемасын чий.
Билет № 18
Ички энергия жана аны өзгөртүүнүн жолдору. Термодинамиканын биринчи закону.
Өзгөрмө токтун генератору. Трансформатор.Электр энергиясын өндүрүү жана аралыкка берүү.
Массасы 2 кг таш бийиктиги 4,9 м болгон аскадан кулап түшөт. Түшүүнүн акыркы моментиндеги таштын импульсун тапкыла.
Билет № 19
Температура жана анын физикалык мааниси. Температураны өлчөө. Класстык бөлмөдөгү абанын абсолюттук температурасын өлчөгүлө.
Термоэлектрондук эмиссия,электро-вакуумдук куралдарда пайдаланышы. Электро-нур түтүгү.
Көтөрүүчү кран массасы 18 т жүктү 5 м бийиктикке көтөрөт. Жүктүн массасы канчага өзгөрөт?
Билет № 20
Идеалдык газ. Газдын молекулалык-кинетикалык теориясынын негизги теңдемеси. Техникада газдардан касиеттерин пайдалуу.
Заттын магниттик касиеттери. Ферромагнетиктер, алардын колдонулушу.
Ат 400 Н күч жумшап, 0,8 м/с ылдамдык менен арабаны бир калыпта сүйрөйт. Бул учурда 1 саатта кандай жумуш аткарылат? (Аттын арабага жумшаган күчүн арабанын которулуу багытын бойлото багытталган деп эсептегиле).
Билет № 21
Радиоактивдүүлүк. Радиоактивдүү нурлануунун түрлөрү жана алардын касиеттери. Радиоактивдүү нурланууну биологиялык таасири жана андан сактануу.
Сүрлүү күчү. Тайгаланып сүрлүү коэффициенти. Сүрлүүнү турмушта, техникада пайдалануу.
Электролиз процесси учурунда катоддун бетине чогулган күмүштүн массасы 3 г. Эгерде электролиз 10 мин га созулган болсо, электролиттерге берилген ток күчүн тапкыла.
Билет № 22
Резерфорддун тажрыйбасы. Бордун кванттык постулаттары.
Электрондук-көңдөйчөлүү өтүү жана анын касиеттери. Жарым өткөргүчтүү диод жана анын колдонулушу.
Бир толук айланууга кеткен убактысы 0,01 с болгончарыктын сызыктуу ылдамдыгын аныктагылаю Чарыктын диаметри 0,16 м?
Билет № 23
Фотоэффект закондору. Фотоэффект теориясы. Жарык кванттары. Фотоэффекттин техникада колдонулушу.
Электр сыйымдуулугу. Конденсатор жана анын түзүлүшү. Заряддалган конденсатордун энергиясы (формуласын чыгарбастан). Конденсатордун техникада колдонулушу.
Массалары 10 т жана 30 т болгон эки астероид 200 м аралыкта бири- бирине жакын келишти. Алардын ортосундагы өз ара гравитациялык аракеттешүү кандай?
Билет № 24
Жарыктын толкундук касиеттери. Жарыктын интерференциясы жана техникада колдонулушу. Жарыктын дифракциялык торчо.
Аргасыз термелүү. Резонанс. Аргасыз термелүүнүн амплитудасынын сырткы күчтүн жыштыгына көз карандылыгы.
Элементтер батареясынын ЭККү 4,5 В. Ага лампочканы туташтыргандан кийин вольтметр 4 В чыңалууну, ал эми амперметр 0,25 А ток күчүн көрсөтүшөт. Батареянын ички каршылыгы кандай
Билет № 25
Атом ядросунун составы. Изотоптор. Атомдун ядролук байланыш энергиясы.
Жарым өткөргүчтөрдөгү электр тогу. Жарым өткөргүчтөрдүн өздүк жана кошулмалуу өткөрүмдүүлүгү. Термо жана фоторезисторлор.
Массасы 0,5 кг топту тепкенде 0,02 с га созулган убакыт ичинде ал 10 м/с ылдамдыкка ээ болот. Тебүүнүн орточо күчүн тапкыла.