СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Арстан менен чычкан" жомогу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Арстан менен чычкан" жомогу»

Арстан менен чычкан

Бир тентек чычкан болгон экен. Бир жолу ал талаада чуркап жүрүп, уктап жаткан арстанга жолукту. Ал арстандын үстүнө чыгып алып, оюн салып, өйдө-төмөн чуркай баштады. Бир убакта арстан, килейген буту менен чычканды басып туруп, жейин деп оозун ачты. «Мени кечирип кой, о жаныбарлардын падышасы»,- деп жалына баштады Чычкан. –Мени бул жолу кечирип койчу. Мен муну эч качан унутпайм. Ким билет, балким мен качандыр бир убакта сага да жакшылык кылармын». Арстан каткырып күлдү, анткени Чычкан качандыр бир кезде анын керегине жарай тургандыгына ишенген жок, бирок Чычканды жебестен, эркиндикке коё берүүнү чечти.

Мындан бир аз убакыт өткөндөн кийин Арстан торго түшүп калды. Аӊчылар аны тирүүлөй өздөрүнүн башчысына белек кылып беришмек болушту. Ошондуктан алар Арстанды эмне менен жеткирүүнү ойлонуштургуча, даракка байлап коюшту. Ушул учурда чычкан кокусунан ошол жерден өтүп баратып, Арстандын оор абалын көрдү дагы, жакын келип, Айбанаттардын Падышасы байланган жиптерди кыркып жиберди. «Мен туура эле айтыптырмынбы?-деди Чычкан.- Достор кичинекей болсо дагы, алар баары бир абдан пайдалуу боло алышат».