СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Арстанбек Буйлаш уулунун чыгармаларынан

Нажмите, чтобы узнать подробности

        Арстанбектин санаттарынан үзүндү

 

  Бир  туугандан кем эмес,

Бирге жүргөн айылдаш,

Тирүүлүктө агайын

Бириңе - бириң кадырлаш.

Өтүп кетсе бул өмүр 

Экинчи кайра табылбас.

Жеринде күлүк болбосо,

Чоң байгеге чабылбас.

Жоо чаппаса жоголбос,

Жосунсуз адам  оңолбос.

Кадырлаш болуп жүрбөсө,

Адамды адам сагынбас.

Оору-сыркоо болбосо, 

Жакында адам карыбас.

Санаа тартып күйбөсө,

Сай-сайлап киши арыбас ,

Жалкоо адам жарыбас.

Жамандык башка түшпөсө , 

Адамга адам зарылбас.

Күнүгө алтын тапса да,

Акылсыз жигит байыбас.

Кайратың тоону бузса да,

Кашыгың көлдү сузса да, 

Оозуңдан чыккан сөзүңө, 

Зоо куланып учса   да,

Эл менен сен адамсың, 

Элден чыксаң  жамансың.

Кабарың күнгө кетсе да, 

Жылдызга колуң жетсе да,

Жараткандын дүйнөсү 

Бүт колуңа өтсө да,

Эл менен сен бийиксиң,

Элден чыксаң кийиксиң.

Арзанды кымбат баалаган,

Сүткордун жайы - кара жер,

Айылга бүлүк чыр салган,

Анткордун жайы- кара жер, 

Өмүрүн кыйган адамдын , 

Канкордун жайы-кара жер. 

Алсызга кайрым кылбаган,

Залимдин жайы - кара жер. 

Зомбулук кылса бакырга

Зордун түбү-кара жер

 

Зоо куланып учса да,

Эл менен сен адамсың,

Элден чыксаң жамансың.

Кабарың.