СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Асанбек Оторбаев - Советтер Союзунун баатыры

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Асанбек Оторбаев - Советтер Союзунун баатыры

Просмотр содержимого документа
«Асанбек Оторбаев - Советтер Союзунун баатыры»

Сабактын темасы: Асанбек Оторбаев - Советтер Союзунун баатыры.

Сабактын максаты: а) Окуучулар А. Оторбаевдин эрдиги жөнүндө кеңири маалымат алышат.

б) Ата Мекенди сүйүүгө, ал үчүн жан аябай күрөшүүгө жана эр азаматтардагы асыл сапаттарга тарбияланат.

Сабактын жабдылышы: проектор, ноутбук, А.Оторбаевдин портрети.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу. Саламдашуу.

Мугалим:

Асанбек Оторбаев 1925-жылы талас областынын талас районуна караштуу Чат-Базар айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. КПССтин мүчөсү болгон. Ал өрнөктүү жана эр жүрөк жоокер катары элине эрдик көрсөткөндүгү үчүн даңктуу. Ленинград жана 1-украин фронтторунда салгылашкан. Немецтик-фашисттик баскынчыларга каршы салгылашууларда тайманбастыгы жана зор эрдиги менен көзгө көрүнгөн.

Эрдиктери:

1945-жылы батышка карата фашисттерди кууп бараткан жолдо Польшанын Одер дарыясындагыбир чоң көпүрөдө позицияны немистер ээлеп алган. Одер дарыясынан солдаттар өтө албай калган. Ал позицияны немистерден алыш керек болгон. Мына ошондо жети солдат менен Асанбекти жумшашкан. Үстүнөн прожектор күйүп турат, аркы жээкке өтүшкө мүмкүн эмес. Аркы жээктеги жардын башында немистердин самоходный техникалары ок атып турган. Ал ошого карабастан улам караңгы жерге жылып барып, жээкке чыгышып эптеп жетип, ошол жердеги кароолчулардын баарын атып жок кылып, биздикилерге жол ачып берген. Бирок өзү курман болгон.

Наамдары:

Согуш жылдарында сиңирген эмгеги үчүн Кызыл Жылдыз ордени жана “Эрдик үчүн” медалы менен сыйланган. Курман болгондон кийин 1945-жылы 10-апрелде Советтер Союзунун Баатыры деген наам беришкен.

Баатырдын эстелиги өз мекенине тургузулган. Чат-Базар мектебине анын ысымы берилген. Мектептин жанындагы паркка эр жүрөк жоокердин бюсту орнотулган. Анда: “Баатырга ыраазы болгон урпактарынын жана замандаштарынан” деген сөздөр жазылган.

Бышыктоо: А. Оторбаевге карата дубал газета чыгарышат.

Жыйынтыктоо: Баатырдын эрдиктерин тууралуу ой пикирлерди талдашат.

Үй тапшырмасы: Асанбек Оторбаевдин эрдиги тууралуу чакан эссе жазып келишет.