Ашканадагы санитария жана гигиена .
Ишти баштаардан мурда алжапкыч тагынып ,косынка салынуу керек;
Тырмактарды кыска алып, боёк колдонбогула, колду самындап жуугула;
Тамак даярдап жатканда колдоно турган идиштер жана шаймандар таза болушу керек;
Туурай турган такталарды жана аспаптарды( жашылчалар, эт, балык, нан ж.б.үчүн) өз өзүнчө пайдалануу керек.
Даяр (бышкан же куурулган ) азыктарды бышырыла турган азыктар менен аралаш койбогула.
Тамак даярдоо үчүн сырткы көрүнүшү, өңү , жыты, даамы боюнча сапаты аныкталган азыктарды гана пайдалангыла.
Тамак бышканда аны даярдап жатканда пайдаланган кашык менен эмес, башка кашык менен салгыла.
Азыктарды жана даярдалган тамакты белгилүү мөөнөткө чейин гана сактаганга болот;
Пайдаланууга даяр азыктарды жабык түрүндө сакта;
Бардык азыктарды муздаткычка жана тоңдургучка коёрдон мурун тамак -аш үчүн плёнка менен оороп чыккыла;
Даяр тамакты муздагандан кийин капкагы бар айнек же фаянс идишке куюп, андан кийин гана муздаткычка койгула;
12. Тамак даярдоо аралыгында жана даярдап бүткөндөн кийин иштеген орундун тазалыгына көңүл бургула.