Астрономия 11-класс
1.12.2021
Тема : Астрономияга кириш үү. Жылдыздуу асмандын көрүнүшү .Негизги топ жылдыздар
Бүгүнкү сабакта:
- Жылдыздуу асмандын көрүнүшүн жана андагы жылдыздардын жайланышын билебиз.
- Негизги топ жылдыздарга кирген жылдыздардын түрлөрүн билебиз
- Булутсуз ачык түндө жылдыздуу асманга байкоо жүргүзүүнү үйрөнөбүз
Астрономия
Астрономия (астро... жана гр. nomos - мыйзам) - ааламда болуп жаткан физикалык процесстер менен кубулуштарды талдоонун негизинде асман телолорунун, системаларынын жана алардын ортосундагы мейкиндиктерди, жалпы эле Аалам жөнүндөгү илим .
Астрономиянын бөлүмдөрү
- сфералык астрономия,
- практикалык астрономия,
- астрофизика,
- асман механикасы,
- жылдыз астрономиясы,
- галактикадан тышкары астрономия,
- космогония,
- космология .
Сфералык астрономия.Практикалык астрономия
Асман сферасындагы объекттердин ордун,жайгашуусун аныктоочу астрономиянын бир бөлүмү. Бул байыртадан эле келе жаткан бөлүм болуп эсептелет. Практикалык астрономия ошол асман телолорунун азимут географиялык абалын аныкталат.
Астрофизика
- Астрофизика жылдыздардын, планеталардын жана галактикалардын кандайча пайда болгонун жана иштешин түшүндүрүүдө физика принциптерин жана мыйзамдарын колдонот.
космология
- Космология (cosmology) – бүтүндөй Ааламдын түзүлүшү жана эволюциясы жөнүндөгү окуу.
Космогония
- Космогония деген эмне : Космогония мифологиялык баян, ал дүйнөнүн, адамдын жана ааламдын келип чыгышын орнотууга арналган. Космогония ошондой эле ааламдын келип чыгышын жана эволюциясын түшүндүрүүгө аракет кылган илим жана теориялар. Космогония - грек тилинен κοσμογονία келип чыккан сөз космогониятарабынан түзүлгөн космос бул "дүйнө" жана gígnomai бул "төрөлүү" дегенди билдирет.
Булутсуз ачык түндө жылдыздуу асманга байкоо жүргүзгөн адам бир убакта 2 миңден 3 миңге чейинки жылдыздарды көрө алат.
- Жер шарынын бетинен байкоо жүргүзсөк жылдыздардын түсү ак , сары , кызыл болуп көрүнөт.
Бул түстөр алардын физикалык жана химиялык касиетин аныктайт. Ак жылдыздардын температурасы жогору болот.Кызыл түстөгүлөрдүкү бир кыйла төмөн болот.
- Жылдыздар бири-бирине карата өзгөрбөгөндөй жайгашкан.Мындан миңдеген жылдар мурун эле адамдар жылдыздарга байкоо жүргүзүп, аларга топ жылдыздар деп ат коюшкан.
Негизги топ жылдыздар
Чоң жетиген топ жылдызы
Кичи жетиген топ жылдызы
Көөкөр
Лира
Возничный
Орион
Топ дылдыздарды жыл мезгилдеринин беогилүү учурларында гана байкоо жүргүзүп аныктоого болот.
Күз айларында –Пегас-Андромеда
- Жыл мезгилдеринин жай ,кыш айларында- Бүркүт- Вега-Денеб
Жаз айларында–Бийкеч-Волопас