4.4. “Ат адамдын канаты”. Саяпкер деген ким? Толубай сынчы.
Эмне үчүн ат адамдын канаты деп айтабыз?
Ат ар дайым бизди бара турган жерибизге алып барат, ат болбосо бара турган жерибизге качан жетмек элек. Мурда ата бабаларыбыз ат менен көчүп жүрүшкөн. Кыргыз эли мал жандуу болгондуктан малдарын ат менен кайтарып, атты жакшы багып таптап ат чабыштарга, улак тартмай оюндарына ат менен чыгышкан. Ат таптаган адамды саяпкер деп аташат. Атка жемдин жакшысынан берип, сылап- сыйпап багышкан. Ат жабыгын түрдөп жасашкан. Кыргыздар аты жок жүргөн эмес. Азоо ат-бул адамга баш ийбеген атты айтабыз. Күлүк-бул жарышканда аттардан ашып келген атты айтабыз. Абдан күлүк атты тулпар деп аташат. Баатырлар да ат менен жоого аттанган. Манастын аты Аккула, Төштүктүн аты-Чалкуйрук, Алманбеттин аты-Сарала. Илгери Толубай деген сынчы болгон. Ал атты карап туруп кандай ат экенин билип койчу экен. Ал хандын чаар атын сурап алып жакшылап багат. Ал таптаган атка эч бир ат тең келбей коёт. Ошентип, Толубай сынчы атка конгон экен.
Суроолорго жооп:
Сынчы деген ким?
Манастын тулпары ?
Саяпкер деп кимди айтабыз?
Сөз үйрөн:
Саяпкер, күлүк, жорго, аргымак, тулпар, азоо, кашаң