СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ата-аскар тоо, эне-башат булак, бала- алардын ортосундагы шам чырак.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ата-аскар тоо, эне-башат булак, бала- алардын ортосундагы шам чырак.»

Талып Акун атындагы Чырак жалпы орто билим берүүчү мектебинин башталгыч класстын мугалими Деркембаева Эльмиранын 4б-класска өткөн класстык сааттын планы

Сабактын темасы: Ата-аскар тоо, эне-башат булак,

бала- алардын ортосундагы шам чырак..

Сабактын максаты:

  • Ата-эненин, баланын үй бүлөдө ордун жана ролун билишет.

  • Ата-эне жана бала ар дайым бири-бирине сый-урмат мамиле жасоо керектигин билишет; акыл –эсин өстүрүү менен кабыл алуусун, эске тутуусун, ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө өбөлгө алышат.

  • Бири-бири менен баарлашууга, бири-бирин сыйлоого багыт алышат.

Сабактын жүрүшү: а ) уюштуруу

Ак шейшепке ороп сени, кичинеңен баккан ким?

Уйку көрбөй узун түндө, таптап сени жаткан ким?

Сүтүн берип, сүйүп, ийип, эркелетип күлгөн ким?

Кечке колдон түшүрбөстөн,”Кешигим” -деп жүргөн ким?

б ) үй тапшырмасын текшерүү

Ар бир топтон 3төн окуучу үй бүлөөсүн жактап беришет. (Сүрөт, эссе, ыр ж.б) Калган окуучулар сүрөттөрүн илишет.:

б ) жаңы тема: Ата-аскар тоо, эне-башат булак, бала-алардын ортосундагы шам чырак..

Мугалим: Ата деген- башталыш. Деңиз суусу дарыядан, дарыя булактан башталгандай, сен атаңдан башталасың. Сен-атандын уландысысың. “Өзүң да, малың да түпкүлүгү атаңдыкыдыр” –деп Ислам дининде атанын кадыры өтө жогору коюлат. Ага акараат келтирүүгө болбойт. Ошондуктан элибизде “Ата ыраазы-кудай ыраазы”-деп коет. Ата- үй -бүлө кыйынчылыктарын , балдардын азап-тозокторун жүктөп бараткан кербен сыяктанат. Ата Журтум, Ата Мекеним деген сөздөрдүн “ Ата” деген сөз менен келишинде чоң маани бар.Ошол ата-энелерге биз өмүр бою карызбыз.Ал эми эне бар үчүн биз барбыз, аалам бар, жашоо бар. Пайгамбарыбыз Мухаммед алайхис -салам хадистеринде “ Кимге жакшылык кылайын?”- деген суроосуна: “Адегенде энеңе, дагы энеңе жана дагы энеңе, анан атаңа жакшылык кыл деп үч жолу “энеңе” анан барып төртүнчусүндө “ атаңа”- деген.



Эне –мээримдүүлүктүн соолбос булагы. Бейиш- энелердин таман астында деп айтылат. Ал эми бала- ата-энелерге шам чырак.

в) жаңы тема боюнча ой бөлүшүү. Суроолуу сөздөр стратегиясы



Суроолор

Ата-эне

Кыз

Бала

Кандай?

Мээримдүү

Ардактуу

Асыл

Алтын

Кымбат

Боорукер

Улук

Үлгүлүү

ж.б

Сулуу

Сүйкүмдүү

Мээримдүү

Адептүү

Таза

Сылык

Таптиптүү

Уялчаак

ж.б


Эр журөк

Тайманбас

Коргоочу

Кучтүү

Чынчыл

Билимдүү

Ак көңүл

Берешен


Эмне кылат?

Сүйөт

Сүйүнөт

Багат

Кайгырат

Кутөт

Даарылайт

Эркелетет

Көрсөтөт

ж.б

Жардам берет

Угат

Сыйлайт

Аткарат

Ыйлайт

Түшүнөт

Үйрөтөт

Окуйт

ж.б

Коргойт

Багат

Баалайт

Сыйлайт

Иштейт

Коркпойт

Сүйүнтөт

Кубанат

ж.б

Эмне үчүн?

Ата-эне б.ү

Үлгу алган ү

Келечекке у ү

Бактылуу

Карылык ү

ж.б

Татыктуу ата-эне болуу үчүн

Ата-эненин ак сүтүн актоо үчүн ж.б

Татыктуу инсан болуу үчүн. Эли-жерин коргоо үчүн.Ата-энени багуу үчүн ж.б



г) Макалдарды табуу, чечмелөө. Сүрөт, понтонимо.

3төн тапщырма аткарышат.

в ) Өз алдынча иштөө. Карточкага жооп беришет. 3 суроо

1-суроо Кызыңыз бүгүн сизди таң калтырган же аткарбай жүргөн ишти аткарып койду. Эмне кыласыз ?

2-суроо Балаңызды жаман адаттардан алыс болуусу үчун эмне кыласыз?

3-суроо Кызыңыз кыздардын кооз буюмдарына кызыгып, кооз жасалга алып берүүңүздү сурап жатса, алып бересизби?



1-суроо Ата-энең айткан жумушту жасагың келбей жатса эмне кыласың?

2-суроо Телевизорду атаң көрүп жатат, ошол убакта сен көрчү мульфильм башталды .Эмне кыласың?

3-суроо Чоң энең кошунаны чакырып кел деп айтты, барасынбы ?

1-суроо Апан сага жумуш тапшырды, досторун сени оюнга чакырып келди. Эмне кыласың?

2-суроо Үйдө сен эле болчусуң. Эшиктен таята,таенең кирди .Эмне кыласың?

3-суроо Эртең менен турдуң. Ата-энеңе эмне кыласың ?

г ) а,б иштөө

Үй булөнү чагылдыруу. Ыр, ролдоштуруу, сүрөт, эссе ж.б

з) билимдерин баалоо. Ар бир тапшырмага кар бүртүкчөлөрүн алышат.Сабактын аягында өздөрүнө тиешелүү кар бүртүкчөлөрүн алышып санашат. Ичин ачып конфет алышат.Саны боюнча бааланат.

Кандай бала мээримдүү.

Мугалим:

-Кана балдар ким билет, кандай бала мээоимдүү?

1-окуучу:

-Кабак-башын бүркөбөй жүргөн бала мээримдүү.

2-окуучу:

--Чын көңүлдөн жаркылдап, күлгөн бала мээримдүү.

3-окуучу:

-Ата-энесин ардактай, билген бала мээримдүү.

к) Жыйынтыктоо. Позитив сүрөттөр.











1-суроо. Кызыңыз бүгүн сизди таң калтырган же аткарбай жүргөн ишти аткарып койду. Эмне кыласыз ?

2-суроо. Балаңызды жаман адаттардан алыс болуусу үчүн эмне кыласыз?



3-суроо. Кызыңыз кыздардын кооз буюмдарына кызыгып, кооз жасалга алып берүүңүздү сурап жатса, алып бересизби?

1-суроо Ата-энең айткан жумушту жасагың келбей жатса эмне кыласың?

2-суроо Телевизорду атаң көрүп жатат, ошол убакта сен көрчү мульфильм башталды . Эмне кыласың?

3-суроо Чоң энең кошунаны чакырып кел деп айтты, барасынбы ?

1-суроо Апан сага жумуш тапшырды, досторун сени оюнга чакырып келди. Эмне кыласың?

2-суроо Үйдө сен эле болчусуң. Эшиктен таята,таенең кирди .Эмне кыласың?



3-суроо Эртең менен турдуң. Ата-энеңе эмне кыласың ?









Талып Акун атындагы Чырак жалпы орто билим берүүчү мектебинин башталгыч класстын мугалими Деркембаева Эльмиранын ачык класстык сааттын планы