СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ата-эне келишими

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ата-эне келишими»

Кадамжай райондук лицейинин ата-энелер менен түзгөн келишими

2019-2020-окуу жылы

Окуучунун аты-жөнү________________________________________________________________

Ата-энесинин аты-жөнү______________________________________________________________

Дареги:____________________________________________________________________________

Классы:____________________________________________________________________________


Бул келишим Кадамжай райондук лицейинин жетекчилигинин,класс жетекчилерин жана

Ата-энелердин ортосунда КРнын Конституциясына КРнын Билим Берүү мыйзамына,КРнын

Билим берүү министирлигинин ата-энелер комитети жөнүндөгү жобосуна.Балдар кодексинин

негизинде түзүлдү.


Лицей жетекчилиги окуу-тарбия процессинин жүрушүндө төмөнкүдой шарттарды түзөт:


  • Жалпы билимдин сапатын жана мамлекттик билим берүүнүнүн стандартына туура келишин:

  • Билим берүү процессинде колдонуулучу окутуунун формаларынын, усулдарынын жана каражаттарынын окуучулардын курактык-психологиялык өзгөчөлүктөрүнө, жөндөмдүүлүктөрүнө, шыктарына кызыкчылыктарына,өмүрүн,ден-соолугун коргоо талаптарына шайкеш келишин:

  • Санитардык-гигиеналык талаптардын нормаларын сактоо:

  • Билим берүүнүн чектеш деӊгээлдеринин ортосундагы өз ара аракетти жана уланмалуулукту:

  • Сергек жашоонун мүнөзүн пропагандалоону жана окуучуларды санитардык-гигиеналык ченемдерге ылайык тарбиялоону:

  • Жалпы билим берүүчү мекемеге-лицейге окуучуларды алардын макулдугусуз жана ата энелеринин макулдугусуз жалпы билим берүүчү мекеменин Уставында каралбаган эмгекке тартууга тыюу салынат.

  • Окуучуларга карата күч колдонууга жана психикалык зордук-зомбулук көрсөтүүгө жол берилбейт.


Ата-энелер төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:


  • Баласын(кызын)сабакка өз убагында жөнөтөт,себепсиз калтырбайт.

  • Окуу куралдары менен толук камсыз кылып берет.

  • Ден соолугуна дайыма кам көрөт.

  • Таза кийинтип,тыкан жүрүүсүн жана спортттук формасын камсыздайт.

  • Өзү кызыккан сабактардан ийримдерге катышуусуна шарт түзүп берет. Лицейдин коомдук,маданий-массалык иштерине тиешелүү учурда үзгүлтүксүз катыштырат.

  • Перзентинин жетишпеген сабактарынан кошумча сабактарды уюштуруп берүүнү жолго коет.

  • Маданиятту,сылык-сыпаа сүйлөөгө тарбиялайт.

  • Сабактан кийинки бош убактысын көзөмөлгө алуу менен жүрүш-турушуна ата-эне жооп берет.

  • Ар кандай диний уюмдарга, сабак учурунда мечиттерге барууга тыюу салынат.

  • Дискотекаларга,клубдарга катыштырбайт жана анын алдын алат. Сабак учурунда уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салат.

  • Каттап окуган окуучунун жол коопсуздугуна ата-эне жооп берет.

  • Эгерде баласы (кызы) батирде жашаган болсо,баатир ээси менен биргеликте анын техникалык,өрт жана жол коопсуздугун алдын алуу менен жоопкерчилигин өз мойнуна алат.

  • Мугалим менен такай байланышта болуп,жыйналыштарга өз убагында катышат.

  • Эгер ата-эне чет мамлекетке кетсе,баланы ата-эненин ордун басуучу мыйзамдуу өкүлдүн жоопкерчилигине калтырат.


Класс жетекчинин колу:________________

Ата-эненин колу:_______________________


Кадамжай райондук мектеп-лицейинин жатаканадагы окуучуларынын ата-энелер менен түзгөн келишими

2018-2019-окуу жылы

Окуучунун аты-жөнү________________________________________________________________

Ата-энесинин аты-жөнү______________________________________________________________

Дареги:____________________________________________________________________________

Классы:____________________________________________________________________________


Бул келишим Кадамжай райондук лицейинин жетекчилигинин,тарбиячылардын жана

ата-энелердин ортосунда КРнын Конституциясына КРнын Билим Берүү мыйзамына,КРнын

Билим берүү министирлигинин ата-энелер комитети жөнүндөгү жобосуна.Балдар Кодексинин

негизинде түзүлдү.


Лицей жетекчилиги тарбиялануучулардын окуу-тарбия процессинин жүрушүндө төмөнкүдой шарттарды түзөт:


  • Жалпы билимдин сапатын жана мамлекттик билим берүүнүнүн стандартына туура келишин:

  • Билим берүү процессинде колдонуулучу окутуунун формаларынын, усулдарынын жана каражаттарынын окуучулардын курактык-психологиялык өзгөчөлүктөрүнө, жөндөмдүүлүктөрүнө, шыктарына кызыкчылыктарына,өмүрүн,ден-соолугун коргоо талаптарына шайкеш келишин:

  • Санитардык-гигиеналык талаптардын нормаларын сактоо:

  • Сергек жашоонун мүнөзүн пропагандалоону жана окуучуларды санитардык-гигиеналык ченемдерге ылайык тарбиялоону:

  • Эгерде жатаканадагы жана класс кааналардагы эмеректер ж.б буюмдар окуучулардын күнөөсү менен сынса, бузулса анда ата-эне ордуна коет:

  • Жатакананын иштөө тартибине баш ийбей, жооп сурабай, өз алдынча тартип бузган окуучулар жатаканадан чыгарылып, педогогикалык кеӊешменин чечими менен өз мектебине жиберилет.

  • Жалпы билим берүүчү мекемеге-лицейге окуучуларды алардын макулдугусуз жана ата энелеринин макулдугусуз жалпы билим берүүчү мекеменин Уставында каралбаган эмгекке тартууга тыюу салынат:

  • Окуучуларга карата күч колдонууга жана психикалык зордук-зомбулук көрсөтүүгө жол берилбейт.

  • Жатаканадагы жашоо шартты оӊдоого (жылуулук, тазалык, тамак-аш)

  • Окуучулардын сабактан кийинкимезгилде окуп жана даярдануусуна шарт түзүүгө:


Ата-энелер төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:


  • Баласын (кызын )сабакка өз убагында жөнөтөт,себепсиз калтырбайт.

  • Окуу куралдары менен толук камсыз кылып берет.

  • Ден соолугуна дайыма кам көрөт.

  • Таза кийинтип,тыкан жүрүүсүн жана спортттук формасын камсыздайт.

  • Өзү кызыккан сабактардан ийримдерге катышуусуна шарт түзүп берет. Лицейдин коомдук,маданий-массалык иштерине тиешелүү учурда үзгүлтүксүз катыштырат.

  • Перзентинин жетишпеген сабактарынан кошумча сабактарды уюштуруп берүүнү жолго коет.

  • Маданиятту,сылык-сыпаа сүйлөөгө тарбиялайт.

  • Ар кандай диний уюмдарга, сабак учурунда мечиттерге барууга тыюу салынат.

  • Дискотекаларга,клубдарга катыштырбайт жана анын алдын алат. Сабак учурунда уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салат.

  • Тарбиячы менен такай байланышта болуп,жыйналыштарга өз убагында катышат.

  • Эгер ата-эне чет мамлекетке кетсе,баланы ата-эненин ордун басуучу мыйзамдуу өкүлдүн жоопкерчилигине калтырат.


Тарбиячынын колу:________________

Ата-эненин колу:_____________________