Протокол:
№4Б.Шамшиев ат жбб о.м Бек-Абад айылы
21.02.2023-ж
11-«а» классынын ата-энелеринин чогулушу
Күн тартибинде каралуучу маселе:
1. Жалпы Республикалык Тестке окуучулардын катышуусу, окуу борборлору менен иштөө.
21- февраль күнү 11-"а" классында ата- энелердин чогулушу болуп өттү. Чогулушка окуучулардын 20 ата- энеси , класс жетекчиси Осмонова эжеке, мектеп директору Шарипбекова , организатор Багишева ,кыргыз тили жана адабияты мугалими Атабаева, математика мугалими Жороева эжекелер катышышты.
Чогулушту класс жетекчи Осмонова эжеке ачып, каралуучу маселе менен ата энелерди тааныштырды. Мектеп директору Шарипбековага сөз берди.
- Саламатсыңарбы урматтуу ата-энелер, баарыңарды мектептен көрүп турганыма абдан кубанычтамын. Балдарыбыз быйылкы окуу жылында бүтүрүүчү болуп турушат. Алардын келечеги үчүн кам көрүп, кайсы багытта окутсам,кайсы кесиптин ээси болсо деген ойлор баарында бар албетте. Алдыбызда чоң экзамен Жалпы Республикалык Тест турат. Ушул тесттин жыйынтыгы менен мектептин билим сапаты бааланат. Ошол себептүү талап күчтүү, жоопкерчилик да ошого жараша. Класс жетекчиси менен тыгыз байланышта болуп, балдар үчүн туура багыт берип, мектептин намысын да татыктуу коргоого жардам бересиңер деген ойдомун.
Класс жетекчи : Осмонова
- Урматтуу ата-энелер, баарыбызга белгилүү окуу жылы аяктап бара жатат. Көз ачып жумганча убакыт өтүп, мектепти бүтүрүү алдында турушат. Канча билими болсо таразага түшө турган мезгил келди. Өзүңөргө белгилүү ЖРТнын талаптары. Ошону менен бирге мектептин талабы да . Балдарыбыздын келечеги үчүн туура жолду көрсөтсөк, туура кесипке багыттасак, биздин жетишкендик ошол. Ошол максатта жыл башынан мектепте крудоктор уюштурулган. Кыргыз тили, математика, тарых, химия ,ЖРТдан негизги делген предметтер. Тилекке каршы окуучулар бул кружокторго жакшы катышкан жок. Эки жака алаксып, өткөөл мезгил экен, анан окуйм деп отуруп убакытты алып коюшту. Эми өздөрү да шашып, кантип даярданууну билбей турушат. Тажрыйба боюнча сунуштаганыбыз, өздөрү да билишет кошумча окуу борборлоруна баруу . Кошумча билим алуу. Антпесе болбойт. Негизги тесттен босого 110 балл, предметтерден 60 баллдан ашык алышы керек. Ошондо гана гранттык орундарга конкурска катыша алышат. Ошол себептүү кайдыгер болбосок, өзүбүздүн каалообузду да тануулабасак. Жардам берип, биргеликте ийгиликке жетишсек деген эле максат.
Атабаева Н. кыргыз тили жана адабияты мугалими:
Урматуу ата-энелер. Баарыбздын тилек бир, ушул балдарыбыз жакшы окуу жайларга окушса , ѳздѳрү каалаган кеситин ээлери болушса. Мектептин кружогуна анча кайдыгер болушту. Окуу борборлоруна баруу боюнча , кошумча билим алуусу бюонча кѳз карашым оң. Анткени окуучу ар башка мугалимден ар башка билим алат. Башка мугалимдердин да сабактарын кѳрүшсүн, башка окуучулар менен да мамиле түзүшсүн , бул албетте жакшы жыйынтык берет . Такай , дайыма катышып жүргѳн окуучулар да жок эмес.
Жорева Р . метематика мугалими.
Кымбаттуу ата-энелер. Мен бул класс менен быйылкы жылы иштеп жатам. Мурда сабак берген эмесмин. Ошол себептүү жакшы биле бербейм. Ошентсе да жакшы окуп,жакшы билим берип, математикадан жетишпеген темаларына жардам берип , коон келишинче аракет жасап жатам. Менин кружогума да саналуу гана окуучулар катышышат. Класс жетекчисине убагында маалымат беребиз. Жоктоо дептерине да жоктоп турабыз. Кайсыл жерде , кимден окуса да жакшы натыйжаларга жетишсек болду деген эле максат.
11-«а» классынын ата-энелеринин чогулушу жогорудагы маселе боюнча угуп , талкулады, ата-энелер да ѳздѳрүнүн кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Балдарынын мектептеги билими, жүрүш-турушу боюнча маалыматтарга ээ болушту. Чогулушта тѳмѳнкүдѳй токтом кабыл алынды.
ТОКТОМ:
Жалпы Республикалык Тестке окуучулардын катышуусу, окуу борборлору менен иштөө боюнча ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
Окуучулардын кружокторго катышуусун, окуу борборлоруна барып окуусун кѳзѳмѳлдѳѳ жагы ата-энелерге милдеттендирилсин.
Класс жетекчи: ________ Осмонова С
Протокол:
№4Б.Шамшиев ат жбб о.м Бек-Абад айылы
20.02.2023-ж
11-«а» классынын ата-энелеринин чогулушу
Күн тартибинде каралуучу маселе:
1. Жалпы Республикалык Тестке тапшырбаган окуучулар, алардын максаттары жѳнүндѳ.
20- февраль күнү 11-"а" классында ата- энелердин чогулушу болуп өттү. Чогулушка окуучулардын ___ ата- энеси , класс жетекчиси Осмонова эжеке, мектеп директору Шарипбекова , организатор Багишева эжекелер катышышты.
Чогулушту класс жетекчи Осмонова эжеке ачып, каралуучу маселе менен ата энелерди тааныштырды. Мектеп директору Шарипбековага сөз берди.
- Саламатсыңарбы урматтуу ата-энелер, баарыңарды мектептен көрүп турганыма абдан кубанычтамын. Балдарыбыз быйылкы окуу жылында бүтүрүүчү болуп турушат. Алардын келечеги үчүн кам көрүп, кайсы багытта окутсам,кайсы кесиптин ээси болсо деген ойлор баарында бар албетте. Алдыбызда чоң экзамен Жалпы Республикалык Тест турат. Бирок тилекке каршы ар бир үй-бүлѳ да балдарын жогорку окуу жайларына окутканга чамасы келе берейт.Ар түрдүү себептер менен, же баласынын тест тапшырганга билими жетишсиз, кызыкпайт, же үй-бүлѳлүк маселелрге байланыштуу. Эң негизгиси баланын кызыгуусу. Орто кесиптик окуу жайларында да окуп, мыкты адистер болгонго толук мүмкүнчүлүк бар экендигин дайыма унутпоо керек. Балдарыңардын келечегине кайдыгер болбой , туура жол кѳрсѳткѳнгѳ жардам бересиңер деген ойдомун.
Класс жетекчи : Осмонова
- Урматтуу ата-энелер, баарыбызга белгилүү окуу жылынын 3-чейреги аяктап бара жатат. Көз ачып жумганча убакыт өтүп, балдарыбыз мектепти бүтүрүү алдында турушат. ЖРТга тапшырбаган окуучулар да ѳз жолун тандоосу, кайсы бир кесиптин ээси болууга толук укуктуу.Андыктан орто кесиптик окуу жайларга , лицейлерге, ЖРТ талап кылбаган ЖОЖдордун айрым адистиктери да бар ошолорго карай багыт алып, окутууга аракет жасашыбыз кажет. Мектепте мугалимдер да кесип тандоо боюнча ѳз кеңештерин берип, тарбиялык сабактар ѳтүлүүдѳ. Ар би баланын алдына койгон максаты, кандайдыр бир нерсеге кызыгуусу болот . Ал предметтерден мыкты окубашы мүмкүн, бирок мыкты ырдаган, колунан бир ѳнѳрү бар, жасаганга кызыккан, сүрѳт тарта алган, бычып-тигүүгѳ жѳндѳмү бар болушу мүмкүн. Аны силер, ата-энелер эң жакшы байкашыңар керек. Ошентип балдарыбызды туура жолду тандоого жардам берсек, алардын келечеги үчүн кам кѳргѳн болобуз.
Чогулушта ата-энелер ѳз балдарынын окуулары , жүрүш-турушу менен кызыгышып, суроолор беришти, жооптор алышты. Мугалим менен маакул болушуп, ѳз ой-пикирлерин айтышты.сунуш , пикирлер талкууланып, тѳмѳнкүдѳй токтом кабыл алынды.
ТОКТОМ:
Жалпы Республикалык Тестке тапшырбаган окуучулар, алардын максаттары жѳнүндѳ сунуш- пикирлер талкууланып, окуучуларды туура кесипке багытоо, келчегин туура тандоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү мектепте мугалимдерге, аларга жардам берип, кѳзѳмѳлдѳѳ, ѳз баласынын келечегине камкѳрүү ата-энелерге милдеттендирилсин.
Протокол:
№4Б.Шамшиев ат жбб о.м Бек-Абад айылы
___ .___.2023-ж
9-«г» классынын ата-энелеринин чогулушу
Күн тартибинде каралуучу маселе:
1. 9-класстын бүтүрүүчүлѳрүнүн максаттары, туура кесип тандоого багыт берүү жѳнүндѳ.
________ күнү 9-"г" классында ата- энелердин чогулушу болуп өттү. Чогулушка окуучулардын ___ ата- энелери , Мектеп директору Шарипбекова Г, организатору Багишева, класс жетекчиси Сыдыкова С эжекелер катышышты.
Чогулушту класс жетекчи Сыдыкова С эжеке ачып, каралуучу маселе менен ата энелерди тааныштырды. Шарипбекова эжекеге сөз берди.
- Саламатсыңарбы урматтуу ата-энелер, баарыңарды мектептен көрүп турганыма абдан кубанычтамын. Балдарыбыз быйылкы окуу жылында бүтүрүүчү болуп турушат. Алардын келечеги үчүн кам көрүп, кайсы багытта окутсам,кайсы кесиптин ээси болсо деген ойлор баарында бар албетте. Бирок тилекке каршы ар бир үй-бүлѳ да балдарын жогорку окуу жайларына окутканга чамасы келе берейт. Эң негизгиси баланын кызыгуусу. Орто кесиптик окуу жайларында да окуп, мыкты адистер болгонго толук мүмкүнчүлүк бар экендигин дайыма унутпоо керек. Балдарыңардын келечегине кайдыгер болбой , туура жол кѳрсѳткѳнгѳ жардам бересиңер деген ойдомун.
Класс жетекчи : Сыдыкова С
- Урматтуу ата-энелер, баарыбызга белгилүү окуу жылынын 3-чейреги аяктап бара жатат. Көз ачып жумганча убакыт өтүп, балдарыбыз мектепти бүтүрүү алдында турушат. Окуучуларыбыз да ѳз жолун тандоосу, кайсы бир кесиптин ээси болууга толук укуктуу.Андыктан орто кесиптик окуу жайларга , лицейлерге, тапшырууга болот. Андан ары окуп ЖОЖго тапшырам деген балдар болсо 10-класска кайрадан тандоо негизинде кабыл алынат. 9 жылдагы мектептеги ѳзүн алып жүрүүсү, билимин эске алуу менен келет. Мектепте мугалимдер да кесип тандоо боюнча ѳз кеңештерин берип, тарбиялык сабактар ѳтүлүүдѳ. Ар би баланын алдына койгон максаты, кандайдыр бир нерсеге кызыгуусу болот . Ал предметтерден мыкты ѳздѳштүрбѳгѳн болушу мүмкүн, бирок мыкты ырдаган, колунан бир ѳнѳрү бар, жасаганга кызыккан, сүрѳт тарта алган, бычып-тигүүгѳ жѳндѳмү бар болушу мүмкүн. Аны силер, ата-энелер эң жакшы байкашыңар керек. Кантип? Кээ бир кеңештерди , сунуштарды айтар элем.
Кесиптик диагноздоо: Алдын ала ар түрдүү жолдор менен баланын инсандыгын үйрѳнүү.
Кесиптик агартуу: Окуучуларды кесиптер , аларга коюлган талаптар, ага ээ болуунун жолдору ж,б менен тааныштырат.
Кесиптик тарбиялоо:Окуучунун кесипке кызыгуусун жана аны тандоодогу негизделген мамиле-мотивин калыптандыруу.
Кесиптик ылгоо: Адамдын белгилүү эмгектин түрүнѳ жарактуулугун аныктайт.
Кесиптик кеңеш: Баланын шык-жѳндѳмүнѳ , кызыгуусуна жараша кесиптик багытталгандыгын камсыз кылат.
Кесиптик ыңгайлануу:Адамдын социалдык чѳйрѳгѳ , эмгек шарттарына , конкреттүү адистиктин түрүнѳ активдүү ыңгайланышы.Ошентип балдарыбызды туура жолду тандоого жардам берсек, алардын келечеги үчүн кам кѳргѳн болобуз.
Чогулушта организатор Багишева эжеке да сѳз сүйлѳп , ата-энелер ѳз балдарынын окуулары , жүрүш-турушу менен кызыгышып, суроолор беришти, жооптор алышты. Мугалим менен маакул болушуп, ѳз ой-пикирлерин айтышты.сунуш , пикирлер талкууланып, тѳмѳнкүдѳй токтом кабыл алынды.
ТОКТОМ:
9-класстын бүтүрүүчүлѳрүнүн максаттары, туура кесип тандоого багыт берүү жѳнүндѳ ата-энелерине маалымат берилип, түшүндүү иштери жүргүзүлсүн.
Класс жетекчи : _______ _____________________________
Ата-энелер комитетинин тѳрайымы( тѳрагасы) _________ ____________________________