СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ата-энелер чогулушу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ата-энелер чогулушу»

№ 37 Молдо Нияз атындагы мектеп-гимназиясында 2019-жылдын 16-май күнү 9-А,Б класстарынын жана 11-А,Б класстарынын ата-энелерине 25-май “Акыркы коңгуроо”аземин өткөрүү боюнча өткөрүлгөн ата-энелер чогулушунун

Протоколу

Катышуучулар: Мектеп директору,ОББ,ОТИБ,Соцпедагог,Кадамжай районунун улук жардамчысы Асыранов Нурсейит,ИДН кызматкери, ата-энелер (66 ата-эне)

Каралуучу маселелер:

  1. 25-май “Акыркы коңгуроо”аземи боюнча ата-энелерге буйрук менен тааныштыруу

  2. ОРТ тапшыруу жана даярдануу

  3. Ар түрдүү маселелер

Чогулушту мектеп директору П.Каңдыбаева ата-энелерге 25- май салтанаттуу “Акыркы коңгуроо” аземине даярдануу, жана тынч өткөрүү боюнча чыккан буйрукту ата-энелерге жеткирди.Буйрукта 25-май күнү мугалимдер жана ата-энелер окуучулардын коопсуздугун кароо жана ар бир окуучуну карап туруп өз убагында өткөрүп болуп,үйгө эсен аман алып кетүүсү боюнча айтып берди.Ар бир ата-эне өз балдар,кыздарына ушар болуп майрамды өткөрүүсү эскертилди. Ата-эне менен класс жетекчи өз убагында бири-бири менен тыгыз байланышта болуусун эскертип өтт у.

Мектептин ОББсы Н.Алимова окуучуларды 18-19-май күндөрүнө ОРТ тест тапшыруусу боюнча ата-энелерге маалымат берди.Ар ир ОРТ тапшырчуу окуучунун ата-энеси тест болгон жерге барып,өз балдарын карап,көзөмөлдөп туруусу айттылды жана ата-энелерге эскертилди.Мугалимдерден ОББ Н.Алимова окуучуларды мектептин алдынан алып барып,кечке чогуу болуп алып келе тургандыгын айтып өттү.

25-май “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу аземге көп нерселер тыйуу салынышы эскертилди.Окуучу мектепке саарлап 8 де келип,9:00 дө салтанаттуу азем башталып,12:00 дө мектепте 11-класстарга дискотека өткөрүлүп берилишин айтышты.Саат 16:00 дө ар бир окуучунун ата-энеси өзү алып кетүүсү эскертилди.Класс жетекчилер ар бир ата-энеге 25-май салтанаттуу аземден кийин өз балдарын өздору алып кетиштерин айтып өттү,жана буйрук менен тааныштырып, майрамдан соң өзүбүз алып кетевиз деп кол койдурушуп алышты.Ар бир окуучуда салтанатту майрамда эч кандай тартипсиз нерселерди жасабайвыз деп класс жетекчилерге кол койдуруп алышты.Буйрук менен ар бир ата-эне жана ар бир окуучу таанышып чыгышты.Чогулушка кеч калбоо жана мектеп форма кийип келүүлөрү эскертилди.

Кадамжай районунун прокурорунун улук жардамчысы Асыранов Нурсейитке сөз берилди.Асыранов ата-энелерге жана окуучуларга 25-май майрамы күнүнө окуучуларга көп нерселер тыйуу салынгандыгы жөнүндө маалымат берди. Ата-энелерге жана мугалимдерге окуучуларды көзөмөлдөө жагы эскертилди.

ИДН кызматкери Д.Ормонова окуучуларды 25-май майрамында ата-энелер,мугалимдер жана милиция кызматкерлери тарабынан контролдоно тургандыктарын эскертти.Ал күнү ар кандай отуруштарды уюштуруу жана ар кандай жерлерге барбоо керек экендигин айтып өттү. Окуучуларга экскурцияга чыгуу жагы да тыйуу салынганын айтып өттү.Кимде ким айтылган тартипти бузса,албетте ал жоопсуз калбастыгын эскертти.

Мектептин соцпедагог Г.Гульматова бардык тыйуу саланган нерселерди аткарбашыбыз керек деп белгилеп кетти.Окуучулар арасында мушташууну карашыбыз кереккенин жана 25-май күнү машина менен картедж уюштурбоо керек деп белгиледи,кимде ким уюштурса,катуу чара колдонушарын айтып өттү.



Төмөндөгү маселелерди карап чыгып чогулуш төмөнкүдөй чечим кылат:

  1. 25-май “Акыркы коңгуроо” аземин тынч өткөрүү ар бир ата-энеге,окуучуга,класс жетекчиге,мектептин жетекчилиге эскертилсин.

  2. Майрам күнү ар бир окуучу мектеп формасы менен мектепке 9:00дөн кеч калбай мектепке келүүсү ата-энеге милдеттендирилсин.

  3. Мектепте ар бир окуучу мектептик иш чарага активдүү катышуусун көзөмөлдөө жагы класс жетекчиге милдеттендирилсин.

  4. Мектептен чыгып ар кандай отуруштарды уюштурбоо жана картедж уюштурбоо ар бир окуучунун ата-энесине эскертилсин.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!