Ата-энелер чогулушу
Тема: «Ата-энелик суйуунун даанышмандыгы»
Максаты:Ата-энелер менен балдардын оз ара мамилелеринин озгочолукторун ачуу аркылуу ата-энелердин журум-турумун анализдоо,ата-энелик суйуунун маныздуу формасына акцент жасоо, ата-эне жана баланын ортосундагы мамиленин гармониясын жонгоруу.
Тапшырмалар:
Ата-энелердин баланы тарбиялоодогу он жактарын кароо.
Ата-энелерди балага ата-энелик анык суйууну гана беруу туура экендигине ынандыруу.
Ата-эне менен баланын ортосундагы эмоционалдык мамиленин маанилуулугу жонундо ата-энелердин тушунугун кенейтуу.
Ата-энелердин педагогдор менен болгон мамилесин жогорулатуу, алардын биргеликте кызматташуу чойросун кенейтуу.
Жабдылышы: презентацияны демонстрациялоо учун мультипроектор, экран; создор жазылган барак-нурлар,ата-энелер учун колдонмолор, доскада: кун тартылган плакат, ата-энелер учун тузулгон тесттер.
Чогулуштун журушу
Баланы куноолобонуз,
Бир аз убайым тушсо башынызга
Тез арада кечириниз
Сиз да ката кетиргенсиз жашынызда
Жыгылса эгер , жолоп коюнуз,
Мээриминизге болоп коюнуз.
Жакшы тилек, максат менен
Бата берип, колдоп коюнуз.
1.Киришуу: чогулуштун темасын тааныштыруу
(1-слайд)
– Саламатсыздырбы, урматтуу ата-энелер!
Уй-булодогу мамилелер жонундо , ата-энелердин балдарына болгон суйуусу жонундо кеп кылуу эч качан актуалдуулугун жогтпойт деп ойлойм.
Бул тема бардык муундагы ата-энелерди толкундантат. Бугунку кундогу уй-булолук мамилеге анализ жургузуу учун мен сиздерге «Биз кандай ата-энебиз» деген тестти сунуш кылам.
(1-тиркеме).
Бирок бул тесттин жыйынтыгын ачык анализдебейбиз. Текст озунуздордун кандай ата-эне экендигинизди, эмненин устундо иштоо керектиги жонундо пикириниздерди толуктайт. Суроолорго тез жана ачык жооп бергенге аракет кылыныздар.
(2-Слайд)
– сиздерге 14 суроого жооп берууго туура келет. Ооба,кээде, бир аз, жок деген жоопторду белгилейсиздер.(ата-энелер тесттин суроолоруна жооп берет)
– жоопторго карай балл беребиз:
2 балл- Ооба деген жоопко,
1 балл. – «кээде», «бир аз» деген жоопторго
0 балл. –«жок» деген жоопко
–Эми баллдарыныздарды эсептениздер.
(3-слайд) Жыйынтык чыгарабыз.
Слайдка конул бурунуздар да озунуздор учун жыйынтык чыгарыныздар.
-эгерде 20баллдан ашык болсо – … (ата-энелерге озуно окутам)
– 10 баллдан 20 баллга чейин болсо – …
–10 баллдан томон болсо – …
2.Чогулуштун темасынын устундо иш алып баруу.
Теманы актуалдаштыруу
(4-Слайд) Ата-эненин суйуусу - бул баланын эмоционалдык керектоосун канааттандыруу.
Чонойгон сайын балдар бир суроону кээде кайра- кайра берип калышат:
«Сиз мени жакшы коросузбу?»
– Биз кандай ата-эне болбойлу ар дайым - «ооба» деп жооп берээрибиз анык…
А биз кантип суйобуз, баланы чындап суйо алабызбы, туура суйуп жатабызбы, биздин суйуунун катачылыгы жокпу-бул жонундо ойлонууга да туура келбейт. Ал эми баланын бактысыздыгынын себеби- ата-эненин бала тарбиялоодогу катачылыгынан улам, ата-энелер тарабынан берилуучу шексиз даанышман суйуунун жоктугунан, балдарын мактап, кубаттабагандыктан келип чыгаарын илим дагы,жашоо дагы аныктады.
Бала учун эн маанилуусу – кандай болсо ошондой кабыл алып суйуубуз эмеспи.
(5-Слайд) Психологдор жана педагогдордун аныктоосу боюнча ата-энелердин балдарга суйуусунун бир канча типтери маалым болгон. Адардын ичинде балдарды тарбиялабай , бузгандары да бар . Келиниздер ата-энелик суйуунун турлоруно токтолобуз.
Элжиреп жакшы коруу. Бул инстинкт менен шартталган, эрктен тыш, акылга салбай аткарылуучу суйуу. Мындай суйуу эмнеге алып келет?
Мындай суйуу менен оскон бала «болбойт», «Керек» деген тушунукту билбейт. Ошондой эле ата-энесинин алдындагы милдетин да билбейт, натыйжада эмгектенууго жондомсуз болуп калат. Ал башка адамдардын да каалоосу, керектоосу бар экенин эсепке албайт.
(6-Слайд) Зоокурдук суйуу. Бала ага карата жасалган таш боордуктан, катуу мамиледен улам кичинекейинен баштап адамзатынын боорукерлиги жонундогу пикири озгорот. Адамдарга жана адамгерчиликке ишеними жоголот. Ар дайым кыйкымчыл мамиледен, жемелоодон, зекуудон улам бала ырайымсыз, таш боор боло баштайт. Бул ата-эненин бийлигин туура эмес колдонуусунан улам пайда болот.
(7-Слайд )Сатып алынган суйуу. Ата-энелер озунун милдетин-баланын материалдык керектоосун гана канааттандыруу деп ойлошот. Уй-булодо акыл-ой боштугу жана байкуштук окум сурот. Бала ата-энелик суйуунун кемдигин материалдык баалуулук менен толтура баштайт. Мунун натыйжасында балага кайрымдуулук, боорукерлик деген сапаттар таптакыр жат болот. Чонойгондо да жалан материалдык баалуулуктун (акча, материалдык жыргалчылык)артынан сая кууп, адамдар менен да ушул максатта мамиле кура баштайт.
3. Группаларда иштоо
–Сиздер ата-энелик суйуунун терс жактары жонундо маалымат алдыныздар. Келиниздер эми практика жузундо ата-энелик суйуунун тибин аныктайбыз.( ата-энелерге тексттер таркатылат., алар аны группада окуп чыгып, кайсы типке киргендигин талкуулашат.)(2-тиркеме)
4. Эмоционалдуу корутундулоо- индукция
(8-Слайд) Анык ата-энелик суйуу кандай болушу керек? Кандай суйуубузго биздин балдар муктаж?
Ата-энелер копчулук учурда иштеринин коптугу, мунун аркасында балдары менен иштоого, аларды тарбиялоого убактысынын жокутугу тууралуу арызданышат. Социологдордун изилдоосуно ылайык апалардын жана аталардын баланы тарбиялоосуна кун сайын 17 гана муноту калат.
- Ойлоп корунуздорчу, бул убакытта сиздер бала учун эмне бере аласыздар?
–Бугун биз бала тарбиялоодогу ата-энелердин катачылыгы тууралуу соз кылбай эле коёлу. Андан коро балдарыбызды кантип жакшы короорубуз жонундо суйлошолу.
(9-Слайд) «МЕН баламдын жан дуйносун кантип жылытам, кантип ЖАКШЫ КОРОМ? »
Сиздерге балдарга арналган суйуу кунун тузууну сунуш кыламын. (Доскадагы кун тратылган плакатты корсотом)
Сизге маанилуу болуп эсептелген кун нурун алыныз( кун нурунда: суйуу, камкордук, сыйлоо, мээрим ж.б.жазуулар бар. Эгерде башка дагы бир нерсе деп жазгыныз келсе бош кун нурун жана маркерди пайдаланыныздар.
– Эмне пайда болду? (ун чыгарып окуйм)
-Мен баламды жакшы кором…
Кийинки слайддар менен иштейбиз.
5. Рефлексия. Таасирлерди болушуу
–Чогулуштун акырында «Оз балана болго суйуунун формуласын» белек кылгым келип турат.Албетте, сиздердин ата-энелик суйуунуздорсуз бул формула иштебейт. Ата-энелерге 2-тиркемени таркатам.
(10-Слайд )
Анык суйуу коз каранды эмес:
-Баланын сырткы корунушунон,
- анын жетишкендиктеринен жана
- кемчиликтеринен;
- анын жондомунон;
-анын бугунку журуш-турушунан.
(11-слайд )
-Балага «Мен сени жакшы кором, биз сени менен биргебиз жана биз биргеликте баарын женип чыгабыз» деп айтууну унутпаныз.
Родари Д. «Приключения Чиполлино»
«Развитие и воспитание ребенка» (сайт Kidly. ru)
«Умиляются родители ребенку» (сайт «Детки-лучики»)
Шульгина В.П. 25 современных тем родительских собраний в школе. Настольная книга учителя – Ростов на/Д: “Феникс”, 2002.