"Фин -чилистен" сынагынын болжолдуу сценарийи.
Катышуучулар: Келген ата-энелердин эсеби менен бөлүнөт
Максималдуу балл 15 номиналдык наркы менен "тыйын";
Орточо балл 10 номиналдык наркы менен "тыйын";
Кичине балл – номиналы 5 болгон “тыйын” болуп саналат;
СЫНАКТЫН ЖҮРҮШҮ.
Ата-энелерди жагымдуу маанай менен күтүп алууу.
Ар бир ата-энелер кадам сайын өзүнүн баласынын жакшы сапаттарын айтып киришет.
Стол үстүндөгү акчанын сүрөтү бар кагаздардан алышат. Жана ошол алган акчалары боюнча топторго бөлүнүшөт ( мисалы: ар бир акчанын артында топтордун аттары жазылган болот)
Ата –энелерге сюрприз, каробка болот ичинде күзгү. Мугалим эн жакшы окуган баланын ата-энесинин сүрөтүн салганмын деп айтат. Келип күзгүдөн өздөрүн көрүшөт.
Катышуучулар столдордо отурушат, ар бир столдо командалардын аталыштары белгиленген: 1-стол - "Аманат" (1- команда); 2-стол - «Киреше» (2-команда); 3-стол- «Чыгаша» (3-команда);
Алып баруучу (башталгыч класстын мугалими) сынактын аталышын, анын максаттарын жана аны өткөрүү тартибин жарыялайт.
1-тур: “Өз колуң менен акча топтоочу буюм (копилка) жаса” (10 мүн.)
Убакытты ченемдөө максатында копилканы өзүм жасап даяр кылып коемун.
2-тур: Команданын атын коргоо (10 мүн.)
Катышуучулар өздөрүнүн командасынын атын коргоп, атына жараша презентация жасашат. Мисалы, "Аманат" командасынын мүчөлөрү 3 мүнөттүн ичинде “Аманат” деген эмне экендиги тууралуу айтып бериши керек (же көрсөтүп, же ыр түрүндө, же макеттер аркылуу ж.б.).
Командалар "15", "10", "5" номиналындагы "тыйындар" менен сыйланышат.
3-тур: “Блиц суроолор” (10 мүн.)
Командалар кезектешип суроолорго жооп беришет. Жооп берүүгө 5 секунд берилет. Эгерде команда бул убакыттын ичинде жооп бере албаса, суроо кийинки командага берилет. Ар бир туура жооп үчүн команда "5" номиналындагы “тыйын" алат.
Биринчи кагаз акча качан пайда болгон? (Жооп: Биринчи кагаз акча биздин замандын 910-жылы Кытайда пайда болгон)
Дүйнөдө биринчи банк кайсы өлкөдө пайда болгон? (Жооп: 1661-жылы дүйнөдөгү биринчи мамлекеттик борбордук банк -Швеция банкы түзүлгөн).
Кыргызстандын өз валютасы – сому качан пайда болгон?( Жооп: 1993-ж.)
20 сомдук купюрада ким тартылган? Жана кайсы белгилүү кооз жер чагылдырылган? (Жооп: Т. Молдо; Нарындагы Таш Рабат)
50 сомдук купюрада ким тартылган? Жана кайсы белгилүү кооз жер чагылдырылган?( Жооп: Курманжан-датка; Өзгөндөгү мунара жана күмбөз тартылган)
100 сомдук купюрада ким тартылган? Жана кайсы белгилүү жер чагылдырылган?( Жооп: Токтогул Сатылганов; Токтогул ГЭСи).
200 сомдук купюрада ким тартылган? Жана кандай көрүнүштөр чагылдырылган?( Жооп: Алыкул Осмонов жана Ысык-Көлдүн панорамасы)
500 сомдук купюрада ким тартылган? Жана кандай көрүнүштөр чагылдырылган?( Жооп: Саякбай Каралаев; Таластагы Манастын күмбөзү)
1000 сомдук купюрада ким тартылган? Жана кандай көрүнүштөр чагылдырылган?( Жооп: Жусуп Баласагын; Сулайман-Тоо)
Сатып алууларды накталай акча – кассага купюралар жана монеталар аркылуу төлөм жүргүзүү жолу менен жүзөгө ашырабыз, же накталай эмес которуу жолу менен төлөйбүз. Бул учурда адамга кандай буюмдар керек болот?( Жооп: Банк картасы/смартфонго орнотулган, банк картасы менен байланышкан атайын мобилдик тиркеме (сунушталган жооптордун баары туура деп эсептелинет).
2000 сомдук банкнотто эмненин сүрөтү бар?( Жооп: Манастын эстелиги, боз үй, бүркүт, дарак, Хан-Теңир, Ысык-Көл)
5000 сомдук банкнотто ким тартылган? Жана кандай көрүнүштөр чагылдырылган?( Жооп: Сүймөнкул Чокморов; Бишкектеги Ала-Тоо аянты).
Мектепке бала үчүн канцелярдык товар сатып алуу бир гана чыгаша эмес, инвестиция деп айтууга болобу? Ооба болсо, эмне үчүн?( Жооп: Ооба, баланын билимине болгон инвестиция, ал келечекте анын кызыктуу жана жакшы акы төлөнүүчү жумушка орношуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат).
Киреше деген эмне? (Жооп: Бул үй-бүлөлүк бюджетке каражаттардын түшүүсү).
Чыгымдар деген эмне? (Жооп: булүй-бүлөлүк бюджеттен акча сарптоо)
Депозит деген эмне?( Жооп: адам келечекте колдонуу үчүн банкта сактаган акчасы)
Тыныгуу- ата-энелерге суроолор берилет, балдарын канчалык билип тарбиялап жатканын билишет.
4-тур: «Биздин каржылык абалыбыз?» Практикалык иш. (20 мүнөт)
Ар бир топ тапшырма жазылган кагаз алат:
Киреше жана чыгашалар менен бир айга бир үй-бүлөнүн мисалында үй-бүлөлүк бюджетти (суммасын көрсөтүү менен) таблицага жазгыла:
Бир айлык үй-бүлөлүк бюджет
Киреше | Сом | Чыгаша | Сом |
Атасынын эмгек акысы | | Коммуналдык төлөмдөр | |
Апасынын эмгек акысы | | Телефонго бирдиктер | |
| | Тойго кеткен чыгымдар | |
| | | |
Чоң энесинин пенсиясы | | | |
Байкесинин стипендиясы | | | |
| | | |
| | | |
| | | |
| | | |
Бардыгы: | | | |
Калдыгы _________________
Калган акчаны санап, жылына 16% менен банктык депозитке 2 жылга салгыла.
Ошол 2 жылдын ичинде депозиттен түшкөн киреше канча болот?
Акчаны сактоонун (чогултуунун, үнөмдөөнүн) башка жолун сунуштагыла.
5-тур: Акча чогултуу боюнча “алтын” кеңештер (10 мүн.)
Ар бир команда акча топтоо (чогултуу) боюнча 5 кеңешти сунуштайт. Эң оригиналдуу жана эффективдүү идеяларды сунуштаган команда жеңүүчү деп табылат, 15 "тыйын" алат.
6-тур: Жыйынтыктоо.
Эсепчилер эсептеп чыккычакты, мугалим тарабынан даярдалган видео ролик коюлат. Апалар аларды көрүшөт жана таасирленишет.
Ар бир команда өзүнүн копилкасын “ачат” жана андагы бардык “тыйындарды” санайт. Эң көп "тыйын" чогулткан команда жеңүүчү деп эсептелет.
Ошол убакта класс жетекчи ата-энелерге балдары жазган каттарды балдарынын көздөрү аркылуу табышын сунуштайт. Доскада окуучулардын көздөрүнүн сүрөттөрү гана болот көзөрұнөн таанып каттарын алышат жана оушат.
Алып баруучу бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, иш-чаранын жабылышын жарыялайт.