Просмотр содержимого документа
«Ата-Энелер менен бирге китеп окуу»
Класс : 3 – Б
Сабактын темасы : «Ата – эне менен биргеликте китеп окуу маанилүүбү? »
Сабактын формасы : “Форум - театр”
Сабактын тиби : Жаңы билимдерди маалымдоо сабагы.
Форум – театрдын максаты: Форум – театр да актёрлор эмес кадимкидей эле адамдар, көрүүчүлөр катыша алат. Катышуучулар 1- көрүнүштө ролдоштуруп аткарып беришет, 2- көрүнүштө каармандардын аткаруусундагыны туура эмес көрүнүштү залда отурган көрүүчүлөр токтотуп аткарса болот.
Негизги компетентүүлүктөр: | Предметтик компетентүүлүктөр : |
Маалыматтык компетентүүлүк. Социалдык – коммуникациялык компетентүүлүк . Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү компетентүүлүк. | Окуй алуу компетентүүлүгү ( К 2) Соз байлыгы менен иштей алуу компетентүүлүгү (К3) Сүйлөм,текст менен иштей алуу компетентүүлүгү(К4) Аң сезимдүү окуу,угуу жана адабий түшүнүктөр менен иштей алуу компетентүүлүгү (К5) |
Максаттар : (окуучу үчүн кутүлүүчү натыйжалар) | Окуучулар сабактын аягында: |
Билим берүүчү. | Ата – эне менен биргеликте китеп окуп маектешүү билет Берилген суроолорго жооп бере алышат,ролдоштуруп аткара алышат. Форум-театрдын маанисин түшүнүшөт. |
Өнүктүрүүчүлүк. | Таанып билүү активдүүлүгүн өнүктүрүүнү улантат. Эс тутуму,көңүл буруусун,кебин өнүктүрүүнү улантат Окууга болгон кызыгуусун жогорулатат. |
Тарбиялоочу | |
Катышуучулар :
Апасы: Жамшитбекова Диана баласы : Алымжанов Чилдебай
Атасы : Тойчубеков Элмырза кызы : Масылбекова Малика.
Сахна көрүнүш.
Кечинде апасы кечки тамак даярдап жатат. Чоң уулу тапшырмасын аткарып жатат. Талаада кечке иштеген атасы үйүнө келип диванга дем алуу үчүн жатат. Толгонай 7 жаштагы кыз.
Толгонай : Апа ,жомокту окуп бериңизчи?
Апасы : Убакыт жок,бар,атаңа бар! – деп апасы оройлонуп көңүл бурбай коёт.Толгонай колундагы китебин көтөрүп алаып диванда эс алып жаткан атасына барат.
Толгонай : “ Ата ,атоооу ,ата дейм. Ушул китепти мага окуп бериңизчи ?”
Атасы : “Эмне ? Эмне менин чарчаганымды көрбөй турасыңбы, мен бутумду араң сүйрөп келдим,чарчадым, агаңа бар ошол окуп берсин, а мен эс алышым керек.” - деп атасы чарчаңкы жооп берди.
Толгонай : “Айбек , жомокту окуп берчи !” – көзүнө жаш толо агасынан карындашы суранат.
Агасы : “Барчы ары ,менде сенсиз деле сабагым көп . Бар , бир жерге отур дагы өзүң оку, сен кичинекей эмессиң да. Баарын тажаттың го .......” – деп агасы кагып салды. Китепти эки колу менен кучактап, Толгонай эшикке чыкты,босогого отурду да ичинен ойлоно баштады.
Толгонай : “Эмне үчүн чоңдордун дайыма бош убактысы жок, эмнеге мени баары түрткүлөшөт?”
Ушул мезгилде кичинекей кыздын эки бетинен ылдый карай жаштар агып жатты.
Окуучулар аткарып бүткөн соң ушул эле көрүнүштү экинчи ирет кайталап көрсөтүп беришет. Залда отурган ата - энелер өздөрү эсептеген туура эмес жерден токтотуп , сахнада аткарып жаткан балдардын ордуна өздөрүнүн коз карашы менен аткарып беришет.
Мугалим менторлукту колго алуу менен аткаруу тартибин көзөмөлдөп турат жана ыңгайлуу суроолорду берет.
Ата – энелер менен окуучулардын биргеликте китеп окуунун зарылдыгы барбы?
Үй бүлөөлөрдө сиздер көргөн көрүнүштөр барбы?
Сиздерге балдарыңыздар кайрылганда биргеликте китеп окуйсуздарбы?
Сизге бүгүнкү чогулушта эмне өто маанилүү болду?
Бүгүнку жолугушуудан сиз өзүңүз үчүн эмне алдыңыз?
Үй тапшырма : “Ата – энелер менен биргеликте китепче жасоо “ жана “ Менин сүйүктүү китебим ”дилбаян жазуу.
Баалоо : Мактоо , алкоо.