СИЗ КАНДАЙ АТА-ЭНЕСИЗ?
(психологиялык тест)
Сиздин балаңыз мектептен бир күнү көзүн көгөртүп, кээде шымын айрып келет....
а) Сиз эмне болгонун сурап, шымын тигип, дары сыйпайсыз.
б) Балаңызга көмөктөшөсүз, кичине урушасыз, бир күнү ушул кылыктары үчүн бир балээге кабыларын айтасыз.
в) Ага эч кандай көңүл бурбайсыз. Баарын өзү жасасын.
2. Балаңыздын достору бар. Бирок алардын тартиби начар, сөз укпайт...
а) Сиз ал балдардын ата-энелери менен сүйлөшөсүз.
б) Балдарды үйгө чакырып, аларга акыл айтканга аракет кыласыз.
в) Балаңызга досторунун кемчиликтерин айтасыз. Аларды туурабаш керектигин, үлгүлүү балдар эмес экенин түшүндүрөсүз.
3.Балаңыз ойногонду жактырат, бирок жеңилгенди жактырбайт.
а) Такыр аракет кылбайсыз, балаңыз жеңилгенди өзү үйрөнсүн.
б) Ал жеңилгенин мойнуна алып, үйрөнгүчө аны менен ойноодон баш тартасыз.
в) Жеңилүүнү мойнуна алдырганды үйрөткөн жагдайларды жаратасыз.
4.Сиздин балаңыз бир күндө 24 саат ойногонго даяр. Кечинде такыр уйкусу келбейт.
а) Уктоонун кандай маанилүү экенин түшүндүрөсүз.
б) Канчада жатам десе да уруксат бересиз, бирок, таң эрте убагында тургузасыз.
в) Төшөгүнө белгиленген убакытта жаткырып, жалгыз калтырасыз.
5.Балдарга арналып көрсөтүлгөн телепрограммаларга тойбостон, балаңыз күн бою телевизор көргөнгө даяр.
а) Балдарга арналган берүүлөр бүтөрү менен төшөкө жаткызып, ал уктагандан кийин гана телевизорду күйгүзөсүз.
б) Ага эмнени көрүүгө болорун жана эмнелерди көргөнгө болбосун түшүндүрөсүз.
в) Балаңыз үчүн айрымдарын кошо көрөсүз.
6.Балаңыз чоңдордун сөздөрүнө көп аралашат....
а) Бул адатынын жаман экенин түшүндүрөсүз.
б) Укпаганы үчүн жазалайсыз.
7. Сиздин балаңыз жашы али кичине болсо деле бирөөгө ашык болуп калды.....
а) Баарын ошол бойдон калтырасыз.
б) Балалык сүйүүгө жол бербейсиз.
в) “Сүйүүнүн” эмне экенин, мамиленин кандай болушу керектигин түшүндүрөсүз.
8. Башка балдар сиздин балаңызды урат, келтектейт...
а) Катылгандын катыгын бер деп үйрөтөсүз.
б) Ал балдардын ата-энелери менен сүйлөшөсүз.
в) Балаңызды ошол балдарга кошпоо үчүн бардык аракетиңизди кыласыз.
9. Балаңыз катаал, аёону билбейт, башка балдарга кол көтөрөт.....
а) Өзүнө да дал ошондой мамиле жасайсыз (аябайсыз)
б) Балаңызга көбүрөөк көңүл буруп баштайсыз.
в) Зордук-зомбулуктарды камтыган кинолорду көрүүгө тыюу саласыз.
Жыйынтыгы:
| № | а | б | в |
| 1 | 3 | 0 | 5 |
| 2 | 2 | 5 | 0 |
| 3 | 0 | 3 | 5 |
| 4 | 3 | 5 | 0 |
| 5 | 0 | 2 | 3 |
| 6 | 5 | 0 | 3 |
| 7 | 3 | 0 | 5 |
| 8 | 5 | 3 | 0 |
| 9 | 0 | 5 | 3 |
0-18. Сиз балаңызды өзүңүз жашап жаткан доорго даярдап, ошого ыңгайлаштырып тарбиялап жатыптырсыз.Сиз анын башка замандын кишиси болоруна маани бербейт экенсиз. Азыркы учурда балаңызга керектүү эң маанилүү нерселер-өзүн-өзү ишенүүсү, чыгармачылыгы. Тилекке каршы, сиз ал жөндөмдөрдү көрбөйсүз да, өнүктүрбөйсүз да. Сиз жашоону өзгөрүп, алга жылып баратканына баам сала албайсыз. Анткени, сиздин көз карашыңыз эски бойдон калып калган.
19-35. Сиз балаңыздын келечекте кандай өмүр сүрөөрү тууралуу аз ойлонот экенсиз. Бирок, сиз замандын талабына ылайык ой жүгүртөсүз. Тарбияда эски үрп-адаттарды колдонбогонго аракет кыласыз. Балаңызга туш келген кыйынчылыктарды өз алдынча чечүүнү үйрөтүп келесиз. Ага жеткиликтүү түрдө эркиндик бергенсиз. Өзүңүзгө баш ийдиргенге аракет деле кылбайсыз. Бирок, али да турмуш жолуна даярдооңуз жеткиликтүү эмес. Сиз балаңыздын өз алдынча ойлонуусун өнүктүрүңүз, жакшылап көңүл буруңуз, ошондо гана балаңызда ар нерсеге карата жеке көз карашы калыптанат.
36-50. Сиз балаңыздын мээримдүүлүгү жана адилеттүүлүгү басымдуулук болгон, акылдуу, ойлуу, ачык-айрым, башканын пикирин сыйлап, өзүмчүлдүктү жаман көргөн турмушта жашааарына ишенесиз.