Жаңы тема: Баланын сезими жана эмоциясы Сезим - адамдын дүйнөгө жана өзүнө жасаган мамилесинин өзгөчө чагылышы. Сезим аздыр-көптүр туруктуу (сүйүү, жек көрүү, сыйлоо), же конкреттүү шартка байланыштуу кыска мөөнөткө созулушу мүмкүн (кубаныч, кайгы, уялуу ж. б.). Кийинкиси кээде эмоция деп да аталат. Сезим коомдук окуяларга, адамдарга, жаратылыш кубулуштарына ж. б. болгон субъективдүү мамилени туюнтканы менен, алардын объективдүү сапаттарына да көз каранды. Ал тааным процесстери: сезүү-туюу, кабыл алуу, ой жүгүртүү ж. б. менен байланышта пайда болот. Сезимдин калыптанышы адамдын жашоо шарты, иш-аракеттеринин жагдайы, нерв системасынын өзгөчөлүгү менен шартталат. Эмоциялар (фр. emotion – толкундануу, лат. emoveo – толкундантам) – адамдардын жана айбанаттардын сырткы жана ички дүүлүктүрүүлөргө кубануу, коркуу, ырахаттануу, нааразылануу ж. б. түрдө көрүнгөн субъективдүү реакциялары. Эмоциялар адамдардын психикалык ишмердүүлүгүн жана жүрүм-турумун регуляциялоонун ички механизми болуп кызмат кылат. Пайдалуу таасир көрсөтүү менен жаралуучу оң эмоцияларды субъект сактап калууга аракеттенет. Терс эмоциялар болсо зыяндуу таасир көрсөтүүлөрдү жандап өтүүгө багытталган активдүүлүктү жаратат. Пайда болгон кырдаалдарга субъекттин алы жетпей калган экстремалдык учурларда аффектилер деп аталган кыска мөөнөттөгү эпкиндүү эмоциялар туулат. Эмоциялар жүрүм-турумдун пайдалуу формаларын, эрежелерин өздөштүрүүгө көмөк көрсөтөт. Адам эмоциясынын түптөлүшү анын инсан катары калыптанышынын негизги шарты. Сезимдер адам эмоциясынын өнүгүшүндөгү эң жогорку натыйжа болуп саналат. Эмоция — адамдын организминин сырткы жана ички дүүлүктүргүчтөргө карата реакциясы; дүүлүктүргүчтүн таасири менен адам башынан өткөргөн өзгөчө абал. Эмоция оң (кубануу, канааттануу, суктануу) жана терс (кейүү, кайгыруу) болушу мүмкүн. Айрым эмоция көңүлдү көтөрөт, адамды сергитип, күч-кубат берет, башкасы тескерисинче алсыратат, туталантат. |