СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Ата-энелер университети"

Нажмите, чтобы узнать подробности

"Ата-энелер университети"

Просмотр содержимого документа
«"Ата-энелер университети"»


17-декабрь. 2019-жыл.

Сабактын темасы: «Үй бүлөдөгү моралдык психикалык климат жана анын балдардын өсүүсү үчүн мааниси»

Сабактын максаты: Ата-энелер бул темада кеӊири түшүнүк алышат;

Балдарына кандай туура тарбия берүү керек экендигин билишет;

Ролдоштуруп аткарып бере алышат, үй бүлөдөгү маанайды

чагылдырышат.

Сабактын жабдылышы: доклад, слайд, лозунг, насаат сөздөр.

Сабактын жүрүшү:

1. Уюштуруу ишин жүргүзүп, жагымдуу маанай тартуулоо;

2. Жаӊы тема.

Сабактын темасын жана максатын жарыялоо.

Үй бүлөдө маанайдын кандай болушу көбүнчө ата-энеге байланыштуу!

Эгерде ата-эне үй ичинде ар дайым сылык сүйлөшсө, мүнөзү жумшак, көӊүлдөрү ачык, маанайы жарык болсо, анда аларды көрүп өскөн балдар жакшы мүнөз күтөт. Андай үйдө ырахаттуу жана жагымдуу сезилет.

Бала өзүн эркин алып жүрөт.

Эгерде бала сабактан келгенде ата-энесине салам берип, бетинен өөп, учурашууга көнсө, андай бала сүйкүмдүү көрүнөт.

Эгерде бала үй бүлөдө терс адаттарды көрүп чоӊойсо, андай баланын көӊүлү басмырт болот. Ал көбүнчө кыжаалат ой менен жүрөт

2. Үй ичинде катуу сүйлөшүү-адамдын психикасына терс таасир тийгизип, маанайды бузат.

Ошондуктан үй ичинде акырын сүлөшүп, бири-бирине жумшак мамиле кылуу ал үй бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугуна да пайдалуу.

Эгерде үй бүлөдө ата–эне туура эмес кылык жоруктарды жасап, бири-бирине орой мамиле кылышса, же ар дайым ичимдик ичилип, ызы-чуу өкүм сүрсө, андай щартта өскөн баланын аӊ-сезиминде да ошол сыяктуу же ызы-чуулуу окуялар узак убакыттарга чейин сакталып калат да, психикасында чоӊ өзгөрүү башталып, акырындап бузулууга учурайт. «Уядан эмнени көрсө, учканда да ошону алат». Башкача айтканда, кийин үйлөнгөндө ал көргөнүн жасаары толук мүмкүн. Анда кеч болуп калаарын ойлонгон ата-эне үйдөгү терс кылык-жоруктарын бүгүндөн баштап токтотуп, жакшы маанай күтүп, кетирген каталыгын оӊдошу зарыл.

Эшиктен мас болуп киргенде эле бала атасынын терс таасирин сезет. Энесине кол көтөргөн атасы ага өтө эле жаман көрүнөт. Ал, таш боорлук менен кара өзгөйлүктүн символундай элес калтырып, муштумдай кичинекей жүрөгүӊдө түбөлүккө так калып калат. Анткени, бала үчүн эне дүйнөдөгү эӊ кымбат адам жана бейкүнөө энеге кордук көрсөтүү – бул барып турган наадандык катары бааланат. Наристенин жүрөгү ошондон улам энеге анан гана атага жакын болоорун моюнга алуу керек.

3. Жакшы маанай.

Ишинен кайткан ата-эне эшиктен күлүп жайнап кирсе, үйдүн ичин жагымдуу маанай каптап, кандай бала болсо да көӊүлү куунак боло түшөт. Ал эми ата-эне үчүн бала тарбиялоодон ашкан сыймык барбы? Ата-эне үчүн бала, бала үчүн ата-эне кымбат да, баалуу да болорун эске алганда үй бүлө ынтымагы менен үй бүлөдөгү жакшы маанайдан өткөн бакыт жок! Мындай үй-бүлөдө тарбияланган баланын ден-соолугу чыӊ болуп, жакшы мүнөз күтөт.

4. Катуу мамиле.

Айрым ата-эне өз баласын орой мамиле аркылуу тарбиялагысы келет. Андай ата-эне баласынын терс адатын көрсө же укса кыжырданып урушат. Тилдейт, ачууланат, коркутат, эскертет. Айрым өспүрүмдөр өз жоругунун туура же туура эмес экенине маани бербегендиктен ата-эненин андай катуу мамилесине теригет, капаланат, таарынат. Атам мени жаман көрөт, ошондуктан тилдей берет деп ойлойт. Ал адашып жаткандыгын сезбейт. Мындай балдар жеткире ойлонбойт. Көӊүлү чөгүп, өзүн-өзү баалабайт. Мындай мамиледен улам ал өз өмүрүн кыюууга да барышы мүмкүн. Ошондуктан ар бир ата-эне өз баласынын туура эмес иш кылып жатканын, анын арты жаман бүтөрүн өз убагында түшүндүрүшү керек. Жылуу мамиле кылып, адашып жаткандыгы тууралуу ынандырышы керек. Аны терс жолдон чыгарып алуу үчүн кандай болсо да көӊүлүн таап сүйлөшүү зарыл.

5. Жыйынтыктоо.

Түшүнүктөрүн бышыктап, сабакты жыйынтыкташат. Кайтарым байланыш жүргүзүшөт.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!