СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ата-энелер жыйналышынын протоколу

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ата-энелер жыйналышынын протоколу, токтому

Просмотр содержимого документа
«Ата-энелер жыйналышынын протоколу»



Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жон айыл өкмөтү №7 М. Мамбеталиев атындагы гимназия мектебинин 8-А классынын ата-энелеринин жыйналышынын

ПРОТОКОЛУ

3.02.2020.

Катышкандар-13

Чогулуштун төрайымы-Жолдошова А.

Соц.педагог-Э.Арапбаева

Каралуучу маселелер:

1. Балдарга карата ырайымсыз мамилелерден сактоо, зордук-зомбулуктардын алдын алуу.

2.”Бир адамдан- бир китеп” акциясына катышуу.

Чогулушту класс жетекчи Жолдошова А. ачты: Урматтуу ата-энелер 2020-жыл “Өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыяланды. Мына ошондуктан балдарга каршы зордук-зомбулук иштерге каршы түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Ата-энелер сиздердин жакшы карабаганыныздардан балдар кыздарыбыз сабактан сырткары жагымсыз окуяга кабылып калып жатат. Кыздар телефондогу бири-бирине берген маалыматтар менен урушуп жатышат.Силер баланын телефонундагы байланышкан адамдар, сүйлөшүүлөрдү текшерип тургула. Кайда, ким менен жүрөт, ким дос баарын билишинер керек.

Соц педагог Э. Арапбаева -Балдардын терс көрунүш жасоосуна, албетте кароосуз калуусу себеп. Карап көрсөк ата-энеси россияда, чон-эне, чон-атада, таята- таэнеде же, агада-энеде калган балдар. Ошол себептен балдарды коргоо жылы деп баса белгиленген . Кээ бир ата-энелер бала тартип бузса мамлекет органдары “айып пул” сала тургандыгын билишпейт,эскертүү кечирим дешет. Ошол эскертүү, кечирим сөзгө чейин баланы карашыбыз керек да. Дайыма көзөмөлдөгүлө! Азыркы коомдо бардык маалымат ачык чыгып жаткандыктан балдар терс нерсени да тез кабыл алып жатат. Телефондон түрдүү маалымат алып жатат, жаш балага терс таасир берет. Мектепке телефон көтөртпөгүлө.Келишимдегини толук аткаргыла да ата-энелер.Ата-эне Сыргабаева Ш. – Туура ата-энелер баланын тарбиясына жооп беребиз, мектеп билим сапатына жооп берет. Биз тартип бузса дароо мектепке оодара салабыз да, өзүбүз эч нерсе билбегендей отурабыз. Мектептен баланын билими жакшы болсо эч качан мугалимин мактабайбыз. Карайлы балдарды, кечинде чыгарабыз, күндүзү колуна акча берип Базар-Коргонго жөнөтөбүз. Биз өзүбуз балдарды карайлы, телефонун текшерели, мектепке алып келбесин. Мен сунуш кылам эгер мектепке алып келсе мугалимдер алып койсун, күбөлүк алган күнү беришсин. Келишимди аткаралы.Ата-энелер бул сунушка макул болушту.

Экинчи маселе боюнча да маалыматын угушту.Мектеп фондуна адабий көркөм чыгарманы алып келип акцияга активдүү катышабыз дешти. Жыйналыш сунуш-пикирлерди угуп, талкуулап





Токтом кылат:

1. Балдардын жүрүш-турушуна, окуусуна ата-энелер же ага жоопкерчиликте болгон адамга милдеттендирилсин.

2. Окуучуларга мектепке уюлдук телефонду бербөө, алып келсе мугалимдерге тапшырып, күбөлүгү менен кошо окуу жылдын аягында берилсин.

3. “Бир адамдан- бир китеп” акциясына бардык ата-эне активдүү катышсын.

Чогулуштун төрайымы: Жолдошова А.

Ата-энелер комитетинин төрайымы: Сыргабаева Ш.









































Базар –Коргон районуна караштуу Бешик- Жон айыл өкмөтүнүн №7 М,Мамбеталиев атындагы

имназия


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!