11 “А”классынын 2015-2016-окуу жылындагы өткөрүлгөн иш чаралар боюнча маалыматтар.
“ Алтын куз” конкурсунда 1-орун
Мамадалиева Айназик - математика сабагынан 3орун - мугалими Чыналиева Э. К. Ажыканова Мээрим- кыргыз тили адабиятынан сабагынан 3орун – мугалими Назаралиева Ш. Кожоматова Айдана – орус тили, адабиятынан 2-орун – мугалими Шаматова А.Р. Жоробаева Гулнур – тарых сабагынан 2-орун – мугалими Батыркулова Ж.
Жакшы окуп, жакшы жүрүшүм, Мектепке кошкон үлүшүм. Обласстык олимпиададагы байгелүү орундун ээлеген окуучулар.
Спорт менен машыгабыз ар качан, Волейболдо болду нечен утуштар. Тогуз коргоол деген салттуу оюндан, Таймашууда бизден озуп ким чыгар.
Окуучулардын арасында “Ден соолук күнүнө” карата жүргүзүлгөн акциялар
Окуп жатып гимназия-мектепте,
Ар тараптуу ийгиликти жараттым.
Жылдын мыкты окуучусу-2016 конкурсунун жеңүүчүсү
Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын 11”А”-класстын окуучусу Талантбекова Айгерим, Эралиева Эльбинанын “Тарых жана маданият” жылына карата жасалган кол өнөрчүлүгү .
“ Биз СПИДге каршыбыз!”
Азамат, Бусурман, Урмат.
Мамадалиева Айназик
1-Сентябрь
23-сентябрь
Тема: Ата-эне болуу бул-чоң жоопкерчилик.
Атанын да, эненин да балдар алдында өз милдеттери жоопкерчилиги бар. Ата балдарынын тышкы дүйнөгө ишенимдүүлүгүн, ийкемдигин, байланышын калыптандырат. Бекеринен кыргыз эли “Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны” деген эмес. Ал эми эне балдарын мээримдүүлүккө, сүйүүгө болгон керектөөсүн толуктап, ички дүйнөсүнүн тынчтыгы жана тең салмактуулугун камсыздайт.
Көбүнчө ата-энелер жумуш, турмуш-тиричиликтен балдарды тарбиялоого колум бошободу деп айтышат. Жумушка байланыштуу үй-бүлөдөн алыста болсо да телефон, аркылуу байланышып, окуусу, жашоосу жана жан дүйнөсүнүн абалы менен кызыгып, руханий керектөөсүн билип турса бул балага дем, күч болот.
Алар ата -энем алыста же жумуштан колу бошобосо да менин окуум жашоомо кызыгат, кам көрөт деп сезип, өзүнүнүн керектигин , баалуулугун түшүнөт. Бул түшүнүк аркылуу ата-эне балдарынын жан дүйнөсүнө жакындай алат.
Турмуш- тиричилик, акча байлык, деп өз балдарына кайдыгер, кош көңүл мамиледе болуп же балдарга зордук-зомбулук менен тарбия берген, сүйүү, мээрим жетишпеген үй-бүлөлөрдө эки түрдүү балдар өсүп чыгат: 1.Эч кимге жана эч нерсеге кызыкпаган, окугусу келбеген, көздөрүндө балалык учкун байкалбаган түнт балдар 2. Эркелетүү, сүйүү, мээримге тойбогон, башкаларга да аны бере албаган ачуулу, агрессивдүү балдар
“ Сөз чакырат, үлгү ээрчитет” –демекчи балдар эң алгач тарбияны ата-эненин жүрүш-турушу, пейили, мамилесин көрүп тарбияланат.
Балдарды тарбиялоодо бир турдуу насаат айтуу менен чектелбестен, турдуу жаштагы, муноздогу балдарды ар турдуу ыкма менен тарбияласа жакшы болот. 1. Ангемелешуу 2. Тушундуруу 3. суроо-жооп 4. Ынандыруу 5. Үйротүү 6. Конуктуруу, машыктыруу 7. Улгу, мисал келтируу. 8. Тапшырма беруу жана аны текшеруу 9. Талап коюуу 10. Турмуштук, проблемалык кырдаалдарды тарбиялык таасир беруудо пайдалануу. 11. Кызыктыруу 12. Эскертуу 14. Сыйлоо, дем беруу 15. Жекече мамиле кылуу
Таланттуу, жөндөмдүү окуучулардын ата-энелери үчүн кыскача усулдук сунуш.
Урматтуу биздин таланттуу окуучуларыбыздын ата-энелери! Сиздердин балдарыңызга табигат башкалардан өзгөчө баалуу жөндөм талант бериптир. Бул талант табигый, кудайдан берилбесе, аны сурап, издеп табуу кыйын. Ошон үчүн таланттын кадырын билүү керек.
Бул албетте анын мугалимдеринин жана сиздердин эмгегиңиздердин натыйжасы. Анткени “Күлүктү саяпкер таптайт”-демекчи, мугалимдер менен сиздердин биргелешкен аракеттериңиздер балаңыздын талантты, жөндөмүн өстүрөт.
өткүр, зеендүү таланттуу, келечектен көптү үмүттөндүргөн балдардын ата-энеси болуу бул-өзү чоң бакыт! Бирок, бул али толук боло албайт. Анткени талант, жөндөм алпештеп сактап, токтоосуз өстүргөндө гана толук жүзүн ачып, сиздерге, эл журтуна жемиштүү кызмат кылып, атак даңка жана урматка алып келет.
Балаңыздын таланттын, жөндөмдүүлүгүн өчүрбөй сактап, изденип, өстүрүү керек. Ошон үчүн сиздерге төмөнкүлөрдү сунуш кыламын.
1. Үй бүлөңүздө балаңыздын таланттын, жөндөмдүүлүгүн баалоо, көңүл бөлүү. 2. Таланттын, жөндөмдүүлүгүн ар тараптан өсүүсү үчүн үйдө шарт түзүп берүү. 3. Балаңыздын жакшы окуп жаткандыгына, жөндөмдүүлүгүнө сыймыктанарыңызды билдирип, колдоо зарыл.
4. Уул-кызыңыздын кызыгуусуна ылайык ошол сабактардын мугалимдери менен байланышып, биргеликте иштөө. 5. Балаңыздын кызыгуусуна жараша, билимин тереңдетүү, жогорку окуу жайларга өтүүгө даярдоо үчүн тереңдетилген сабактарга жөнөтүү.
6. Балаңыздын убакытты туура пайдаланууга, план менен иштөөсүнө көз салыңыз. 7. Мектептеги конкурс, КВН, олимпиада конференция, ж.б. катышуусуна көңүл буруп, бул жөнүндө өзүнөн жана мугалиминен сурап турсаныз жакшы болот.
8. Мектепте ата-энелер чогулушуна, сабактарга катышып, класс жетекчиси, предмет мугалимдери менен баарлашып туруу зарыл. Бул иштер балдарыңыздын жоопкерчилигин көтөрүү, кызыгуусун арттыруу үчүн мааниси чоң.
Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!