Ата-энеңди сыйласаң өз балаңдан сый көрөсүң
Үй-бүлө – бул кичинекей бир мамлекет
Азыркы учурда жаш муундар карыларды мурункудай сыйлабай калды. Ал турсун кээ бироолору ата-энесин кароодон да качышат. Ата-энени карабай койуу кыргыздарда олумго барабар. Эн чон айып жана ошол эле адамдын эмес, бут уруунун, элдин абийрине шек келтирген болгон. Ошондуктан ата-энесин бакпай коюу деген жат корунуш болгон. Азыркы жаштар ар кандай пайдасы болбогон терс корунушторго кобуроок конул буруп, келечегин ойлобой калышты. Ата-энесин сыйлаганды билбеген адамдан башка жакшылык кутууго болобу?
Кыргыз элинде ата энеге урмат сый ото жогору болчу. "Ата -энене кандай мамиле кылсан, карыганда ошону балдарындан кутуп ал" деп бекеринен айтылбаса керек. Ата -энесин унутуп койгондор оздорунун да ата-эне боло тургандыгын эстеринен чыгарган окшойт. Анткени азыркы кай бир жаштар ото жаман иштерге: чылым тартуу , арак ичуу, уурулук кылуу, банги заттарды колдонуу, жана башка ушул сыяктуу нерселердин артынан тушуп калган кези. Албетте, мындай нерселерди баардык жаштар кылып жатат деген создон алысмын. Эн окунучтуусу, ата-энесин урматтоо мындай турсун, оз ата-энесине кол которгондор да четтен чыгат. Кыздарыбыз болсо жасанып алып кочодо баскандан башканы билбей калды.
Кээ бироолору турмушка шылтоо кылып, сойкулуктун сазына батканы журокту ойутот. Мындай кыздар келечекте кантип бироонун суйуктуу жары же эне боло алат? Жада калса, ушунчалык жаман иштерди кылганына карабастан, оздорун акылдуу сезишкени адамдын кулкусун гана келтирет. Уй-булоо куруу, бала остуруу, ата-энени багуу алар учун оор туйшук, «жыргалчылыгына» тоскоол болуп, андай нерселерден кутулуштун аракетин кылууда.
Кыргыздын ушунчалык жогору болгон маданятын, каада-салтын, динин, адеп-ахлагын таштап коюп, европалыктарды туурап жатышат. Европада ата-энени сыйлоо деген жокко эсе. Балким биз да ошондой болуп баратабызбы? Жок! Жараткан озу сактасын! Андай боло турган болсо келечегибиз кандай болот? Ыйык динибиз исламда ата-энени сыйлоо, урматтоо, алардын конулун оорутпоо, башкы милдеттерибизден болуп эсептелет. Алардын конулун жайдары жузубуз, бал татыган созубуз менен которушубуз керек. Керек болсо "уф" деп ушкурунуу да алардын конулун оорутуп коюшу мумкун.
Шарият ата-энеге жакшылык кылууну Алла Таалага моюн сунуудан кийинки эле эн чон ибадаттардын даражасына койгон. Ата - энеге, озгочо, карылык курактарында жакшы мамиле кылуу керек. Ал эми ата-эненин тилин албоо жана аларга унун которуп кыйкыруу же аларды кекетуу чон кунонлордон болуп саналат Ата-эне баласы учун эч нерсесин аябай канча мээнет кылган. Ким болбосун оз баласын келечекте жакшы адам болуусун каалайт жана баласы менен сыймыктангысы келет. Алардын балдары учун соккон журоктору, муздакта жылуулук, ысыкта колоко болууга даяр. Бала кандайдыр бир оорууга чалдыгып калса, эне да аны менен кошо ооруп, баласынын туйшугун кошо тартат. Ата-энелерибиздин кылган кызмат акысынан кутулуубуз мумкун эмес.
Эне баласын тогуз ай бою курсагында которуп журот жана тун уйкусунан калып , толук эки жыл бою баласын карайт. Ага болгон мээримин тогуп чонойтот. Ал эми торош учун чон операцияга, а тугул олумго да дуушар болгон энелер да аз эмес. Энеге озгочо урмат-сый корсотуубуз керек.
Пайгамбарыбызга (с.а.в.) бир жолу сахабалардан бироо келип: -Менин жакшылык кылуума эн татыктуу ким?- деп сурады. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ага:
-Энен,-деди -Андан кийинчи?- деди берки жана бул суроосун ал уч жолу кайталап бергенине карабай, учооно тео «энен» деп жооп алды. Тортунчусундо гана "атан " деген жоопту айткан. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бир хадисинде: "Бейиштин ачкычы эненин таманында" деген. Дагы бир хадисинде мындай буюрат "Ата-энесин нааразы кылган кудайды нааразы кылган. Ата-эненер силердин бейиш дарбазанар, кааласанар аны тургузуп койгула, кааласанар аны бузуп салгыла". деп айткан.
Карыганда балдары тарабынан каржылануусу, жылуу мамилеге, урмат-сыйга болонуу ата-эненин акысы. Аны бузууга бир да кишинин укугу жок. Жогоруда айтылган аяттар жана хадистер ата-энеин карабай коюу кандай чон куноо жана жаман, ыплас,адамгерчиликке жатпаган иш экендигин коргозуп турат. Бир аксакал шаарга уулуна барып, анын машинасы менен кетип бара жатып, шаардын ичиндеги кооз имараттарды коруп баласына улам: "Бул эмне ыя, уулум"-деп сурайт. Баласы эки уч жолу бул деген мындай уюм, бул деген мындай нерсе деп жооп берет. кайра кайра сураганынан ачууланып, атасына: "Ой жарыктык десе, ар нерсени эле ушунтип сурай бересинби? деп урушуп жиберет. Антсе атасы: "Ой уулум,сен кичине кезинде билесинби, мен сени, атка учкаштырып алар элем, анан сен менден мин жолу:" бул эмне? тигил эмне?",-деп сурай берчусун. Мен сенин башындан ооп : "Оо акылынан айланайын, бул деген мындай нерсе, тиги деген тигиндей нерсе"-деп эч чарчабай жооп бере берчу элем. А мен сенден эки-уч нерсени сурап койсом ачууланасынбы" . деген экен. Ата-эненин кылган жакшылыктарын эч качан унутпашыбыз керек. Ата-энеге коргозуло турган кээ бир тартиптер бар, бирок алардын шартына жана муктаждыгына жараша аткаруу керек.
1.Аларга эч качан "уф"деп ушкурунуп нараазы болбоо, тескерисинче алардын буйруктарын аткарууга ар дайым даяр болуу.
2.Алардын талабын жана буйруктарын эн биринчи кезекте аткаруу.
3.Аларга кыпындай да оройлук кылбоо,озгочо алар карыганда алардын ыраазычылыгын алуу.
4. Аларга муктаж жана зарыл болгон нерселерди алып беруу жана каржылоо.
5. Сапарга чыгуудан мурда алардан уруксат суроо жана ажылыкка же Алла жолунда согушка чыгууда алар менен макулдашуу.
6.Жогоруда айтылган хадистедегидей атага караганда энеге кобуроок жакшылык кылуу.
7.Алар бул дуйнодон откондон кийин аларга дуба кылуу жана осуяттарын аткаруу жана алардын досторун зыяраткылып туруу, бул эн жакшы иш болуп эсептелет.