СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ата-энени урматтоо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ата-энени урматтоо озуйпасы берилди.

Просмотр содержимого документа
«Ата-энени урматтоо»

АТА-ЭНЕНИ УРМАТТОО ОЗУЙПАСЫ

Ата-эне кандай сенин заараңды жийиркенбестен тазалаган болсо, сен дагы аларга ошондой кызмат кылышыңды, аларга жаман сөз айтууга болбостугун Дур Мансур деген адам жакшы айткан экен.

«Сен аларга жумшак, сылык сөз айт».

«Алар сени чакырса, сен эки жолу: «Кызматыңа даярмын»,- деп айт».

«Күнөкөр кул ээсинин алдында кандай коркуп сүйлөсө, так ошондой акыбалда ата-энеге сүйлөө керек».

Апасын көтөрүп алып ажылык кылдырып келген бир киши Пайгамбарыбыздан: «Энемдин акысын актардымбы?!»-деп сурайт. Пайгамбарыбыз: «Бир дем алуусун, тамчы сүтүн да актай албадың»,- деп жооп берет.

«Ата-энеңе сүйлөгөндө, колуңду көтөрбөй сүйлө».

- Мен эң биринчи кимге жакшылык кылуум жакшыраак?- деп суроо салат бирөө. Пайгамбарыбыз:

- Энеңе, - деп жооп кылат.

- Андан кийин кимге?

- Энеңе.

- Андан кийин кимге?

- Энеңе. (1. Бойдо көтөрүп жүрүүсү; 2. Төрөтү; 3. Эмизүүсү үчүн).

- Андан кийин кимге?

- Атаңа.

Өскөналиев Нарынбек Абылович