СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ата мекенди коргоо биздин милтетибиз

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ата мекенди коргоо биздин милтетибиз»

4. Ата-мекенге кызмат кылуу – баарыбыздын милдетибиз.

А. Окуучуларга суроолор

  1. Мекенге кызмат кылуу деген эмне жана ага кантип кызмат кылса болот?

  2. Силер өз мекениңер үчүн эмне кылгансыңар?

  3. Элдин патриоттук сезимин канткенде ойготсо болот?

Б: Теманы түшүндүрүү

Ата-мекен – корголоп, уялап, жакындарыбыз менен бакыт издеп жашаган жер. Мамиле курабыз, эмгектенебиз, эс алабыз. Ата-мекен - ырыскыбыз чыккан жер. Коркпостон эмгектенип, адал эмгегибиз менен наныбызды тапкан жер. Ата-мекен - киндик каныбыз тамган жер. Төрөлүп, бапестелип, илим-билим алып, эрезеге жеткен жер. Ата-мекен – ата-бабаларыбыздын кылымдар бою ички жана сырткы душмандардан коргоп, бизге мурас жана аманат катары таштап кеткен жер. Аны коргоо жага кийинки муунга калтыруу биздин ыйык милдет.

Жакшыга жетүү кыйын, ал эми жакшыны колдо кармап калуу андан да кыйын. Өлкөбүздүн тынчтыгын жана бейпилдигин сактап калуу үчүн ата-бабаларыбыз канчалаган салгылашууну башынан өткөргөнүн тарыхтан билебиз. Дүйнөлүк аренада башка мамлекеттерден артта калбаш үчүн кандай гана эмгек жасалбаганын жа жакын тарыхтан билебиз. Салынган завод-фабрикалар, иштетүүгө киргизилген талаалар, казылып алына баштаган кен-байлыктар – улуттук байлыгыбыз. Сактап калып, өнүктүрүп, өнүгүүнүн дагы да жаңы багыттарын ачып кийинки муунга мурас калтыруунун амалдарын өздөштүрүшүбүз керек.

Ата-мекенге кызмат кылуу - бул ар бир адамдын ыйык милдети. Аны аткарбай туруп адам эч качан мамлекетке же жашаган жерине, жанындагы элине нааразы болгонго акысы жок. Бул жерде, канткенде ата-мекенге кызмат кыла алам деген суроо пайда болот. Мекенге кызмат кылуу ар түрдүү болот. Булар:

Элин-жерин сүйүү, коргоо жана колдоо. Ар бир атуул элинин намысын, наркын жана маданий баалуулуктарын коргой билиши керек. Элин ойлоп, ар бир адамды жакшылыкка чакырып, аларды колунан келгени менен камсыз кылуу, жардам берүү, калыс мамиле жасоо, эч биринин акысын жебөө, уурулук кылбоо - бул мекенди колдоо жана коргоо дегенди түшүндүрөт. Душманга элин, жерин сатпоо, душман элге улуттун сырларын ачпоо, кол салган душманга колу менен, тили менен, акылы менен туруштук көрсөтүү мекенди чын дилден коргоо дегендик.

Жан дүйнөсү менен берилип, таза иштөө. Ар бир атуул, кандай кесиптин адиси болбосун, өзүнүн ишин так жана таза аткарса, ал мекенине кызмат кылган болот. Врач чын дили менен иштесе мекендештери оорулуулардын саны аз болот, мугалим чын дили менен иштесе билимдүүлөрдүн саны көп болот, милиция кызматкери таза, чынчыл болсо кылмыштуулук аз болот. Кыскасы, ар ким ишин “элим үчүн, жерим үчүн” деп аткарса, таза иштесе, элибиздин жашоо стандарты жогору болмок, калкыбыз бейпилдик жана токчулукта жашамак.

Өз тарыхын унутпоо, каада-салтты көздүн карегиндей сактоо. Тегин унуткан манкурт болуп эсептенилет. Ал эми манкурттун элге да, жерге да зыяны гана тиет. Жакшы менен жаманды айырмалай билүү, жаш муунга жакшы насыйкат калтыруу да мекенге кызмат кылуу демек.

Канчалаган элдер тарыхтан жок болуп кеткен! Канчалаганы ар кайсы чоочун өлкөлөлөрдө баш калкалап жатышат! Ошондуктан, сактап калган жерибиз, салтыбыз, тарыхыбыз үчүн ата-бабаларыбызга терең таазим кылуу менен мекенди бизден кийинки муунга да мурас кылып өткөрүп берүүгө тийишпиз.

Сөздүн акырында Туркиянын Стамбул шаарында болгон окуяны кошуп кетмекчимин. Туркиянын эң эски жана тарыхый жактан зор мааниге ээ болгон Селимие мечитинин курулушу жүрүп жаткан. Ал жердеги эң оор болгон таштарды бөлүп тегиздөө иштеринде иштеген жумушчулардын ой пикирин билүү максатында Мимар Синан (мечиттин архитектору) алардын жанына барат. Алгач кезиккен ишчиден: «Тууган, эмне кылып жатасың?» - деп сурайт. Ошол эле замат: «Сен эмне көрсүңбү? – деп бакырат ал ишчи. – Мына бу кесилиши мүмкүн болбогон таштарды кесип, уста башчысынын каяктагы бир буйругу менен күн мээни кайнаткан ысыкта тозоктун ишин кылып жатамын». Мимар Синан ал жерден тез узап кетет. «Кайрымдуу иш кылып жатканы менен элдин баары ушундай ойлойбу?» - деп санааркай баштайт ал. Ошол эле ишти кылып жаткан экинчи кишинин жанына барат да ага суроосун кайталайт: «Тууган, эмне кылып жатасың бул жерде?» Ишчи: «Бул аска таштарын биздин уста башчысынын айтуусу боюнча планга ылайык жайгаштыруу үчүн формасына тууралап кесип жатам. Иш оор, кызыксыз, бирок үй бүлөм үчүн акча керек. Эмнеси болсо да ишим бар, бош жүргөн жокмун. Ак эмгек менен адал нан таап жатам. Ошого да шүгүр деп иштеп жатам. Мындан да жаман болушу мүмкүн эле да». Бир аз өзүнө келген Мимар Синан үчүнчү ишчиге барат да ошол эле «эмне кылып жатасың?» деген суроону берет. Анда ал ишчи: «Көргөн жоксуңбу, - деп колун көккө жаят, - Зор мечит салынып жатат бул жерге, а мен ошол мечиттин салынышына өз салымымды кошуп жатам. Урпактарга мураска калуучу улуу мечитти салууга ак эмгегимди жумшап жатам. Балдарыбыз жана неберелерибиз бизди кийин бизди ушул эмгегибиз менен эскерип турат. Бул улуу иштин кыйынчылыгын биз тартсак дагы жыргалчылыгын балдарыбыз көрөт эмеспи. Демек, бул жакшы иш».

Токтобостон, жүрүп жаткан эбегейсиз чоң курулуш бар, бул - өлкөбүз Кыргызстан. Жогоруда айтылган үч ишчинин кайсынысы биздикине туура келет. Ар дайым нааразы болгон биринчисиникиби? Же күнүмдүк жашоосуну тегиз кеткен экинчисиникиби? Же жасап жаткан ишинин жөнөкөй иш эмес экенин баамдап, аны кийинки урпактарга татыктуу кылып таштап кетүүнү эңсеген үчүнчүсүнүкүбү? Аны тандоо да өз колубузда. Кайсыл жерде, эмне гана иш кылбайлы, ал иштин кийинки урпактарга таасири тие турганын унутпаш керек.


В: Аңгеме.

Француз аскери 1809-жылы Венага карай чабуул баштайт. Офицерлерден бири бир дыйканды карматып келип, өздөрүнө жол көрсөтүп берүүсүн талап кылат. Анткени француздар жолду билбегени үчүн туура эмес багытка кетип калуудан чоочулашты. Анын үстүнө кечинде бир баскын жасоону да пландап жатышкан. Бирок дыйкан жүрөктүүлүк менен минтип кыйкырды: «Кудай мени мындай кыянатчылыктан алыс кылсын. Мен эч качан мекениме чыккынчылык кылбайм». Офицер эмне кылаарын билбей, тайсалдай түшөт. Бир жол көрсөткүч болбосо, чабуул жасоо мүмкүн эмес эле. Ал эми дыйкан мекенимди сатпайм деп көшөрүп болбой койду. Командир ага бир кесе алтын берем деп убада кылды эле, жакыр дыйкан ага да болбоду. Ага чейин душман ордосунун калган бөлүгү да арттан жетип келди. Генерал туткун дыйкандын жол көрсөтпөйм дегенин укканда жаалданды. Жолду билген жалгыз кишинин бул милдетти кабыл албашы пландын ойрондолушуна себеп болмок. Генерал дыйканга: «Же бизге жол көрсөтөсүң, же сени атып өлтүрөбүз» дейт. Дыйкан тартынбастан: «Журтуна кыянаттык кылган киши катары тирүү жүргүчө, өлгөнүм миң эсе артык» деп жооп берет. Генерал мекенин сүйгөн дыйканга: «Сени кечирдим. Азамат жигит экенсиң. Эсен-аман элиңе кетип кал» деген экен.

Г. Накыл сөздөр

Мекениңдин кадыры башка жакта билинет.

Эл үмүтүн эр актайт, эр атагын эл сактайт.

Эл үчүн эзил, калк үчүн кыйнал.

Эр жигит эл четинде, жоо бетинде.

Атажуртуң — алтын бешигиң.

Д. Ыр саптары

Ата-журт кыйын күнгө кабылганда,

Айлансын ар-бир уулу чагылганга. (Ж. Мамытов)










Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!