СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ата Мекенди коргоо күнү боюнча тарбиялык саат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ата Мекенди коргоо күнү боюнча тарбиялык саат»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРУУ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТИРЛИГИНЕ КАРАШТУУ

«№96 НАСЫР ПРИМБЕРДИЕВ» А.О.М.

Тема: Коомдун, мамлекеттин, Ата Мекендин алдында адамдын атуулдук милдеттери.

Отуулуучу класс:11

Сабактын максаты: Окуучуларга коомдун, мамлекеттин, Ата Мекендин

алдында атуулдук милдети жөнүндө түшүнүк берүү.

Доскада “Бөлөк элдин султаны болгуча, өз элиңдин ултаны бол”,-деп

жазылган.

Жаңы тема: Мекен деп – жети атам жашап өткөн, адамдын киндик кан

тамган жерин аташат. Ар бирибиздин туулуп өскөн, тарбия көргөн, агарып-

көгөргөн жерибиз, элибиз, коомубуз – бул Мекен. Камкор атабыздын, он ай

көтөрүп, омурткасы сыздап, төрөгөн, ак сүтү менен оозанткан, бешик ырын

ырдап, тилибизди чыгарган, карегибиз менен тең айланып, арзуу-тилегин

тилеп, уядан учурган апаларыбыздын, чоң энелерибиздин эли-жери. Мекен –

бул дүйнөгө алып келген бабалардын мурасы, ал Кыргызстан деп жүрөгү

соккон жалпы калкыбыздыкы. Бала төрөлгөндө мамлекет тарабынан анын

саламаттыгы, ырыскысы камкордукка алынат, тамга үйрөтүлөт, билим

берилет ж.б. Ошондуктан ар бир жарандын Мекен алдында милдети бар.

Мен мекенчилмин, патриотмун, улутумдун күйөрманымын, деген сөздүн

маанисин түшүнөбүзбү? Мекенчилдик, улутту сүйүү, татыктуу жаран болуу

канчалык оор, татаал, ошол эле мезгилде сыймыктуу милдет экенин

аңдайбызбы? Адамдын Мекен алдында төө көтөргүс жоопкерчилиги болуш

керек, бирок аны элдин баары эле түшүнө бербейт. Ошондуктан сөз менен

иш, асман менен жердей ажырымга айланып кеткен. Мекенчилдик адамдан

руханий да, эмоционалдык да, физикалык да, интеллектуалдык да туура

таалим-тарбияны, чоң даярдыктан өтүүнү талап кылат. Мекенчилдик сөз

менен эмес, иш менен аныкталат.

Мекенчилдикти ар ким алган таалим-тарбиясына, аң-сезиминин жана

билим көрөңгөсүнүн деңгээлине, акыл-жүрөгүнө сиңген дөөлөттөрүнө

жараша ар кандай түшүнөт. Алардын бирөөсүнүкүн туура, экинчисин туура

эмес деп баалоо кыйын, анткени ар кимдин өз чындыгы бар. Наполеон,

Гитлер, Муссолини ж.б. өздөрүн мекенчилмин деп эсептешкен. Алардын

чындыгы” адамзаттын башына түшкөн зор азаптын башаты болгону

тарыхта белгилүү. Өлкөдө тарбия оңолбосо, ар бир адам өзүн өзү көзөмөлгө алып, өзгөрбөсө,

ал өлкөдө коомдук аң-сезим өзгөрбөйт. Коомдук аң-сезим өзгөрбөсө, ал коом

өнүкпөйт. Элдин ниети, ою, пейили оңолсо, жетекчиликке адилет таза лидер

келет, ошондо Мекен оңолот.

Ааламдашуу доорунда Россия менен Казакстанга ж.б. өлкөлөргө

миллионго жакын мекендештерибиз жер которууга аргасыз болушту.

Алардын балдарынын “киндик кан тамган жери” ошол төрөлүп, өскөн жери.

Кыргыздар муну бекеринен белгилешпейт, анткени алгачкы ырыскысы,

чөйрөсү, достору ошол жерде насип болду. Мамлекет тарабынан атуулдук

берилди, чыгымдары моюнга алынды. “Бир күн даам таткан жериңе миң

жолу салам бер”-деген акылман сөз элибизде бар, андай жакшылыктарды

элес албай койчу кесирдик элибизде жок. Ал эми кыргыз жери алар үчүн

тарыхый Мекен болуп саналат. Алардын тарыхый Мекенине карата

күйүмдүүлүгү алган тарбияларынан көз каранды. Чөйрөнүн таасири зор

болот, адам өзү аракет кылбаса, доор алмашкан сайын, тарыхый Мекен, үрп

адат, салт-санаа, эне тили унутулуп, башка тилди сиңирип кетчү сапат бар.

Азыр “Жыргаган жериң – мекениң” деген көз караштагы адамдар бар.

Ар-намысы, эси бар, атуулдук милдетин түшүнгөн жакшы адам үчүн – өтө

пас, жат психология мына ушул нерсе.

Кыргызстанда кыргыз, орус, өзбек, татар, түрк, уйгур ж.б. улуттар

жашашат. Өз улутун (этносун) башкалардан артык, мыкты көргөн, аны

саясий, экономикалык, гуманитардык үстөмдүгүн камсыздоо ниетинде башка

этносторго, алардын маданиятына, тилине, дөөлөттөрүнө толерантсыз

мамиледеги адамдарды улутчул дешет. Улутчулдук – коомго, мамлекетке

зыяндуу нерсе. Башка элдердин кемчилигин издөө – күнөө. “Бирөөнүн 99

кемчилдиги болуп, бир артыкчылыгы болсо, ошол артыкчылыгын байка” –

деп келген ата-бабаларыбыз. Саны ондогон, жүздөгөн, миллиондогон ж.б.

этностор бар. “Бул улут жаман” деген туура эмес. Адам тигил же бул улутту

өзү тандабайт, төрөлгөндө эле бир улуттун өкүлү болуп калат. Бул жерде

анын күнөөсү жок. Мекен да, улут да ата-эне сыяктуу, үчөө тең тандалбайт.

Алар балага камкордук көрөт. Демек, ата-эненин алдында милдет-парзың

болгондой эле, Мекендин, улуттун алдында да милдетиң бар. Анткени

Ааламга келериң менен абасы, суусу, ырыскысы насип болгон. Ошондуктан

Мекенди, элди, үй-бүлөнү коргоп жатып, курман болгондорду шейит кетти

деп урмат менен эскеришет. Мекенди сүйүү – ыймандан. Улуу Ата Мекендик

согуштун катышуучуларынын баары, согушта жүргөнүндө “Ата журтумдун

чекесин көрүп өлсөм, арманым жок”-деп ойлогонун эскеришет. Москвада

жашап, иштеп жүрүп, сөөгүм Кыргыз жергесине коюлбай калды деп өксүгөн

И.Раззаковдун аянычтуу тагдырын эскерели. Советтик армияда кызмат

кылгандар Мекенине кетчү ар бир күнүн календардан белгилеп эсептешкен.

Алтын капаста эчтемеден кем болбой багылган булбулдун “Алтын

уям” деп зардап ырдаганын түшүнүп, аны коѐ берип, артынан аңдып барып, булбулдун дарактын учундагы чириген чырпык-ылайдан курулган эски

уясына учуп жетип, “Алтын уяма келдим” – деп кубана сайраганына күбө

болгон хан жөнүндө икая бар. “Капчыгың пулга, ашканаң унга толуп,

эчтемеден кем болбой, хан сарайда жашасаң да, бөлөк эл, бөтөн жерде өз

Мекениң көздөн учуп, куса болоруңду АКШда, Японияда өткөргөн үч жылда

аябай түшүндүм. Ошондой бакубат бай өлкөлөрдөгү жашоо кыйын күндөрдү

кечирип жаткан Кыргызстан деген алтын бешигимди алмаштыра албайт.

Өзгө жердин султаны болгуча, өз жериңде ултан бол -деген кептин

айыпсыз акыйкат экенин ошондо түшүндүм. Алар менин атымдан атабай,

кыргыз киши” деши адам биринчи кезекте атанын уулу эмес, элдин,

Мекендин атуулу экенимди акылыма салды”, – деп жазат Нуржигит

Кадырбеков.

Мекенчилдик сөз менен эмес, иши менен аныкталчу нерсе. Жакшы

жүрүм-турум, терең билим, көркөм өнөр, жакшы адеп-ахлак, адилеттүүлүк,

эмгекчилдик, жоопкерчилик, болгонго шүгүр кылуу ж.б. – мекенчилдиктин

көрсөткүчү. Бул сапаттар аркылуу бир гана өзүң тууралуу эмес, элиң,

Мекениң тууралуу жакшы пикир жаралышына себеп болосуң. Муну менен

Мекениңдин душманынын азайышын, досторуңдун көбөйүшүн,

коопсуздугун кепилдейсиң.

Адал тамак менен үй-бүлөсүн баккандар, кошуна-колоңдор, тууган-

уруктар менен катышкандар, оору-сыркоодон кабар алып, муктаждарга

жардам бергендер, алсызга колун сунгандар – чыныгы мекенчилдер. Анткени

Мекендин өзөгүн адамдардын ортосундагы карым-катыш түзөт.

Мекенчилдик – мамлекетиңдин эртеңкиси, азыр кылган ишиң –

эртеңкинин жакшы болушуна бүгүн кошкон салымың. Шайлоодо адилет

өкүмдарга добуш бер, убалдан корккон адамдын бийликке келишине себеп

бол, бирөөнүн зулумдугун колуң менен же тилиң менен токтотконго аракет

кыл. Адилетсиз падышалуу мамлекеттин келечеги кең болбойт, Напалеондун

Франциясынын, Гитлердин Германиясынын өмүрү кыска болду. Зулумдук

узап кетпейт, өзүңө кайрылып келерин унутпа. Башкалар үчүн кандай тилек

кылсаң, өзүңө кайрылып келет, адамдарды жакшылыкка чакыр, жамандыктан

кайтар, ошондо улутуңдун, Мекениңдин “дарагынын тамырына суу

куйгандай” иш кыласың.

Бышыктоо: Кыргыздар байыркы, чакан элбиз. Шүгүрчүлүк, мамлекет

болуп, дүйнөгө таанылдык. Бириккен Улуттардын Уюмунун эки жүзгө

жакын мүчөсүнүн бирибиз. Эгемендүүлүк имаратын эми кура баштадык.

Дүйнөдө көп эл бизди билбейт. Эл аралык уюмдардын эсептеп чыгарган

индекси боюнча 200 өлкөнүн экинчи жарымында жүрөбүз. Канткенде

оңолобуз? (окуучулардын пикирин угат).

Болжолдуу жооптор: Мекенибиз – ар бирибиздин портретибиз. Дүйнөдө

анын баркы жогору болсо, ар бирибиз үчүн – сыймык. Андай абалгажеткирүү – ар бир жарандын милдети, ал ар бир жарандын ишине, жүрүм-

турумуна байланыштуу. Улуу эл деген болбойт. Элден улуу инсандар,

генийлер чыгат. Алар канчалык көп болсо, ошолордун аркасы менен элди

улуу эл деп таанышат. Адам баласынын баары эле гений болуп жаралбайт.

Ар бир адамдын маданияттуу, жаратман-ишкер болууга мүмкүнчүлүгү бар.

Аны үчүн эрк, аракет, эмгек, билим керек. Өз улутуңдун кызыкчылыгы үчүн

аракетте болуу – жакшы жышаан, бирок ошол кызыкчылыктын өзөгү кайда

экенин билиш керек, өз улутун ашкере көкөлөтүү башкаларды кемсинтүү –

улутчулдук, ал улут аралык кагылышка түртүп, мамлекетиңе зыян алып

келет.

Окуучуларга төмөнкү сүйлөмдөр жазылган карточкаларды таратып

берет, аны окуп, жыйынтык чыгаргыла. “Эгер Ата Мекен коркунучта болсо,

бүт нерсе коркунучта” (George Jacques Danton), “Мамлекеттик ишмер

чындыкты айтыш керек, унчукпаганы – алдаганы” (Сен Жан Перс), “Мекенге

болгон сүйүүнү ойготуу үчүн башка өлкөдө мусапыр болуп жашаш керек”

(William Shenstone), “Адам Мекенин сүйүш керек, анткени анын эркиндиги,

бейпил турмушу, бактылуулугу жана акысы-укугу Мекендин бардыгынан

камсыздалган” (Намлык Кемал), “Мекен – ден соолукка окшош, ажырап

калган соң сезесиң” (Сулайман Нафиз), “Мекен аракетчил, мээнеткеч

адамдардын арты менен агарып-көгөрөт” (Тевфик Фикрет), “Мекен үчүн

жашоо, Мекендин өнүгүп-өсүшү, илгерилеши үчүн кызмат кылуу, Мекен

үчүн курман болгончолук бийик мартаба” (Григорий Петров).

Мугалим: Мекенчилдик, улутту сүйүү жөнүндө кандай ырларды билесиңер?

Улутту кимдер сүйбөгөн,

Улутчул дешет билбеген,

Кызыл эт чактан торолуп,

Кыялым көккө үндөгөн,

Кыргыз” деп айтып жар салып,

Кыргыз” деп өтөм дүйнөдөн (Байдылда Сарногоев).

Мекенин кимдер сүйбөгөн,

Мекеним Мисир дүйнөдө.

Мекен деп согот жүрөгүм,

Мекен деп өтөм дүйнөдөн.

Эми сабакты жыйынтыктайлы. Биздин мамлекетибиз тарыхый

жазмышыбызга байланыштуу көп этностордон куралган өлкө. Алардын көбү

ушул жерде туулуп өскөн. Арасында өлкөбүздүн келечеги үчүн күйүпбышкан патриоттор бар. Ар бир этностун өз орду бар, жасап турган иши бар.

Ошол сапаттарын колдонуп, өзүбүзгө шериктеш, максатташ кылып алуу –

биздин мойнубуздагы милдет. Мыйзам боюнча баарыбыздын укугубуз тең,

бирок мекенибиздин уңгулуу улуту кыргыз болгондуктан, келечек үчүн

жоопкерчилик биздин мойнубузда. Биз башкалардан кем да, артык да

эмеспиз. Алдыга өнүгүп кеткен элдердин жасаган иши биздин да колубуздан

келет. Биз да өлкөбүздү башкалар суктангыдай бийик деңгээлге көтөрүүгө

мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ынтымак орносо, жоопкерчиликтүү жана эмгекчил

болсок, ага өбөлгө түзүлөт. Өлкөбүздү бөлүүнү каалаган арам ойлууларга

тийиштүү ордун көрсөтүүбүз – парз, бирок аны олдоксон иш жасабай,

аткаруу керек. Түштүктөгү трагедиялуу окуянын элибизге канча зыяны

болду, андай окуяны болтурбай коюу – мамлекетибиздин, элибиздин

милдети. Мекенчил адамда башкача дух болот. Менин элим убайын

көргөндөй бир иш кылайын, жүзүм эл алдында жарык болсун, ак иштеп,

ордумду табайын, элимди уят кылбайын, жүзүм элдин алдында жарык

болгудай жашайын,-деген ой, аны ишке ашырыш үчүн билим, аракет, эрк

болсо, ар бир жаран милдетин аткарат. Ушул нерселерге бел байлаган адам –

мекенчил адам. Бул өтө бийик талап-идеал катары туюлушу мүмкүн. Идеалга

жетпесең да, жакындайсың, ошонун өзү жеңиш. Баарына атуулдук милдетин

жакшы аткарууну насип кылсын!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!