СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ата-Мекенди коргоо-ыйык милдет.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ата-Мекенди коргоо-ыйык милдет.»

Тема:Ата-Мекенди коргоо-ыйык милдет.



Сабактын максаты:

1)Ата-Мекен жөнүндө кеңири маалымат берүү жана аны коргоо,сактоо,анын өсүп-өнүгүүсүнө кантип салым кошууга,Мекенге болгон сүйүүсүн козгоого багыт берүү.

2)Эр жигиттердин өз журттун коргоого даяр болууга,аскерден качпай атуулдук парзын татыктуу аткарууга тарбиялоо.

3)Бирин-бири сыйлап,уга билүүгө,ар бир ой маанилүү экендигин түшүндүрүү.

Сабактын жабдылышы:

Керектүү адабияттар,слайд,видео материалдар,таркатмалар,сүрөттөр.ж.б.

Сабактын жүрүшү: Сабак гимн менен башталат.

Мугалимдин сөзү.

23-февраль-Ата-Мекенди коргоо күнүнүн тарых таржымалы.

Кыргызстанда Ата-Мекенди коргоочулардын күнү белгиленип келет баарыбыз билебиз.Мурда Советтик Армиянын күнү деп белгиленип келген. 23-февраль,Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө ээ болгондон кийин Ата-Мекенди коргоочулар күну деп аталып,бул күн майрам катары,эс алуу күнү деп жарыяланган.

СССР ыдырагандан кийин деле 23-февраль Кыргызстанда мырзалардын майрамы катары эсептелип калган.Айрыкча жаш муундун өкүлдөрү бул күндүн маанисин элес деле албай майрамдашат.Жаштардын көпчүлүгү бул эмне болгон майрам экенин жакшы биле бербейт.Айрыкча аскер катарында кызмат өтөбөгөн, армиядан тушунугу жок жаштар бул кунду жөн гана мырзалардын майрамы катары билишерин айтууда .

Бул кун советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн улуу муундун өкулдөрунун журөгунө жакын :

1918-жылы дал ушул куну кызыл Гвардия отряды Германиянын аскерлерин Псков жана Норва аймагынан алгачкы жолу женип алган.

Бул алгачкы жеңиш ≪Кызыл Армиянын туулган куну ≫ деп аталып калган.

1922-жылы бул дата расмий турдө кызыл Армиянын куну деп жарыяланган.Кийин СССР маалында буткул элдик майрамы 23-февраль Советтик Армия жана аскер дениз флотунун куну деп жыл сайын белгилене баштаган.

Советтер Союзу тарагандан кийин Кыргызстанда бул дата 2003-жылдан тартып жалпы элдик майрам катары киргизилген.Ошондон бери бул кун Ата-Мекендик коргоочулардын куну деп белгиленип келет.

Мадина: Тынчтык болсун мекенимде ар дайым

Коргоочулар амандыгын каалайым

Душман көрбөй дуйнө менен тендешип

Узун болсун өмурунөр ылайым

Элиза: Мен кыргызмын, кыргыз болуп торолгом

Элим кыргыз,жерим кыргыз мен оскон

Каным кыргыз, жаным кыргыз болгон сон

Жашап отом кыргыз бойдон дуйнодон

Улугай: Тоодо жашап сырын тарткан жылдыздын

Мен уулумун таза кандуу кыргыздын

Жигит болуп торолгон сон ааламга

Асабасын бийик кармайм кыргыздын

Ясын: Четке туруп уйронобуз жоо сырын,

Эрдигибиз жашагандай коп кылым.

Туболукко тунок тапкан журоктон,

Жоо сурдоткон кулунубуз кыргыздын.

Зайтуна: Коп тиреп монгу каптап турат башын

Тазалык аруулук бар тоого жакын

Башка элдин алтынына алмаша албайм

Ала-Тоомдун тырмактай кара ташын

Байэл: Коздой ыйык туткан эмне ?

−Ак калпак кыргыз элим

Казы: Туудай бийик туткан эмне ?

−Ала-Тоодой кыргыз жерим

Даниел: Колдой турган пириң эмне ?

−Эр Манас, Ата-Мекен

Нурсултан: Жолдой турган ырын эмне ?

−Ар намыс ,ата мекен

1.хор ≪Офицерлер ≫

2) Окуучулар даярдаган көрүнүштөрүн көрсөтөт.

3)Аскерге барып кызмат өтөп келген аталарыбыз оз ойлору,пикирлери

менен бөлүшөт.

4)Окуучулар макал-лакап айтышат.

Эр жигит эл четинде,жоо бетинде.

Эр элдин көркү,токой жердин көркү.

Эр жигит баркын эл билет.

Жамандан жазган,иттен иймен,элиңди сүй.

Уят өлүмдөн каттуу.

Баатыр бир өлөт,

Коркок миң өлөт.ж.б.у.с.

Слайд көрсөтүлөт.”Карегимде-Ата-Журт”-деген темада.

“Менин Ата-Мекенимдин өнүгүүсүнө кошкон салымым”-деген теманын астында өз ой-пикирлерин айтып беришет.

А.Осмоновдун “Ата-Журт”ыры менен сабагыбызды жыйынтыктабыз.

Жазда башка жел тийбесин абайла.

Көпкө турбас мобул турган сур булут,

Бүт дартыңды өз мойнума алайын,

Сен ооруба,мен ооруюн Ата-Журт!...




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!