СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Атабеков Каба жана Чоюке Өмүр уулу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Атабеков Каба жана Чоюке Өмүр уулу»

Атабеков Каба

(1926, Тоң району) –белгилүү манасчы. Кыргыз Республикасынын эл артисти.

Кыргыз журтчулугуна кадимки чоң манасчы Мамбет Чокморовдун шакирти катары таанымал. Атасынан эрте ажырап, турмуштун кыйынчылыгын тарткан экен.

Манасчынын эскерүүсүнө караганда атасы элдик ырларды, легенда, жомокторду көп айтчу, ал эми энеси айылдагы мыкты кошокчу, жамакчылардан болуптур.

Атабековдун ырларды, ар кандай майда оозеки чыгармаларды, эпостордон уккандарын теңтуштар арасында айта коюп жүргөнү, кийин эпос айтып калуусунун баштапкы баскычы болгон.

Чоң манасчы М. Чокморовдун колунда тарбияланып, үйрөнүп, эки жыл жүгөн. Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин айтуу манерасы, чоң таасир берген.

Ш. Азизов менен болгон алакасы, бири-бирине атаандашып, күч сынаша “Манас” айтыша жүргөнү да эки манасчынын тең чыгарманын чыңалышына көмөк болгон.

Атабеков оозеки үлгүнү табигый түрдө кабылдап, салттуу поэзияны улантып сактай билген, айта келген манасчы, ошону менен катар китептик үлгүнү да мыкты өздөштүргөн.

Азыркы учурда “Манас” үчилтигин толугу менен кагаз жүзүнө түшүрүүдө. Кол жазмадан болжол менен 64.512 ыр сабы бар.

Ал эми КРУИАнын алтын фондусуна №217 инв. да үч кичине дептер кол жазмасы сакталууда.

Ал “Чоң Казат окуясынан” “Жылкы тийүү” деп аталат. Негизинен Сагымбай Орозбаковдун жана М. Чокморовдун варианттарына жакын.

















Өмүр уулу Чоюке

(1863–1925) бугунун арыкмырза уруусундагы байым уругунан чыккан белгилүү манасчы 1863-жылы Ысык-Көлдүн Түргөн болуштугуна караштуу Кара-Бөлтөк айылында туулган.

Ал кадимки Карала уулу Саякбайдын устаты болгон. “Чоюке – чынар, мен – чырпык. Чоюке – бүркүт, мен – чымчык” деп, кезегинде анын талантына Карала уулу Саякбай баа берген. Калың эл өз кезегинде ““Манасты” Чоюкедей эч ким айта албайт” дешкен.

Чоюкенин түшүндө баатырлар көп жолу аян берген экен. Анын бири төмөнкүдөй: “Кызыл-Кыянын белинде келе жаткан Чоюке өзүнөн өзү талыкшып уктап кетет. Ойгонсо, бир аксакал киши жанына келип калган болот. Ал: “Сен Чоюкесиңби? “Чоң казатты айтасыңбы?” – дейт. Чоюке ага чейин эле “Чоң казатты” олуп-чолуп, ар кайсы жеринен айта коюп жүрчү экен. Андыктан, айтам деп жооп берет. Андан соң аксакал кыбыла жакты көргөзүп: “Тиги, кара жал аксур ат минип, кара калпак, боз чепкен кийип, алдыда кырк чорону ээрчитип келаткан Манас баатыр. Анын соңундагы кызыл буурул ат минген, кызыл чийкил жаш бала Семетей. Андан ары Кең-Колду көздөй көч баштап, алтымыш төөгө пул артып Каныкей, анын артынан Чачыкей келет” - деп, андан ары кытайдын Коңурбайын да кырк кечили менен тааныштырып, “ушулардын баарын айта жүр” деп табыштайт. Бакай болсо, быйыл Кең-Колго барып, Баатырга зыярат кылуусун буйрук этет.

Ошону менен Таласка келип, күмбөзгө зыярат кылып, Чоюке алты жылдай ушул чөлкөмдө жүрүп калат. Андан Чүйгө өтүп, ал жакта да үч-төрт жылдай жүрөт. Андан айылына барып, анда да көп турбай, Кытай жакка өтүп, ал жактагы Жусупакун деген манасчыны байырлап, аны менен бирге “Манас” айтып жүрөт.

Чоюкенин дагы бир шакирти Мамбетаалы Ашымбай уулунун эскерүүсүнө караганда, Ал мал-жанына да, бала-чакасына да карабай, “Манас” дегенде баарын таштап кете берген киши болуптур. Аны ким чакырса токтолбой аттанып кеткен. Өзү айтылуу Акылбек менен Тыныбектерден үлгү алган. Бирок эл Чоюке өз устаттарынан да мыкты айтат дечү экен. Айрыкча “Каныкейдин Тайторуну чапкан жерин” айтканда, ыйлабаган киши калчу эмес экен. Айтылуу Карала уулу Саякбай да ушул бөлүктү аябай ийине жеткире мыкты аткарганына караганда, өз устаты Чоюкеден ушул бөлүктү жазбай өздөштүргөн деп болжолдосо болот.

Эл оозунда уламага айланган белгилүү манасчы 1925-жылы өз айылында дүйнөдөн кайткан.