Атанын уулу деп ушуну айт
Убакыт деген учкан куш сыяктуу экен. Кечээ гана студент болчуубуз, бүгүн мугалимбиз. Адамдын өмүр жолу да турмуштун өзүндөй өйдө-ылдыйы, тайгак кечүүлөрү, кармап калууга тоскоол болгон татаал тар жолдор менен коштолот экен. Ушул тайгак кечүүдөн тайгаланбай өзүнүн туура жолун изденип, бүгүнкү күндө көпчүлүк жаштарга үлгү болгон. Өз кезинде өз өмүрлөрүн эли менен Мекенине арнаган, элдин эртеңкиси үчүн күрөшкөн кыргыздын чыгаан уулдары А.Сыдыкбеков, Ж.Абдырахманов, Т.Кулатов, К.Тыныстанов, И.Арабаев, А.Орозбеков, И.Раззаков, Т.Айтматов, К.Бобулов сыяктуу инсандардан таасирленген. Өзү жаш, жөнөкөй, талантуу студенттерди жан дили менен колдогон, миңдеген айылдан келген студенттен достордун келечегине көпурө болгон карапайым кыргыздын дагы бир уулу жөнүндө сөз козгомокчумун.
Анда сөздүн учугу бул инсандын апасы менен болгон маегибизден башталсын. Ал күн күнү бүгүнкүдөй эсимде. 2012-жылдын май айларында Өзгөн районундагы Жалпак – Таш айылына жашы 70-80 чамасындагы чоң эненин үйүнө барып калдык. Ал чоң энебиз, көпчүлүк жаштардын сүймөнчүлүгүнө айланган, студенттерди колдоп кубаттаган, биздин сүйүктүү Бекмурза деген агайыбыздын апасы экен. Биздин ары-берки кыймылыбызды көрүп бир аз көзүнө жаш алып, «Балдарымдын ичинен Бекмурза жаш тайынан эле эмгекти, билимди сүйгөн жаштардан болду. Баламдын зиректигин көп нерсени билүүгө далаалаттангандыгын, саясий көрөгөчтүгүн жаштар арсындагы лидерлигин байкаган агайлары Бекмурзаны коомдук иштерге тартып акыры шаарда алып калышты. Силерди көрүп Бекмурзанын жаштыгы көз алдыма түшүп кетти. Бекмурза мектепти жакшы бүтүп 8-классында шаарга кеткен, ошол-ошол болду шаарда иштеп жүрүп үй алды, шаардан кандай кыз алат экен десем, кудай жалгап айылдын эле кыздарынан алды. Балдарымдын ичинен Бекмурза атасына куюп койгондой окшош. Атасы да эч кимге жалган сүйлөбөгөн, колу ачык, үйдөгү бар нерсени аябаган, өзүндө жок болсо, бирөөдөн сурап болсо да берген жоомарт, шайыр киши эле» - деп Бекмурза агайды тез-тез сагына берерин жашырган жок.
Мен агайды студент болгондон бери эле тааныйм. Агай бизге Адам жана коом предметинен сабак берчү. Ошол мезгилде агай декан эле, бирок бир дагы сабагын үзгүлтүккө учуратпай өтчү. Агай ар дайым ар кимиңер өз укугуңарды билгиле, мен сабак өтө албай жатсам Бекмурза агай кирбесин деп коркпой айткыла. Силер өз укугуңарды билгенде гана билим берүү системасы жогорулайт. Силер мугалимдерге талап койгондо гана өзгөрүүлөр болот деп көп айтаар эле.
ОГПИнин сыртында өтүп бара жатып көп эле адамдар ОГПИнин сырткы облигин укмуштуудай өзгөртүптүр дегенин көп эле угуп жатам. Бул сөздөр жакшы ректор башкарып жатканынан кабар берерине күмөнүм жок. Чынында ОГПИнин ички, сырткы облиги да укмуштуудай заманбап болуп өзгөрүптүр жаңы имарат кошулуптур. Сөзүбүз далилдүү болуш үчүн айта кетсек студенттик аудиториялар жаңы кийим кийиптир, ОГПИнин жеке теле берүүсү обого чыгыптыр, студенттик жатаканада кроваттар толугу менен дивандарга алмашылыптыр, студенттер үчүн акысыз интернеттер курулуптур, топ ойноочу спорт залдар заманбап үлгүдө сырдалыптыр, андан тышкары кикбоксинг, тай-ци боюнча залдар ачылыптыр, окуу имараттарынын ички обликтери да сырттан барган адам үчүн жагымдуу маанайды жаратат экен. Андан тышкары студент достор үчүн сыртта окуганга шарттар түзулүптүр. Албетте бул жасаган иштери Бекмурза агайыбыздын бир мезгилдеги аруу кыялдары болсо керек. Себеби агай өзүбүздүн окуу жайда билим алды, өзүбүз жашаган жатаканада жашады, өзүбүздүн окуу жайга мугалим болду, өзү окуган факультетке декан болду. Мына ушундай бир катар тепкичтерден кийин өзүбүздүн куттуу Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна ректор болду.
Быйыл (2011-2012 окуу жылы) кайсы адам уксада кулак сүйүнөөр иш болду. Бир күнү эле агай чогулушта сүйлөп жатып, биздин окуу жайда окуган жигит, биздин окуу жайда окуган кызга үйлөнсө жатаканада жашоо бекер деп калды. Сүйлөгөн сөзүнө аткарган иши дал келип, бул аралыкта айрым мырзаларыбыз Өзүбүздүн кыздарга үйлөнүп жатаканада акысыз жашап калышты. Агай алардан майрам алдында ар дайым кабар алып турат. Жакшылык иштин аягы жакшылык деп ата бабаларыбыз бекер айтпаган чыгаар. Жакында агай неберелүү да болуп калды. Мындай инсанга илгери ата-бабаларыбыз алакан жайып кудай жалгасын, бардык иштери оңунан чыксын, Кыдыр атам өзү колдоп, жорткондо жолу болсун деп бата кылышаар эле.
Агайбыз айылдан келген таланттуу бир топ стунденттерди колдоду, бир аз чымыны барларды колунун келишинче көтөрмөлөдү, колунан кармап жетеледи, бир канчасын окуу жайга алып калды дегендей. Агай саясатта эмес, адамдардын сезимине революция жасады. Жыйынтыгында мугалимдер менен студенттердин ортосунда жөнөкөйлүк көпүрөсү салынды. Эр жигиттик менен аткарган күжүрмөн эмгегинин үзүрү тез эле ОГПИдеги бардык жамааттын, Ош шаарынын тургундарынын, жалпы Кыргызстандыктардын, бир топ студенттердин алкышына ээ болгон Бекмурза агайбыз мына азыр илим мейкиндигинде кулач жайып докторлук дисертациясын ийгиликтүү коргоп Кыргызтанда дагы бир илимдүү адамдардын катарын толуктады. Арааныбыз алыс болуп, жаныңызда иштеп, сизди дагы тааныганга турмушбу, адамдык соц тармактардан угуп, агаймды эскерип, ушул макаламды жазууну эп көрдүм. Сыйлык сиздики, ийгилик сиздики,
Бекмурза агайыбыз өзү окуган мектепте Бекболот ата стипендиясын бердирет экен. Чынында мындай инсандарды чанда гана кезиктирүүгө болот. Иштеген маянасынын бир бөлүгүн атасы Бекболоттун атынан стипендия бердиргенин угуп, көпчүлүк студенттерибиз ыраазы болуп кайттык. Мына атанын уулу деп ушуну айтса болот.
(15-май, 2012-ж)