СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Атмосфера. мекен таануу сабагы.

Категория: Астрономия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Атмосфера. 

Просмотр содержимого документа
«Атмосфера. мекен таануу сабагы.»

Атмосфера, климат жана аба-ырайы

Негизги макала:

Көк түс атмосферада газдар менен бат башка толкундардын сызыктарына караганда күчтүү таралат, ошондуктан Жердин түсү көк болуп берилет

Жердин атмосферасы планетардык экосистеманы колдоодо негизги фактор болуп эсептелинет. Жерди кучап турган газдардын ичке катмары, планетанын тартылуу күчү менен кармалып турат. Атмосферанын кургак абасы 78% азот, 21% кычкылтек, 1% аргонкөмүр кычкылынан жана башка анча чоң эмес кошулмалардан турат. Жана дагы аба туруксуз сандагы суу буусун камтыйт.[9][10] Атмосфердик басым бийиктикке көтөрүлгөн сайын төмөндөй баштайт жана 19-20 км бийиктиктен кийин Атмосфералык басымдын биркыйла төмөндөшүнөн улам, суу жана адамдын ткандар аралык суюктугу кайнап байштайт. Ошондуктан адамдын физиологиялык көз карашы боюнча "космос" 15-19 км бийиктиктен кийин эле башталат. Жердин Атмосферасы 12 ден баштап 50 км (тропикалык кеңдиктерде 25-30км, мелүүн жерлерде 20-25, уюлдарда - 15-20) кийин айтылуу O3 молекуларынан турган озон катмары башталат. Ал кооптуу ультрафиолеттик нурланууну өзүнө камтып сиңирип, жердин үстүндөгү баардык тирүү жандыктарга зыян келтирүүчү нурлануудан сактап абдан Жердин жашоо процесстеринде маанилүү орунду ойнойт. Жана дагы Атмосфера түн убагында да жылуулукту сактап, температуранын бат муздап кетишине жол бербей турат.

Планетардык климат - аба ырайынын көп мезгилдеги тенденциялуу чеги. Планетанын климатына ар кандай факторлор таасир этет, алардын эсебине океан агымдары, үстүңкү альбедосиңиргич газдар, күндүн жарыктыгынан жана планетанын орбитасынын өзгөрүлүштөрү кирет. Окумуштуулардын корутундусуна ылайык, Жердин климатында көптөгөн кескин өзгөрүүлөр болуп турган, алардын арасында муз доору дагы бар.

Аймактык климат бир катар факторлорго жана биринчи кезекте кеңдикке көз каранды. Кеңдиктердин диапазону жогорудагыдай климатикалык шарттар аркылуу аймактын климатын жаратат. Мындай аймактык климаттардын бир нечеси бар, алар экваториалдык климаттан башталып, түштүк жана түндүк уюлдук аймактык уюлдар менен аяктайт. Климатка жер огунун орбитанын сызыгына карата эңкейишинен улам пайда болгон жыл мезгилдери да өз таасирлерин тийнзишет. Эңкейиштен улам Жайында жана кышында планетанын бир бөлүгү күн энергиясын, башка бөлүктөргө салыштырмалуу абдан көп алат. Бул кырдаал жердин орбитада айланышы аркылуу өзгөрүлүп турат. Кандай гана убакыт болбосун түндүк жана түштүк жарым шаарарынын жыл мезгилдери карама каршы абалда турушат.

Борбордук Оклахомадагы Торнадо

Жердин аба ырайынын кубулуштары көбүн эсе артыкча атмосферанын төмөнкү бөлүгүндө (тропосферада)болуп турат жана жылуулукту бөлүштүрүү боюнча конвективдүү система кызматын аткарат. Океан агымдары климат жаратууда эң маанилүү факторлордун бири болуп саналат. Өзгөчө суу астындагы чоң термохалиндик циркуляциялар жылуулук энергиясын экватордук аймактардан баштап уюлдук аймактарга чейин бөлүштүрүп турушат. Бул агымдар кышытын жана жайдын температууралык айырмасын мелүүн зоналарда жумшартканга жардам берет. Андан сырткары, жылуулук энергиясынын океан агымдары аркылуу бөлүшүүсү жана атмосфера жок болсо, тропикаларда ысык аябай басымдуу ал эми уюлдук аймактарда өтө суук болмок.

Аба-ырайын жакшы же болбосо терс жактары болот.ТорнадоУраганциклондор сыяктуу экстремалдык аба-ырайын шарттары, аябай көп энергия бөлүштүрүп жана бара жаткан жолунда катуу кырайуулардын себептери болушу мүмкүн. үстүңкү өсүмдүктөр мезгилдин өзгөрүлүштөрүнө көз каранды болуп калган, жана аба ырайындагы бир нече жылга созулган кескин өзгөрүүлөр өсүмдүктөргө да, жана өсүмдүктөр менен тамактанган жаныбарларга да аябагандай таасир тийгизиши мүмкүн.

Аба-ырайы хаотикалык система болуп саналат, айлана чөйрөдөгү кичинекей жеңил өзгөрүүлөрдөн ал бат эле өзгөрүлүшү мүмкүн, ошондуктан азыркы убакытта аба-ыйрайынын болжолу бир нече күн менен эле чектелип атат. Азыркы убакытта дүйнө боюнча эки процесс жүрүп жатат. ортоңку температура көтөрүлүп жана аймактык климаттар кыйла өзгөрүүлөргө дуушар болууда.[11]

Жердеги суу

Суу тамчысы

Суу - химиялык зат, суутек жана кычкылтектен турат жана баардык белгилүү болгон жашшоо калыптарынын жашоо тиричилигине керектүү зат.[12] Жөнөкөй түшүнүктө суу термини суяк абалда же катуу абалга байланыштырылат, бирок ал зат катуу(муз) абалда да болот жана газсыяктуу - суу буусу. Суу Жер шарынын 71 % ээлейт жана көбүн эсе океандарда жана башка көлөмдүү суу көлмөлөрүндө жайгашкан.[13] Булардан да сырткары болжол менен суунун 1,6 % жердин астында жайгашкан, суу ташыгыч горизонттордо жана болжол менен 0,001 % абада, буу жана булут кейпинде(суунун катуу жана суюк бөлүчөлөрү аркылуу жаралган), жана ошондой эле атмосфералык жаан чачындарда.[14] Океандар суунун үстүңкү бөлүгүнүн 97 % түзөт, мөңгүлөр жана уюлдук топулар болжол менен 2,4 %, дарыяларкөлдөр жана жасалма көлдөр, калган 0,6 % түзөт. Мындан сырткары, Жердеги сууну аябай көп эмес сандагы көлөмү биологиялык организмдерде жана адамзаттын чыгарган өндүрүштөрүндө жайгашкан.

Океандар

Атлантикалык океан

Океан өзүнө Жердин туздуу суусунун массалуу көлөмүн камтыйт, жана ошондой эле гидросферанын негизги түзүлүш бирдиги болуп саналат. Жердин суу мейкиндиги бир нече өзүнчө океендарга бөлүнгөнүнө карабай, алар баардыгы биригип бир глобалдуу, бири-бири менен байланган туздуу суунун массасын түзөт жана көбүн эсе учурларда Дүйнөлүк океан же глобалдуу океан деп айтылып жүрөт.[15][16] Болжол менен Жер үстүнүн 71% (361 млн км² аянты менен) Дүйнөлүк океан менен камтылган. Дүйнөлүк океандын көп бөлүктөгө аянтынын тереңдиги 3000 м түзөт, а ортоңку туздуулугу болжол менен миңге 35 бөлүктөн(ppt), ошондо 3,5 % түзөт.

Океандын негизги чектери континеттер, ар кандай архипелагдар жана башка критерийлер менен берилген. Жерде төмөнкү океандарды бөлүшөт(Көлөмүнө жараша азайтылып берилген): Тынч океанАтлантикалык океанИндиялык океан жана Түндүк муз океан. Дүйнөлүк океандын бөлүктөрү, кургактык менен курчалган сулар, же суу астынан көтөрөлүп чыгып калган рельефтер менен курчалган болсо деңизбулуң, кичи булуң деп аташат. Жерде адагы туздуу көлмөлөр бар, алар кичирээк көлөмдө жана Дүйнөлүк океан менен байланышы жок. Эки ачык айкын мисал бул - Арал деңизи жана Чоң Туздуу көлү.

Көлдөр

Ысык-Көл

Көл - гидросферанын компоненти, табигий же жасалма жол менен жасалган көлмө, көл табагынын чегинде толгон сууда жана белгилүү бир жолдор менен океан же деңиз менен байланышпайт. Жерде көлмө деп, эгерде ал Дүйнөлүк океандын бир бөлүгү болбосо, ошондой эле ал көлөмдүү жана терең, жасалма көлчөгө салыштырмалуу, жана ошондой эле ал дарыялардын суулары менен толуп турса демек ал көлмө деп аталат. Жалгыз белгилүү болгон, Жер шарынан сырткары көлдөр сырткы булактар менен толуп турган бул Сатурндун эң чоң жандоочусу Титан болуп саналат. Титандын үстүндө окумуштуулар аркылуу табылган этан көлдөрү, жакынкы болжол менен метан менен аралашылган. Азыркы убакытта Титандын көлдөрүнүн так толукталып турган маалымат жок, бирок анын үстү бир топ дарыялардын өзөнү менен кесилип турганы белгилүү. Жердеги жасалма көлдөр, эреже боюнча тоолуу аймактарда жайгашкан, рифтик зоналарда, жана мурдакы же жакынкы муз тоңуу аралыгындагылар. Башка көлдөр агызбас аймактарда же ири дарыялардын жанында жайгашышкан. Муз доору убагынан калган, хаотикалык дренаж структурасынын айынан жер шарынын кээ бир аймактарында көлдөр аябагандай көп санда жайгашышкан. Баардык көлдөр геологиялык масштабдын убакытындагы өзгөрүүлөрдөн жааралган, анткени алар урандылар аркылуу жай толуп же аларга толгон бассейндерден төгүлүп турушат.



Жасалма көлмөлөр

Слобожанщинадагы Перекошка жасалма көлү

Жасалма көлмө - бир жерге, табигый же жазалма жолу менен жаралган, бир жерде токтогон суу топтому, көлдөрдүн көлөмүнө салыштырмалуу аябай кичинекей келет. Жасалма көлдөр деп ар кандай жазалма көлчүктөр айтылат: Суу бактары, эстетикалык коздоого арналган, Балык көлчүктөрү, балыктардын коммерциялык багытта багуу жана жылуулук энергияны сактаганга арналган Суу көлчүктөрү. Жасалма көлдөр жана көлдөр өзөн суулардан агуу ылдамдыгы менен айырмаланышат.