СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Атмосфералык жаан-чачындар"

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Атмосфералык жаан чачындар

Просмотр содержимого документа
«"Атмосфералык жаан-чачындар"»

Күнү




Колу






Сабактын планы

Классы: 6

Сабактын темасы: Атмосфералык жаан-чачындар

Сабактын максаты:

Сабактын максаты

Кѳрсѳткүчтѳр

1.Б.Б Окуучулар жаан-чачындын түрлѳрү жана алардын пайда болуу себептери жѳнүндѳ маалымат алышат

1. Окуучулар жаан-чачындарды айтып беришсе , түрлѳрүнѳ мисалдарды келтиришсе

2.Ѳн. Окуучулар ой жүгүртүү, тапкычтык, эске тутуу жана топ менен иштѳѳ кѳндүмдѳрүн ѳнүктүрүшѳт

2. Окуучулар топ ичинде иштей алышса, тапшырмаларды туура аткарышса

3.Т.Б. Окуучулар атмосфераны коргоого жана кѳздүн карегиндей сактоого тарбия алышат

3. Кислоталуу жамгырдын пайда болуу себебин билишсе жана жаратылышка туура мамиле кылышса.



Сабактын жабдылышы:

  1. Классты уюштуруу (жагымдуу маанай түзүү). Окуучулардын сабакка даярдыгын, кабинеттин тазалыгы, окуучулардын катышы, бор,тряпка ж.б.

Окуучуларды 2 топко бѳлүү жана сабактын жүрүшү, баалоо менен тааныштыруу.

  1. Үй тапшырмасын текшерүү.

«Кѳрдүм, уктум-эске туттум» тапшырмасы

Бул тапшырмада сандар жазылган . Окуучулар атмосфера темасындагы сандарды эстешет жана алардын тушуна жазышат.

№ 4 слайд

Тапшырманын жообу № 5 слайд

«Суроосун тапкыла» тапшырмасы

1.Анероид

2.Гигрометр

3.Тропосфера

4.760мм

5.0.03

6.Абсалютту нымдуулук

Тапшырмалардын жообу:

1-топко №6 слайд

2-топко №7 слайд

  1. Жаӊы тема:

Табышмактарды тапкыла

  • Элексиз элеп, даяр ун берет.
    Жебейбиз аны, бирок турмушта керек.
    Ар жылда келет.

Көктөн түшкөн көк буурчак,
Көз ачырбайт сабалап.
Жемиш бакты кыйратты,
Денелерин жаралап

№ 8 слайд

Жер бетине түшкөн нымды атмосфералык жаан-чачын дейбиз.

Суу түрүндѳ же катуу түрүндѳ булуттан жаайт.№9 слайд.

Атмосфералык жаан-чачындар эки түрдѳ болот .

Суюк

Катуу

№10 слайд

Жаан-чачындар пайда болушу боюнча экиге бѳлүнѳт

Булуттардан жаай турган

Абанын муздашынан пайда болгон болуп бѳлүнѳт.

№11слайд

Жаан-чачындын санын өлчөй турган прибор. 1639-жылы Европада ойлоп табылган.

№12 слайд

Жаан-чачындын санын ѳлчѳѳ

  • Бир сутка ичинде жааган жаан-чачынды өлчөп, суткалык

жаан-чачын суммасын чыгарат

  • Ар бир күндөгү жаан-чачындын суммасын кошуп, айдын жаан-чачынынын суммасын чыгарат

  • 12 айдагы жаан-чачындын суммасы жылдык жаан-чачынды түзөт

№13 слайд

Жер бетинде жаан-чачындын түшүшү бирдей эмес. Эӊ нымдуу жана кургак жерлер бар. Алардын саны ар түрдүү болушуна эмне себеп бар.

№17 слайд

Кызыктуу маалыматтар.

  • Эн катуу жаан: Гваделупа аралында, Вест-Индияда, 1970- жылы 1,5 минутада 38,1 мм жаан жааган

  • Бир сутка ичинде эн көп жаан

  • 1870 мм Инд океаныдагы Реюньон аралында 1952-жылы 15-16 мартта жааган

  • 1см келген кар катмары эриген кезде 1га жерде 35000л ге чейин суу пайда болот.

  • Акырын жааган 2мм өлчөмдөгү жамгыр, 1га талаага 900 чака суу менен сугарылат

1-топко тапшырма

  • 1.5 гектар жердеги 2 см кар эригенде канча литр суу болот?

2-топко тапшырма

  • 1га талаа 1350 чака суу менен сугарылды. Канча өлчөмдө жамгыр жаады?

№22 слайд

Тапшырманын жообу:№23 слайд

Балдар силер билесинерби кадимки жаан-чачындан башка түрү жаашы мүмкүнбү? Кѳрсѳ балдар кислоталуу жамгыр да болот экен. Ал жамгыр эмнеден пайда болот? Ѳнѳр жайдан чыккан уулуу заттардан пайда болот экен.

  1. Сабакты бышыктоо:

«Геологика» № 29,30 слайддар

«Таамай атуу» оюну.

  1. Сабакты жыйынтыктоо:

Силер бүгүнкү сабакта жаан-чачындын түрлѳрү, алардан кандай кубулуштар болоорун жанатабигый кырсыктар жѳнүндѳ маалымат алдыӊар. Жаан-чачындар таза суунун булагы экенин билдиӊер.

  1. Үй тапшырмасын берүү:

«Кар калын болсо-эгин жакшы болот» деген макалды чечмелеп келүү

§ 37 окуп келүү.

  1. Окуучулардын билимин баалоо: Эӊ кѳп жамгыр тамчыларын топтогон топ жеӊичүү деп табылат жана топ мүчѳлѳрү жооп берүүсүнѳ карата баалаанат.