Тема: Атом - ядролук физика.
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: Атом ядросу, ядродогу ички
айланыштар, радиоактивдүүлүк
жөнүндөгү билимдерин бышыктайт .
Өнүктүрүүчүлүк: Ядролук физика, ядронун байланыш
энергиясы жөнүндө билимдерин
калыптандырат, бекемдейт.
Тарбия берүүчүлүк: Атом менен жаратылыштын байланышын
ачып көрсөтүүнүн натыйжасында
жаратылышты коргоого багыт алат, топ
менен иштөөдө бири - бирин сыйлап уга билет.
● «Мээге чабуул»
1.Ядролук күч деген эмне
( Ядродо протон менен нейтрондорду өз ара бириктирип, кармап турган жаратылышы өзгөчө күч.)
2. Нуклондор деп эмнени айтабыз?
(Атомдордун ядролору протон менен нейтрондордон гана турган. Алар жалпысынан нуклондор деп аталат.)
3. Байланыш энергия деген эмне?
( Ядрону өз алдынча протондорго жана ажыратыш үчүн чоң энергия талап кылынат. Бул энергия байланыш энергиясы деп аталат.)
4. Ядролук реакция деп эмнени айтабыз?
Ж: ( Атом ядролорунун ар кандай бөлүкчөлөр менен же өз ара аракеттенүүлөрүнүн негизинде жасалма түрдө бири-бирине айлануулары ядролук реакциялар деп аталат.)
- Биринчи атомдук электр станциясы кайда курулган?
- Ж : ( Дүйнө боюнча 5000 КВТ кубаттуулуктагы биринчи атом электр станциясы россиянын обнинск шаарына курулган.)
6. Ядролук реактор канчанчы жылы иш жүзүнө ашырылган?
Ж: Ядролук реактор биринчи жолу 1942-жылы ферменин жетекчилиги менен АКШда курулса, европада 1946-жылдын декабрында москва шаарында Курчатовдун жетекчилиги астында иш жүзүнө ашырылган.
- Термоядролук реакция деген эмне?
- (Жогорку температура кезинде өтүүчү атомдук ядролорду синтездөө реакциясы термоядролук деп аталат.)
- Чернобль кырсыгы качан болгон?
- (Кырсык чернобль атомдук электр станциясынын 4-блогунда 1986-жылдын 26-апрелинде болгон.)
9. 9. Хиросима жана нагасаки шаарларына ташталган атом бомбаларынын кесепеттери кандай болгон?
(Хиросимада 140 минден ашык адам өлүп жана жарадар болушса, нагасакиде 75 минге жакын адам өлгөн.)
10. Чернобль кырсыгынын зындуулугунун өлчөмү кандай болгон?
(Европанын 17-өлкөсүндө жалпы аянты 207,5мин километр квадрат аянт цезий менен ар кандай денгээлде булганган.)
Атом Бөлүнбөйт эң кичине деп аташып, Адамдар мени билбей тан калышты. Бирок да «илим» деген бир күч чыгып, Мендеги ички сырдын кулпун ачты. Протон, нейтрон, электрон Булар менин эң сүйүктүү балдарым. Ар биринин кызматы бар, иши бар. Айтып бүткүс дастаны бар, күчү бар. Англис физиги Поль Адриен Морис Дирак 1929-жылы теория жүзүндө позитрондун болорун алдын ала айткан. Үч жылдан кийин позитрон космостук нурдануунун курамынан табылган. Бул факт Дирактын теорасынын тууралыгын далилдөөдө гана эмес позитрон эн биринчи табылган, антибөлүкчө болгондугу менен да баалуу болгон.
● Жүзүнөн тааны
● РЕБУС
ʼʼ
ʼʼ
А
Л
ʼʼ
А=Е
ʼʼʼʼʼ
ʼʼ
ʼʼʼ
ʼʼ
ʼʼʼ
4 сүрөттөн 1 сөз
● Маселе чыгаруу
- Кандай радиоактивдүү ажыроонун натыйжасында плутоний уранга айланат?
- Кандай радиоактивдүү ажыроонун
натыйжасында натрий магнийге айланат?
● Кызыктуу физика
Табышмак
. Металлдардын ичинде жүгүрүшкөн
Ток булагы кошулса чынжыр менен.
Зарядга, эң кичине массага ээ.
Кай бөлүкчө экенин айтчы кенен.
2 . Төмөнкүлөрдү чонунан кичинесине карай жайгаштыргыла?
а) протон б) атом
в ) ядро г) молекула
3 . Радиоактивдүү альфа нуру кайсы бөлүкчөлөрдүн агымынан турат?
а) гелий б) электрон
в) нейтрон г) протон
- 4. Калыгул олуя эмне үчүн «Тоо токол болоор, от чыкпай жерин такыр
- болоор» деп айткан?
- 5. Ыр сабына көнүл бур. (Тоголок Молдо)
- Күндүн нуру белгилүү,
- Күчтүү оттон жаралган.
- Күч кубаты бардыктан,
- Адамга кан таралган.
Кана учкун ааламга Жалын бүрккөн ракета Космос сырын ача көр Кызмат кылып адамзатка. Келечегиңер алдыда
К өңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!