СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Атом жана молекула

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

8-кл.      Молекулалар жана атомдор . ( сабактын иштелмеси).

 

 

Сабактын темасы: Молекулалар жана атомдор.

                               Конкреттүү максаты:  ( билим  берүүчүлүк)

Окуучулар  физика предметинде алган билимдерине таянып молекула жана атом жөнүндө билген билимин толукташат.Демокрит жана Ломоносовдун окуулары боюнча маалымат алышат. Заттардын касиети менен таанышат. Затттардын бири-бирине айлануусу боюнча маалымат алышат. Айлануулар учурундагы кубулуштар боюнча маалымат алышат. Физикалык кубулуштарды миалдарында зат атом жана молекуладан тура тургандыгын мисалдар  менен далилдешет. Суунун молекуласынын кандай атомдордон тура тургандыгын тажрыйбанын негизинде далилдеген тажрыйба менен таанышат. Анализ, синтез боюнча түшүнүк алышат.Кристаллдык торчо боюнча маалымат алышат.

Просмотр содержимого документа
«Атом жана молекула»

8-кл. Молекулалар жана атомдор . ( сабактын иштелмеси).



Сабактын темасы: Молекулалар жана атомдор.

Конкреттүү максаты: ( билим берүүчүлүк)

Окуучулар физика предметинде алган билимдерине таянып молекула жана атом жөнүндө билген билимин толукташат.Демокрит жана Ломоносовдун окуулары боюнча маалымат алышат. Заттардын касиети менен таанышат. Затттардын бири-бирине айлануусу боюнча маалымат алышат. Айлануулар учурундагы кубулуштар боюнча маалымат алышат. Физикалык кубулуштарды миалдарында зат атом жана молекуладан тура тургандыгын мисалдар менен далилдешет. Суунун молекуласынын кандай атомдордон тура тургандыгын тажрыйбанын негизинде далилдеген тажрыйба менен таанышат. Анализ, синтез боюнча түшүнүк алышат.Кристаллдык торчо боюнча маалымат алышат.


Конструктивдүү максаты:(өнүктүрүүчүлүк,тарбиялык)

-Окуучулар заттардын касиетин ,түзүлүшүн окуп үйрөнүү менен заттарды жана башка класстарына кирген заттардын касиетин айтып бере алат;

-окуучулардын таанып-билүүлөрү өсөт, тексти окуп үйрөнүүнү, талдап окууну үйрөнүшөт.

Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү

Сабактын түрү: (формасы) Инновациялык сабак

Сабактын методу: мугалимдин сөзү; аңгемелешүү; сынчыл ойломдун айрым ыкмалары: синквейн, топ менен иштөө ж.б.

Сабактын жабдылышы: 1. Таблицалар, Слайд. анимация, видеолор. Сүрөттөр. ж.б.

С абактын жүрүшү : ( мугалимдин иш аракети)

Жаңы теманы кабыл алууга даярдоо.

  • Суюк заттардан турган предметтерди аныктагыла

көйнөк, сүт, топ, суу, кычкылтек, балка, шире.

  •   Катуу заттардын молекулалары кандай жайланышкан?

  • Бул берилген сүрөт боюнча кайсынысы гомогендүү эритме ?






Жана башка тапшырмалар менен окуучулардын билимдери бааланат.

сабактын темасы берилет.


Сабак: Молекулалар жана атомдор.


Сабактын темасы доскага жазылат.


Мугалим окуучуларга суроо менен кайрылат:

  • Суроо: Атом жана молекула жөнүндө эмне билесиӊер? ( окуучулар өз алдынча иштешет). Жооопторду дептерге жазышат.

  • Заттар эӊ майда бөлүкчөлөрдөн турарын кандай кубулуштардан билүүгө болот?

( окуучулар өз алдынча иштешет). Жооопторду дептерге жазышат.


Мугалим: Бул суроого толук жооп алуу үчүн окуучулар текст менен иштешет.

1-тыным. ( 5мин убакыт берилет)

Текст: Жаратылыштагы ар кандай физикалык жана химиялык кубулуштарды атом жана молекулалардын кыймылы өз ара аракети аркылуу түшүндүрүүгө болот. Заттар эң майда бөлүкчөлөрдөн турарын физика курсунан билесиңер. Грециянын атактуу ойчулдары Демокрит мындан 2300 жыл мурда бул ойду айткан. М.В.Ломоносовдун XVIII-кылымда пайда болгон молекулалар жана атомдор жөнүндөгү окуусу химия илимдеринин жаңы табылгалары менен толукталып, жаратылыштын көп кубулуштарын түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Мисалы жаратылыштагы төмөнкү кубулуштардын болуп турушу, заттар кандай гана абалда болбосун ( катуу,суюк, газ) эң майда бөлүкчөдөн – атом жана молекулалардан турарын далилдейт.

а. сүттүн ачышы ,

б.өсүмдүк калдыктарынын чириши,

в.отундун күйүшү,

г.күмүш буюмдун карарышы,

д. Фотосинтез процесстери .

Бул текст окулуп бүткөндөн кийин 2-суроо берилет.

  • 2-суроо : Атом – деген эмне? ( окуучулар өз алдынча иштешет).

  • 3-суроо: молекула – деген эмне?

М угалим: Бул суроого толук жооп алуу үчүн окуучулар текст менен иштешет.

2-тыным. ( 5мин убакыт берилет)

  • Текст: Демокрит: А́том ( грек сөзү. ἄτομος «бөлүнбөс”, -дегенди түшүндүрөт) .

  • Атом  – химиялык элементтердин  касиеттерин сактоочу эң майда бөлүкчө.

  • Ар бир химиялык элементке өзүнө гана тиешелүү атом туура келет, Атомдор өз ара түздөн-түз байланышып молекуланы пайда кылат, молекулалар биригип заттарды пайда кылат Аны төмөнкү схема менен түшүндүрүүгө болот.

  • Молекула — берилген заттын негизги химиялык  касиеттерин алып жүрүүчү эн кичинекей бөлүкчө. 




Зат

молекула

кандай атомдордон турат

1.

суу

суунун бир молекуласы



суутектин 2 атому, кычыклтектин 1 атомунан турат.

2.

кант

канттын бир молекуласы

көмүртектин 12 атому, суутектин 22 атому, кычкылтектин 11 атому

3.

спирт

спирттин бир молекуласы

көмүртектин 2 атому, суутектин 6 атому, кычкылтектин 1 атому

4.

кычкылтек

газы

кычкылтектин 1 молекуласы

кычкылтектин 2атомунан турат.

А ндан кийин мугалим доскага иррэти менен сүрөттөрдү илип талкуу жүргүзүлөт:

Суроо: бул заттар эмнеден турарын, жана кандай атомдордон , канча атомдон тургандыгын айтып бергиле ?- окуучулар оозеки иштешет. ( 5 мин)













Суроо: Кант С12Н22О11 , туз NaCI , күкүрт S . алюминий AI – катуу зат.

  • Суу Н2О , спирт , күкүрт кислотасы Н2SO4 - канча атомдон тургандыгын аныктагыла.


Андан кийин бул сабак боюнча даярдалган презентация менен окуучулар таанышат.

( презентация)

Көнүгүү же тест иштелет.



Сабак жыйынтыкталып, окуучулардын билимдери бааланат.