Сабакка чейин
Сабактын темасы: Көнүгүү иштөө
Сабактын методу: репродуктивдүү
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: өз алдынча иштөө
Сабактын максаты | Көрсөткүчтөрү |
А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Атомдордун электрондук конфигурациясы s, p, d, f орбиталдарынын толтурулушу, Кличковскийдин эрежеси боюнча көнүгүүлөрдү иштөөнү окуп үйрөнүшөт. | Атомдордун электрондук конфигурациясы; s, p, d, f орбиталдарынын толтурулушу; Кличковскийдин эрежесин айтып бере алышса; Атомдун электрондук формуласын туура жаза алышса. |
Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Атомдун түзүлүшү, электрондук деӊгээл, деӊгээлче, электрондорду ячейкаларга толтуруу ирети, атомдун электрондук конфигурациясын жазуу эрежелери, Хунд эрежеси, Паулинин принциби боюнча түшүнүгү өнүгөт. Ынтымактуу болууга тарбияланышат. | Атомдун түзүлүшү; электрондук деӊгээл; деӊгээлче; электрондорду ячейкаларга толтуруу ирети; атомдун электрондук конфигурациясын жазуу эрежелери; Хунд эрежеси; Паулинин принциби боюнча алган билимдерин туура пайдаланып атомдун электрондук түзүлүшүн жаза алышса |
Күтүлүүчү натыйжа:
Атомдордун электрондук конфигурациясы;
s, p, d, f орбиталдарынын толтурулушу;
Кличковскийдин эрежесин айтып бере алышса;
Атомдун электрондук формуласын туура жаза алышат;
Атомдун түзүлүшү;
электрондук деӊгээл;
деӊгээлче;
электрондорду ячейкаларга толтуруу ирети;
атомдун электрондук конфигурациясын жазуу эрежелери;
Хунд эрежеси;
Паулинин принциби боюнча алган билимдерин туура пайдаланып атомдун электрондук түзүлүшүн жаза алышат
Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Атомдордун электрондук конфигурациясы s, p, d, f орбиталдарынын толтурулушу, Кличковскийдин эрежеси, атомдун электрондук формуласын жазууга көнүгүшөт.
Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Атомдун түзүлүшү, электрондук деӊгээл, деӊгээлче, электрондорду ячейкаларга толтуруу ирети, атомдун электрондук конфигурациясын жазуу эрежелери, Хунд эрежеси, Паулинин принциби боюнча билими бар.
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.
Убакыт: 45 минута
Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин
Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай түзүү: Бактар тести
Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:
1.Алтындын атомунун ядросундагы протондун, нейтрондун санын аныктагыла.
2.Күкүрттүн эӊ жогорку валенттүүлүгү канчага барабар? Далилдүү жооп бергиле
3.Электрондук деӊгээлдеги жана деӊгээлчедеги максималдуу электродун саны канчага барабар? Далилдүү жооп бергиле.
Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):
Атом (химияда) - химиялык элементтин касиеттерин сактоочу эң майда бөлүкчө. Ар бир химиялык элементке өзүнө гана тиешелүү атом туура келет, ошондой эле өзүн түзгөн бөлүкчөлөрдүн (протон, нейтрон, электрон) саны жана атомдук массасы менен айырмаланат. Атом эркин (газда) жана байланышкан абалда болот. Атомдор өз ара түздөн-түз же молекуланын курамындагы атом менен байланышып, суюк же катуу заттарды пайда кылат. Атомдун физикалык жана химиялык касиеттери анын түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү менен аныкталат.
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
Мугалимдин иш аракети: | Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт. |
1.Төмөнкү берилген элементтердин катар санын билүү менен нейтрондордун санын эсептегиле: 38Sr, 25Mn, 77Ir, 57La, 51Sb, 36Kr, 102No, 94Pu, 37Rb, 73Ta, 65Tb | |
Үйгѳ тапшырма:
1.Күкүрт, көмүртек, азот, мышьяк, калий, хлор, ванадий, таллий атомдорунун электрондук формулаларын жазып, алардын нормалдуу жана козголгон абалдагы валенттүүлуктөрүн аныктагыла
Баалоо: