СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Атомдун түзүлүшүн түшүндүрүүчү теориялар:Резерфорддун тажырыйбалары.

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Атом (химияда) - химиялык элементтин касиеттерин сактоочу эң майда бөлүкчө. Ар бир химиялык элементке өзүнө гана тиешелүү атом туура келет, ошондой эле өзүн түзгөн бөлүкчөлөрдүн (протоннейтронэлектрон) саны жана атомдук массасы менен айырмаланат. Атом эркин (газда) жана байланышкан абалда болот.

Просмотр содержимого документа
«Атомдун түзүлүшүн түшүндүрүүчү теориялар:Резерфорддун тажырыйбалары.»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Атомдун түзүлүшүн түшүндүрүүчү теориялар:Резерфорддун тажырыйбалары.

Сабактын методу: көрсөтмөлүү

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: аӊгемелешүү


Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Атомдун түзүлүшүн түшүндүрүүчү теориялары, Беккерель, П. Кюри, М. Склодовская - Кюри жана англиялык физик Э. Резерфорддун тажрыйбалары, Дж.Томсон, Н.Бор, Зоммерфельд сунуштаган атомдун түзүлүш моделдери боюнча окуп үйрөнүшөт.


  • Атомдун түзүлүшүн түшүндүрүүчү теориялары;

  • Беккерель;

  • П. Кюри;

  • М. Склодовская - Кюри жана англиялык физик Э. Резерфорддун тажрыйбалары,

  • Дж.Томсон;

  • Н.Бор;

  • Зоммерфельд сунуштаган атомдун түзүлүш моделдери боюнча айтып бере алышса.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

Атом, молекула, атомдун түзүлүшү, элементтердин мезгилдик системасы, зат, заттын касиеттери боюнча түшүнүгү өнүгөт. Боорукер болууга тарбияланышат.

  • Атом;

  • Молекула;

  • атомдун түзүлүшү;

  • элементтердин мезгилдик системасы;

  • зат;

  • заттын касиеттери боюнча алган билимин пайдаланып атомдун түзүлүш модели, атодун таалдыгы, атомдордун окшоштуктары жана айырмачылыктарын айтып бере алышса. Топто жана өз алдынча иштей алышса.


Күтүлүүчү натыйжа:

  • Атомдун түзүлүшүн түшүндүрүүчү теориялары;

  • Беккерель;

  • П. Кюри;

  • М. Склодовская - Кюри жана англиялык физик Э. Резерфорддун тажрыйбалары,

  • Дж.Томсон;

  • Н.Бор;

  • Зоммерфельд сунуштаган атомдун түзүлүш моделдери боюнча айтып бере алышат.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Атомдун түзүлүшүн түшүндүрүүчү теориялар:Резерфорддун тажырыйбалары боюнча маалымат алышат. Атомдун түзүлүшүн түшүндүргөн бир нече моделдер менен таанышат.


Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Атом, молекула, атомдун түзүлүшү, элементтердин мезгилдик системасы, зат, заттын касиеттери, теория, гипотеза боюнча билими бар.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.


Жагымдуу маанай түзүү: “Көк куш” тести


Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

Хлор, марганец, калийдин мезгилдик системада жайланышы боюнча мүнөздөмө берип жазып келгиле. Д.И.Менделеев бул инсан менин оюмча… деген темада эссе жазып келүү.


Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):

Атом (химияда) - химиялык элементтин касиеттерин сактоочу эң майда бөлүкчө. Ар бир химиялык элементке өзүнө гана тиешелүү атом туура келет, ошондой эле өзүн түзгөн бөлүкчөлөрдүн (протон, нейтрон, электрон) саны жана атомдук массасы менен айырмаланат. Атом эркин (газда) жана байланышкан абалда болот. Атомдор өз ара түздөн-түз же молекуланын курамындагы атом менен байланышып, суюк же катуу заттарды пайда кылат. Атомдун физикалык жана химиялык касиеттери анын түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү менен аныкталат. Атом оң электр заряддуу оор ядродон жана анын айланасындагы жеңил бөлүкчөлөр терс электр заряддуу кабыкчаны түзүүчү электрондордон турат.

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):


Мугалимдин иш аракети:

Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт.

1. Томсон, Резерфорд, Бор, Зоммерфельд жана Иваненко -Гапондордун атомдук моделдерин түшүндүрүп бергиле?

2. Канча кванттык сан бар, аларды атагыла жана алардын мааниси эмнеде? Ар бир кванттык санга мүнөздөмө бергиле.




Үйгѳ тапшырма:

1. α, β, γ - нурларынын өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүп бергиле?

2. Бул кайсы элемент жана анын катар номери канча?

а) 16, S; б) 18, Ar; в) 20, Ca; г) 17, Cl; д) 15, P;

Баалоо:




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!