СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Атоочтуктардын грамматикалык, синтаксистик кызматы 9-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Атоочтуктардын грамматикалык, синтаксистик кызматы 9-класс»

1.Аска-зоодон учуп чыккан бүркүт бийиктен шаңшып үн салды. Суроо: 1.Эмне кылган бүркүт?-Аска-зоодон учуп чыккан бүркүт. 2.Кайсы бүркүт?-Аска-зоодон учуп чыккан бүркүт.

1.Аска-зоодон учуп чыккан бүркүт бийиктен шаңшып үн салды.

Суроо:

1.Эмне кылган бүркүт?-Аска-зоодон учуп чыккан бүркүт.

2.Кайсы бүркүт?-Аска-зоодон учуп чыккан бүркүт.

Сабактын темасы : Атоочтук түрмөк, анын грамматикалык белгилери. Синтаксистик аткарган милдеттери.

Сабактын темасы :

Атоочтук түрмөк, анын грамматикалык белгилери.

Синтаксистик аткарган милдеттери.

Бүгүнкү сабакта: Атоочтук түрмөк, анын грамматикалык белгилери тууралуу маалымат аласыңар. Атоочтук түрмөктүн синтаксистик кызматын аныктайсыңар Атоочтук түрмөктөрдү кебиңерде туура колдонууну үйрөнөсуңөр

Бүгүнкү сабакта:

Атоочтук түрмөк, анын грамматикалык белгилери тууралуу маалымат аласыңар.

Атоочтук түрмөктүн синтаксистик кызматын аныктайсыңар

Атоочтук түрмөктөрдү кебиңерде туура колдонууну үйрөнөсуңөр

Этиштин өзгөчө формалары чакчылдар Атоочтуктар Кыймыл атоочтор

Этиштин өзгөчө формалары

чакчылдар

Атоочтуктар

Кыймыл атоочтор

Атоочтуктар : Кыймыл-аракетти заттын белгиси, касиети катары көрсөтүп,грамматикалык жактан этиштик да, атоочтук да(зат,сын) маанини туюндуруп, сүйлөмдө баш жана айкындооч мүчолөрдүн милдетин аткарган этиштин өзгөчө формасы атоочтуктар деп аталат.

Атоочтуктар :

Кыймыл-аракетти заттын белгиси, касиети катары көрсөтүп,грамматикалык жактан этиштик да, атоочтук да(зат,сын) маанини туюндуруп, сүйлөмдө баш жана айкындооч мүчолөрдүн милдетин аткарган этиштин өзгөчө формасы атоочтуктар деп аталат.

Мисалы: Айыгар дарттын дабасы өзү табылар. Кандай дарттын?- айыгар- атоочтук (айык+ар=айыгар)

Мисалы: Айыгар дарттын дабасы өзү табылар.

Кандай дарттын?- айыгар- атоочтук

(айык+ар=айыгар)

Атоочтуктардын этиштик белгиси  3.Этиштин мамилеринен жасалат: келишкен(кош мамиле) жеткирбес(аркылуу мамиле),берилүүчү (туюк мамиле), кийинер (өздүк мамиле) 1.Этиштер сыяктуу кыймыл-аракетти билдирет: барган,барбас,иштөөчү, жаза турган ж.б. 4. Өзүнөн мурунку сөздөрдү жөндөмөдө турушун талап кылат: колдон келбес,шаарда жашаган ж.б 2. Чакты билдирет: окуп отурган(учур чак), окуй турган (келер чак),окуган(өткөн чак)

Атоочтуктардын этиштик белгиси

3.Этиштин мамилеринен жасалат: келишкен(кош мамиле)

жеткирбес(аркылуу мамиле),берилүүчү (туюк мамиле), кийинер (өздүк мамиле)

1.Этиштер сыяктуу кыймыл-аракетти билдирет:

барган,барбас,иштөөчү, жаза турган ж.б.

4. Өзүнөн мурунку сөздөрдү жөндөмөдө турушун талап кылат: колдон келбес,шаарда жашаган ж.б

2. Чакты билдирет:

окуп отурган(учур чак), окуй турган (келер чак),окуган(өткөн чак)

Атоочтуктардын сын атоочтук белгиси  3.Таандык мүчөлөрдү кабыл алат: Барганым, барганың, күлгөнү, барганбыз, күлгөнбүз ж.б 1.Атоочтуктар заттын белгисин,сапатын,касиетин билдирет: агарган үй,угулбас үн,иштөөчү, келе турган жигит ж.б. 4. Сын атооч сыяктуу аныктоочтун милдетин аткарат: Кетүүчу адамдар камына баштады.Окуган студенттер тарашты.Ойноп отурган балдар келишти. 2. Жөндөмө мүчөлөр менен өзгөрөт: Бөлүнгөндү бөрү жейт. Ыйлагандын көзу жаман. Бербестин ашы бышпас.

Атоочтуктардын сын атоочтук белгиси

3.Таандык мүчөлөрдү кабыл алат:

Барганым, барганың, күлгөнү, барганбыз, күлгөнбүз ж.б

1.Атоочтуктар заттын белгисин,сапатын,касиетин билдирет:

агарган үй,угулбас үн,иштөөчү, келе турган жигит ж.б.

4. Сын атооч сыяктуу аныктоочтун милдетин аткарат: Кетүүчу адамдар камына баштады.Окуган студенттер тарашты.Ойноп отурган балдар келишти.

2. Жөндөмө мүчөлөр менен өзгөрөт:

Бөлүнгөндү бөрү жейт. Ыйлагандын көзу жаман. Бербестин ашы бышпас.

 Атоочтуктардын заттык мааниде колдонулушу Атоочтук мааниде (кайсы? Кандай?) Заттык мааниде (ким?) 1.Көп жашаган киши билбейт, көптү көргөн киши билет. 1.Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет. 2.Лагерге баруучу окуучулар жөнөтүлдү. 2.Лагерге баруучулар жөнөтүлдү. 3.Тил албас кишини жумшаганча, тыны-тына өзүң бар. 3.Тил албасты жумшаганча, тына-тына өзүң бар. 4.Келе элек кишилер келишти. 4.Келе электер келишти.

Атоочтуктардын заттык мааниде

колдонулушу

Атоочтук мааниде (кайсы? Кандай?)

Заттык мааниде (ким?)

1.Көп жашаган киши билбейт, көптү көргөн киши билет.

1.Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет.

2.Лагерге баруучу окуучулар жөнөтүлдү.

2.Лагерге баруучулар жөнөтүлдү.

3.Тил албас кишини жумшаганча, тыны-тына өзүң бар.

3.Тил албасты жумшаганча, тына-тына өзүң бар.

4.Келе элек кишилер келишти.

4.Келе электер келишти.

 Атоочтук түрмөк деген эмне? Атоочтукту уюштуруучу мүчөлөр:  (-ган,-ар, -бас, -оочу, -уучу ж.б) менен аяктаган сөз тизмеги атоочтук түрмөк болот. Мындай сөз тизмеги бир эле суроого жооп берет жана бир гана сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарат.

Атоочтук түрмөк деген эмне?

  • Атоочтукту уюштуруучу мүчөлөр:

(-ган,-ар, -бас, -оочу, -уучу ж.б) менен аяктаган сөз тизмеги атоочтук түрмөк болот.

  • Мындай сөз тизмеги бир эле суроого жооп берет жана бир гана сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарат.
Мисалы: Чоң атам кемчиликти бетке айткан адам. Кандай адам?- кемчиликти бетке айткан- атоочтук түрмөк.

Мисалы: Чоң атам кемчиликти бетке айткан адам.

Кандай адам?- кемчиликти бетке айткан- атоочтук түрмөк.

Жүк көтөргөн чоң энеге жардам берип,батасын алдым. Кайсы чон энеге? - жүк көтөргөн-атоочтук түрмөк. Атоочтук түрмөктөрдө сүйлөмдүн грамматикалык негизин түзүүчү ээ жана баяндооч болбойт.

Жүк көтөргөн чоң энеге жардам берип,батасын алдым.

Кайсы чон энеге? - жүк көтөргөн-атоочтук түрмөк.

Атоочтук түрмөктөрдө сүйлөмдүн грамматикалык негизин түзүүчү ээ жана баяндооч болбойт.

Атоочтук түрмөктүн өзгөчөлүктөрү Акыркы сөзү атоочтук болот Бир нече сөздөн турат Бардык сөзү биригип. бир суроого жооп берет. Бир сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарат

Атоочтук түрмөктүн өзгөчөлүктөрү

Акыркы сөзү атоочтук болот

Бир нече сөздөн турат

Бардык сөзү биригип. бир суроого жооп берет.

Бир сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарат

Бир нече сөздөн турат... Жумушчуларды таш уучу  машина саат алтыда ордунан козголду. Кайсы машина?-жумушчуларды ташуучу  (эки создөн турат) Жакшы менен жүр гөн жарыйт, Жаман менен жүр гөн карыйт. Ким жарыйт?- жакшы менен жүргөн (үч сөздөн турат) Ким карыйт?-жаман менен жүргөн (үч сөздөн турат)

Бир нече сөздөн турат...

Жумушчуларды таш уучу машина саат алтыда ордунан козголду.

Кайсы машина?-жумушчуларды ташуучу

(эки создөн турат)

Жакшы менен жүр гөн жарыйт,

Жаман менен жүр гөн карыйт.

Ким жарыйт?- жакшы менен жүргөн (үч сөздөн турат)

Ким карыйт?-жаман менен жүргөн (үч сөздөн турат)

Акыркы сөзү атоочтук болот...  Таймаштан жең гендер  сыйланышты. Кимдер?-таймаштан жеңгендер-заттык маанидеги атоочтук Көптү көр гөн  адамдын сөзүн ук. Кандай адамдын?-көптү көргөн –сын атоочтук маанидеги атоочтук

Акыркы сөзү атоочтук болот...

Таймаштан жең гендер сыйланышты.

Кимдер?-таймаштан жеңгендер-заттык маанидеги атоочтук

Көптү көр гөн адамдын сөзүн ук.

Кандай адамдын?-көптү көргөн –сын атоочтук маанидеги атоочтук

Бардык сөзү биригип келип, бир суроого жооп берет ...  Ачуусу кел гендин  алдынан чыкпа. Кимдин?- ачуусу келгендин (эки сөзү биригип бир суроого жооп берди. Ар кайсы тоонун башын сама ган  кийик ачка өлүптүр. Кайсы кийик?-ар кайсы тоонун башын самаган-төрт сөз биригип, бир суроого жооп берди.

Бардык сөзү биригип келип, бир суроого жооп берет ...

Ачуусу кел гендин алдынан чыкпа.

Кимдин?- ачуусу келгендин (эки сөзү биригип бир суроого жооп берди.

Ар кайсы тоонун башын сама ган кийик ачка өлүптүр.

Кайсы кийик?-ар кайсы тоонун башын самаган-төрт сөз биригип, бир суроого жооп берди.

Бир сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарат ...  Күн тийбес тамда жатамын, Күч кетип, эс ооп алсырап.(Т.С) Кандай тамда?-күн тийбес-аныктооч Уяда жаткан жумуртка асманда учкан куш болот. Кайсы жумуртка?-уяда жаткан- аныктооч

Бир сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарат ...

Күн тийбес тамда жатамын,

Күч кетип, эс ооп алсырап.(Т.С)

Кандай тамда?-күн тийбес-аныктооч

Уяда жаткан жумуртка асманда учкан куш болот.

Кайсы жумуртка?-уяда жаткан- аныктооч

Атоочтук түрмөктөрдүн синтаксистик кызматы ээлик баяндоочтук аныктоочтук толуктоочтук бышыктоочтук

Атоочтук түрмөктөрдүн синтаксистик кызматы

ээлик

баяндоочтук

аныктоочтук

толуктоочтук

бышыктоочтук

Ээлик: Ат аяган жер карайт, Куш аяган көк карайт Ким карайт?-ат аяган-сүйлөмдүн ээси Ким карайт?-куш аяган –сүйлөмдүн ээси

Ээлик:

Ат аяган жер карайт,

Куш аяган көк карайт

Ким карайт?-ат аяган-сүйлөмдүн ээси

Ким карайт?-куш аяган –сүйлөмдүн ээси

Баяндоочтук:  Ушул тойдун ээлери-тиги келе жаткандар.  Тойдун ээлери кимдер?-тиги келе жаткандар-баяндоочу

Баяндоочтук:

Ушул тойдун ээлери-тиги келе жаткандар.

Тойдун ээлери кимдер?-тиги келе жаткандар-баяндоочу

Аныктоочтук:  Башы оорубагандын кудай менен иши жок.  Кимдин?-башы оорубагандын-аныктооч

Аныктоочтук:

Башы оорубагандын кудай менен иши жок.

Кимдин?-башы оорубагандын-аныктооч

Толуктоочтук:   Отун албаганга от жактырба.  Кимге?-отун албаганга-толуктооч

Толуктоочтук:

Отун албаганга от жактырба.

Кимге?-отун албаганга-толуктооч

Бышыктоочтук:  Качан тору атка учкашкан экөөну тааныганда, уйларын айдап жөнөдү.  Качан айдап жөнөдү?-качан тору атка учкашкан экөөнү тааныганда-бышыктооч

Бышыктоочтук:

Качан тору атка учкашкан экөөну тааныганда, уйларын айдап жөнөдү.

Качан айдап жөнөдү?-качан тору атка учкашкан экөөнү тааныганда-бышыктооч

Жандоочтор менен атоочтук түрмөктөрдүн тизмеги аркылуу уюшулган бышыктоочтор Мектепке кирип келгенден кийин, Дүйшөн күндөгүсүндөй от жаккан жок. Качан жаккан жок?- мектепке кирип келгенден кийин-мезгил бышыктооч

Жандоочтор менен атоочтук түрмөктөрдүн тизмеги аркылуу уюшулган бышыктоочтор

Мектепке кирип келгенден кийин, Дүйшөн күндөгүсүндөй от жаккан жок.

Качан жаккан жок?- мектепке кирип келгенден кийин-мезгил бышыктооч

Кийин эс тартып чоңойгондо, мен бул кош теректердин сырын түшүндүм .

Кийин эс тартып чоңойгондо, мен бул кош теректердин сырын түшүндүм .

Кароо-сынактын жыйынтыгы боюнча булар- биринчи орунду ээлегендер.

Кароо-сынактын жыйынтыгы боюнча булар- биринчи орунду ээлегендер.

 Үйүрүн сагынбас ат болбос, Элин сагынбас эр болбос.

Үйүрүн сагынбас ат болбос,

Элин сагынбас эр болбос.

Соң-Көлгө эс алууга баргандар ал жактын кооздугуна таң калышты .

Соң-Көлгө эс алууга баргандар ал жактын кооздугуна таң калышты .