Просмотр содержимого документа
«Австралия материгинин физ-географиялык абалы»
ТЕМА: АВСТРАЛИЯ. МАТЕРИКТИН ГЕОГРАФИЯЛЫК АБАЛЫ. АЧЫЛЫШЫ ЖАНА ИЗИЛДӨӨ ТАРЫХЫ.
Сабактын максаты (окуучунун позициясы менен): | Индикаторлор: |
Австралиянын жаратылышынын өзгөчөлүктөрүн тизмелөө; материктин географиялык абалына план боюнча мүнөздөмө берүү; теориялык материалдарды жалпылоо жана салыштыруу; атластагы карталар, окуу китептери жана башка географиялык билимдердин булактары менен иштөө. | Австралиянын жаратылышынын өзгөчөлүктөрүн санап берет; контурдук картага четки точкаларды, чулгаган океандарды, жээктерди ж.б. түшүрөт; Австралиянын географиялык абалына план боюнча мүнөздөмө берет. |
Ресурстар: Австралиянын физикалык картасы, глобус, окуу китептери, деӊиз сүзүүчүлөрүнүн сүрөттөрү, материктин табияты жөнүндө көргөзмөлүү материалдар.
Сабактын этаптары
I. Сабакты уюштуруу.
II. Окуучулардын окуу ишмердүүлүктөрүн мотивация кылуу. «Интеллектуалдык разминка».
Материкке мүнөздөмө берүү кайсыл пландын негизинде түзүлөт?
Аймактарды изилдөөдө эмне үчүн биринчи кезекте анын географиялык абалын изилдөөдөн башташат?
Австралия жөнүндө эмнени билесиӊер? (Болжолдуу жооптор: эӊ кичинекей материк, өтө ысык, өтө алыста жайгашкан, «баары тескерисинче», бир мамлекет, көптөгөн баштыктуу жаныбарлар. Австралия – таӊ калыштуу материк, анткени бардыгы биз үчүн тескерисинче: январда – жай, кышында дарактардын жалбырагы түшпөстөн, дарактардын кабыгы түшөт. Балтасы жок чөлдөн өтө албайсыӊ, жаныбарлардын баштыктары бар).
III. Жаӊы материалды өздөштүрүү. Тайпалар менен иштөө. 1-тайпа – Материктин физикалык-географиялык абалына план боюнча мүнөздөмө беришет. 2-тайпа – Ачылуу тарыхы. 3-тайпа – Тектоникалык түзүлүшү. 4-тайпа – Рельефи жана кен байлыктары. 5-тайпа – Австралиянын рельефин Африка менен салыштырышат. Жыйынтыгын таблица түрүндө даярдагыла.
Салыштыруу белгилери | Австралия | Африка |
1. Материктин негизин эмне түзөт | | |
2. Тайпак тоолор | | |
3. Ойдуӊдар | | |
4. Тоолор | | |
5. Катталышкан областтар | | |
IV. Окуучулардын тайпалык иштеринин жыйынтыктарынын презентациялары.
V. Өтүлгөн материалды бышыктоо. Суроолор:
Австралиянын географиялык абалынын өзгөчөлүктөрү эмнеде?
Материктин аты кайдан келип чыккан, ким жана качан аны ачкан?
Австралиянын рельефинин өзгөчөлүгү.
Эмне үчүн Австралияда жанар тоолор жана мөӊгүлөр жок?
Материк кандай кен байлыктарга бай?
VI. Баалоо. Кабыл алуу (Прием) «Ооба – жок».
Австралия Жердеги эӊ кичинекей материк.
Материкте аракеттеги жанар тоолор бар.
Австралияда бийик тоолор бар.
Материктин аймагында азыркы муз каптоо жок.
Материктин түндүк-чыгыш бөлүгүн бойлой Чоӊ Барьердик Риф созулуп жатат.
Австралияны кытайлар ачкан.
Австралияда нефти менен жаратылыш газынын чыккан жерлери абдан көп.
Сабакты жыйынтыктоо. Бүгүн сабактан жаӊы эмнени үйрөндүӊөр? Силерди кайсыл нерсе эӊ көп таасирлентти?
VIII. Үй тапшырмасы: Материктин климаты жана ички суулары боюнча маалымат даярдагыла, материктин географиялык номенклатурасы боюнча кроссворд түзгүлө.