Просмотр содержимого документа
«Азирети Дѳѳт пайгамбар»
Азирети Дѳѳт пайгамбар
Жайгашкан жери – Лейлек району, Өзгөрүш айылы, Козу-Баглан дарыясынын оң жээги. Ыйык жай – Астдөөт//Дөөт уста иштеген устакана, анын жашап жана кайып болгон жери катары эсептелет. Бул ыйык жайга жылына жүздөгөн адамдар табынууга келишип, Дөөт пиримдин рухуна, арбагына сыйынып кетишет. Күмбөздүн сырты таш дубалдар менен курчалган. Имарат эскирген, бүгүнкү күндө оңдоого бир топ муктаж. Устакананын айланасында кошумча, көмөкчү имарат же шыйпаң (навес) курулган эмес, ошондуктан зыяратчылар күмбөзгө жакыныраак жерде салынган мечитке, жака-белдеги үйлөргө кайрылышат. Күмбөзгө киргенде эле ар кандай формадагы таштарга көзүңөр түшөт. Бул таштар тууралуу шайык Мурзаев Абдилатип агадан сураганыбызда, бирөөсү баш кийим, экинчиси бут кийим, үчүнчүсү атайын имарат үчүн сомдолуп жасалган таш экендигин баяндап берди. Мындай таштардан бир топ болгондугу, алар келген адамдар тарабынан алынып кеткендиги, суюлгандыгы жөнүндө анын өз оозунан уктук. Күмбөздүн жанында кыйылган дарак жатат. Даракка байланган жиптер, чүпүрөк-чапырактар бар. Көрсө, бишкектен келген дабатчылар дарактарга жип, чүпүрөк байлаш исламга туура келбестигин айтып, эч кимден уруксаатсыз даракты кесип ташташкандыгын баяндады. Чындыгында, андай ырымдар тотемизмдин калдыктары экендиги белгилүү, бирок кыргыз элинин жашап өткөн узак тарыхында ишенимдин бир канча түрлөрү, аралашкан элементтери жашап келет. Аларга келген зыяратчылар өз каалоо-тилектеринин орундалышын ниет кылышат. Андыктан болгонун болгондой асибеттеп, аяр мамиле кылышыбыз – абзел. Элдин өтүмүшүнө кыянаттык кылбоо керек. Күмбөздүн аянты болжол менен 1 сотук жерди ээлейт. Артжагында эски кабыр жай жайгашкан. Тосмо менен тосулган, Жалпы аянты болжол менен 15 сотуктай. Күмбөз ичи 3 бөлмөдөн турат. Биринчиси – Дөөт Пайгамбардын устаканасы. Ушул устаканада жабылган парданын артында эч кимге көрсөтпөй, пайгамбар кадимки ысык темирди колу менен камыр сыяктуу ийлеп, түрдүү формага келтирип, буюм-тайымдарды, курал-жарактарды жасоочу экен. Күндөрдүн биринде анын өнарүнө кызыккан шакирттеринин бири шайтандын сөзүнө кирип, иштеп жаткан пайгамбардын устаканасынын пардасын ачып жиберген. Ошондо Дөөт пайгамсбар көздөн кайым болгон. Бөлмөдө таштын тешиги бар. Ал тешикке Дөөт колун салып ушалап, анан жумушун баштачу экен. Азыр келген зыяратчылар да тешикке колун салып, чаңдарын колуна, андан кийин үстүнө сүртүнүп, куран окуп, тилектерин айтышат.
Бул жерде бала көрбөгөн аялдар балалуу болуу үчүн атайын казык кагып, ага ак материалды байлап, тилек кыла турган жер бар. Ушул жердин касиеттүү күчү менен балалуу болуп кеткен үй-бүлөлөр арбын. Алар кийин перзент көргөндө, кайра келишип, каккан казыгын алып, курмандык чалып, куран окуп кетишет. Бул жерге сыркоо, оорукчан кишилер сакаюу үмүтүндө, турмушта иши жүрүшпөй, жолу ачылбай жүргөн адамдар өздөрүнө ак жол, дөөлөт күтүү ниетинде да зыярат кылышат. Азирети Дөөт пайгамбар темирдин пири катары эсептелгендиктен, автоунаа алгандар көп каттачу болду. Албетте, адам өзүнө психикалык жактан ишенүү, ынануу жолу аркылуу көздөгөнүнө жетери бышык. Кантсе дагы мында жакшы ниет, таза ой, чоң ишеним менен келсе, ниеттери кабыл болот.
Экинчи бөлмө - ибадатчылар намаз окуу үчүн ыңгайлашкан атайын бөлмө. Анда Дөөт пайгамбарга, өткөн момун-мусулмандарга багышталып куран түшүрүлөт жана намазга жыгылышат. Ал үчүн килемдер, жай намаздар төшөлгөн. Келген зыяратчылар көңүлүнөн чыгаргандарын берип кетишет.
Үчүнчү бөлмө – пайгамбардын кайып болгон жери. Белги катары «кабырды» элестеткен жай курулган. Зыяратчылар анда дагы куран, 2 рекет нафил намаз окушат, тилек-ниеттер айтылат. Өткөндөргө дуба кылуу менен, алардын алдында ыйманы тазарат. Ыйык адамдын касиеттүү жайына келип дуба кылуу, тилек айтуу, элдин аң-сезимине сиңип калгандыгы бышык.