СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Б.Блумдун таксономиясы

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Б.Блумдун таксономиясы»

Б.Блумдун таксономиясы

Өздөштүрүү деңгээлинин эки таксономиясы.

Бүгүн өздөштүрүү деңгээлинин түрдүү таксономиясы колдонулууда. Аларды колдонууда сын көз менен кароо пайдалуу. Анткени, бир эле деңгээлдеги тапшырма: аракетчил окуучу үчүн жеңил, ал эми жалкоо окуучу үчүн оор болуп калышы мүмкүн. Дүйнөлүк практикада кеңири колдонулуп келе жаткан эки таксономияга токтололу. Биринчиси— үч деңгээлдик таксономия. Ал төмөндөгүдөй:

I —билимдерди өздөштүрүү;

II— билимдерди тааныш кырдаалда колдонуу;

III— билимдерди өзгөрүлгөн жана жаңы кырдаалда колдонуу.

Бул таксономиянын артыкчылыгы, анын жөнөкөйлүгүндө. Ошондуктан, ал окуучулардын билим сапатын баалоодо колдонулушу мүмкүн. Ар бир деңгээлдин мазмунун боюнча түшүндүрмөлөрдүн жоктугу, колдонууда кыйынчылыкты пайда кылып, бир жактуу эмес баалоого алып келет.

Дүйнөлүк практикада Б.Блум жетекчилик кылган америкалык окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан окутуу максаттарынын таксономиясы кеңири тараган. Ал окуучунун таанып билүү жана эмоционалдык чөйрөсүн баалоого багытталган. Бул жерде таанып билүү чөйрөсү менен чектелели. Авторлор таксономияны, окуучулардын таанып билүү ишмердигинин мүнөзүнүн татаалдашуу даражасы боюнча, тигил же бул деңгээлдин мазмунун ачып бергендей, алты деңгээлге бөлүшөт. Ар бир категория тигил же бул деңгээлдеги мазмунду ачып берген кичи категорияларга бөлүнөт.


Б.Блум боюнча таанып билүү жаатындагы окуу максаттарынын категориясы.


Окуу максаттарынын негизги категориялары

Окуу максаттарынын жалпыланган типтеринин мисалдары


  1. Билим

Бул категория үйрөнүлгөн материалды эсте тутууну жана кайра айтып берүүнү билдирет.

Сөз мазмундун түрлөрү конкреттүү фактылардан бүтүндөй теориялар тууралуу жүрүшү мүмкүн. Бул категориянын өзгөчө белгиси — тиешелүү маалыматтарды эсте тутуу


Окуучу колдонгон терминдерди билет;

конкреттүү фактыларды билет;

методдорду жана процедурларды билет;

негизги түшүнүктөрдү билет;

эрежелерди жана принциптерди билет.


  1. Түшүнүү

Билдирүүчү материалды бир формадан экинчи формага кайра түзүү, «бир тилден экинчи тилге, (мисалы, кара сөздөн математикалык тилге) «которуу» (трансляция), үйрөнүлгөндөрдүн маанисин түшүнүү жөндөмдүүлүгүнүн көрсөткүчү катары кызмат кыла алат.

Окуучунун материалга түшүндүрмө берүүсү

(түшүндүрүү, кыскача баяндоо) же окуянын, көрүнүштүн андан аркы жүрүшү тууралуу божомолу (кесепеттерин, натыйжаларын алдын-ала айтуу) да түшүнүүнүн көрсөткүчү катары чыга алат. Мындай натыйжалар жөнөкөй эсте тутуудан артыкчылык кылат.


Фактыларды, эрежелерди жана принциптерди түшүнөт;

Кара сөз материалына түшүндүрмө берет;

Схемаларга, графикаларга, диаграммаларга түшүндүрмө берет;

Кара сөз түрүндөгү ой материалын математикалык тилге которо алат;

Колдо болгон маалыматтарга таянып, келечекте болуучу натыйжаларды болжолдуу сүрөттөп берет.


  1. Колдонуу

Үйрөнүлгөн материалдарды конкреттүү шарттарда жана жаңы кырдаалдарда колдоно билүү.

Эрежелерди, методдорду, түшүнүктөрдү, мыйзамдарды, принциптерди, теорияларды колдонуу буга кирет.

Окутуунун тиешелүү натыйжалары түшүнүүгө караганда, материалды өздөштүрүүнүн жогорку деңгээлин талап кылат.


Түшүнүктөрдү жана принциптерди жаңы кырдаалдарда колдонот. мыйзамдарды, теорияларды

конкреттүү практикалык кырдаалдарда колдонот;

методду же процедураны туура колдонуусун көрсөтөт.


4.Анализ

Структурасы даана байкалгандай кылып, бөлүктөргө бөлүү ыктары:

Бүтүндү бөлүктөргө бөлүү, алардын ортосундагы өз ара байланыштарын аныктоо, бүтүндү уюштуруунун принциптерин аңдап билүү. Окуунун натыйжалары мында түшүнүүгө жана колдонууга караганда, кыйла жогору интеллектуалдык деңгээл менен мүнөздөлөт, анткени, ал окуу материалынын мазмунун, ошондой эле, анын ички түзүлүшүн аңдап билүүнү талап кылат.


Жабык (айкын болбогон) болжолдорду бөлөт;

Ой жүгүртүү логикасындагы жаңылыштыктарды жана каталыктарды көрөт;

фактыларды жана натыйжаларды айырмалайт;

маалыматтардын маанисин баалайт.


  1. Синтез

Жаңы сапатка ээ болгон, бүтүндү алуу үчүн элементтерди комбинациялоо ыктары. Ошентип, билдирүү (сүйлөнгөн сөз, доклад), аракеттердин планы же жалпыланган байланыштардын жыйындысы (колдогу маалыматтарды жөнгө салуу үчүн схемалар) ушундай жаңы көрүнүш болуп кала алат.

Тиешелүү окуу натыйжалары, жаңы схемаларды жана структураларды түзүүгө басым жасап, ишмердиктин чыгармачыл мүнөзүн болжолдойт.


Анча чоң эмес чыгармачыл сочинениелерди жазат;

экспериментти жүргүзүүнүн планын болжолдойт;

тигил же бул проблеманы чечүүнүн планын түзүү үчүн, түрдүү тармактардагы билимдерин пайдаланат.


  1. Баалоо

Конкреттүү максаттар үчүн тигил же бул материалдын маанисин баалоо (ырастоолор, көркөм чыгармалар, изилдөөнүн маалыматары). Окуучунун ой жүгүртүүсү ички (структуралык, логикалык), ошондой эле, тышкы (белгиленген максатка дал келиши) так критерийлерге негизденүүгө тийиш.

Критерийле окуучулар тарабынан же сырттан (мисалы, мугалим) аныкталышы мүмкүн. Аталган категория мурунку бардык категориялар боюнча окуу натыйжаларына, ага кошумча, ачык-айкын белгиленген критерийлер боюнча баалоочу ой жүгүртүүгө жетишүүнү болжолдойт.


Жазма текст түрүндөгү материалды түзүүнүн логикасын баалайт;

Корутундулардын колдо болгон маалыматтарга дал келиши;

Ички критерийлерге таянып, ишмердиктин тигил же бул продуктысын баалайт;

Тышкы критерийлерге таянып, ишмердиктин тигил же бул продуктысын баалайт.


Блумдун таксономиясы, өзүнүн ойлонулгандыгы жана бир жактуулугу менен баалуу. Биринчи кезекте мугалим өздөштүрүлүп жаткан категориялардын ортосундагы айырмачылыктарды даана көрө алат. Бул окутуунун натыйжаларын так баалоого жардам берет. Экинчи катарда — окуу максаттарынын жалпыланган типтеринин мисалдары — аны кандай жасоого жол көрсөтүп берет, Анткени, сунуш кылынган максаттарды конкреттештирүүгө жана диагностикага жеңил эле пайдаланса болот. Категориялардын жана максаттардын мазмунун кеңири берилиши мугалимге деңгээлдик тапшырмаларды түзүү боюнча иштерин жеңилдетет. Блумдун таксономиясындагы акыркы төрт категория (түшүнүү, анализ, синтез, баалоо) биринчи таксономиянын үчүнчү деңгээлине дал келет. Калган деңгээлдерин (биринчи жана экинчи) салыштыруу кыйын, анткени, үч деңгээлдик таксономияда алардын мазмуну ачылып берилген эмес.