СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Баалоо отчётунун үлгүсү

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту (мындан ары институт) академик М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин структуралык бөлүмү болуп эсептелет. Ал өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Жарандык кодексинин, Билим берүү жөнүндөгү мыйзамынын, өзүнүн Уставынын жана башка нормативдик-укуктук актылардын негизинде жүргүзөт.

Просмотр содержимого документа
«Баалоо отчётунун үлгүсү»

Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы

эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту

050704 Мектепке чейинки билим берүү

билим берүү программасы боюнча программалык аккредитациядан өтүүдөгү

ӨЗ ИШИНЕ БАА БЕРҮҮ ОТЧЕТУ

Өзүн-өзү баалоо боюнча жумушчу комиссиянын курамы

Аты-жөнү

Комиссиядагы орду

Кызматы

Колтамгасы

1.

Муратбаева Гүлбарчын Насаркуловна

Төрагасы

Окуу иштери боюнча дир.орун басары


2.

Тынай уулу Бактыбек

Мүчөсү

Өндүрүштүк окутуу боюнча дир.орун басары


3.

Темиралиева Гүлжамал Тайлакбаевна

Мүчөсү

Мамлекеттик тил боюнча дир.орун басары


4.

Касымбеков Амангелди Ажикурбанович

Мүчөсү

Окуу бөлүмүнүн башчысы


5.

Раманкулов Мухаммед-Назар

Мүчөсү

Окуу бөлүмүнүн башкы адиси


6.

Чокотаева Айзуура Абдыкалыковна

Мүчөсү

Кадрлар бөлүмүнүн башчысы


7.

Абдуллаева Рахатай Айбековна

Мүчөсү

Окутуунун күндүзгү бөлүмүнүн башч.


8.

Нурдинов Болот Жолболдуевич

Мүчөсү

“Педагогика тил илимдери” предметтик циклинин башчысы


9.

Мааткеримов Зайналабудун Жээнбекович

Мүчөсү

Англис тили предмети боюнча улук окутуучу


10.

Ниязбеков Абдилазиз Сатыбалдыевич

Мүчөсү

Аскер жетекчиси


Өзгөн – 2024, октябрь

Мазмуну

1. Кыскартуулардын тизмеси 3

2. Киришүү 4

3. 1-стандарт. Билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана мониторинг жүргүзүү 6

4. 2-стандарт. Окутуунун натыйжаларын кабыл алуу жана таануу 8

5. 3-стандарт. Инсанга багытталган окутуу жана билим алуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин баалоо 12

6. 4-стандарт. Педагогикалык жана окуу-көмөкчү персонал 15

7. 5-стандарт. Материалдык жана маалыматтык ресурстар 17

8. 6-стандарт. Материалдык-техникалык база жана маалымат ресурстары 21

9. 7-стандарт. Маалыматты башкаруу жана аны коомчулукка жеткирүү 24

10. Тыянактар 27


Кыскартуулар

Институт – ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту

МАК – Мамлекеттик аттестациялык комиссия

МББС – Мамлекеттик билим берүү стандарты

ББИМ –Билим берүү жана илим министрлиги

МРС – Модулдук-рейтингдик система

НКББП – Негизги кесиптик билим берүү программасы

РК – Рейтингдик көзөмөл

ИИИ – Илим-изилдөө иштери

СИИИ – Студенттердин илим-изилдөө иштери

ЖББД – Жалпы билим берүүчү дисциплиналар

ББП – Билим берүү программасы

ПД – Профилдик дисциплиналар

ОК – Окутуучулук курам

ЖмП – Жумушчу окуу планы

ЖкП – Жеке окуу планы

ЖМК – Жалпыга маалымдоо каражаттары

СМС – Сапат менежменти системасы

СӨИ – Студенттердин өз алдынча иштери

СОӨИ – Студенттердин окутуучу менен өз алдынча иштери

ОУК – Окуу-усулдук комплекс

ОУС – Окуу-усулдук Совет

ОПл – Окуу планы

Киришүү

Академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту (мындан ары институт) академик М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин структуралык бөлүмү болуп эсептелет. Ал өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Жарандык кодексинин, Билим берүү жөнүндөгү мыйзамынын, өзүнүн Уставынын жана башка нормативдик-укуктук актылардын негизинде жүргүзөт.

1-тиркеме. Уставдын көчүрмөсү

Окуу жайдын почталык дареги

723600, Кыргыз Республикасы, Ош областы Өзгөн шаары, Манас көчөсү, номери жок. Факс: (03233) 5-31-47, тел.: (03233) 5-31-89, 5-30-34, e-mail: [email protected].

Окуу жайды түзүү тууралуу маалыматтар

1995-жылы Өзгөн шаарында Ош технологиялык университетинин Өзгөндөгү филиалы катарында түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министрлигинин коллегиясынын 2002-жылдын 25-мартындагы №2/7 чечимине ылайык, Ош технологиялык университетинин ректорунун буйругу менен ОшТУнун Өзгөндөгү филиалы Ош технологиялык университетинин Өзгөн технология жана билим берүү институту болуп кайра түзүлгөн. 2006-жылы Ош технологиялык университетинин ректорунун буйругу менен ОшТУнун Өзгөн технология жана билим берүү коллежине айланган, 2007-жылы кайрадан институтка айланган. 2007-жылы 30-октябрдагы №9/7 Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын чечими менен академик Б.Мурзубраимовдун ысымы өзү негиздеген Өзгөн технология жана билим берүү институтуна ыйгарылган. 2016-жылдын 29-июнундагы ОшТУнун окумуштуулар кеңешинин чечимине ылайык ОшТУнун ректорунун №09-04/217 буйругу менен ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү коллежи болуп өзгөртүлгөн. 2019-жылдын 12-ноябрында кайрадан ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту статусуна ээ болгон (КРнын Юстиция министрлигинин Ош башкармалыгы тарабынан 2019-жылдын 12-ноябрында берилген күбөлүктүн сериясы ГПЮ, №0036113, каттоо №72248-3306-У-е, ОКПО коду 23513765).

2-тиркеме. Коллегиянын чечими

3-тиркеме. Институтка өзгөртүү тууралуу ОшТУнун ректорунун буйругу

Окуу жайдын менчигинин формасы жана таандуулугу тууралуу маалыматтар

Уюштуруу-укуктук формасы – мекеме. Менчиктин формасы - мамлекеттик. Уставдын көчүрмөсү тиркелет.

4-тиркеме. Институттун Уставын бекитүү жөнүндө буйрук

Институттун директору жана директордун орун басарлары тууралуу маалымат

Кызматы

Аты-жөнү

Телефон №, e-mail

1.

Директор, техникалык илимдердин кандидаты, доцент

Зулпуев Замирбек Базарбаевич


2.

Окуу иштери боюнча директордун орун басары, юридикалык илимдердин кандидаты, доцент

Муратбаева Гүлбарчын Насаркуловна


3.

Мамлекеттик тил боюнча дир.орун басары, тарых илимдеринин кандидаты, доцент

Темиралиева Гүлбарчын Тайлакбаевна


4.

Административдик-чарбалык иштер боюнча директордун орун басары

Чодуев Түгөлбай


Өзүн-өзү баалоо боюнча жумушчу комиссиянын курамы

Аты-жөнү

Комиссия-дагы орду

Кызматы

1.

Муратбаева Гүлбарчын Насаркуловна

Төрагасы

Окуу иштери б-ча дир.орун бас.

2.

Тынай уулу Бактыбек

Мүчөсү

Өндүр.окутуу б-ча дир.орун бас.

3.

Темиралиева Гүлжамал Тайлакбаевна

Мүчөсү

Мамл.тил боюнча дир.орун бас.

4.

Касымбеков Амангелди Ажикурбанович

Мүчөсү

Окуу бөлүмүнүн башчысы

5.

Раманкулов Мухаммед-Назар

Мүчөсү

Окуу бөлүмүнүн башкы адиси

6.

Чокотаева Айзуура Абдыкалыковна

Мүчөсү

Кадрлар бөлүмүнүн башчысы

7.

Абдуллаева Рахатай Айбековна

Мүчөсү

Окутуунун күндүз.бөлүм башч.

8.

Нурдинов Болот Жолболдуевич

Мүчөсү

ПТИ предм.циклдин башчысы

9.

Мааткеримов Зайналабудун Жээнбекович

Мүчөсү

Англис тили предм.б-ча ул.окут.

10.

Ниязбеков Абдилазиз Сатыбалдыевич

Мүчөсү

Аскер жетекчиси

5-тиркеме. Жумушчу комисияны бекитүү тууралуу буйрук

Аккредитациялануучу билим берүү программаласы

Шифр

Аталышы

1.

050704

Мектепке чейинки билим берүү

Билим берүү программасы боюнча лицензиялар тууралуу маалыматтар

Окуу жайда бардык билим берүү программалары боюнча Кыргыз Республикасынын ББИМдин 2019-жылдын 2-августундагы №933/1 буйругунун (протокол №13-28, 18.06.2019) негизинде лицензия алынган. Лицензия № LS 190000207 (кайрадан катталгандагы лицензия № LS 190004091).

6-тиркеме. Лицензиялардын жана алардын тиркемелеринин көчүрмөлөрү

Билим берүү программаласын аккредитациялоо тууралуу маалыматтар

050704 Мектепке чейинки билим берүү билим берүү программасы боюнча аккредитация мөөнөтү 2024-жылдын 25-майында айында аяктайт.

  1. VK – 170000050. Катоо номери 005, буйрук 25.05.2017 №05/3/001;

  2. VK – 180000090. Катоо номери 050, буйрук 11.04.2018 №3/006;

  3. VK – 190000352. Катоо номери 096, буйрук 05.04.2019 №3/19/02;

7-тиркеме. Аккредитациядын өткөндүгү тууралуу сертификаттардын көчүрмөсү

Окуу жайга берилген сыйлыктар тууралуу маалыматтар

  1. 2018-ж., октябрь – Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы;

  2. 2018-ж., декабрь – Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын “Жылдын мыкты коллежи” диплому;

  3. 2019-ж., декабрь - Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын “Жылдын мыкты билим берүү мекемеси” 1-даражадагы диплому,;

  4. 2019-ж., декабрь – “Элита+» көп нускалуу түстүү журналы, “Жылдын мыкты коллежи”.

8-тиркеме. Сыйлыктар тууралуу документтердин көчүрмөлөрү

Окуу жайдын ар түрдүү уюмдардагы мүчөлүгү тууралуу маалыматтар

9-тиркеме. Мүчөлүк тууралуу документтердин көчүрмөлөрү

Билим берүү программасы боюнча окуган студенттердин саны тууралуу маалыматтар

1-таблица

Шифр

Адистиктердин аталыштары

Курстар боюнча саны

1

2

3

баары

1.

050704

Мектепке чейинки билим берүү





10-тиркеме. Студенттердин саны тууралуу маалыматтар

Аккредитациялануучу билим берүү программалсынын окуу планданы тууралуу маалыматтар

Билим берүү программасынын окуу планы ББИМ тарабынан 2023-жылы бекитилген мамлекеттик ББСтердин негизинде түзүлүп, институттун Окумуштуу кеңеши тарабынан бекитилген.

11-тиркеме. Окуу пландарынын көчүрмөлөрү

Окуу жайдын кыскача тарыхы

1995-жылы Өзгөн шаарында ОшТУнун базасында Өзгөндөгү филиал катарында түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министрлигинин коллегиясынын 2002-жылдын 25-мартындагы №2/7 чечимине ылайык, ОшТУнун ректорунун буйругу менен ОшТУнун Өзгөндөгү филиалы Ош технологиялык университетинин Өзгөн технология жана билим берүү институту болуп кайра түзүлгөн. 2006-жылы ОшТУнун ректорунун буйругу менен коллежге, 2007-жылы кайрадан институтка өзгөртүлгөн. 2007-жылы 30-октябрдагы №9/7 Кыргыз Республикасынын ББМдин коллегиясынын чечими менен академик Б.Мурзубраимовдун ысымы өзү негиздеген Өзгөн технология жана билим берүү институтуна ыйгарылган. 2016-жылдын 29-июнундагы ОшТУнун окумуштуулар кеңешинин чечимине ылайык ОшТУнун ректорунун №09-04/217 буйругу менен ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү коллежи болуп өзгөртүлгөн. 2019-жылдын 12-ноябрында кайрадан ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту статусуна ээ болгон (КРнын Юстиция министрлигинин Ош башкармалыгы тарабынан 2019-жылдын 12-ноябрында берилген күбөлүктүн сериясы ГПЮ, №0036113, каттоо №72248-3306-У-е, ОКПО коду 23513765).

Институттун миссиясы:

билим берүү программаларына тиешелүү тармактар үчүн орто кесиптик деңгээлдеги, рынок экономикасынын шарттарына жооп бере алган, чет тилдерди жана жаңы маалымат технологияларын терең үйрөнгөн адистерди даярдоо.

Өзгөн институтунун максаттары:

  • окуу процессин ишке ашырууда азыркы маалымат технологияларын колдонуу жана ишке кийирүү жолдору менен уюштуруу. Окуу процессин көзөмөлдөө, окуу пландарын жумуш берүүчүлөр жана кызыкдар тараптар менен биргеликте эмгек рыногунун талаптарына ылайык өркүндөтүү. Ошондой эле кесиптик билим берүү программаларын аккредитациялоо жана жогорку квалификациялуу кадрдык курамды калыптандыруу.

  • личносттун гармониялык өнүгүүсүн калыптандырууга багытталган, тарбиялык иштердин натыйжалуу формаларын иштеп чыгуу аркылуу студенттердин ар тараптан өнүгүүсүнө шарттарды түзүү.

  • эмгек рыногуна ылайык, институттун сырткы чөйрө менен туруктуу өз ара мамилелерин камсыз кылуу үчүн иш берүүчүлөр, кызыкдар тараптар жана бүтүрүүчүлөр менен туруктуу байланышты жүргүзүү.

Коюлган максаттарга жетүү үчүн институт төмөнкүдөй милдеттерди алдыга коет:

  • институттун бардык ишмердүүлүк чөйрөсүн башкарууда иштеп жаткан AVN маалыматтык системасын ОшТУнун сайты аркылуу төмөндөгүлөр менен толуктоо: Электрондук кабыл алуу комиссиясы, Кадрлар бөлүмү, Окуу бөлүмү, Финансылык менежмент;

  • AVN маалыматтык системасын ОшТУнун сайты аркылуу Интернет тармагына кошуп, окуу материалдары, студенттердин жетишүүсү, катышуусу, окуу акысынын төлөмдөрү тууралуу маалыматтар менен ата-энелер, окутуучулар жана студенттер таанышып, иш жүргүзүүсүнө шарт түзүү;

  • студенттердин, кызматкерлердин, бүтүрүүчүлөрдүн, ата-энелердин жана социалдык өнөктөштөрдүн өз ара байланыштарын форум, ассоциациялар аркылуу өркүндөтүү;

  • мамлекеттик ББСтин талаптарына ылайык институттун материалдык-техникалык базасын чыңдоо, окутуучулардын ишин мотивдештирүүнүн натыйжалуу формаларын ишке ашыруу, контракттык төлөмдөрдүү рационалдуу пайдалануу үчүн финансылык менежмент жүргүзүү;

  • окутуучуларды жана кызматкерлерди тандоодо алардын кесиптик, моралдык-этикалык сапаттарын эске алуу. Окутуучулардан өз квалификацияларын жогорулатууну талап кылуу;

  • кызматкерлердин жана студенттердин илимий ишмердүүлүгүн, институттун илимий ишмердүүлүк боюнча негизги багыттарын иштеп чыгуу, илимий семинарларды, студенттердин илимий-практикалык конференцияларын, кароо-конкурстарды өткөрүү;

  • чет элдик билим берүү мекемелери менен тажрыйба алмашуу, биргеликте иш чараларды өткөрүү, студенттерди өз ара алмашуу программаларын түзүү үчүн эл аралык ишмердүүлүктү жүргүзүү.




Өзүн-өзү баалоонун ченемдери

Өзүн-өзү баалоонун жыйынтыгы

Далилдөөчү база

1-стандарт. Билим берүү программасын иштеп чыгуу жана мониторинг жүргүзүү

1.1

Билим берүү программасы (мындан кийин - ББП) билим берүү уюмунун миссиясына жана эмгек рыногунун талаптарына, ошондой эле, окуу жайынын максаттарына жана күтүлүүчү окутуу натыйжаларына шайкеш ишке ашырылып жатканына мониторинг жүргүзүлөрүн көрсөтүүсү керек (ББП нын багытын жана чөйрөнүн кадрларга болгон муктаждыгын тастыктаган маалыматтардын болуусу, мониторинг жүргүзүүнүн жобосунун болуусу, иш чаралардын өткөрүлгөндүгү жана жыйынтыгы жөнүндө маалыматтар болууга тийиш);

Мониторинг жүргүзүүнүнү жобосу бар. Мониторинг жүргүзүү боюнча иш чаралар өткөрүлүп, алардын жыйынтыктары чыгарылган..


1.2

ББП боюнча окуу жүктөмүнүн көлөмүн аныктоодо тиешелүү ББСте белгиленген ченемдер (саат, кредит, модуль) негиз болоорун көрсөтүүсү (далилдөөсү) керек;

ББП боюнча окуу жүктөмдөрүнүн көлөмү ББИМ тарабынан бекитилген адистикке тиешелүү ББСте белгиленген ченемдердин негизинде алынган.


1.3

ББП практиканын, стажировкалардын бардык зарыл түрлөрүнө жана окутуунун башка түрлөрүнө тиешелүү шарттардын түзүлгөнүн көрсөтүүсү керек (стажировканын, практиканын бардык түрлөрүн өтөө үчүн мекеме-ишканалар менен түзүлгөн келишимдер, практикалардын иш-берүүчүлөр менен макулдашылган программалары)



1.4

ББПны ишке ашырууга жооптуу кызматкер эмгек рыногундагы өзгөрүүлөрдү, жумуш берүүчүлөрдүн талаптарын жана коомдун социалдык сурооталаптарын, студенттердин канааттануу деңгээлин эске алуу менен билим берүү программанын түзүлүшүн жана мазмунун жыл сайын кайра карап чыгуусун, мазмунуна өзгөртүү киргизилүүсүн көрсөтүшү керек (акыркы 5 жылдагы “окуу планын” өзгөртүү боюнча маалыматтар, талкуу протоколдору, тиешелүү чечимдер болууга тийиш)



1.5

ББП инновациялык окуу-методикалык ресурстарды, педагогикалык методдорду, формаларды жана технологияларды колдонушун көрсөтүүсү керек (сөзсүз болууга тийиш болгон (обязательные учебники) окуу китептеринин жеткиликтүүлүгү, кошумча окуу-методикалык колдонмолору жана электрондук окуу китептеринен пайдалануу шарттарынын болушу, окутуучулар үчүн методикалык кабинеттин, ошондой эле, предметтик (циклдык) комиссиянын ишине жооптууларга тиешелүү шарттардын түзүлүшү)



1.6

ББП билим алуучулардын ар кандай топторунун муктаждыктарын аныктоону жана кошумча билим берүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруусун көрсөтүүсү керек (анкеталарды изилдөө, сурамжылоо, кошумча билим берүү курстарын уюштуруу, анын алкагында он-лайн сабактарды уюштуруу, тапшырмалардын негизинде өз алдынча билим алуу, предметтик тесттердин базасын түзүү жана аларды пайдалануу ж.б.)



Кошумча талаптар


1.7

ББПнын (адистиктин) аталышы билим берүү уюмунун аталышына шайкеш болууга тийиш



1.8

ББПда документтештирилген билим берүүнүн сапатын башкаруу системасын колдонуу менен сапатты камсыздоо системасын ишке ашыруу үчүн дайындалган жооптуу адам (кызмат) болушу керек



1.9

Ар бир ББП (адистиги) боюнча өзүнчө атайын циклдык (предметтик) комиссиянын же бөлүмдүн уюштурулганын жана анын ишмердүүлүгү боюнча маалыматтарды көрсөтүүсү керек



Күчтүү жактары:

1. Окуу программаларындагы бардык дисциплиналардан ОУКтар (окуу-усулдук комплекстер) электрондук вариантта AVN маалымат системасына, кагаздагы варианты китепканага коюлган.

2. Программа окутуунун күтүлүүчү жыйынтыктарын жана окуу-усулдук камсыздоону иштеп чыгууну аткарат.

3. Программа институттун бүтүрүүчүлөрүнүн ишке жайгашуусун, ошондой эле практиканын бардык түрлөрүн өткөрүүнү эске алат.

Алсыз жактары:

1. Окуу жүктөмдөрү эл аралык чен бирдиктерде аныкталбаган.

2. Программада орус тилинде окутуу каралган, ал эми студенттердин тилди билүүсү боюнча талаптын аткарылуусу жетишсиз.

2-стандарт. Окутуунун натыйжаларын кабыл алуу жана таануу

2.1

ББП билим алуучуларды кабыл алуу эрежелеринин жана процесстеринин ачык-айкындыгын жана объективдүүлүгүн камсыз кылуусун көрсөтүүсү керек (бекитилген кабыл алуу эрежелери, жобо, коомчулукка маалымат жеткирүү, аппелляция, тиешелүү буйрук, фотогалерея ж.б.)



2.2

ББП билим алуучуларга билим берүү траекториясын калыптандырууга (тандоого), академиялык мобилдүүлүккө жана карьералык өсүүгө түзүлгөн шарттарды көрсөтүшү керек (кулактардыруу, жарыя, келишимдер, буклет даярдоо, тиешелүү сайт жана ММК аркылуу маалыматтар менен таанышууну сунуштоо, фотогалерея уюштуруу ж.б.)



2.3

ББП мурунку билиминин квалификациясын, мезгилдерин жана окутуунун натыйжаларын объективдүү тааный турганын көрсөтүшү керек (квалификациялык мүнөздөмө, которулуу жана тикеленүү жөнүндө жобо)



Күчтүү жактары:

1. Студенттердин тандап алган билим берүүчүлүк траекториясы боюнча толук жана өз убагында маалымат жана кеңеш алуусундагы институттун ишмердүүлүгү студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө шарт түзүүгө багытталган жана тандаган кесиби жөнүндө толук түшүнүктү (элестетүүнү) берет.

2. Рекламалык материалдар системалуу түрдө жаңыланып, окутуучулардын кесипке багыт берүү боюнча регулярдуу ишмердигине көзөмөл жүргүзүлөт, жыйынтыктары жалпыланып жана талданып, институттун ишмердүүлүгүн жакшыртуу үчүн чечимдер алынат.

3. Институттун ишине кызыкдар тараптарды чечимдерди кабыл алууга тартуу максатында аларды Мамлекеттик аттестациялык комиссияларына, Камкордук кеңешине, Ата-энелер кеңешине жана абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясына мүчөлүккө кошуу.

Алсыз жактары:

1. Кесипке окутуунун методдорун, формаларын, алдыңкы технологияларды өздөштүрүү аркылуу бүтүрүүчүлөрдүн оптималдык деңгээлдеги негизги компетенцияларын калыптандырууга шарт түзүү зарыл.

3-Стандарт. Инсанга багытталган окутуу жана билим алуучулардын билим алуудагы жетишкендиктерин баалоо

Билим берүү уюму студенттерди кабыл алуудан баштап бүтүрүп чыгарганга чейинки этаптарды камтыган окутуу процессинин бардык мезгилине тиешелүү эрежелерге жана жол-жоболорго ээ болуусу керек, б.а. инсанга, негизинен студентке багытталган окутуу (студентоцентрированное обучение) процесси бар экендигин көрсөтө алуусу керек. Инсанга багытталган окутуу күтүлүүчү натыйжаларды жогорулатууга шарт түзөт, студенттердин өз алдынча активдүү аракет жасоосуна түрткү берет, ошондой эле, ар бир студенттин билим алуу деӊгээлин чагылдырып турат.

3.1

ББП педагогикалык усулдарды, билим берүүнүн формаларын жана технологияларын баалоо жана аларга түзөтүү киргизүү максатында окугандар (студенттер) менен үзгүлтүксүз өз ара байланышта болоорун көрсөтүшү керек (жыл сайын уюштурулуучу тестирлөөнүн, сурамжылоонун, интервью алуунун жайынтыктары, тегерек стол, өткөрүлгөн чогулуштун талкуу протоколдору жана жыйынтык материалдары болууга тийиш)



3.2

ББП баалоонун критерийлеринин жана методдорунун, көзөмөлдөөнүн күтүлүп жаткан түрлөрүнүн, баалоонун натыйжаларына апелляция берүү жолжоболорунун жеткиликтүүлүгүн жана ачык-айкындыгын камсыз кылаарын көрсөтүсүү керек (иш графиктери, жоболор, арыздар, баалоо каражаттарынын фондунун болуусу, комиссиянын курамы жана анын бекитилиши, жыл сайын өткөрүлүүчү жыйынтыктоо иш чаралары боюнча маалыматтар болууга тийиш)



3.3

ББП билим алуучулардын окуусун таштап кетүү себептерине дайыма талдоо жүргүзүлүшүн, алардын окуудагы жетишкендиктери жана бекемделиши боюнча тиешелүү чараларды колдонуусун далилдөөсү керек (анализ-таблицалардын болушу, талкуу протоколдору, көрүлгөн чаралар, жыйынтык маалыматтар ж.б.)



3.4

ББП билим алуучулардын ар кандай топторунун муктаждыктарын эске алуу жана жеке окуу траекторияларын, академиялык мобилдүүлүктү калыптандыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берүү жана билим берүү кызматтарын көрсөтүүнүн башка варианттарын пайдалануу менен ишке ашыруусун көрсөтүшү керек (жыл сайын өткөрүлүүчү иш чаралар боюнча маалыматтар: ар кандай топторду изилдөө жана алардын муктаждыктарын аныктоо, иш пландар, жыйнтык иш чаралар)



3.5

ББП окуу жүктөмүнө, билим алуучулардын жетишкендиктерине жана бүтүүсүнө, бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусуна мониторинг жүргүзүлүшүн көрсөтүүсү керек (жобо, мониторинг жүргүзүү боюнча иш чаралардын графиги, бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусун талдоо, жыйынтык маалыматтар болууга тийиш)



Кошумча талаптар


3.6

Окутуучулар өзү окуткан предмети боюнча жыл ичинде жок дегенде бирден окуу-методикалык иштелмелерди жазууну (даярдоону) ишке ашырганын жана аны сабак өтүүдө колдоноорун далилдеши керек



3.7

Окутуунун (кызмат көрсөтүүнүн) ар түрдүү ийкемдүү варианттарын пайдаланарын көрсөтүшү керек (окутуунун дистанттык формасын, инновациялык технологияларды колдонууну сабактын презентациясы аркылуу көрсөтүү)



3.8

ББП окууну бүткөн жана окутуунун күтүлгөн натыйжаларына жеткен окуучулардын (студенттердин) алган квалификациясын, анын ичинде алган билиминин натыйжаларын, ошондой эле алынган билимдин мазмунун, статусун тастыктаган жана окуу жайын бүтүрдү деген документ берилип жаткандыгын көрсөтүүсү (далилдөөсү) керек. Бүтүрүүчүлөргө берилүүчү документтер чет өлкөлөрдө да тааныларын тастыктоосу зарыл



3.9

ББПда бүтүрүүчүлөрдүн ассоциациясы/бирикмеси жана алар менен жүргүзүлгөн иш чаралар боюнча маалымат болууга тийиш



Күчтүү жактары:

1. Институт инновациялык окуу-усулдук каражаттарды пайдаланат.

2. Программа окуп жаткандардын артта калып калууларын талдайт жана студенттердин жетишүүсүн жогорулатуу жана бекемдөө боюнча чараларды кабыл алат.

3. Институтта студенттер менен окутуучулардын ортосунда пайда болгон көйгөйлөргө өз убагында жооп берүү принциптери аткарылат.

4. Окутуучу тарабынан берилген тийиштүү жетектөө жана жардам берүүнүн аркасында студенттердин өз алдынчалуулугуна өзгөчө көңүл бурулат.

Алсыз жактары:

1. Программа кызыкдар тараптар менен регулярдуу байланышты толук эмес пайдаланат.

4-стандарт. Педагогикалык жана окуу-көмөкчү персонал

4.1

ББП окутуучулук жана окутуучу-көмөкчү курамдын квалификациясы, билими жана тажрыйбасы ишке ашырылып жаткан билим берүүчү программанын жана билим берүү процессинин талаптарына ылайыктуулугун көрсөтүүсү керек (акыркы 5 жылдагы окутуучулук курамдын динамикалык өзгөрүүсүнүн анализи таблицалык маалымат катары болууга, анын алкагында, штаттагы персонал өзүнчө көрсөтүлүүсү зарыл)



4.2

ББПда педагогдорду тандоо, мотивациялоо жана бекитүү үчүн, ошондой эле педагогикалык жана окуу-көмөкчү персоналдын инновациялык билим берүү методдору жана технологиялары боюнча квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөнүн көрсөтүүсү керек (персоналдын ишиндеги көрсөткүчтөрдүн анализи: окутуучулардын колдонууга сунуштаган методикалык усулдары, иштелмелери жана алардын колдоого алынышы, методикалык кабинеттерди уюштуруу боюнча акыркы 5 жылдагы маалыматтар, фотогалерея ж.б. болуусу зарыл)



4.3

ББПда акыркы 5 жылда педагогдор түзгөн (жазган) окуу куралдары, окуу китептери жана башка методикалык иштепмелер жөнүндө маалымат болууга жана ал процессти өркүндөтүү багытындагы иш чаралар (план, график, аткаруучуларда колдоо чаралары) болууга тийиш



4.4

ББП билим алуучулары тийиштүү адам (кызматкер) ресурстары менен камсыз кылынгандыгын (кураторлор, академиялык кеңешчилер, жатаканадагы тарбиячылар жана алардын кызмат көрсөтүү боюнча милдетери аныкталган болуусу зарыл)



Кошумча талаптар


4.5

Окутуучулар тарабынан окутулуп жаткан предмет боюнча илимий изилдөөлөрдүн жетишкендиктерин жана учурдагы ишке ашырылып жаткан алдыңкы тажрыйбаларды билим берүү программасында пайдалануу үчүн механизмдердин болуусу: окутуучунун жумушчу программасына (календардык-тематикалык планына) кошуп окутуусу ж.б.



4.6

ББПда башка окуу жайларынан, анын ичинде чет өлкөдөн окутуучуларды чакыруу менен кыска мөөнөттүү курстарды (конок лекцияларды) уюштуруунун жолжоболоруна ээ болуусу керек, тажрыйба алмашуу жана билим берүү программасынын окутуучуларынын мобилдүүлүгүн уюштуруу боюнча да маалыматтар болууга тийиш



Күчтүү жактары:

1. Адистиктин кадрлар менен камсыздалышы нормативдик талаптарга туура келет. Институтта эки окутуучу “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” наамынын ээлери жана окумуштуулук даражасы бар 8 окутуучу эмгектенет. Алардын ичинен 1 айыл-чарба илимдеринин доктору, профессор, 7 илимдин кандидаттары, доценттер (философиядан -1, филологиядан – 1, тарыхтан – 1, юридика илимдеринен – 1, техникалык илимдерден – 2, биологиядан - 1).

2. Окутуучулар курамы билим берүү программасынын квалификациялык талаптарына жооп берет, ошондой эле квалификацияны жогорулатуу пландары аткарылат.

Алсыз жактары:

1. Кесиптик циклдеги кээ бир дисциплиналар боюнча штаттык окутуучулардын чектелгендиги.

2. Программа окутуу менен илим изилдөөнүн арасындагы байланышты бекемдөө үчүн илимий ишмердүүлүктү шыктандыруучу системаны толук иштеп чыккан эмес.

5-стандарт. Материалдык жана маалыматтык ресурстар

5.1

ББП билим алуучулардын жана персоналдын ар кандай топтору үчүн жетиштүү материалдык жана маалыматтык ресурстар уюшулганын көрсөтүүсү керек (иш чаралар, фотогалерея, эрежелер, жоболор ж.б.)



5.2

Окуу жайлары билим берүү чейрөсүнүн коопсуздугунун талаптарына (санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге, өрт коопсуздугунун эрежелерине, эмгекти коргоонун жана техникалык коопсуздук эрежелерине) шайкеш экендигин көрсөтүүсү керек (жыл сайын текшерилип, тиешелүү органдардын уруксат документтери болууга тийиш)



5.3

ББПда билим берүү программасынын мазмуну жана профили боюнча ылайык келген окуу китептери жана окуу куралдары, анын ичинде электрондук варианты да болушу керек:

• даярдоо багыттарынын (адистиктин) бардык дисциплиналары боюнча милдеттүү окуу китептери;

• даярдоо багыттарынын (адистиктин) бардык дисциплиналары боюнча окууметодикалык комплекстер (силлабустар);

• лабораториялык жана практикалык сабактар үчүн таркатма материалдар;

• ББПнын профили боюнча электрондук окуу китептеринин маалымат базасы;

• онлайн жана аралыктан окутуу үчүн жабдуулар



Күчтүү жактары:

1. Институттагы тарбиялык иштердин уюштурулушу жана мазмуну студенттердин маданиятынын, нравалык жана эстетикалык сапаттарынын өнүгүүсүнө, атуулдук позициясынын калыптанышына, сергек жашоо образына, патриоттуулукка жана кесиптик талап коюучулукка өбөлгө түзөт. Программа тарабынан көрүлгөн социалдык, турмуш-тиричилик шарттары жетишерлик деңгээлде.

2. Институттун материалдык-техникалык базасы мамлекеттик стандарттарга жана талаптарга туура келет. Ал билим берүүчүлүк жана тарбиялоо процесстерин керектүү деңгээлде камсыздайт.

Алсыз жактары:

1. Институтта ар түрдүү иш чараларды өткөрүү үчүн азыркы мезгилдин талабына ылайык келе турган музыкалык-аспатык, мультимедиалык каражаттарды сатып алуу зарыл.





Тыянак

Институт 050704 Мектепке чейинки билим берүү ББПсы боюнча өзүн-өзү баалоону жүргүзүп, ал программанын алгылыктуу жана алсыз тараптарын аныктады.

1-стандарт боюнча

Күчтүү жактары:

1. Окуу программасындагы бардык дисциплиналардан ОУКтар (окуу-усулдук комплекстер) электрондук вариантта AVN маалымат системасына, кагаздагы варианты китепканага коюлган.

2. Программа окутуунун күтүлүүчү жыйынтыктарын жана окуу-усулдук камсыздоону иштеп чыгууну аткарат.

3. Программа институттун бүтүрүүчүлөрүнүн ишке жайгашуусун, ошондой эле практиканын бардык түрлөрүн өткөрүүнү эске алат.

Алсыз жактары:

1. Окуу жүктөмдөрү эл аралык чен бирдиктерде аныкталбаган.

2. Программада орус тилинде окутуу каралган, ал эми студенттердин тилди билүүсү боюнча талаптын аткарылуусу жетишсиз.

Стандарттын бааланышыстандарт аткарылууда.

2-стандарт боюнча

Күчтүү жактары:

1. Студенттердин тандап алган билим берүүчүлүк траекториясы боюнча толук жана өз убагында маалымат жана кеңеш алуусундагы институттун ишмердүүлүгү студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө шарт түзүүгө багытталган жана тандаган кесиби жөнүндө толук түшүнүктү (элестетүүнү) берет.

2. Рекламалык материалдар системалуу түрдө жаңыланып, окутуучулардын кесипке багыт берүү боюнча регулярдуу ишмердигине көзөмөл жүргүзүлөт, жыйынтыктары жалпыланып жана талданып, институттун ишмердүүлүгүн жакшыртуу үчүн чечимдер алынат.

3. Институттун ишине кызыкдар тараптарды чечимдерди кабыл алууга тартуу максатында аларды Мамлекеттик аттестациялык комиссияларына, Камкордук кеңешине, Ата-энелер кеңешине жана абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясына мүчөлүккө кошуу.

Алсыз жактары:

1. Кесипке окутуунун методдорун, формаларын, алдыңкы технологияларды өздөштүрүү аркылуу бүтүрүүчүлөрдүн оптималдык деңгээлдеги негизги компетенцияларын калыптандырууга шарт түзүү зарыл.

Стандарттын бааланышы – стандарт аткарылууда.

3-стандарт боюнча

Күчтүү жактары:

1. Институт инновациялык окуу-усулдук каражаттарды пайдаланат.

2. Программа окуп жаткандардын артта калып калууларын талдайт жана студенттердин жетишүүсүн жогорулатуу жана бекемдөө боюнча чараларды кабыл алат.

3. Институтта студенттер менен окутуучулардын ортосунда пайда болгон көйгөйлөргө өз убагында жооп берүү принциптери аткарылат.

4. Окутуучу тарабынан берилген тийиштүү жетектөө жана жардам берүүнүн аркасында студенттердин өз алдынчалуулугуна өзгөчө көңүл бурулат.

Алсыз жактары:

1. Программа кызыкдар тараптар менен регулярдуу байланышты толук эмес пайдаланат.

Стандарттын бааланышыстандарт аткарылууда.

4-стандарт боюнча

Күчтүү жактары:

1. Адистиктин кадрлар менен камсыздалышы нормативдик талаптарга туура келет. Институтта илимий даражасы бар 8 адам эмгектенет. Алардын ичинен 1 айыл-чарба илимдеринин доктору, профессор, 7 илимдин кандидаттары, доценттер (философия боюнча -1, филология боюнча – 1, тарых илимдеринен – 1, юридика илимдеринен – 1, техникалык илимдерден – 2, биология илимдеринен - 1).

2. Окутуучулар курамы билим берүү программаларынын квалификациялык талаптарына жооп берет, ошондой эле квалификацияны жогорулатуу пландары аткарылат.

Алсыз жактары:

1. Кесиптик циклдеги кээ бир дисциплиналар боюнча штаттык окутуучулардын чектелгендиги.

2. Программа окутуу менен илим изилдөөнүн арасындагы байланышты бекемдөө үчүн илимий ишмердүүлүктү шыктандыруучу системаны толук иштеп чыккан эмес.

Стандарттын бааланышыстандарт аткарылууда.

5-стандарт боюнча

Күчтүү жактары:

1. Институттагы тарбиялык иштердин уюштурулушу жана мазмуну студенттердин маданиятынын, нравалык жана эстетикалык сапаттарынын өнүгүүсүнө, атуулдук позициясынын калыптанышына, сергек жашоо образына, патриоттуулукка жана кесиптик талап коюучулукка өбөлгө түзөт. Программа тарабынан көрүлгөн социалдык, турмуш-тиричилик шарттары жетишерлик деңгээлде.

2. Институттун материалдык-техникалык базасы мамлекеттик стандартка жана талаптарга туура келет. Ал билим берүүчүлүк жана тарбиялоо процесстерин керектүү деңгээлде камсыздайт.

Алсыз жактары:

1. Институтта ар түрдүү иш чараларды өткөрүү үчүн азыркы мезгилдин талабына ылайык келе турган музыкалык-аспатык, мультимедиалык каражаттарды сатып алуу зарыл.

Стандарттын бааланышыстандарт аткарылууда

Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтундагы аккредитациялануучу 050704 Мектепке чейинки билим берүү адистигинин билим берүү программасы жогоруда белгиленген күчтүү жана алсыз жактарды эске алганда, Кыргыз Республикасындагы “Эл баасы” ААсынын аккредитациялык стандарттарыынын критерийлерине жана талаптарына туура келет.