СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Баалоо жөнүндө түшүнүк.Баалоонун түрлөрү

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бул материалда окуучулардын билимин баалоо боюнча маалыматтар камтылган.

Просмотр содержимого документа
«Баалоо жөнүндө түшүнүк.Баалоонун түрлөрү»

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ Б.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ  ПЕДАГОГИКА ЖАНА МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ  ЖОГОРКУ МАТЕМАТИКА ЖАНА МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУНУН ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ КАФЕДРАСЫ РЕФЕРАТ  ПРЕДМЕТ: Мектепте математиканы окутуунун психология-педагогикалык негиздери  Тема: Баалоо системасы   Аткарган: ФМББ(М)маг-1-20 тайпасынын магистранты  ЭРМАТАЛИ УУЛУ Б.  Текшерген: п.и.к., доцент АВАНОВА Ж.А.  09.06.2021-ж. https://drive.google.com/file/d/1bvfoqaRKSEt XdCbqcBw26WQPoCq6hEvn/ view?usp =sharing

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

Б.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ 

ПЕДАГОГИКА ЖАНА МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ 

ЖОГОРКУ МАТЕМАТИКА ЖАНА МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУНУН ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ КАФЕДРАСЫ

РЕФЕРАТ

ПРЕДМЕТ: Мектепте математиканы окутуунун психология-педагогикалык негиздери

Тема: Баалоо системасы

 

Аткарган: ФМББ(М)маг-1-20 тайпасынын магистранты

ЭРМАТАЛИ УУЛУ Б.

Текшерген: п.и.к., доцент АВАНОВА Ж.А. 

09.06.2021-ж.

https://drive.google.com/file/d/1bvfoqaRKSEt

XdCbqcBw26WQPoCq6hEvn/ view?usp =sharing

ПЛАН: Киришүү……………………………,…………………………………...3 1. Окуучулардын билимин баалоо жөнүндө  түшүнүк.....................................................................................................4 2. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо принциптери..............6 3. Баалоонун түрлөрү…………………………………………………….8 4. Калыптандыруучу баалоонун техникалары……………………...14 5. Баалоонун ыкмалары……………………………………………….20 6. Текшерүү иштерин баалоо жана жыйынтыгын анализдөө....................................................................................................26 7. Баа коюуда эске алынуучу кемчиликтер жана катачылыктар……...................................................................................29 8. Бааларды коюуда эске алынуучу талаптар………………………31   Корутунду..................................................................................................35  Колдонулган адабияттар.......................................................................36  Тиркеме.....................................................................................................37

ПЛАН:

Киришүү……………………………,…………………………………...3

1. Окуучулардын билимин баалоо жөнүндө

түшүнүк.....................................................................................................4

2. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо принциптери..............6

3. Баалоонун түрлөрү…………………………………………………….8

4. Калыптандыруучу баалоонун техникалары……………………...14

5. Баалоонун ыкмалары……………………………………………….20

6. Текшерүү иштерин баалоо жана жыйынтыгын анализдөө....................................................................................................26

7. Баа коюуда эске алынуучу кемчиликтер жана катачылыктар……...................................................................................29

8. Бааларды коюуда эске алынуучу талаптар………………………31

Корутунду..................................................................................................35

Колдонулган адабияттар.......................................................................36

Тиркеме.....................................................................................................37

Киришүү  Окутуу процессинде негизги эске алынуучу түшүнүктөрдүн бири кайсы бир предметтен окуучулардын билимин жана жетишкендиктерин баалоо болуп эсептелет. Окуучулардын жетишкендигин баалоонун негизги максаты алдын ала пландаштырылган натыйжалар менен жетишилген окуу натыйжаларынын дал келүүлөрүнүн даражасын аныктоо болуп саналат.  Бул рефератта баалоо системасына тиешелүү төмөнкүлөргө токтолуп өттүк. Алгач баалоо жөнүндө түшүнүктөр жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоо принциптери, баалоонун түрлөрү, калыптандыруучу баалоонун техникалары , баалоонун ыкмалары, текшерүү иштерин баалоо жана жыйынтыгын анализдөө, баа коюуда эске алынуучу кемчиликтер жана катачылыктар, бааларды коюуда эске алынуучу талаптар ж.б. каралды. Акыркы бөлүгүндө студенттердин жана окуучулардын билимдерин аралыктан окутуу учурунда компьютердик программанын жардамында текшерүү жана баалоо боюнча маалыматтар берилди. 3

Киришүү

Окутуу процессинде негизги эске алынуучу түшүнүктөрдүн бири кайсы бир предметтен окуучулардын билимин жана жетишкендиктерин баалоо болуп эсептелет. Окуучулардын жетишкендигин баалоонун негизги максаты алдын ала пландаштырылган натыйжалар менен жетишилген окуу натыйжаларынын дал келүүлөрүнүн даражасын аныктоо болуп саналат.

Бул рефератта баалоо системасына тиешелүү төмөнкүлөргө токтолуп өттүк. Алгач баалоо жөнүндө түшүнүктөр жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоо принциптери, баалоонун түрлөрү, калыптандыруучу баалоонун техникалары , баалоонун ыкмалары, текшерүү иштерин баалоо жана жыйынтыгын анализдөө, баа коюуда эске алынуучу кемчиликтер жана катачылыктар, бааларды коюуда эске алынуучу талаптар ж.б. каралды. Акыркы бөлүгүндө студенттердин жана окуучулардын билимдерин аралыктан окутуу учурунда компьютердик программанын жардамында текшерүү жана баалоо боюнча маалыматтар берилди.

3

1. Окуучулардын билимин баалоо жөнүндө түшүнүк  Азыркы мезгилде мектептеги билим берүү түшүнүгүндө БААЛОО, БАА БЕРҮҮ жана БАА КОЮУ синонимдер катары колдонулат, бирок булардын ортосунда өзгөчө айырмачылыктар бар. БААЛОО – бул окуучулардын окуу жана таанып-билүү ишмердигине байкоо жүргүзүү, ошондой эле билим берүүнүн сапатын жакшыртуу максатында окуучу жөнүндө маалыматтарды баяндоо, жыйноо, каттоо жана чечмелөө процесси. БАА БЕРҮҮ – бул баалоо процесси, иш-аракети же ишмердиги; кайтарым байланыштын сапаттык маалыматы. БАА КОЮУ - бул окуучулардын окуудагы жетишкендиктеринин санарип, тамга же башка мүнөздөгү шартууформалдуу сандык туюнтулушу, символу (белгиси). Окуучулардын окуу процессиндеги ишмердигинин сапаттуу натыйжаларын камсыздоо жетиш үчүн, заманбап баалоо тутуму төмөндөгүдөй болушу керек: - билим берүү процессинин бардык катышуучуларына түшүнүктүү; 4

1. Окуучулардын билимин баалоо жөнүндө түшүнүк

Азыркы мезгилде мектептеги билим берүү түшүнүгүндө БААЛОО, БАА БЕРҮҮ жана БАА КОЮУ синонимдер катары колдонулат, бирок булардын ортосунда өзгөчө айырмачылыктар бар.

БААЛОО – бул окуучулардын окуу жана таанып-билүү

ишмердигине байкоо жүргүзүү, ошондой эле билим берүүнүн

сапатын жакшыртуу максатында окуучу жөнүндө маалыматтарды

баяндоо, жыйноо, каттоо жана чечмелөө процесси.

БАА БЕРҮҮ – бул баалоо процесси, иш-аракети же

ишмердиги; кайтарым байланыштын сапаттык маалыматы.

БАА КОЮУ - бул окуучулардын окуудагы

жетишкендиктеринин санарип, тамга же башка мүнөздөгү шартууформалдуу сандык туюнтулушу, символу (белгиси).

Окуучулардын окуу процессиндеги ишмердигинин сапаттуу

натыйжаларын камсыздоо жетиш үчүн, заманбап баалоо тутуму

төмөндөгүдөй болушу керек:

- билим берүү процессинин бардык катышуучуларына түшүнүктүү;

4

 -ийкемдүү; -ыкмалары боюнча көп түрдүү;  -психологиялык жактан жайлуу  -көп курамдуу,  башкача айтканда, баалоонун түрлөрүн (диагностикалык, калыптандыруучу жана жыйынтыктоочу түрлөрүн) айкалыштырышы. Баалоонун негизги милдеттери болуп- абалды алдын-ала көрө билүү, кемчиликтерди жоюу, чукул кырдаалды жөнгө салууну (изилдөө, байкоо, ж.б.) аныктоо деп эсептесек, анын методдору болгон анализ, мониторинг милдеттерин ишке ашырууда түздөн -түз колдонууга ээ болот. Баалоо билим берүүнү башкарууда өзгөчө орунду ээлеп, окутуу, тарбиялоо процессти, педагогикалык ишмердүүлүктү өз убагында туура жолго салууга жана оптималдуу өнүгүүгө багыт көрсөтөт.  Баалоодо кайтарым байланыштын болуусу айрым кемчиликтерди болтурбоого жана чукул кырдаалдын алдын алуусуна жардам берет . 5

-ийкемдүү;

-ыкмалары боюнча көп түрдүү;

-психологиялык жактан жайлуу

-көп курамдуу,

башкача айтканда, баалоонун түрлөрүн (диагностикалык, калыптандыруучу жана жыйынтыктоочу түрлөрүн) айкалыштырышы.

Баалоонун негизги милдеттери болуп- абалды алдын-ала көрө билүү, кемчиликтерди жоюу, чукул кырдаалды жөнгө салууну (изилдөө, байкоо, ж.б.) аныктоо деп эсептесек, анын методдору болгон анализ, мониторинг милдеттерин ишке ашырууда түздөн -түз колдонууга ээ болот.

Баалоо билим берүүнү башкарууда өзгөчө орунду ээлеп, окутуу, тарбиялоо процессти, педагогикалык ишмердүүлүктү өз убагында туура жолго салууга жана оптималдуу өнүгүүгө багыт көрсөтөт. Баалоодо кайтарым байланыштын болуусу айрым кемчиликтерди болтурбоого жана чукул кырдаалдын алдын алуусуна жардам берет .

5

2. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо принциптери. Мугалим өз ишмердигинде баалоонун төмөнкүдөй бирдиктүү принциптерин колдонушу керек: • Маанилүүлүк. Окучулардын окууда жана ишмердигинде жетишкен эң маанилүү ийгиликтерин баалоого басым жасалат. • Шайкештик. Билимди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү, баалуулуктарды баалоо окутуу максаттарына жана жыйынтыктарына дал келиши керек. • Обьективдүүлүгү жана адилеттүүлүгү. Баалоонун критерийлери кылдат тандалат. Баа кысым жасоонун куралы же натыйжасы керек. • Интеграциялашкандыгы. Баалоо окутуу процессинин курамдык бөлүгү катары жүргүзүлөт. • Ачык-айкындык. Баалоо критерийлери жана стратегиясы окуучуларга алдын ала билдирилет. Окуучулар баалоо критерийлерин иштеп чыгууга катышат. 6

2. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо принциптери.

Мугалим өз ишмердигинде баалоонун төмөнкүдөй бирдиктүү

принциптерин колдонушу керек:

• Маанилүүлүк. Окучулардын окууда жана ишмердигинде

жетишкен эң маанилүү ийгиликтерин баалоого басым жасалат.

• Шайкештик. Билимди, билгичтиктерди, көндүмдөрдү,

баалуулуктарды баалоо окутуу максаттарына жана

жыйынтыктарына дал келиши керек.

• Обьективдүүлүгү жана адилеттүүлүгү. Баалоонун

критерийлери кылдат тандалат. Баа кысым жасоонун куралы же

натыйжасы керек.

• Интеграциялашкандыгы. Баалоо окутуу процессинин

курамдык бөлүгү катары жүргүзүлөт.

• Ачык-айкындык. Баалоо критерийлери жана стратегиясы

окуучуларга алдын ала билдирилет. Окуучулар баалоо

критерийлерин иштеп чыгууга катышат.

6

• Жеткиликтүүлүк. Баалоонун формалары, анын максаты жана процесстин өзү билим берүү процессинин бардык катышуучуларына ачык-айкын жана түшүнүктүү болууга тийиш. • Ырааттуулук. Баалоо ырааттуу жана мезгилдүү түрдө жүргүзүлөт. • Ыкластуулук. Окуучулар менен мугалимдин ортосунда шериктештик маанайын жаратуу улам дагы мыкты ийгиликтерге умтулууга шарт түзөт. Окуучулардын өнүгүүсүнө жана аларды колдоого багытталат 1 ». Аванова Ж.А., Алыбаев К.С. Математиканы окутуунун методикасы боюнча Лабораториялык жана лабороториялык-практикалык жумуштар. – Жалал-Абад, 2013.-170 б. 7

• Жеткиликтүүлүк. Баалоонун формалары, анын максаты жана

процесстин өзү билим берүү процессинин бардык катышуучуларына

ачык-айкын жана түшүнүктүү болууга тийиш.

• Ырааттуулук. Баалоо ырааттуу жана мезгилдүү түрдө

жүргүзүлөт.

• Ыкластуулук. Окуучулар менен мугалимдин ортосунда

шериктештик маанайын жаратуу улам дагы мыкты ийгиликтерге

умтулууга шарт түзөт. Окуучулардын өнүгүүсүнө жана аларды

колдоого багытталат 1 ».

  • Аванова Ж.А., Алыбаев К.С. Математиканы окутуунун методикасы боюнча

Лабораториялык жана лабороториялык-практикалык жумуштар. – Жалал-Абад, 2013.-170 б.

7

3. Баалоонун түрлөрү. Мектептин билим берүү тутумунда төмөндөгү баалоонун түрлөрүн бөлүп көрсөтүүгө болот: диагноздоочу, калыптандыруучу, жана жыйынтыктоочу баалоо. Диагноздоочу баалоо – бул окуучунун компетенттүүлүгүнүн алгачкы калыптануу деңгээлин аныктоо. Диагноздоочу баалоо демейде окуу жылынын башында же теманы алгач үйрөтүүдө, бөлүмдүн же баптын башындагы биринчи сабакта жүргүзүлөт. 8

3. Баалоонун түрлөрү.

Мектептин билим берүү тутумунда төмөндөгү баалоонун түрлөрүн бөлүп көрсөтүүгө болот:

диагноздоочу, калыптандыруучу, жана жыйынтыктоочу баалоо.

Диагноздоочу баалоо – бул окуучунун компетенттүүлүгүнүн алгачкы

калыптануу деңгээлин аныктоо. Диагноздоочу баалоо демейде окуу

жылынын башында же теманы алгач үйрөтүүдө, бөлүмдүн же баптын

башындагы биринчи сабакта жүргүзүлөт.

8

 Диагноздоочу баалоонун негизги максаты – тийиштүү предметтик курста окутула турган темалардын же бөлүмдөрдүн (баптардын) башталышында окуучулардын окуп-үйрөнүү максатына канчалык жакын же алыс экендигин аныктап, тактап алуу. Диагноздоочу баалоо мугалимдин окуу планына окуучулардын муктаждыгына жооп бергидей же алар туш келген кыйынчылыктардан чыгууга көмөктөшкүдөй оңдоо-түзөтүүлөрдү киргизүүсүнө мүмкүндүк берет.  Диагноздоочу баалоонун биринчи өңүтү – бул предмет боюнча окупүйрөнгөндүк деңгээлин же тиги же бул көндүмдөрдүн же компетенттүүлүктөрдүн калыптануу деңгээлин (окуучунун курсту же теманы окуп-үйрөнө баштаганга чейинки камдап алган билимдерин) алдын ала талдоо. (Мурунку окутулган темалар, бөлүмдөр боюнча мамлекеттик стандартка шайкеш келген суроолор). Бул иш-аракеттер мугалимге жаңы материалды окутуунун кайсы бөлүгүндө окуучу туш келиши мүмкүн экендигин болжолдоп, алардын алдын алуу үчүн тийиштүү кадамдарды пландаштыруу жагынан жардам берет. 9

Диагноздоочу баалоонун негизги максаты – тийиштүү предметтик курста окутула турган темалардын же бөлүмдөрдүн (баптардын) башталышында окуучулардын окуп-үйрөнүү максатына канчалык жакын же алыс экендигин аныктап, тактап алуу. Диагноздоочу баалоо мугалимдин окуу планына окуучулардын муктаждыгына жооп

бергидей же алар туш келген кыйынчылыктардан чыгууга

көмөктөшкүдөй оңдоо-түзөтүүлөрдү киргизүүсүнө мүмкүндүк берет.

Диагноздоочу баалоонун биринчи өңүтү – бул предмет боюнча окупүйрөнгөндүк деңгээлин же тиги же бул көндүмдөрдүн же компетенттүүлүктөрдүн калыптануу деңгээлин (окуучунун курсту же теманы окуп-үйрөнө баштаганга чейинки камдап алган билимдерин) алдын ала талдоо. (Мурунку окутулган темалар, бөлүмдөр боюнча мамлекеттик стандартка шайкеш келген суроолор). Бул иш-аракеттер мугалимге жаңы материалды окутуунун кайсы бөлүгүндө окуучу туш келиши мүмкүн экендигин болжолдоп, алардын алдын алуу үчүн тийиштүү кадамдарды пландаштыруу жагынан жардам берет.

9

Диагноздоочу баалоонун экинчи өңүтү – бул окуучулардын жаңы

тема боюнча компетенттүүлүк деңгээлин текшерүү. (Жаңы окутула

турган темалар, бөлүмдөр боюнча мамлекеттик стандартка шайкеш

келген суроолор). Мугалим ушул эле тапшырмаларды окутупүйрөтүлгөн теманын, баптын аягында да материалдын канчалык деңгээлде өздөштүрүлгөндүгүн текшерүү максатында пайдаланышы мүмкүн.

Калыптандыруучу (формативдик) баалоо – бул окуучунун окуусуна үзгүлтүксүз, максаттуу багытталган байкоо жүргүзүү процесси. Калыптандыруучу баалоо формалдуу эмес (көп учурда баа коюлбаган) баалоо болуп саналат. Ал критерийлерге ылайык баалоого

негизделет да, кайтарым байланышты камсыздайт. Калыптандыруучу

баалоонун максаты – окутуп-үйрөнүү процессинде мугалим менен

окуучунун ишмердигин оңдоп-түзөө. Калыптандыруучу баалоо

мугалимге окуучунун окуп үйрөнүү максаттарына жакындоо процессине байкоо жүргүзүүгө, ал эми окуучуга - өзүнүн билим алуусундагы жоопкерчилигин тереңирээк аңдап-сезүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Калыптандыруучу баалоо: күнүмдүк практикада колдонулат (ар бир

сабакта, күн сайын); мугалим үчүн да, окуучу үчүн да ыңгайлуу

формада колдонулат.

10

Жыйынтыктоочу (суммативдүү) баалоо белгилүү убакыт аралыгында теманы, бөлүмдү аяктоо учурунда билимдердин, билгичтиктердин жана көндүмдөрдүн калыптаныш деңгээлин аныктоого арналган. Жыйынтыктоочу баалоо ар түрдүү текшерүүчү иштердин (тест, текшерүү иши, лаборатордук, изилдөө иши, дилбаян, эссе, долбоор, оозеки презентация ж.б.) жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт. Текшерүү иштерине коюлулуп жүргөн баалар жыйынтыктоочу бааларды коюу үчүн негиз болуп саналат.  Жыйынтыктоочу баалоонун максаты – белгилүү убакыт аралыгында окуучулардын билимдерди өздөштүрүү, билгичтиктеринин жана көндүмдөрүнүн калыптануу деңгээлин белгилөө жана алынган натыйжалардын стандарт талаптарына шайкештигин аныктоо. 11

Жыйынтыктоочу (суммативдүү) баалоо белгилүү убакыт

аралыгында теманы, бөлүмдү аяктоо учурунда билимдердин,

билгичтиктердин жана көндүмдөрдүн калыптаныш деңгээлин

аныктоого арналган. Жыйынтыктоочу баалоо ар түрдүү текшерүүчү

иштердин (тест, текшерүү иши, лаборатордук, изилдөө иши, дилбаян,

эссе, долбоор, оозеки презентация ж.б.) жыйынтыктары боюнча

жүргүзүлөт. Текшерүү иштерине коюлулуп жүргөн баалар

жыйынтыктоочу бааларды коюу үчүн негиз болуп саналат.

Жыйынтыктоочу баалоонун максаты – белгилүү убакыт аралыгында окуучулардын билимдерди өздөштүрүү, билгичтиктеринин жана көндүмдөрүнүн калыптануу деңгээлин белгилөө жана алынган натыйжалардын стандарт талаптарына шайкештигин аныктоо.

11

  Роберт Стейк сорпону эки этап менен баалоого мындай мисал келтирген: Ашпозчу сорпону даамдап көрсө - бул калыптандыруучу баалоо; тамактануучу (же эксперт) даамдаса – жыйынтыктоочу баалоо болот. Башкача айтканда, калыптандыруучу баалоо сапаттын ичкериден көзмөлдөнүшүн чагылдырат, жыйынтыктоочу баалоо болсо даярдалып бүткөн продуктунун реалдуу дүйнөдө канчалык жакшы керектелерин көрсөтөт. Азыркы учурдагы жыйынтыктоочу баалоого көзөмөлдөөчүтекшерүүчү иштердин ар кандай түрлөрү камтылат. Көзөмөлдөөчүтекшерүүчү тапшырмаларды иштеп чыгууда суроолор мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана окуу программаларынын негизинде түзүлөт. 12

Роберт Стейк сорпону эки этап менен баалоого мындай мисал келтирген: Ашпозчу сорпону даамдап көрсө - бул калыптандыруучу баалоо; тамактануучу (же эксперт) даамдаса – жыйынтыктоочу баалоо болот. Башкача айтканда, калыптандыруучу баалоо сапаттын ичкериден көзмөлдөнүшүн чагылдырат, жыйынтыктоочу баалоо болсо даярдалып бүткөн продуктунун реалдуу дүйнөдө канчалык жакшы керектелерин көрсөтөт.

Азыркы учурдагы жыйынтыктоочу баалоого көзөмөлдөөчүтекшерүүчү иштердин ар

кандай түрлөрү камтылат. Көзөмөлдөөчүтекшерүүчү тапшырмаларды иштеп

чыгууда суроолор мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана окуу

программаларынын негизинде түзүлөт.

12

 Окуучулардын жетишкендик деңгээлин аныктоо үчүн мугалимдер демейде варианттуу суроолордун иштелмелерин, тесттерди же окуу китебинин бабынын, параграфынын аягында сунушталган суроолорду колдонушат. Ошондой эле мугалимдер өздөрүнүн жеке тажрыйбасына таянып, кошумча булактардан пайдаланып өз алдынча тапшырмаларды жана суроолорду даярдашы мүмкүн. Жыйынтыктоочу (чейректик, жылдык) жалпы экзамендик иштерди жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги түзгөн жана сунуштаган суроолор пайдаланылат 1 . Аванова Ж.А., Алыбаев К.С., Пахирдинов М.Планиметрия курсун интерактивдүү окутуу (окууметодикалык колдонмо). – Бишкек, 2012. -180 б. 13

Окуучулардын жетишкендик деңгээлин аныктоо үчүн мугалимдер демейде варианттуу суроолордун иштелмелерин, тесттерди же окуу китебинин бабынын, параграфынын аягында сунушталган суроолорду колдонушат. Ошондой эле мугалимдер өздөрүнүн жеке тажрыйбасына таянып, кошумча булактардан пайдаланып өз алдынча тапшырмаларды жана суроолорду даярдашы мүмкүн. Жыйынтыктоочу (чейректик, жылдык) жалпы экзамендик иштерди жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги түзгөн жана сунуштаган суроолор пайдаланылат 1 .

  • Аванова Ж.А., Алыбаев К.С., Пахирдинов М.Планиметрия курсун интерактивдүү

окутуу (окууметодикалык колдонмо). – Бишкек, 2012. -180 б.

13

4. Калыптандыруучу баалоонун техникалары. Калыптандыруучу баалоонун максаты – окутуп-үйрөнүү процессинде мугалим менен окуучунун ишмердигин оңдоп-түзөө болгондуктан, бул процессти мугалим ийгиликтүү ишке ашыруунун ыкмалары менен тааныш болуусу зарыл. Сабактардагы окуучулардын үйрөнүү активдүүлүгүн жогорулатууда алар өбөлгө түзүүлөрү керек. Төмөндө калыптандыруучу баалоонун белгилүү болгон айрым техникалары тааныша аласыңар. 14

4. Калыптандыруучу баалоонун техникалары.

Калыптандыруучу баалоонун максаты – окутуп-үйрөнүү процессинде мугалим менен окуучунун ишмердигин оңдоп-түзөө болгондуктан, бул процессти мугалим ийгиликтүү ишке ашыруунун ыкмалары менен тааныш болуусу зарыл. Сабактардагы окуучулардын үйрөнүү активдүүлүгүн жогорулатууда алар өбөлгө түзүүлөрү керек. Төмөндө калыптандыруучу баалоонун белгилүү болгон айрым

техникалары тааныша аласыңар.

14

15

15

16

16

17

17

18

18

 Калыптандыруучу баалоо усулдары натыйжалуу болушу үчүн аларды максаттуу жана ырааттуу пайдалануу керек. Мугалим суроо бергенден кийин 20 секундадан кем эмес убакыттан кийин гана жоопторду алууга тийиш. Окуучулар да 20 секундадан кийин гана жооп берүүгө көнүгүүсү керек. Анткени бул жооптун шашылыш эмес, негиздүү болуусун шарттайт 1 . Аванова Ж.А., Алыбаев К.С., Пахирдинов М.Планиметрия курсун интерактивдүү окутуу (окууметодикалык колдонмо). – Бишкек, 2012. -180 б. 19

Калыптандыруучу баалоо усулдары натыйжалуу болушу үчүн аларды максаттуу жана ырааттуу пайдалануу керек. Мугалим суроо бергенден кийин 20 секундадан кем

эмес убакыттан кийин гана жоопторду алууга тийиш. Окуучулар да 20 секундадан кийин гана жооп берүүгө көнүгүүсү керек. Анткени бул жооптун шашылыш эмес, негиздүү болуусун шарттайт 1 .

  • Аванова Ж.А., Алыбаев К.С., Пахирдинов М.Планиметрия курсун интерактивдүү

окутуу (окууметодикалык колдонмо). – Бишкек, 2012. -180 б.

19

5. БААЛООНУН ЫКМАЛАРЫ 1.Байкоо, маектешүү аркылуу баалоо жана кайтарым байланыш.  Байкоо жүргүзүүдө мугалим окуу процессинде мектепте жана мектептен тышкаркы мезгилде окуучуларга байкоо жүргүзүү менен көптөгөн маалыматтарды топтой алат. Байкоо жүргүзүү менен окуучулардын көндүмдөрүнө баа берүүгө жана көндүмдөргө тиешелүү болгон иштерин баалоого мүмкүндүк берет. Окуу процессинде байкоо жүргүзүү баалоонун усулу катары баа коюу менен төмөнкү учурда колдонулушу мүмкүн: - оозеки жооп берүүдө, оозеки презентацияда; - ролдук оюндарда; - жуп менен жана топто иштөөдө; - практикалык, лабораториялык иштерди аткарууда ж.б. 20

5. БААЛООНУН ЫКМАЛАРЫ

1.Байкоо, маектешүү аркылуу баалоо жана кайтарым

байланыш.

Байкоо жүргүзүүдө мугалим окуу процессинде мектепте жана мектептен тышкаркы мезгилде окуучуларга байкоо жүргүзүү менен көптөгөн маалыматтарды топтой алат. Байкоо жүргүзүү менен окуучулардын көндүмдөрүнө баа берүүгө жана

көндүмдөргө тиешелүү болгон иштерин баалоого мүмкүндүк берет.

Окуу процессинде байкоо жүргүзүү баалоонун усулу катары

баа коюу менен төмөнкү учурда колдонулушу мүмкүн:

- оозеки жооп берүүдө, оозеки презентацияда;

- ролдук оюндарда;

- жуп менен жана топто иштөөдө;

- практикалык, лабораториялык иштерди аткарууда ж.б.

20

 Мектепте жана мектептен тышкаркы учурларда байкоо жүргүзүү мугалим өз байкоолорун журналга түшүргөнү максатка ылайык. Ал үчүн бир нече окуучунун сабак учурундагы оң (позитивдүү) жана терс (негативдүү) көрсөткүчтөрүн белгилеп туруу керек. Муну менен окуучунун өсүшүн көрүүгө болот. Окуучунун жетишкендиктерин/жетишпегендиктерин эсепке алуунун көптөгөн ыкмалары бар: комментарийлердин тизмеги; окуу процессиндеги кызыктуу окуяларды жазуу;\ - эссе  Маектешүү жүргүзүүнүн максаты окуучулардын билимдери жана түшүнүктөрү боюнча маалымат чогултуу болуп саналат. Мугалим окуучулардын окуп-үйрөнүү ишмердүүлүгүндё алардын түшүнүүсү боюнча маалымат чогулта алат. Окуучулардын ар бир жубу же тобу менен маектешүү аркылуу алардын окуу материалын өздөштүрүүдөгү кемчиликтерин жана ийгиликтерин байкай алат. 21

Мектепте жана мектептен тышкаркы учурларда байкоо жүргүзүү мугалим өз байкоолорун журналга түшүргөнү максатка ылайык. Ал үчүн бир нече окуучунун сабак учурундагы оң (позитивдүү) жана терс (негативдүү) көрсөткүчтөрүн белгилеп туруу керек. Муну менен окуучунун өсүшүн көрүүгө болот. Окуучунун жетишкендиктерин/жетишпегендиктерин эсепке алуунун көптөгөн ыкмалары бар:

  • комментарийлердин тизмеги;
  • окуу процессиндеги кызыктуу окуяларды жазуу;\

- эссе

Маектешүү жүргүзүүнүн максаты окуучулардын билимдери

жана түшүнүктөрү боюнча маалымат чогултуу болуп саналат.

Мугалим окуучулардын окуп-үйрөнүү ишмердүүлүгүндё алардын

түшүнүүсү боюнча маалымат чогулта алат. Окуучулардын ар бир

жубу же тобу менен маектешүү аркылуу алардын окуу материалын

өздөштүрүүдөгү кемчиликтерин жана ийгиликтерин байкай алат.

21

Окуучу менен жекече маектешүүдө «Баарлашуу баракчасын» колдонуу ылайык. Мисалы, «Туюнтмаларды жөнөкөйлөтүү» темасы боюнча маектешүү 22

Окуучу менен жекече маектешүүдө «Баарлашуу баракчасын» колдонуу ылайык. Мисалы, «Туюнтмаларды жөнөкөйлөтүү» темасы боюнча маектешүү

22

 Кайтарым байланыш – бул максатка жетүүгө алып бара турган конкреттүү иш-аракеттер, кырдаалдар, маселелер жөнүндө билдирүү жана комментарий алуу процесси. Ал мугалимге окуучулардын жетишкендиктери жана кыйынчылыктары жөнүндө маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Демек окуу процесси кандай жүрүп жаткандыгы жөнүндө билдирет. Кайтарым байланыш толеранттулукка негизделип, жагымдуу маанайда жүрүүгө тийиш. Окуучулардын туура жооп берүүсү, өзүнүн каталарын оңдоосу үчүн убакыт берилиши керек. Мугалим окуучу эмнени айрыкча жакшы аткаргандыгын баса көрсөтүүсү максатка ылайык. Окуучулардын кайтарым байланыш берүүсүнүн мисалдары катары төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө болот: -оозеки жооптор; -математикалык диктант; -практикалык иш; -текшерүү иш; -үй тапшырманы аткаруу; -өз алдынча иштөө; -портфолио; -долбоор; -маалыматтар менен иштөө; -класстык журнал; 23

Кайтарым байланыш – бул максатка жетүүгө алып бара турган конкреттүү иш-аракеттер, кырдаалдар, маселелер жөнүндө билдирүү жана комментарий алуу процесси. Ал мугалимге окуучулардын жетишкендиктери жана кыйынчылыктары жөнүндө маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Демек окуу процесси кандай жүрүп жаткандыгы жөнүндө билдирет. Кайтарым байланыш толеранттулукка негизделип, жагымдуу маанайда жүрүүгө тийиш. Окуучулардын туура жооп берүүсү, өзүнүн каталарын оңдоосу үчүн убакыт берилиши керек. Мугалим окуучу эмнени айрыкча

жакшы аткаргандыгын баса көрсөтүүсү максатка ылайык.

Окуучулардын кайтарым байланыш берүүсүнүн мисалдары катары төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө болот:

-оозеки жооптор;

-математикалык диктант;

-практикалык иш;

-текшерүү иш;

-үй тапшырманы аткаруу;

-өз алдынча иштөө;

-портфолио;

-долбоор;

-маалыматтар менен иштөө;

-класстык журнал;

23

5.2. Өзүн-өзү жана бири-бирин баалоо.  Баалоо ишмердүүлүгүнүн негизги талаптарынын бири болуп окуучулардын өзүлөрүнүн окуудагы жетишкендиктерин баалай билүүсүн калыптандыруу. Мындай максатка жетиш үчүн окуучулардын өзүн-өзү баалоо жана бири-бирин баалоо ыкмасы колдонулат. Мында, окуучулар өзүнүн ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүүгө жана баалоого, өзүн-өзү жана бири-бирин баалоо ыкмасында баалоонун критерийлерине таянат (окуучулар бирибиринин иштерин баалоонун критерийлери белгиленгенден кийин гана баалай алышат). Сабактын материалын түшүнгөн/түшүнбөгөнүн аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн окуучулардын өзүн-өзү баалоо көндүмдөрү болушу керек. 24

5.2. Өзүн-өзү жана бири-бирин баалоо.

Баалоо ишмердүүлүгүнүн негизги талаптарынын бири болуп

окуучулардын өзүлөрүнүн окуудагы жетишкендиктерин баалай

билүүсүн калыптандыруу. Мындай максатка жетиш үчүн

окуучулардын өзүн-өзү баалоо жана бири-бирин баалоо ыкмасы

колдонулат. Мында, окуучулар өзүнүн ишмердүүлүгүнө талдоо

жүргүзүүгө жана баалоого, өзүн-өзү жана бири-бирин баалоо

ыкмасында баалоонун критерийлерине таянат (окуучулар бирибиринин

иштерин баалоонун критерийлери белгиленгенден кийин

гана баалай алышат). Сабактын материалын

түшүнгөн/түшүнбөгөнүн аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу үчүн

окуучулардын өзүн-өзү баалоо көндүмдөрү болушу керек.

24

Төмөнкүдөй суроолорду чечүү максатталат: 1) иш учурундагы эң жакшы учурлар; 2) иш учурундагы эң жаман учурлар; 3) сабак учурунда эмнелерди үйрөндүм? 4) эмнелер жакты? 5) эмнелер жаккан жок? 6) тиешелүү түшүнүктү толук өздөштүрүүгө эмне жетишсиз болуп калды?  Жаңы теманы түшүндүрүүдөн кийин окуучулардын билимдерин калыптандырууда өз алдынча иштерин жүргүзүүдө жаңы теманы канчалык деңгээлде түшүнгөндүгүн билишет. Өз алдынча текшерүүчү ишти жүргүзүү үчүн 9-10 мүнөттү алат. Өз алдынча иштин тапшырмалары жаңы өтүлгөн теманын күтүлүүчү натыйжаларын текшерүүгө багытталат. Өз алдынча ишти жүргүзүүнүн тартибин мугалим окуучуларга айтат. 1) тапшырманы аткарууга бөлүнгөн убакыт; 2) баалоонун критерийлери; 3) кошумча материалдарды, окуу китебин колдонууга уруксат; 4) өз алдынча иш өз ара талкууланат жана презентацияланат; 5) жыйынтыктар чыгарылат. 25

Төмөнкүдөй суроолорду чечүү максатталат:

1) иш учурундагы эң жакшы учурлар;

2) иш учурундагы эң жаман учурлар;

3) сабак учурунда эмнелерди үйрөндүм?

4) эмнелер жакты?

5) эмнелер жаккан жок?

6) тиешелүү түшүнүктү толук өздөштүрүүгө эмне жетишсиз

болуп калды?

Жаңы теманы түшүндүрүүдөн кийин окуучулардын

билимдерин калыптандырууда өз алдынча иштерин жүргүзүүдө

жаңы теманы канчалык деңгээлде түшүнгөндүгүн билишет.

Өз алдынча текшерүүчү ишти жүргүзүү үчүн 9-10 мүнөттү

алат. Өз алдынча иштин тапшырмалары жаңы өтүлгөн теманын

күтүлүүчү натыйжаларын текшерүүгө багытталат. Өз алдынча

ишти жүргүзүүнүн тартибин мугалим окуучуларга айтат.

1) тапшырманы аткарууга бөлүнгөн убакыт;

2) баалоонун критерийлери;

3) кошумча материалдарды, окуу китебин колдонууга

уруксат;

4) өз алдынча иш өз ара талкууланат жана презентацияланат;

5) жыйынтыктар чыгарылат.

25

6. ТЕКШЕРҮҮ ИШТЕРИН БААЛОО ЖАНА ЖЫЙЫНТЫГЫН АНАЛИЗДӨӨ  Текшерүү ишин жүргүзүү үчүн ага мугалим тарабынан төмөндөгү даярдыктар жүргүзүлөт. Биринчиден, текшерилүүчү объектти аныктоо жана текшерүү ишинин конкреттүү максатын коюу. Экинчиден текшерилүүчү объектилерге туура келүүчү текшерүүнүн каражаттарын тандап алуу. Мисалы, 7-класста

6. ТЕКШЕРҮҮ ИШТЕРИН БААЛОО ЖАНА

ЖЫЙЫНТЫГЫН АНАЛИЗДӨӨ

Текшерүү ишин жүргүзүү үчүн ага мугалим тарабынан

төмөндөгү даярдыктар жүргүзүлөт. Биринчиден, текшерилүүчү объектти аныктоо жана текшерүү ишинин конкреттүү максатын коюу. Экинчиден текшерилүүчү объектилерге туура келүүчү текшерүүнүн каражаттарын тандап алуу. Мисалы, 7-класста "Функция жана анын графиктери" темасы боюнча окуучулардын билим жана билгичтиктеринин деңгээлин аныктоочу текшерүү иши төмөндөгүдөй болушу мүмкүн.

26

27

27

2. Сапаттык анализ.  Мында ар бир окуучунун кетирген каталары жана текшерилүүчү түшүнүктөр боюнча билим, билгичтиктери аныкталат. Сандык анализде конкреттүү кайсыл жерден ката кетти, кандай билим, билгичтиктерди билбегенден кеткендиги берилбейт. Ал эми бул сапаттык анализде мунун баары берилет. Сапаттык анализде ар бир окуучунун кандай ката, кандай кемчилик кетиргени иштеген иштери көрсөтүлөт. Текшерүү ишинин жыйынтыгынын сандык жана сапаттык анализдин максаты окуучулардын билим, билгичтиктерин текшерүү гана эмес алардын өздөштүрүүсүн жогорулатуунун жолдорун, каражаттарын, ыкмаларын аныктоо болуп эсептелет. Анализ жүргүзүү учурунда окуучунун окуу материалдарын кандай өздөштүргөнүн, ал боюнча канчалык денгээлде билими бар экендиги боюнча мугалим толук маалыматтарды алат. Бул мугалимдин методикалык билгичтиктерин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт 1 . 28 1. Төрөгелдиева К.М. Математиканы окутуу теориясы жана методикасы: (I бөлүк). –Б.:2014.-271 б.

2. Сапаттык анализ.

Мында ар бир окуучунун кетирген каталары жана текшерилүүчү түшүнүктөр боюнча билим, билгичтиктери аныкталат. Сандык анализде конкреттүү кайсыл жерден ката кетти, кандай билим, билгичтиктерди билбегенден кеткендиги берилбейт. Ал эми бул сапаттык анализде мунун баары берилет. Сапаттык анализде ар бир окуучунун кандай ката, кандай кемчилик кетиргени иштеген иштери көрсөтүлөт. Текшерүү ишинин жыйынтыгынын сандык жана сапаттык анализдин максаты окуучулардын билим, билгичтиктерин текшерүү гана эмес алардын өздөштүрүүсүн жогорулатуунун жолдорун, каражаттарын, ыкмаларын аныктоо болуп эсептелет. Анализ жүргүзүү учурунда окуучунун окуу материалдарын кандай өздөштүргөнүн, ал боюнча канчалык денгээлде билими бар экендиги боюнча мугалим толук маалыматтарды алат. Бул мугалимдин методикалык билгичтиктерин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзөт 1 .

28

1. Төрөгелдиева К.М. Математиканы окутуу теориясы жана методикасы: (I бөлүк). –Б.:2014.-271 б.

7. Баа коюуда эске алынуучу кемчиликтер жана катачылыктар: 1.Окуучулардын оозеки жообу же жазма жумушу, тестсуроо-лорго берген жооптору туура, акырына чейин толук чыгарылган, негизделген болсо, бирда байкабастык каталары кетирилбесе, анда ага 5 (эң жакшы) баа коюуга болот. 5 2.Тапшырмалардын жооптору туура болуп, бир же эки байкабастыктарга жол берген болсо, ага 4 (жакшы) баа коюлат 4 3.Жооптору толук болбой, анда 3-4 байкабастыктар кездешсе, же бирөндө ката болуп, калгандары туура, негизделген болсо, анда ага 3 баа коюлат. 3 4.Эгерде теманын мазмуну ачылбаса, жоопторунда экиден көп одоно каталар болсо, же бештен көп байкабастыктар кетирилсе, ага 2 (жаман) баа коюлат 2 29

7. Баа коюуда эске алынуучу кемчиликтер жана катачылыктар:

1.Окуучулардын оозеки жообу же жазма жумушу, тестсуроо-лорго берген жооптору туура, акырына чейин толук чыгарылган, негизделген болсо, бирда байкабастык каталары кетирилбесе, анда ага 5 (эң жакшы) баа коюуга болот.

5

2.Тапшырмалардын жооптору туура болуп, бир же эки

байкабастыктарга жол берген болсо, ага 4 (жакшы) баа коюлат

4

3.Жооптору толук болбой, анда 3-4 байкабастыктар

кездешсе, же бирөндө ката болуп, калгандары туура, негизделген

болсо, анда ага 3 баа коюлат.

3

4.Эгерде теманын мазмуну ачылбаса, жоопторунда экиден

көп одоно каталар болсо, же бештен көп байкабастыктар

кетирилсе, ага 2 (жаман) баа коюлат

2

29

Окуучу такыр эле жооп бербесе, мисал маселени чыгарууну баштабаса, анда ага 1(эң жаман) баа коюлат. 2 (жаман), 1 (эң жаман) баларды этияттык менен коюу сунушталат, мында окуучунун үй шартын жана жүйөөлү себептерин эске алуу абзел (мүнөзүн, тырышчактыгын, аракетин, психалогиялык абалын). Мунун тарбиялык мааниси болгондуктан, баланын өнүгүүсүнө таасирин тийгизет 1 . 1 Аванова Ж.А., Алыбаев К.С. Математиканы окутуунун методикасы боюнча Лабораториялык жана лабороториялык-практикалык жумуштар. – Жалал-Абад, 2013.-170 б. 30

Окуучу такыр эле жооп бербесе, мисал маселени чыгарууну баштабаса, анда ага 1(эң жаман) баа коюлат. 2 (жаман), 1 (эң жаман) баларды этияттык менен коюу сунушталат, мында окуучунун үй шартын жана жүйөөлү

себептерин эске алуу абзел (мүнөзүн, тырышчактыгын, аракетин,

психалогиялык абалын). Мунун тарбиялык мааниси болгондуктан,

баланын өнүгүүсүнө таасирин тийгизет 1 .

1

  • Аванова Ж.А., Алыбаев К.С. Математиканы окутуунун методикасы боюнча

Лабораториялык жана лабороториялык-практикалык жумуштар. – Жалал-Абад, 2013.-170 б.

30

8. Бааларды коюуда эске алынуучу талаптар 31

8. Бааларды коюуда эске алынуучу талаптар

31

32

32

33

33

34

34

1 . 1. Бекбоев И.Б. Инсанга багыттап окутуу технологиясынын теориялык жана практикалык маселелери. - Б.: Педагогика, 2003. - 304 б. 35

1 .

1. Бекбоев И.Б. Инсанга багыттап окутуу технологиясынын теориялык жана практикалык маселелери. - Б.: Педагогика, 2003. - 304 б.

35

Корутунду  Жыйынтыгында баалоо системасына тиешелүү түшүнүктөр жөнүндө маалыматтарга ээ боло алдык деп ойлойм. Баалоонун бардык түрлөрүндө, айрыкча калыптандыруучу баалоодо, окуучулардын ишин/иштерин баалоону уюштуруу үчүн кылдат иштелип чыккан критерийлер колдонулушун билдик. Критерийлерди пайдалануу менен жүргүзүлүүчү баалоо бул процесстин жалпыга айкын жана түшүнүктүү болушуна шарт түзөт. Критерийлер баалоонун калыс жүргүзүлүшүнө өбөлгө түзөт.  Окуучулардын билимин туура жана обьективдүү баалоо үчүн биз сөзсүз түрдө баалоого тиешелүү теориялык маалыматтарды жөн гана билбестен практика жүзүндө да сөзсүз түрдө колдонууну билүүбүз шарт экендиги баарыбызга белгилүү.

Корутунду

Жыйынтыгында баалоо системасына тиешелүү түшүнүктөр жөнүндө маалыматтарга ээ боло алдык деп ойлойм. Баалоонун бардык түрлөрүндө, айрыкча калыптандыруучу баалоодо, окуучулардын ишин/иштерин баалоону уюштуруу үчүн кылдат иштелип чыккан критерийлер колдонулушун билдик. Критерийлерди пайдалануу менен жүргүзүлүүчү баалоо бул процесстин жалпыга айкын жана түшүнүктүү болушуна шарт түзөт. Критерийлер баалоонун калыс жүргүзүлүшүнө өбөлгө түзөт.

Окуучулардын билимин туура жана обьективдүү баалоо үчүн биз сөзсүз түрдө баалоого тиешелүү теориялык маалыматтарды жөн гана билбестен практика жүзүндө да сөзсүз түрдө колдонууну билүүбүз шарт экендиги баарыбызга белгилүү.

Колдонулган адабияттар Аванова Ж.А., Алыбаев К.С. Математиканы окутуунун методикасы боюнча Лабораториялык жана лабороториялык-практикалык жумуштар. – Жалал-Абад, 2013.-170 б. 2. Аванова Ж.А., Алыбаев К.С., Пахирдинов М.Планиметрия курсун интерактивдүү окутуу (окууметодикалык колдонмо). – Бишкек, 2012. -180 б. 3. Бекбоев И.Б. Инсанга багыттап окутуу технологиясынын теориялык жана практикалык маселелери. - Б.: Педагогика, 2003. - 304 б. 4. Төрөгелдиева К.М. Математиканы окутуу теориясы жана методикасы: (I бөлүк). –Б.:2014.-271 б. 5. Бережная И.А. Оценка знаний как элемент стратегии профессионального образования // Специалист. 1997. № 1. 6. Сысоева Л.А. Контроль знаний студентов в университете Констанц // Педди- агностика. 2003. № 3. Интернет булактары: 1. https://www.ispring.ru/elearning-insights/moodle 2. https://edu.gcfglobal.org/en/tr_ky-google-tips/-google-forms/1/ 3. https://kutbilim.kg/news/inner/distanttyk-okutuu-moodle-zhana-google-forms-programmalaryn-koldonuu-ky/

Колдонулган адабияттар

  • Аванова Ж.А., Алыбаев К.С. Математиканы окутуунун методикасы боюнча

Лабораториялык жана лабороториялык-практикалык

жумуштар. – Жалал-Абад, 2013.-170 б.

2. Аванова Ж.А., Алыбаев К.С., Пахирдинов М.Планиметрия курсун интерактивдүү

окутуу (окууметодикалык колдонмо). – Бишкек, 2012. -180 б.

3. Бекбоев И.Б. Инсанга багыттап окутуу технологиясынын теориялык жана

практикалык маселелери. - Б.: Педагогика, 2003. - 304 б.

4. Төрөгелдиева К.М. Математиканы окутуу теориясы жана методикасы: (I бөлүк). –Б.:2014.-271 б.

5. Бережная И.А. Оценка знаний как элемент стратегии профессионального

образования // Специалист. 1997. № 1.

6. Сысоева Л.А. Контроль знаний студентов в университете Констанц // Педди-

агностика. 2003. № 3.

Интернет булактары:

1. https://www.ispring.ru/elearning-insights/moodle

2. https://edu.gcfglobal.org/en/tr_ky-google-tips/-google-forms/1/

3. https://kutbilim.kg/news/inner/distanttyk-okutuu-moodle-zhana-google-forms-programmalaryn-koldonuu-ky/

Тиркеме АРАЛЫКТАН ОКУТУУ УЧУРУНДА ОКУУЧУЛАРДЫН ЖАНА СТУДЕНТТЕРДИН БИЛИМДЕРИН КОМПЬЮТЕРДИК ПРОГРАММАНЫН ЖАРДАМЫНДА ТЕКШЕРҮҮНҮН ЖАНА БААЛООНУН ЖОЛДОРУ (GOOGLE FORMS МИСАЛЫНДА)  Окуучулардын окуу иш-аракеттеринин натыйжалуулугун диагностикалоочу негизги курал катарында иш алып баруу, билим берүү процессинде бир катар башка ар кандай функцияларды аткарат:  Дидактикалык (окутуучу) функциясы; Түзөтүүчү функциясы; Түрткү берүүчү, багыт берүүчү функция; Өнүгүү функциясы; Тарбиялоо функциясы ;  Окутуунун натыйжаларын контролдоонун негизги талаптарын, ошондой эле анын жетектөөчү функцияларын ишке ашыруунун шарты студенттердин билимин, билгичтигин жана көндүмүн текшерүүнүн ар кандай түрлөрүн колдонуу болуп саналат. Адатта, контролдун төмөнкү түрлөрү айырмаланат: Алдын-ала көзөмөлдөө Учурдагы көзөмөл Мезгилдүү көзөмөл Калдык билимдин контролдук тилкеси Комплекстүү текшерүү Билимди рейтингдик контролдоо

Тиркеме

АРАЛЫКТАН ОКУТУУ УЧУРУНДА ОКУУЧУЛАРДЫН ЖАНА СТУДЕНТТЕРДИН БИЛИМДЕРИН КОМПЬЮТЕРДИК ПРОГРАММАНЫН ЖАРДАМЫНДА ТЕКШЕРҮҮНҮН ЖАНА БААЛООНУН ЖОЛДОРУ (GOOGLE FORMS МИСАЛЫНДА)

Окуучулардын окуу иш-аракеттеринин натыйжалуулугун диагностикалоочу негизги курал катарында иш алып баруу, билим берүү процессинде бир катар башка ар кандай функцияларды аткарат:

  • Дидактикалык (окутуучу) функциясы;
  • Түзөтүүчү функциясы;
  • Түрткү берүүчү, багыт берүүчү функция;
  • Өнүгүү функциясы;
  • Тарбиялоо функциясы ;

Окутуунун натыйжаларын контролдоонун негизги талаптарын, ошондой эле анын жетектөөчү функцияларын ишке ашыруунун шарты студенттердин билимин, билгичтигин жана көндүмүн текшерүүнүн ар кандай түрлөрүн колдонуу болуп саналат. Адатта, контролдун төмөнкү түрлөрү айырмаланат:

  • Алдын-ала көзөмөлдөө
  • Учурдагы көзөмөл
  • Мезгилдүү көзөмөл
  • Калдык билимдин контролдук тилкеси
  • Комплекстүү текшерүү
  • Билимди рейтингдик контролдоо

Жогоруда аталган көзөмөлдүн бардык түрлөрү билимди, билгичтикти жана көндүмдөрдү текшерүүнүн ар кандай формаларын жана ыкмаларын колдонуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн:

  • Оозеки текшерүү:
  • Жеке сурамжылоо
  • Фронталдык сурамжылоо
  • Жазуу жүзүндө текшерүү
  • Практикалык текшерүү
  • Программаланган сурак
  • Текшерүүнүн аралаш формасы

Ошентип, окутуунун натыйжаларын диагностикалоонун эффективдүүлүгү окутуучунун контролдоонун бардык түрлөрүн, формаларын жана методдорун ар тараптуу колдонуусу менен камсыздалат. Жогоруда айтылгандардан тышкары, булар: тесттик тапшырмалар жана контроль, сурамжылоо, диктанттар, экспресс-сурамжылоо, кроссворддор, ребустар, чарелер, өз ара сурамжылоо, конкурстар, викториналар, чыгармачыл чыгармалар, контрольдук иштер, рефереттар, эсселер, тесттер ж.б.

Азыркы учурда билим берүү тармагында да жаңы маалымат технологиялары кеңири колдонулуп жатат. Мисалга алсак, Кыргыз Республикасындагы көпчүлүк ЖОЖдордо атайын электрондук билим берүү порталдары колдонулуп жатат. Мындан башка билим берүүчү мекемелерде да санариптештирүү күч алып жаткандыгын көрүүгө болот.

Студенттердин билимдерин, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн аныктоо жана алардын деңгээлин баалоо текшерүү деп аталат. Текшерүүнүн негизги дидактикалык максаты окутуучу менен студенттердин ортосундагы кайтарым байланышты түзүү, студенттердин билиминдеги жетишкен жана жетишпеген жактарын аныктоо.

Тест эки түргө бөлүнөт. Тесттин биринчи түрү керектүү материалды эске түшүрүп аны толуктоого берилет. Экинчи түрү жоопторду тандоого карата берилет.Тесттин биринчи түрүндө берилген сүйлөмдөрдөгү же мисал жана маселелердеги калтырылган жерлерин толуктоо. Бул жумушчу дептерлерди түзүүдө пайдаланылат. Экинчи тандоого карата берилген тесттер төмөндөгү түрлөргө бөлүнөт: альтернативдик, туура келүүчүлүк боюнча тандоо жана көптүктө тандоо.

Альтернативдик тест - бул берилген тапшырмалардагы эки жооптун бирөөнү тандоо.

Туура келүүчүлүк боюнча тандоо тестинде бир нече көнүгүүлөр жана алардын туура бир нече жооптору берилет.

Ал көнүгүүлөрдү окуучу чыгарып, берилген жоопторду тандайт жана табат.

Көптүктө тандоо тестинде бир гана көнүгүү жана ал көнүгүүнүн бир нече жооптору берилет. Арасында бир туура жооп, калган жооптор окуучулардын эсептөө учурунда, же теорияны билбестиктен кетирген, же байкабастан

кетирүүгө мүмкүн болгон каталардын болушунун ыктымалдуулугуна карата туура эмес болот .

Аралыктан окутуу мезгилинде студенттердин билимдерин текшерүүнүн жолдорунун бири бул - компьютердин жардамы менен текшерүү.

Компьютердик текшерүүдө эң көп колдонулган программалардын ичинен Google Forms  программасын атоого болот .

Google компаниясынын аралыктан окутуу үчүн сунуштаган өндүрүмү — Google Classroom жана Google Forms программалары. Google Forms программасынын негизги максаты: анкеталарды түзүү жана бөлүшүү; билимдерди текшерүү тесттин түзүү; сурамжылоо өткөрүп, адамдардын ой-пикирин жыйноо; сурамжылоо жыйынтыктарын анализдөө; Ал эми студенттердин билимин баалоо — бул Google Forms үчүн кошумча бир мүмкүнчүлүк. П рограмманын  интерфейс дизайны төмөнкүдөй функциялардан түзүлгөн (сүрөт 1.). сүрөт 1. Ички дизайны; Алдын ала даярдалган тести көрүү; Оңдоо; Жөнөтүү бөлүгү; Форма менен болгон кошумча иш аракеттер. Суроо түзүү бөлүгүндө төмөнкүдөй функциялар камтылган (сүрөт 2). Суроо кошуу; Суроолорду импортто; Суроонун аталышын жазуу; Суроого тиешелүү болгон сүрөт кошуу; Суроого тиешелүү болгон видео кошуу;

Google компаниясынын аралыктан окутуу үчүн сунуштаган өндүрүмү — Google Classroom жана Google Forms программалары. Google Forms программасынын негизги максаты:

  • анкеталарды түзүү жана бөлүшүү;
  • билимдерди текшерүү тесттин түзүү;
  • сурамжылоо өткөрүп, адамдардын ой-пикирин жыйноо;
  • сурамжылоо жыйынтыктарын анализдөө;

Ал эми студенттердин билимин баалоо — бул Google Forms үчүн кошумча бир мүмкүнчүлүк.

П рограмманын интерфейс дизайны төмөнкүдөй функциялардан түзүлгөн

(сүрөт 1.).

сүрөт 1.

  • Ички дизайны;
  • Алдын ала даярдалган тести көрүү;
  • Оңдоо;
  • Жөнөтүү бөлүгү;
  • Форма менен болгон кошумча иш аракеттер.

Суроо түзүү бөлүгүндө төмөнкүдөй функциялар камтылган (сүрөт 2).

  • Суроо кошуу;
  • Суроолорду импортто;
  • Суроонун аталышын жазуу;
  • Суроого тиешелүү болгон сүрөт кошуу;
  • Суроого тиешелүү болгон видео кошуу;
Тесттин суроолорун атайын бөлүмдөргө бөлүү; Түзүлгөн суроону көчүрүп алуу;  Суроону өчүрүү;   Сөзсүз жооп берүү керек же керек эместигин белгилөө функциясы .  сүрөт 2.
  • Тесттин суроолорун атайын бөлүмдөргө бөлүү;
  • Түзүлгөн суроону көчүрүп алуу;
  • Суроону өчүрүү;
  •   Сөзсүз жооп берүү керек же керек эместигин белгилөө функциясы .

сүрөт 2.

Google Forms программасынын жардамы менен суроолордун төмөнкүдөй түрлөрүн киргизүүгө болот: Бир нече варианттын арасынан бир туура жооп тандоо; Бир нече варианттын арасынан бирден көп туура жооп тандоо Кыска жооп жазууну талап кылуучу суроо түрү; Узун текст жазууну талап кылуучу суроо түрү; Сызыктуу шкала түрүндөгү суроо түрү (Linear Scale); Аныктамалар менен түшүнүктөрдү дал келтирүү суроолору; Суроого тиешелүү болгон сүрөттөрдү кошуу менен берилүүчү суроонун студенттер үчүн жеткиликтүү жана билимдерин жеткиликтүү текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт (сүрөт 3).  Сүрөт 3.

Google Forms программасынын жардамы менен суроолордун төмөнкүдөй түрлөрүн киргизүүгө болот:

  • Бир нече варианттын арасынан бир туура жооп тандоо;
  • Бир нече варианттын арасынан бирден көп туура жооп тандоо
  • Кыска жооп жазууну талап кылуучу суроо түрү;
  • Узун текст жазууну талап кылуучу суроо түрү;
  • Сызыктуу шкала түрүндөгү суроо түрү (Linear Scale);
  • Аныктамалар менен түшүнүктөрдү дал келтирүү суроолору;

Суроого тиешелүү болгон сүрөттөрдү кошуу менен берилүүчү суроонун студенттер үчүн жеткиликтүү жана билимдерин жеткиликтүү текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт (сүрөт 3).

Сүрөт 3.

Суроолорду түзүү учурунда ар бир берилген суроонун деңгээлине жараша баллдарды да берүүгө болот. Жыйнтыгын көргөн учурда автоматтык түрдө баллдары да кошо эсептелип чыгат. Программанын эң негизги артыкчылыгы катары төмөнкүлөрдү атоого болот. Колдонуучулар үчүн жеңил; Жеткиликтүү; Сырткы көрүнүшүн, жекече өзгөртүүгө ыңгайлуу; Пайдалануу үчүн акысыз; Пайдалануу үчүн мобилдүү;   Коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү кеңири каралган. Даяр болгон тестти студенттерге төмөнкүдөй  жолдор менен жиберүүгө болот (сүрөт 4). Студенттин электрондук дарегине; Шилтемени көчүрүп, тиешелүү маалымат алмашуучу тиркемелерге жиберүү; HTML-кодун жиберүү; Сүрөт 4.

Суроолорду түзүү учурунда ар бир берилген суроонун деңгээлине жараша баллдарды да берүүгө болот. Жыйнтыгын көргөн учурда автоматтык түрдө баллдары да кошо эсептелип чыгат.

Программанын эң негизги артыкчылыгы катары төмөнкүлөрдү атоого болот.

Колдонуучулар үчүн жеңил;

  • Жеткиликтүү;
  • Сырткы көрүнүшүн, жекече өзгөртүүгө ыңгайлуу;
  • Пайдалануу үчүн акысыз;
  • Пайдалануу үчүн мобилдүү;  
  • Коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү кеңири каралган.

Даяр болгон тестти студенттерге төмөнкүдөй

жолдор менен жиберүүгө болот (сүрөт 4).

  • Студенттин электрондук дарегине;
  • Шилтемени көчүрүп, тиешелүү маалымат

алмашуучу тиркемелерге жиберүү;

  • HTML-кодун жиберүү;

Сүрөт 4.

 Студенттер тарабынан тапшырылган тесттин жоопторун диаграмма, таблица түрүндө көрө алабыз. Мындан сырткары тесттин жыйынтыгын студенттер, башка адамдар менен да бөлүшүүгө болот  (сүрөт 5, а), б), в), г)).  сүрөт 5, а)

Студенттер тарабынан тапшырылган тесттин жоопторун диаграмма, таблица түрүндө көрө алабыз.

Мындан сырткары тесттин жыйынтыгын студенттер, башка адамдар менен да бөлүшүүгө болот

(сүрөт 5, а), б), в), г)).

сүрөт 5, а)

б)  в)

б)

в)

Программанын артыкчылыгы менен катар кемчилигин да атоого болот Окуучулардын алган билимин баалоо максатында сыноо узактан өткөрүлүп жаткан учурда, окуучу өзүнө таандык сыр сөздү башка адам менен бөлүшүп, өзүнүн ордуна башка адамды сыноого катыштыруу ыктымалдуулугу бар. Айрым так илимдерге тиешелүү болгон фомулаларды жазуу үчүн формула функциясы жеткиликтүү эмес (формулаларды жазуу үчүн толуктоо бөлүгүнөн тиркеме орнотуу керек). Андан тышкары, узактан өткөрүлүүчү сыноо учурунда окуучу башка терезе ачып алып, же мобилдик аспаптарды колдонуп, ачык булактардан жооп издеши же башка окуучулардан жардам алышы ыктымал (эгерде окуучулардын башка терезеге кайрылуусун көзөмөлдөө же башка терезеге кайрылууга тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн Google Chromebook аттуу аспаптарды колдонуу керек ).

Программанын артыкчылыгы менен катар кемчилигин да атоого болот

  • Окуучулардын алган билимин баалоо максатында сыноо узактан өткөрүлүп жаткан учурда, окуучу өзүнө таандык сыр сөздү башка адам менен бөлүшүп, өзүнүн ордуна башка адамды сыноого катыштыруу ыктымалдуулугу бар.
  • Айрым так илимдерге тиешелүү болгон фомулаларды жазуу үчүн формула функциясы жеткиликтүү эмес (формулаларды жазуу үчүн толуктоо бөлүгүнөн тиркеме орнотуу керек).
  • Андан тышкары, узактан өткөрүлүүчү сыноо учурунда окуучу башка терезе ачып алып, же мобилдик аспаптарды колдонуп, ачык булактардан жооп издеши же башка окуучулардан жардам алышы ыктымал (эгерде окуучулардын башка терезеге кайрылуусун көзөмөлдөө же башка терезеге кайрылууга тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн Google Chromebook аттуу аспаптарды колдонуу керек ).


Скачать

© 2021, 3345 11

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!