СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Баатыр атага таазим!

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жусупов Исамидин жөнүндө

Просмотр содержимого документа
«Баатыр атага таазим!»

Улуу Ата Мекендик согуштун , эмгектин ардагери
Жусупов Исамидин агайдын басып өткөн жолу.

Жусупов Исамидин 1922-жылы 15-январда Ош областынын Баткен районуна караштуу Баткен айлында туулган. 2жашында атасынан ажыраган, үй-бүлөдө 4 бир тууган болгон. Бир туугандары да Сапаров Соорбай жана Жусупов Закирлер согушка кетип, бирөөсү Жусупов Закир согуштан кайткан эмес. Сапаров Соорбай агасы аман кайтып өлкөбүздүн өнүгүүсүнө көп эмгек кошкон.Ал эми бир тууган агасы Сапаров Идирис да өмүрүн билим берүүгө арнаган. Исамидин Жусупов өз эмгек жолун 19 жашында каардуу 1941-жылы 1-сентябрда Баткендеги айылдык мектептин мугалими катары баштаган. Бирок көп өтпөй 1942-жылы18-февралда советтик армиянын катарына чакырылат.

367 батыш аткычтар полкунда август айына чейин курсант болуп даярдалат. 1942-жылдын сентябрынан 3- окуу полкунда командир пулемотного отделения 1944-жылга чейин, 1944-жылдан 1945-жылдын июлуна чейин 1230 аткычтар полкунда зам. ком. взвод,1946-жылга чейин 1038 аткычтар полкунда зам.ком.взвода, старший пулеметчик болуп кызматын өтөгөн.Старший сержант чини менен келген

Исамидин Жусупов согушта көрсөткөн каармандыгы,эрдиктери үчүн бир топ орден ,медалдарга көрсөтулгөн. Алардын ичинен согуш майданында кан кечип жүрүп алган сыйлыктары : ‘’Кыз 1944-жылы Польшаны бошотуу мезгилинде Одра дарыясынын аркы өйүзүндө душмандын аскери жайгашкан позицияны алыш керек болгон. Ошол чурда советтик аскерлердин чабуулга кирүүсү үчүн Исамидин Жусуповдун командалыгынын астында анын взводу сууну кайык, плот менен кечип өтүп, биринчилерден болуп позицияны ээлеп батольондун өтүүсүнө жол ачат. Ошол мезгилде жааган октон колунан жарадар алат. Бул каармандыгы үчүн сыйлыкка көрсөтүлөт.

ыл Туу’’ ордени’’ 1944-жыл, ‘’Ата Мекендик согуштун 1-даражасы’’ ордени 1944-жыл, ‘’ Ата Мекендик согуштун 2-даражасы’’ ордени 1944-жыл, ’’Варшаваны бошоткондугу үчүн’’медалы 1944-жыл, ‘’Каармандык медалы’’ 1945-жыл, ‘’Берлинди алгандыгы үчүн ‘’медалы 1945-жыл,’’ Германияны жеңгендиги үчүн’’ медалы 1946-жыл.

1946-жылы18-июлда СССР жогорку кеңешинин указы менен демоблизацияланып, ушул эле жылдын 1-августунан баштап В.И.Ленин орто мектебине мугалим болуп өз ордуна жумушка чыгат.Андан кийин ЛКСМдин 2-секретары кызматын аркалап, өкмөт тарабынан Борбордук комитеттин алдында уюшулган 2 жылдык комуннисттик партиянын окуусуна жиберилип, 1950-жылы бүтүп келет. Келип Баткен райондук РКПБ нын айыл чарба бөлүмүнүн башчысы, кийин ‘’Сталиндик жеңиш ‘’редакциясынын жооптуу катчысы, Рауткаут башталгыч мектебинин директору, Кан руднигинде парторг, РКПБнын пропаганда бөлүмүнүн башчысы, Баткен райондук аткаруу комитетинин башчысы кызматтарын аркалап келген. 1958-жылдан баштап Баткен райпосунун инструктору, ‘’ Жаңы турмуш‘’ газетасынын кызматкери , 1962-жылдан Баткен райондук шайлоо комитетинин жалпы бөлүм башчысы болуп иштейт. Ушул эле жылдын 1-октябрынан Баткен РИК тин катчылыгына шайланат. Ээлеген кызматынан 1963-жылы 1-февралда бошотулуп Коомдук тартипти коргоо министирлигинин саясат бөлүмүнүн п/я 36/ 10 башчысы болуп дайындалат. Ушул эле жылдын 1-сентябрынан тартып өз сүйгөн кесибине Ленин орто мектебине башталгыч класстардын мугалими болуп которулат.1967-жылы Баткен районосуна усулдук борбордо иштейт. 1968-жылы Ош педагогикалык институтунун тарых факультетин аяктап, Баткен райондук кечки мектеп директорлугуна дайындалат. 1971-жылы 15-августта кайрадан Ленин орто мектебине тарых сабагынын мугалими болуп эмгектене баштайт.1972-жылы 16-июнда Ленин орто мектебинин директору болуп иштейт.Ушул эле жылы 14-августта Баткен райондук айылдык кеңешине предцедатель болуп шайланат.Аталган кызмат ордунан 1973-жылы 4-декабрда бошотулуп,өзүнүн арызынын негизинде Бужум орто мектеп-интернатынын тарбиячылыгына которулат. 1974-жылы жашы жетелек өчпүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспектору, 1974-жылы Ленин орто мектебинин кечки мектебинин мугалими,1976-жылы Жоомарт орто мектебинин тарых мугалими болуп эмгектенип , 1993-жылы 1-сентябрда ардактуу эс алууга кетет. Исамидин агай өзүнүн алгачкы эмгек жолун мындай деп эскерип жүргөн: 7классты бүткөн билимим болсо да ,педагогдук тажрыйбам болбогону үчүн биринчи кезекте кат таанытуу, сабак берүү мага абдан кыйын болду. Анткени менин классымдагы окуучулардын ордунда согуштун кыйынчылыктарын басып өтүшкөн улгайган тылдын жашоочулары болчу. Ал эмипропагандист болуп иштеп жүргөн мезгилинде марксистик-лениндик теорияны оку үйрөнүүгө көңүл буруп, сабактарына өзгөчө даярданат эле. Ал сабактын кыска жана фактыларга бай болушуна аракет кылар эле. Жашоочуларды улутуна карабастан лениндик-марксизмди терең үйрөнсүн деп башка улуттагы угуучуларга өзгөчө мамиле жасайт эле. Мисалы: өзбек О.Хамеджанов, татар Р.Хамидулина кыргызча билбейт деп өзүнчө орус тилинде сабак берер эле. И.Жусупов 1995-жылы январь айында ооруунун айынан каза табат. Аялы Жусупова Ирсалат менен бирдикте 3 уул, 4 кызды тарбиялашты. Аялы Ирсалат алгач билим берүү тармагында башталгыч класстын мугалими, китепкана башчысы, кийин товаровед болуп эмгектенген, тылдын катышуучусу. Учурда Исамидин Жусуповичтин артында 2 уул, 3 кызы, 16 небере, 9 чебереси бар. Чоң кызы Жусупова Алтынай КЖПИ ни 1974-жылы бүтүп келип атасы эмгек жолун баштаган В,И.Ленин орто мектебинде 47 жылдан бери математика мугалими болуп эмгектенип келе жатат. Уулу Жусупов Бакытбек да ата жолун улап БатМунун тарых факультетин аяктап, учурда Баткен шаарындагы С.Огато орто мектебинде эмгектенет. Майдан талаасынан тышкары эмгек жолунда алган Ардак грамоталары: Ош областтык ДОСААФ комитетинин- 1978-жыл, Баткен районосу жана профсоюз комитети -1982-жыл, Кыргызстан коммунисттик партиясынын борбордук комитети Кыргыз ССР министирлер совети Кыргызсовпроф жана Кыргызстан ЛКСМ борбордук комитети -1987-жыл, Кыргыз ССРинин Агартуу Министерствосу, Агартуу, Жогорку мектеп жана Илимий мекемелер профсоюзунун Республикалык Комитетинин Ардак грамотасы-1986-жыл. Исамидин Жусуповдун эрдиги жана эмгеги эске алынып Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бирине анын ысмы берилген.



































1943-жыл 367-батыш аткычтар полку, станкалык пулеметчиктер

1944-жыл 1230 аткычтар полку







1944-жыл Польша

1942-жыл майданга аттанган кез.





Профсоюздук билет Варшаваны бошотууга катышкан














Германияны бошотууга катышкан



Берлинди штурмалоого катышкандыгы үчүн

Ата Мекндик согуштун 2-даражасы ордени

Эмгектин ардагери





Кызыл Туу ордени, Ата Мекндик согуштун 1-даражасы, каармандык медалдары










1964-жылы 6-класстын окуучулары менен































1956-жыл Баткен районунун аткаруу комитетинде иштеген мезгили

Баткен районундагы ветерандар менен бирге