| 3)Жаңы тема. (22 мүнөт) Кыздын үмүтү Бир кишинин жалгыз кызы бар экен. Сулуу десе сулуу, акылдуу десе акылдуу. Бул кызга элдин баары суктанып, ашык болбогон жигит калбаптыр. Ошентип турганда кыз катуу ооруп калат. Ошондо кызын жанындай жакшы көргөн ата-эне аны ар кайсы дарыгерлерге көрсөтөт. Канчалык аракет кылса да, кыз айыкпай, абалы күндөн күнгө начарлай берет. Бардыгынын үмүтү үзүлө баштайт. Кыз өзү да муну сезип, керели-кечке терезени карап жатат. Терезенин түбүндө бир ак кайың бар эле. Күздүн келиши менен ыргалып турган ак кайыңдын жалбырактары түшө баштаса да, бойго жеткен кыз сымал сүйкүм көрүнчү. Бара-бара ак кайың мурункудай болбой, көзгө комсоо көрүнө турган болот. Муну көргөн кыздын көңүлү ого бетер бузулат. Акырында кайыңдын саналуу гана жалбырактары калат. Акыркы жалбырагы түшкөндө мен да өлөм,- деп өзүн ишендирип алган кыз кайыңды карап жата берет. Төрт жалбырак, үч жалбырак, эки жалбырак. ... Аягында бир эле жалбырак калат. Бирок эмнегедир ал түшпөйт. Нечен бороон-чапкын болот, жамгыр жаап, карга айланып, кар учурган шамалдар башталса да, баягы жалбырак түшпөйт. Күнүгө таңдын атышын дирилдеп күткөн кыз жалбыракты көргөндө сүйүнүп ыйлап, бирок эртең учуп кетсе, эмне кылам деп заманасы куурулат. Бирок жалбырак учпай, жармашып тура берет. Акыры кызда: “Жаз келип, кайың бүчүр байлаганча жалбырак түшпөй турса, айыгып кетем”,-деген үмүт пайда болот. Чын эле, жалбырак жаз келип, айлана жапжашыл болгончо турат. Муну көргөн кыз да оорусунан айыгып кетет. Көрсө, кызынын оюн сезип калган байкуш эне түндөсү барып жалбыракты ичке жип менен түшкүс кылып байлап таштаган экен. Тезис Аргумент, далил, цитаталар Салыштыруу Корутунду. |