СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

8-класс ХИМИЯ. Байкоо жургузуу

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Байкоо жургузуу темасы боюнча сабак иштелмеси. слайды менен

Просмотр содержимого документа
«8-класс ХИМИЯ. Байкоо жургузуу»

Тема: 11§ Байкоо жүргүзүү, баяндап жазуу. Гипотеза, теория, закон.

Сабактын жалпы максаттары:

Окуучулар:

  • Байкоо жүргүзүүнү, баяндап жазууну билишет;

  • “Химиялык философия” аркылуу байкоо жүргүзүшөт;

  • Байкоо жүргүзүү учурунда мээде фактыларды чагылдырышат;

  • Тажрыйба аркылуу өздөрүнүн гипотезияларын айтышат, закон кабыл алышат;

  • Топторго бөлүнүшүп, берилген тапшырмалардын негизинде сүйлөө речи, эске тутуусу, кабыл алуусу, ой жүгүртүүсү өсөт.

  • Бири-бирин сыйлашат, пикирлерди урматташат.

Бул сабакты ийгиликтүү өткөрүү үчүн төмөнкү ресурстар зарыл:

  1. Канцелярдык жабдуулар: түстүү жана түссүз кагаздар, ватман, маркерлер, скотч, класстык доска.

  2. Мультимедиялык техника: компьютер, проектор.


Мазмундук тилке: ХИМИЯНЫН ТААНИП БИЛҮҮ МЕТОДДОРУ


Бул сабак аркылуу төмөндөгү жыйынтыкка (натыйжага) жетишүүгө аракет кылам:



Көрсөтүлгөн тажрыйбалар аркылуу окуучулар байкоо жүргүзүү, баяндап жазуу, салыштыруу иштерин аткарышат. Өздөрүнүн илимий китептерин даярдашат.

Бул натыйжага жетишкендигим туурасында төмөндөгү индикаторлор көрсөтөт:


Шамдын күйүүсү жана газдын чыгуусу мисалындагы тажрыйбалар боюнча ой жүгүртөт.


Химия кабинетинде иштөөнүн техникалык коопсуздук эрежелерин сакташат.

Бул сабак төмөндөгү негизги компетенттүүлүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт:



Социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк


Өз алдынча уюштуруучулук жана маселелерди чечүү


Бул сабак төмөндөгү предметтик компетенттүүлүктөрдү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт:



  1. Таанып билүү жана илимий суроолорду коё билүү:

    • Илимий маалыматтарды издөө үчүн терминдерди аныктайт.

  2. Кубулуштарды илимий түшүндүрүү:

  • Предмет боюнча алган билимин белгилүү ситуацияларда колдонот;

  • Илимий негизделген баяндоону түшүндүрүүнү жана прогноздоону билишет.

Сабактын жүрүшү:



Сабактын этаптары

Мугалимдин иши

Окуучулардын иши

Окутуунун ыкмалары жана усулдары

1

Кириш бөлүк

Окуучулардан сабакка даярдыгын суралат.

Сабактын темасын, максаттарын жана милдеттерин айтам.

Топторго бөлүнүшөт.

Сабактын максаттарын жана милдеттерин мугалим менен бирге иштеп чыгышат. Сабакка даярдыгы жөнүндө маалымат беришет.


2

Өтүлгөн материалдарды кайталоо

Суроо берилет: Биз өткөн сабакта эмнени үйрөндүк эле?

Үйгө тапшырма катары берилген төмөндөгү реакциялар текшерилет:

2HgO→2Hg + O2

Mg + 2HCl → MgCl2 + H2

4P + 5O2 → 2P2O5

2Al + 3Cl2 → 2AlCl3

Окуучулар талкуулашат, өз ойлорун билдиришет.

Берилген суроолор боюнча ой жүгүртүшөт, жооп бергенге аракет жасашат.

Окуучулар үйдө аткарып келген тапшырманын жоопторун айтышат.

Жуптарда иштөө, суроо-жооп

3

Мугалимдин комментарийи

Жоопторду алгандан кийин кириш сөздү айтам:

Биз сиздер менен химиянын органикалык эмес химия курсунун кээ бир бөлүмдөрүн окуп үйрөндүк. Кубулуштар, химиялык теңдемелер, закондор боюнча маалыматтарды алдык. Бизге алган билимдерибиз турмушта керектүү экендигин азыркы тажрыйбалар аркылуу дагы бир жолу карап чыгабыз.

Шамдын күйүүсү, газдын ажырап чыгуусу боюнча 2 тажрыйба көрсөтүлөт .

Өздөрүнүн маалыматын толуктап, дептерлерине маанилүү маалыматтарды жазып алышат. Суроо беришет.

Суроо-жооп.

3

Жаңы окуу материалын түшүнүү

4 топко бөлүнгөн окуучуларга теманын планы негизинде тапшырмалар берилет.

Биринчи жана үчүнчү топ үчүн тапшырма: шамдын күйүүсү

Экинчи жана төртүнчү топ үчүн тапшырма: суутектин ажыралып чыгышы

Окуучулардан төмөнкү суроолорго жооп берүүсүн суралат:

бизге тажрыйбалардан эмне маанилүү болду?




Окуучулар өздөрүнүн топторунда коюлган ар бир суроону чогуу талкуулашат жана жооп беришет.



Талкуулоодон кийин кагаздарга өздөрүнүн байкоолорун жазышат жана презентациялашат.



Окуучулар өздөрүнүн жоопторун беришет.







Чакан топтордо иштөө. Тапшырманы аткарууга 15 же 20 минут берилет.

Ар бир топтун презентациясына 5-10 минут берилет.

4

Жаңы окуу материалын жалпылоо, баштапкы бышыктоо.



Окуучулардын топтогу иши жалпыланат.


Окуучулар маалыматтарын салыштырышат, толукташат жана жазышат.



Презентация. Суроо-жооп.

5

Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо.

Кайра байланыш алуу үчүн кагаз баракчалары таратылат:

  • Кайсыл маалымат жаңы жана пайдалуу болду?

  • Сиз эмнени үйрөндүңүз?

  • Сабактын жүрүшү боюнча сиздин каалоолор?

Окуучуларды баалоодо ар бирин аткарган иштери боюнча атайын даярдалган графа негизинде бааланат, натыйжада ар бир окуучунун орто арифметикалык баасы доскадан көрүнүп турат.





Ар бир окуучу өзүнүн жоопторун өзүнчө кагаз баракчаларын жекече жазышат.






Кайтарым байланыш

6

Сабактын жыйынтыктарын чыгаруу жана рефлексия:

Окуучулардан алынган өтүнүчтөрдүн негизинде комментарийлерди жасалат жана окуучулардын суроолоруна жооп берилет.





Суроо беришет.





Суроо-жооп.


Үйгө тапшырма

11 § окуп үйрөнүү. Кошумча материалдар таап келүү, суроолорго жооп берүү.

Суроолорго жооп табышат, кошумча маалыматтарды издешет.